Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Антициклон

Баш барак | Гео | Антициклон

Антициклон — деңиз деңгээлинде жабык каныккан изобаралары жана тиешелүү шамалдар бөлүштүрүүсү бар жогорку атмосфералык басым аймагы. Циклондон айырмаланып, антициклондун Түндүк жарым шардагы шамалы сааттын жебеси боюнча, ал эми Түштүк жарым шарда тескери багытта айланат.

Мазмуну

Жалпы маалымат

Жөнөкөй кыргызча сөз менен айтканда, антициклон — бул атмосфералык куюн, анын борборунда абанын басымы жогорку болуп, шамалдар борборунан четине чачырайт. Антициклон болгондо аба ырайы булутсыз, ачык, жаан жаабайт.

Антициклон жөнүндө маалымат алууда буга байланыштуу метеорологиялык түшүнүктөрдү билип алуу ашык болбос. Төмөнкү антициклондо — муздагында, изобаралар (изобара — атмосфералык басым чоңдуктарынын изосызыктары) тропосферанын эң төмөнкү катмарларында гана (1,5 кмге чейин) жабык (туюк) бойдон калат, ал эми орто тропосферада жогорку басым байкалбайт; мындай антициклондун үстүндө бийиктиктүү циклон болушу мүмкүн.

Жогорку антициклон — жылуу жана антициклондук айлануусу (циркуляциясы) менен жабык изобараларды тропосферанын жогорку катмарында да сактайт. Кээде антициклон көп борборлуу болот. Түндүк жарым шардагы антициклон абасы, борборун саат жебеси боюнча айланып жылат (башкача айтканда барикалык градиенттен оңго четтейт), Түштүк жарым шарда — саат жебесине каршы. Бар же барикалык деген түшүнүк — гидродинамикада мейкиндиктеги бүтүн чөйрөнүн басымынын өзгөрүү деңгээлин мүнөздөгөн вектор.

Антициклон иллюстрация
Антициклон иллюстрация

Антициклонго ачык же ала булуттуу аба ырайынын басымдуу болушу мүнөздүү. Жылдын суук мезгилинде муздак жер бетининен жана түн ичинде антициклондон абанын муздашынан улам жапалдаш инверсиялардын жана төмөнкү катмарлуу булуттардын (St), ошондой эле тумандын калыптануусу мүмкүн. Жайында кургактыктын үстүндө түрмөк булуттардын калыптануусу менен мелүүн күнүмдүк конвекция болушу ыктымал. Түрмөк булуттардын калыптануусу жүргөн конвекция экваторго караган субтропикалык антициклондордун тышкы чегиндеги пассаттарда дагы байкалат. Төмөнкү кеңдиктердеги антициклондун тең салмактануусунда кубаттуу, жогорку жана жылуу субтропикалык антициклондор пайда болот.

Антициклондордун тең салмактануусу орто жана уюлдук кеңдиктерде дагы жүрөт. Орто кеңдиктердин жалпы батыш өтүшүн (ташылышын) бузган жогорку аз кыймылдуу антициклондор бөгөттөөчү (блоктоочу) деп аталат.

Синонимдер: жогорку басым аймагы, жогорулатылган басым аймагы, барикалык максимум.

Антициклондордун туурасынан кеткен өлчөмү (диаметри) бир нече миң километрге чейин жетет. Борборундагы басым негизинен 1020—1030 миллибарга (мындан ары мбар, 1мбар = 0,001 бар) барабар, бирок 1070—1080 мбарга чейин жетиши мүмкүн. Циклон сыяктуу эле антициклондор тропосферада абанын жалпы ташылуу багытында жылат, башкача айтканда төмөнкү кеңдиктерге ооп, батыштан чыгышты карай. Түндүк жарым шардагы антициклондун орточо ылдамдыгы саатына 30 км түзөт, жана Түштүк жарым шарда болжолдуу саатына 40 км бирок, көпкө чейин аз кыймылдуу абалда болуусу сейрек эмес.

Антициклон белгилери:

Жай мезгилинде антициклон ысык жана аз булуттуу аба ырайын алып келет, натыйжада, токойлордон өрт чыгышы мүмкүн, а бул кыйла түтүн каптоонун калыптанышына түрткү берет. Кыш мезгилинде ызгаар суукка алып келип, кээде суук жана муздак туман капташы мүмкүн.

