Циклон (байркы грекче κυκλῶν – «айлануучу») — вертикалдык огунун диаметри ири өлчөмдө болгон, борборунда төмөнкү аба басымды камтыган атмосфералык куюн түрүндөгү аба массасы.
Кыргызча айтканда циклон — бул борборунда аба басымы төмөн болгон атмосфералык куюн, мындагы шамал чет жакасынан борборун көздөй жылат. Т (төмөн деген мааниде, орусча Н — низкий) тамгасы менен белгиленет.
Циклондордогу аба Түндүк жарым шарда саат жебесине каршы, Түштүк жарым шарда саат жебеси боюнча айланат. Атмосферанын чек аралык катмарында ички сүрүлүүлөр ылдамдык векторунда циклондун борборуна багытталган, барикалык градиенттин багытына каршы болгон (басымдын азаюуу жагына) шамалдын кошулуусуна алып келет. Сүрүлүү күчүнүн чоңдугу бийиктеген сайын азаят, натыйжада шамал бурула баштайт.
Циклон деген эмне? Циклон — антициклон түшүнүгүнүн карама-каршысы болбостон, булардын пайда болуу механизми да айырмаланым турат. Циклондор Жердин айлануусунан улам дайыма жана табигый түрдө жаралып турат. Лёйтзен Эгберт Ян Брауэрдин кыймылсыз чекит жөнүндөгү теоремасынын натыйжасы катары атмосферада жок дегенде бир циклон же антициклондун болгону менен түшүндүрүлөт.
Циклондордун эки негизги түрү бар — тропикалык эмес жана тропикалык (бороон, тайфундар). Биринчилери мелүүн жана уюлдук кеңдиктерде калыптанып, диаметри башталышында орточо миң километр болуп, айтылуу борбордук циклон учурунда бир нече миң километрге жетет.
Анча чоң эмес, бирок ири барометрлик градиенти бар (60мм чейин, 111 килом) жана шамалынын ылдамдыгы секундасына 60 метрге чейинки циклондор (бороондор) өзгөчө күчү менен айырмаланып, тропикалык өлкөлөрдө пайда болот. Тропикалык циклондор энергияны нымдуу абанын өйдө көтөрүлүшүнөн, суу бууларынын жаан-чачын түрүндөгү конденсациясынан жана кургак абанын ылдый түшүүсүнөн алат. Бул механизм негиздүү түрдө тропикалыктан тышкаркы жана уюлдук циклондордон айырмаланып турат, мында тропикалык циклондор «өзөгү жылуу циклондор» деп классификацияланат.
Тропикалыктан тышкаркы циклондор арасында мелүүн кеңдиктердин түштүк чегинде калыптануучу түштүк циклондорду, ошондой эле түндүктү жана түндүк-чыгышты карай жылган циклондорду белгилешет. Түштүк циклондор зор күч-кубатка ээ; дал ушул түштүк циклондорго КМШдагы, анын ичинде Кыргызстандагы күчтүү жаан-чачындар, шамалдар, чагылгандар жана башка аба ырайынын көрүнүштөрү байланыштуу.
Тропикалык циклондор, тропикалык кеңдикте пайда болуп, кичине өлчөмдөргө ээ (жүздөгөн, сейрек миң километрден ашык), бирок барикалык градиенттер чонураак келип, шамалдын ылдамдыгы бороонго чейин жетет. Мындай циклондорго айтылуу «бороон көзү» таандык — салыштырмалуу ачык жана шамалсыз аба ырайы, борбордук аймагынын диаметри 20-30 км жетет. Тропикалык циклондор өзүнүн өнүгүү учурунда тропикалыктан тышкаркы циклонго айланып кете алат.
Түндүк жана түштүк кеңдиктен 8-10° төмөн циклондор өтө сейрек жаралат, ал эми экваторго жакын аймактарда такыр болбойт.
Циклондор Жердин атмосферасында гана эмес, башка планеталардын атмосферасында да жаралат. Мисалы, Юпитердин атмосферасында бир нече кылымдар бою Чоң Кызыл Так деп аталган, узакка созулган сыягы антициклон бар. Кээде муну жаңылыштык менен циклон катары айтышат. Циклон катары өз кезегинде, Нептундун атмосферасындагы Кичи Кара Так болгон. Бирок, башка планеталардын атмосферасындагы циклондор жетишээрлик изилденген эмес.
Циклон жөнүндө маалыматка кошумча суроолор же толуктоолор болсо жазып когула.