Антициклондордун маанилүү өзгөчөлүгү алардын белгилүү бир аймактарда калыптануусунда. Негизинен муз талааларында калыптанат. Муз каптамы канчалык кубаттуу (калың) болсо, антициклон ошончолук сезилээрлик болот; дал ушул себептен Антарктида үстүндөгү антициклон абдан күчтүү, Гренландияда азыраак кубаттуу, Арктика үстүндө орто сезилээрлик. Тропикалык алкактарда дагы антициклондор болот.

Атмосферадагы мезгилдик өзгөрүүлөргө Евразия жакшы мисал боло алат. Жай мезгилинде анын борбордук аймактарында төмөнкү басым аймагы — циклон калыптанат, буга аба массалары тартылат. Өзгөчө мындай көрүнүш Түштүк жана Чыгыш Азияда кубаттуу белгиленет: циклондордун чексиз чубалуусу материктин тереңине нымдуу жылуу абаны ташыйт. Кышкысын абал чукул өзгөрөт: Евразиянын борборунда жогорку басым аймагы — антициклон калыптанат (Азия максимуму), анын борборунан чыккан (Монголия, Тыва, Сибирь түштүгү) муздак жана кургак шамалдар саат жебесинин багытында материктин чыгыш чектерине чейин муздак абаны ташып, Алыскы Чыгышта жана Түндүк Кытайда дээрлик кар жаабаган ачык асмандуу муздак аба ырайына алып келет. Европазиянын батыш бөлүгүндө бул антициклондун таасири азыраак келип, чанда гана байкалат. Эгер антициклондун борбору батышты карай жылса температура чукул төмөндөшү мүмкүн анткени, мындай жылууда байкоо чекитиндеги шамалдын багыты түштүктөн түндүккө өзгөрөт. Мындай процесстер Чыгыш-Европалык түздүктө көп байкалат. XX кылымдын 90-жылдарынан баштап мындай антициклон кыйла алсыз болуп, бул атлантикалык циклондордун Евразиянын тереңине чейин кирип келүүсүнө алып келет, 2010-жылы — Тынч океанга чейин кирип, тынч океандык циклондор менен кошулуп кайра жаралат. Күн системасындагы эң чоң антициклон Юпитердеги Чоң кызыл так саналат.

Кыргызстанда кышкысын ачык асмандуу аба ырайы сибирь антициклонунун түштүк-батыш перифериясынын, ошондой эле Азия антициклонунун батыш бутагынын (воейково огу) таасири алдында орнойт.

Антициклон үстүнөн көрүнүшү
Антициклон үстүнөн көрүнүшү

Бөгөттөөчү антициклон

Бөгөттөөчү же блоктоочу антициклон — дээрлик ордунан жылбаган антициклон, жана ээлеген жерине башка аба массаларын өткөрбөө мүмкүндүгүнө ээ. Мындай антициклондун орточо жашоо мөөнөтү — үч күндөн беш күнгө чейин, 1% — 15 күнгө чейин созулат.

Өнүгүү баскычтары

Антициклон деген эмне, ал кандай баскытарга ээ дегенде, кийинкидей болуп бөлүнөт.

Баштапкы өнүгүү баскычы

Баштапкы баскычында жер бетине жакын болгон антициклон бийиктиктүү барикалык колоттун (коо, кокту) арткы жагында орун алып, бийиктиктеги барикалык кыр, жер бетине жакын барикалык борборго салыштырмалуу ырткы жагында болот. Жер бетине жакын антициклон борборунун үстүндө, орто тропосферада чогулуп жаткан изогипсанын (изогипса, горизонталь — изосызыктын жекече учуру, деңиз деңгээлинен же башка тандалган деңгээл үстүндө бирдей бийиктиктеги чекиттерден турган картадагы сызык) жыш системасы жайгашат. Жер бетине жакын антициклон борборунун үстүндөгү жана орто тропосферадан оң жагындагы шамалдын ылдамдыгы саатына 70-80 км. Термобарикалык талаа антициклондун андан ары өнүгүүсүнө оң таасир этет.

Аба агымдарынын кошулуу аймагында мындай ылдамдыктагы шамалдын багыты градиенттүүлүктөн кыйла четтейт (башкача айтканда шамал кыймылы туруктуу [стационардуу] болбой калат). Төмөн жүргөн аба кыймылдары өнүгүп, басым өсөт, натыйжада антициклон күчөйт.

Жер бетине жакын аба ырайынын картасында антициклон бир изобара менен сызылат. Антициклондун борбору менен чет жакасынын ортосундагы басымдын айырмасы 5-10 мб (миллибар). 1-2 км бийиктикте антициклондук куюн аныкталбайт. Изогипса кошулмалуулугу менен шартталган басымдын динамикалык өсүү аймагы, жер бетине жакын антициклон ээлеген мейкиндиктин бардыгына тарайт.

Антициклондун жер бетине жакын борбору дээрлик термикалык колоттун астында жайгашат. Жер бетине жакын антициклон борборуна карай, алдыңкы бөлүгүндөгү катмардын орточо температурасынын изотермасы (изотерма — географиялык картада бирдей орточо температуралуу аймактарды бириктирген сызык) изогипсадан солду карай оойт, а бул төмөнкү тропосферадагы муздактын адвекциясына (адвекция — метеорологияда абанын горизонталдуу багытта жылуусу [кыймылы] жана аны менен кошо анын касиеттеринин [температура, нымдуулук ж. б.] ташылышы, антомини — конвекция) туурат келет. Салыштырмалуу жер бетине жакын арткы бөлүгүндө термикалык жон-кыры жайгашып, жылуулук адвекциясы байкалат.

Жер бетиндеги адвективдүү (термикалык) басымдын өсүүсү антициклондун алдыңкы бөлүгүн ээлеп, мында муздактык адвекциясы өзгөчө белгиленет. Жылуулук адвекциясы байкалган антициклондун артында басымдын адвективдүү түшүүсү байкалат. Антициклондун жону аркылуу өткөн нөлдүк адвекция сызыгы багытталган жерине жеткирүүгө кирүү аймагын эки бөлүккө бөлөт: алдыңкы, мында муздактык адвекциясы болот (басымдын адвективдүү жогорулашы) жана арткы, мында жылуулук адвекциясы болот (басымдын адвективдүү түшүүсү).

Ушундай ыкмада жалпысынан басымдын өсүү аймагы антициклондун борбордук жана алдыңкы бөлүгүн ээлейт. Басымдын өсүүсү жер бетине жакын, антициклондун алдыңкы бөлүгүндө белгиленет, мында басымдын адвективдүү жана динамикалык аймактары бири-бирине туура келет. Динамикалык өсүү адвективдүү төмөндөөнүн (жылуулук адвекциясы) үстүнө катталган арткы бөлүгүндө жер бетинде жылуулуктун жалпы өсүүсү алсыз болот. Бирок, басымдын адвективдүү өзгөрүүсү нөлгө барабар болгон динамикалык басымдын өсүүсүнүн кыйла аймагы жер бетине жакын антициклондун борбордук бөлүгүн ээлеп турганда, пайда болгон антициклон күчөй берет.

Динамикалык басымдын өсүүсүнүн күчөгөнүнө байланыштуу жерине жеткирүүнүн алдыңкы кирүү бөлүгүндө бийиктиктүү кыр-жонду калыптандырган термобарикалык талаанын деформациясы жүрөт. Ушул кыр-жондун алдында, жерге жакын жеринде антициклондун өз алдынча борбору калыптанат. Температуранын жогорулашы басымдын өсүүсүнө алып келген бийиктиктерде, басымдын өсүү аймагы антициклондун арткы бөлүгүнө оойт, башкача айтканда температуранын жогорулоо аймагына.

Жаш антициклон баскычы

Жаш антициклондун термобарикалык талаасы жалпысынан буга чейинки баскычтын түзүмүнө окшош: барикалык кыр бийиктиктерде жерге жакын антициклон борборуна жараша арт жагында, анын алдыңкы бөлүгүндө барикалык колот орун алат.

Жер бетиндеги антициклондун борбору барикалык кырдын алдыңкы бөлүгүндө, башкача айтканда агым боюнча кошулган изогипс топтолуусунда, мында антициклондук ийри агым менен карай азаят (кичирейет). Изогипстердин мындай түзүмүндө антициклондун андан аркы күчөшүнө болгон шарттар түзүлөт.

Антициклондун алдыңкы бөлүгүнүнүн үстүндөгү изогипсалардын кошулуусу басымдын динамикалуу өсүүсүнө өбөлгө болот. Бул жерде дагы муздактык адвекциясы байкалат, бул да басымдын адвективдүү өсүшүнө шарт түзөт.

Антициклондун арткы бөлүгүндө жылуулук адвекциясы байкалат. Антициклон — термикалык жактан асимметриялык барикалык түзүлүш. Термикалык жону барикалык жондон бир аз артта болот. Бул баскычта нөлдүк адвективдик жана динамикалык басымдын өзгөрүү сызыктары жакындай баштайт.

Жер бетине жакын жерде антициклондун күчөшү байкалат — ал бир нече жабык изобарларга ээ болот. Бийиктеген сайын антициклон тез жоголот. Негизинен, өнүгүүнүн экинчи баскычында AT700 бетинин (AT700 — атайын карта) үстүндө жабык борбор байкалбайт.

Жаш антициклон баскычы максималдуу өнүгүү баскычына өтүшү менен аяктайт.

Антициклондун максималдуу өнүгүү баскычы

Мында, антициклон жерге жакын борборунда жогорку басымдуу болуп, жерге жакын шамалдардын чачыраган системасы менен кубаттуу барикалык калыптануу жүрөт. Анын өнүгүүсүндө куюндук түзүмү улам жогору жайыла баштайт. Жерге жакын борбор үстүндөгү бийиктиктерде катуу шамаалдуу жана температуралардын кыйла градиенттери менен кошулуучу изогипсалар системасынын топтому дагы деле бар (жок боло элек) болот.

Тропосферанын төмөнкү катмарларында антициклон дагы деле муздак аба массаларында жайгашат. Бирок, андициклондун бир тектүү жылуу аба менен толукталышында бийиктикте жогорку басымдуу жабык борбору жаралат. Антициклондун борбордук бөлүгү аркылуу басымдын нөлдүк адвективдик жана динамикалык өзгөрүү сызыктары өтөт. Бул антициклондун борборунда басымдын динамикалык өсүшү токтоп, басымдын эң чоң өсүү аймагы анын четине жылганына көрсөтөт. Ушул учурдан тарта антициклондун алсырашы башталат.

Бузулуу баскычы

Өнүгүүнүн төртүнчү баскычында антициклон — квазивертикалдык огу бар жогорку барикалык түзүлүш болот. Тропосферанын бардык деңгээлдеринде жабык жогорку басым борборлору байкалат, бийиктиктүү борбордун координаттары Жерге жакын жайгашкан борбордун координаталары менен дээрлик окшош.

Антициклон күчөгөндөн башка, бийиктикте абанын температурасы көтөрүлөт. Антициклон системасында аба ылдый түшүп, буга ылайык ал кысылып, ысыйт. Антициклондун арткы бөлүгүнө, анын системасына жылуу аба (жылуулук адвекциясы) кирип турат. Жылуулуктун үзгүлтүксүз жылуулук адвекциясынан жана абанын адиабатикалык ысышынан, антициклон бир тектүү жылуу абага толот, ал эми эң чоң горизонталдык температура айырмачылыктары чет жакасына жылат. Жер бетиндеги борбор үстүндө жылуулук очогу жайгашат.

Антициклон термикалык жактан симметриялуу барикалык формацияга айланат. Буга ылайык тропосферанын термобарикалык талаасынын горизонталдык градиенттеринин азаюуусуна алып келип, антициклон аймагындагы адвективдүү жана динамикалык басым өзгөрүүлөрү кыйла алсызданат.

Атмосферанын жер бетине жакын катмарындагы аба агымдары чачырама болгондуктан антициклон системасындагы басым төмөндөйт, жана ал акырындык менен бузулуп, жер бетиндеги бузулуунун баштапкы баскычтары жакшы байкалат.

Антициклондордун өнүгүүсүнүн кээ бир өзгөчөлүктөрү

Циклондордун жана антициклондордун эволюциясы термобарикалык талаанын деформациясы жактан бир топ айырмаланат. Циклондун пайда болушу жана өнүгүшү термикалык коонун пайда болушу жана өнүгүшү, антициклондо — термикалык кырдын пайда болушу жана өнүгүшү менен коштолот.

Барикалык калыптануулардын акыркы баскычтары үчүн барикалык жана термикалык борборлордун, изогипсалардын кошулуусу мүнөздүү болуп, дээрлик параллелдүү болуп калышат, жабык борбор бийиктиктерде байкалып, бийиктиктүү жана жер бетине жакын борборлордун координаталары дээрлик кошулуп кетет (барикалык калыптануунун квазивертикалдуу бийиктиктүү огу). Циклон жана антициклондун калыптануусу жана өнүгүүсүндөгү термобарикалык талаанын деформациялык айырмачылыктары циклондун акырындык менен муздак абага, ал эми антициклондун жылуу абага толушуна алып келет.

Пайда болгон циклондор жана антициклондордун бардыгы эле өнүгүүнүн төрт баскычынан өтө бербейт. Ар бир жеке учурда өнүгүүнүн классикалык көрүнүшүнөн тигил же бул четтөөлөр кезигиши мүмкүн.

Жер бетинде пайда болгон барикалык калыптануулар андан ары өнүгүүгө шарттары болуп, бирок өзүнүн жаралуусунун башында эле жок болуп кетүү учурлары сейрек эмес. Экинчи жагынан алганда, басаңдап бараткан барикалык калыптануу кайра жаралып жана активдештирилип кеткен кырдаалдар дагы болот. Мындай процессти барикалык калыптануулардын регенерациясы деп атайт.

Эгер түрдүү циклондордо өнүгүү баскычында белгилүү бир окшоштуктар байкалса, антициклондордо болсо өнүгүүсүндө жана формасында көбүрөөк айырмачылыктар бар. Антициклондор алсыз жана пассивдүү система катары белгиленип, активдүүрөөк келген циклондук системалардын ортосундагы мейкиндикти толтурат. Кээде антициклон кыйла интенсивдүүлүккө жетиши мүмкүн, бирок мындай өнүгүү көп учурда коңшу аймактардагы циклондук өнүгүүлөр менен байланыштуу.

Антициклондордун түзүлүшүн жана жалпы жүрүм-турумун байкоо менен, аларды төмөнкүдөй класстарга бөлүүгө болот:

Антициклондун бийиктиги тропосферадагы температуралык шарттардан көз каранды.

Кыймылдуу жана акыркы антициклондор атмосферанын төмөнкү катмарларында төмнөкү температурага ээ жана өйдө жаткандарына караганда ассиметриялуу. Булар орто же төмөнкү барикалык түзүлүштөргө таандык.

Мелүүн кеңдиктердеги туруктуу антициклондордун бийиктиги атмосферанын жылышы (температура маанисинде) коштолуп өсөт. Көбүнчө булар тропосферанын жогорку жагында жабык изогипстүү, бийиктиктүү антициклондор. Такыр болуп калган кургактык үстүндөгү кышкы антициклондор мисалы, Кыргызстанга жакын Кытай чөлү, өтө төмөн же орто болушу мүмкүн анткени, тропосфера катмарлары мындай жерлерде такыр болуп калган.

Субтропикалык антициклондор бийик болот — мындагы тропосфера жылуу.

Негизинен термикалык келген арктикалык антициклондор — төмөн жайгашат.

Орто кеңдиктерде өнүккөн жогорку жылуу жана аз кыймылдуу антициклондор аймактык өтүүнүн узак мөөнөттүк (1 жума же андан ашык) макромасштабдуу бузулууларын түзүп, кыймылдуу циклондордун жана антициклондордун батыш-чыгыш багыттагы траекториясын жылдырат. Мындай антициклондор бөгөттөөчү (блоктоочу) антициклондор аталышын алып жүрөт. Борбордук циклондор бөгөттөөчү антициклондор менен кошо тропосферадагы жалпы циркуляциялардын негизги агымдарынын багытын аныктайт.

Жогорку жана жылуу антициклондор, ошондой эле муздак циклондор тропосферада жылуулуктун жана муздактыктын очоктору болот. Бул очоктордун ортосундагы аймактарда жаңы фронталдык аймактар түзүлүп, температура айырмачылыктары күчөйт жана кайрадан атмосфералык куюндар пайда болот, булар ошол эле жашоо циклинен өтөт.

Жайгаштыруу: 2023-06-17, Көрүүлөр: 767, Өзгөртүлгөн: 2023-06-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу