Футбол (англисче football — foot «бут» + ball «топ» сөздөрүнөн) — тайпалык спорт түрү, максаты: атаандаштын дарбазасына бут же дененин башка бөлүктөрү (колдордон тышкары) менен топту атаандашынан көбүрөөк киргизүү. Учурда (2022) дүйнөдөгү эң популярдуу жана массалык спорт түрү.
Футбол | |
---|---|
Бөлүм | Тайпалык оюн |
Тайпадагы оюнчулардын саны | 11 |
Шайман | Футбол тобу |
Биринчи мелдештер | |
Жыл | 1872 |
Дүйнө чемпионаты | 1930 |
Эл аралык федерация | |
Аталышы | ФИФА |
Түптөлгөн жылы | 1904 |
Веб-сайт | fifa.com |
Бул оюнда ойногон оюнчу — футболчу аталат. Англичандар оюнду «Бут менен гана ойнолуучу оюн» деп аташкан. Футбол төрт (тик бурчтуу) бурчтуу аянтта ойнолот. Аянттын эки туура жагынан ортосуна бири-бирине карама-каршы дарбаза орнотулат.
Оюндун узактыгы 13 жашка чейинки футболчулар үчүн 30, ал эми 13-15 жаштагылар үчүн - 40 минута. Жаш футболчулар кичирээк аянтта ойношот.
Футболчу баарынан мурда чаалыкпас болуусу керек, себеби алар чабуулга өтүү үчүн оңтойлуу учурду издеп, же атаандашынын жолун торош үчүн футбол талаасында тынымсыз ары-бери чуркайт, оюн мезгилинде ар бир оюнчу 15 чакырымга чейин аралыкты чуркап өтүшү мүмкүн. Чыдамкайлыкка, талыкпастыкка машыгуу менен гана жеңишке жетишүүгө болот.
Илгери бул оюнду таптакыр башкача ойношчу экен. Мисал үчүн шаар ортосундагы ачык аянтка эркектер, аялдар жана балдар баары чогулуп алып топту ортого ыргытып, бардыгы жапырт ошого умтула турган. Алардын ар кайсынысы топту өз дарбазасына киргизүү үчүн аракеттенишкен.
1926-жылдын октябрында дүйнө жүзүндө эң биринчи ирет футбол оюну жөнүндө радиорепортаж берилген. Белгилүү чех журналисти Иозеф Лауфер күйөрмандарга МТК (Будапешт) - "Славия" (Прага) командаларынын ортосундагы мелдеш тууралуу баяндаган. Советтер Союзунун футболу тууралуу репортаждар 1929-жылдын июлунан тартып бериле баштаган. Москва шаарынын, Украинанын тандалма командаларынын беттешүүсү тууралуу А. Богданова, Б. Рябоконь, П. Савостьянов жана комментатор В. Синявский репортаж жүргүзгөн.
1936-жылы 22-майда Ленинград шаарында футбол боюнча СССРдин чемпионатынын биринчи матчы өткөрүлгөн. Жергиликтүү «Динамо» Москванын «Локомотив» командасы менен беттешкен. Ал эми улуу футболчу Пеленин үйүндө эң эле көп сандаган медалдар сакталууда. Алардын арасына Бразилиянын агартуу министрлиги тапшырган дагы бир медаль кошулган. Бул медаль ага эмне үчүн берилген? Көрсө улуу футболист «Мен Пелемин» деген китеп жазган имиш. Сабатсыз күйөрмандар ал китепти өз көздөрү менен окушуп, сабатсыздыгын жоюшкан.
Эки бир туугандардын футболист болушу көп эле кездешет. Бирок бир эле командада 11 футболист ойноп, дагы төрт бир тууганы запаста отурганын көрдүнүздөр беле? Аргентинанын Лавелле айылында «15 биртуугандын клубу» түзүлгөн. Бул командада үч жуп эгиздердин ойношкону өтө кызыктуу.
ФИФА (французча Federation Internationale de Football Association, кыскача FIFA, кыргыз транслитерациясында — ФИФА, маанилик которулушу — Эл аралык футбол федерациясы) жана Эл аралык Олимпиадалык комитет «футбол» аталышын оюндун официалдуу эл аралык аталышы катары колдонушат.
Толук англис тилдүү оюндун аталышы, «association football» («Ассоциация эрежеси боюнча футбол») 1863-жылы англис Футбол ассоциациясын түзүүдөн кийин тандалган, бул, оюнду ошол убакта кол менен ойноого улуксат болгон футболдун башка түрлөрүнөн айырмалоо үчүн жасалган, мисалы, регби-футбол («rugby football», «Рагби мектебинин эрежелери боюнча футбол»). Убакыттын өтүшү менен оюндун аталыштарынын узун варианттары күнүмдүк баарлашууда жана басма сөздө кыскара баштаган. Алгач Англияда «assoc.» кыскартып айтуусу көп кездешчү, ал сөздөн оксфорд адатынча «-soc-» кыскартылышына «-er» суффиксин кошуу менен 1880-жылдары «соккер» (англисче soccer) термини калыптанган, аналогиялуу түрдө регби-футбол кыскача «раггер» аталчу (англисче rugger). «Соккер» термини мезгилдүү басылмаларда жок дегенде эле 1892-жылдан бери колдонулуп келет. Англис тилинин оксфорд сөздүгүнө ылайык «soccer» сөзүнүн жазма тилде алгачкы колдонулушу 1889-жылы акын Эрнест Доусондун катында табылган (бирок бул сөз socca деп жазылса дагы, ал убакта стандарттык жазма формасы болгон эмес деп жоромолдонот).
Биздин мезгилде «соккер» аталышы тарыхый жактан футболдун башка түрлөрү атагын жоготпогон бир катар англис тилдүү өлкөлөрдө кеңири таралган. Мисалы, Австралия менен Жаңы Зеландияда футбол деп тарыхый жактан австралия футболун же регбилигди аташат. Ирландияда «футбол» термини гэл (гэл — калктын аталышы) футболуна таандык, ошондуктан «соккер» прессада колдонулат. Түштүк Африка Республикасында (ТАР) көбүнчө «соккер» аталышында белгилүү, а бул ТАРдын чемпионат («Премьер соккер лига») жана «Соккер Сити» стадионунун (мында 2010-жылдын дүйнө чемпионатынын финалы өткөн) аталышында пайда болуусуна алып келген. Америка Кошмо Штаттарында жана Канадада «соккер» термини колдонулат, анткени футбол деп Америкалык футболду жана Канада футболун аташат. Англияда «соккер» аталышы эскирип, футболдун жаңы күйөрмандары аны баркы жок деп санашат.
Оюндун башка тилдерде аталышы:
Топ оюндарын көптөгөн өлкөлөрдө ойношчу. Кытайда мындай спорт түрү Чжу-Кэ деп аталчу. Байыркы Спартада — «Эпискирос», Байыркы Римде — «Харпастум». Болжолдуу XIV кылымда италиялыктар «Кальчо» оюнун ойлоп табышкан. Дал ушул италиялыктар бул оюнду Британия аралдарына алып келген.
XIX кылымда Англиядагы футбол крикет сыяктуу эле популярдуулукка ээ болгон. Оюнду көбүнчө колледждерде ойношчу. Кээ бир колледждерде кол менен топту жүргүзүү жана берүүгө улуксат берилген, башкаларында тескерисинче тыюуу салынчу. Жалпы эрежелерди түзүү аракети 1846-жылы бир нече колледждердин өкүлдөрү кездешкенде болгон. Алар биринчи эрежелер жыйнагын орноткон. 1857-жылы «Шеффилд» (шаардын аталышына байланыштуу) аталган биринчи адистештирилген футбол клубу негизделген. Ушундан улам Англия футболдун мекени болуп эсептелет. 1863-жылы көпкө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Англия Футбол Ассоциациясынын эрежелер жыйнагы кабыл алынган. Ошондой эле футбол талаасынын жана дарбазалардын өлчөмдөрү бекитилген. 1871-жылы дүйнөдөгү эң эски футбол турнири — Англия Кубогу негизделген. 1891-жылы пенальти жөнүндө эреже кабыл алынган. Бирок алгач пенальти чекиттен эмес, сызыктан тебилген, ал эми аралыгы азыркыдай эле 11 метрди түзгөн.
1880-жылдары футбол коомдо атактуу боло баштаган. Футбол ассоциациясындагы клубдардын саны 100дөн ашкан. Ошол мезгилде клубдар оюнчуларынан айлык акы төлөп беришет деген сөздөр тарай баштайт, ал эми ассоциациянын алгачкы ою боюнча футбол бир гана сүйүүчүлөр спорту болгон. Ошондуктан, 1882-жылы эрежелерге кийинки пункттарды кошушкан:
Тигил же бул оюнга чыгуусуна байланыштуу клубдан өзүнүн чыгымдарынан ашык каалаган формадагы сыйлык же акча алган клубдун каалаган оюнчусу автоматтык түрдө Кубокко болгон мелдештерден, Футбол Ассоциациясынын каалаган мелдештеринен жана Эл аралык турнирлерден четтетилет. Мындай оюнчуну өзүнүн курамына алган клуб автоматтык түрдө Ассоциациядан чыгарылат.1884-жылдын башында «Аптон Парк», «Престон Норт Энд» клубунун оюнчуларына эмгек акы төлөп жатат деп айтып чыккан. Муну «Престондун» президенти Уильям Саддел да моюнуна алган. Ушундан улам клуб Футбол Ассоциациясынын (ФАнын) курамынан чыгарылган. Ал эми 1885-жылы Футбол Ассоциациясы акыры футболчуларга айлык акы төлөп берүүгө улуксат берген. Бул дүйнөдөгү биринчи үзгүлтүксүз (регулярдык) Футбол лигасын түзүүгө алып келген. «Престон Норт Энд» бул турнирдин чемпиону болгон. 1872-жылдын 30-ноябрында тарыхтагы биринчи эл аралык матч өткөрүлгөн. Ал Англия менен Шотландиянын курамаларынын ортосуна өткөн. 1904-жылы Парижде футболдогу жетектөөчү орган болгон ФИФА негизделет. Ошол убактагы ФИФАга киргендер: Бельгия, Дания, Франция, Нидерланд, Испания (ФК «Мадрид» катары), Швеция жана Швейцария.
1901-жылы Монтевидеодо Британ аралдарынын өкүлдөрү болбогон курама топтордун катышуусундагы тарыхтагы биринчи матч өткөн — матчтын кожоюну болгон Уругвайдын курамасы катуу кармашка түшкөн оюнда 2:3 эсебинде Аргентинадан утулуп калган.
1921-жылы ФИФАнын президенти катары Жюль Риме (французча Jules Rimet) шайлангандан кийин, кийинки Олимпиадалык футбол турнирлерин «футбол боюнча сүйүүчүлөр арасында дүйнө чемпионаты» деп эсептөө ратификацияланган. Бул турнирлердин 1924 жана 1928-жылдардагы оюндарын Уругвайдын курамасы жеңип алган. Уругвай футбол Ассоциациясынын ийгиликтеринен улам ФИФА дүйнө Кубогун уюштуруудагы күрөштө атаандаштар жок болуп (кыргызча жөн гана футбол боюнча дүйнө чемпионаты) ал 1930-жылы өткөн. Уругвайлыктар үй биринчилигинин жеңүүчүлөрү, футбол боюнча үч ирет дүйнө чемпиону болушуп, ФИФАнын дүйнө Кубогунун биринчи ээси болгон. Бул футбол тарыхында жаңы доордун башталышы болуп калган. 1970-жылга чейин бул олжо Жюль Рименин ысымын алып жүргөн, ошондой эле «Нике кудайынын Кубогу» аталышта дагы белгилүү болгон, бирок дүйнө чемпионатындагы Бразилия курамасынын үчүнчү жеңишинен кийин ага түбөлүк сактоого берилген. Анын ордуна заманбап дүйнө Кубогу ойнотула баштаган. Ошентип, Жюль Риме футбол боюнча дүйнө чемпионаттарынын негиздөөчүсү болуп калат.
Футболдо ойнолуучу футбол тобу сфера формасында болуусу шарт, мунун көрсөткүчтөрү футбол эрежелеринин 2-эрежесинде белгиленген.
Топ 3 бөлүктөн турат: каптам (же орусча покрышка), салма (же орусча подкладка) жана камера:
Матчтар табигый жана жасалма каптамдары бар талааларда өткөрүлүшү мүмкүн. Футболдун расмий эрежелерине ылайык жасалма каптам жашыл түстө болуусу шарт. Оюн талаасы тик бурчтуу формага ээ. Каптал сызык сөзсүз түрдө дарбаза сызыгынан узунураак болуш керек. Талаанын узундугу 100—110 м (110—120 ярд) жана жазылыгы жок дегенде 64—75 м (70—80 ярд) болуш керек деген чечим кабыл алынып келген, бирок, кийинчерээк мунун милдеттүүлүк талабы токтотулган.
Футбол оюнунда пайдаланылуучу дарбазалар бурчтук желек штокторунан бирдей аралыкта жайгашкан (башкача айтканда дарбазалар, дарбаза сызыгынын борборунда жайгашышы керек), үстүнөн горзизонталдык көпүрө (орусча перекладина) менен бириктирилген эки вертикалдык түркүктөн (штанга) турат. Дарбазага кирген топ алыс кетип калбоосу үчүн дарбазага торчо орнотулат.
Талааны белгилөөдө жазылыгы 12 см (5 дюйм) ашпаган сызыктар сызылат; бул сызыктар алар чектеген аянтка кирет. Бардык сызыктардын жазылыгы бирдей болушу керек.
Талаа сызыктарынын аталышы: оюн талаасын чектеген эки узун сызыкты — каптал сызыктар деп аташат; эки кыска сызыкты — бет-маңдай же дарбаза сызыгы дешет, бул сызыктарда дарбаза жайгашат.
Ортоңку сызык: футбол талаасы каптал сызыктарын ортосун бириктирген ортоңку сызыктын жардамы менен тең экиге бөлүнөт. Ортоңку сызыктын ортосунан талаанын борборун белгилеген бүтүн чекит белгиленет — диаметри 0,3 м (1 фут же 30 см) болгон бүтүн тегерек. Талаа борборунун (талаанын ортосундагы чекиттин) айланасын айланта радиусу 9,15 м (10 ярд) болгон айлана (же тегерек) сызылат. Ар бир негизги жана кошумча таймдын башталышында, ошондой эле, ар бир дарбазага тебилген голдон кийин оюн талаа борбору белгисинен (талаа чекитинен) башталат. Баштапкы тепкини (же соккуну) аткарууда бардык оюнчулар талаанын өз жарым бөлүктөрүндө, ал эми сокку командасын аткарып жаткан тайпа — борбордук айланын сыртында болушу керек.
Айып (штраф) аянты: талаанын ар бир жарым бөлүгүндө айып аянты белгиленет — дарбазачы колу менен ойной алган аймак, ал эми өзүнүн айып аянтында эреже бузуу жасаган тайпанын дарбазасына айып сокку менен жазалануучу 11 метрлик сокку дайындалат. Айып аянтчасынын өлчөмү — 40,32 м (44 ярд) жана 16,5 м (18 ярд). Айып аянтынын чегинде, дарбаза сызыгынын борборунда жана андан 11 метрлик аралыкта он бир метрлик белги коюлат — диаметри 0,3 (1 фут) болгон бүтүн айлана. Айып аянтынан тышкары радиусу 9,15 м (10 ярд) болгон айлананын догоосу сызылат, анын борбору он бир метрлик белгиде орун алган; бул догоо сызыгы он бир метрлик соккуну уруп өтүүдө тайпа оюнчуларынын жайгашуусу үчүн колдонулат.
Дарбаза аянты: талаанын ар бир жарымында дарбаза аянты белгиленет — мунун чегинде дарбазадан оюнчуларга сокку берилет; дарбаза аянтынын өлчөмдөрү — 18,32 мге (20 ярдга) 5,5 м (6 ярд).
Бурчтук секторлор: талаанын ар бир төрт бурчунда радиусу 1 м (же 1 ярд) болгон догоо сызылат, бурчтук соккуларды аткаруу үчүн секторду чектеген талаа бурчу борбору болот. Ошондой эле, талаанын ар бир бурчуна сөзсүз түрдө желек орноткучка (флагшток) үстүндөгү учтары учтуу эмес желектер орнотулат.
Эрежелерге ылайык сөзсүз болуучу кийим-кечек элементерине кийинкилер кирет: жеңи бар көйнөк (же жеңи жок футболка), трусалар, гетрлер (узун байпак), кыр сөөктү коргоочу калканчалар (орусча щиток же щитки) жана бутсалар.
Футбол тайпасы (же командасы) 11 адамдан турат жана кийинкидей болуп бөлүнөт:
Оюндун 17 расмий эрежеси бар, алардын ар бири эскертүүлөрдүн жана башкаруучу негиздердин тизмесин камтыйт. Бул эрежелер футболдун бардык деңгээлдерине колдонуу үчүн арналган, бирок, юниорлор, чоңдор, аялдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар сыяктуу топторго кээ бир өзгөрүүлөр бар. Мыйзамдар көп учурда жалпы жонунан калыптанып, оюндун мүнөзүнө жараша алардын колдонулушун жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берген. Оюн эрежелери ФИФАда жарыяланат, бирок, Эл аралык футбол ассоциациясынын кеңеши (IFAB - International Football Association Board) аркылуу колдоодон өтөт.
Ар бир тайпа он бир оюнчудан турат (запастагыларды эске албаганда), алардын бирөөсү дарбазачы болушу керек. Официалдуу эмес мелдештердин эрежелери оюнчулардын санын 7ге чейин кыскартышы мүмкүн. Дарбазачыларга кийинки шарттарда кол менен ойноого уруксат берилген жалгыз оюнчулар: өзүлөрүнүн дарбазасынын жанында, айып аянтынын чегинде. Талаада ар кандай позициялар бар, бирок, бул позициялар милдеттүү эмес.
Өзүнчө футбол оюну матч деп аталат, ал өз кезегинде 45 мүнөттүк эки таймдан турат. Биринчи жана экинчи таймдардын ортосундагы тыныгуу 15 мүнөттү түзөт, бул мезгилде оюнчулар эс алышат, жана тыныгуу бүткөндө дарбазалары менен алмашат.
Оюндун максаты — топту атаандаштын дарбазасына киргизүү, мүмкүн болушунча көп жолу киргизүү жана өз дарбазаңа гол киргизбөөгө аракет кылуу. Беттешти көбүрөөк гол киргизген команда (тайпа же топ) жеңет.
Эгер, эки таймдын өтүшүндө тайпалар бирдей сандагы гол киргизген болсо, анда теңдештик аныкталат же жеңүүчү мелдештин орнотулган регламентине ылайык табылат. Мындай учурда кошумча убакыт дайындалышы мүмкүн — 15 мүнөттөн турган эки тайм. Шартка ылайык, мелдештин (матчтын) негизги жана кошумча убактысынын ортосунда тайпаларга тыныгуу берилет. Кошумча убакыт арасында тайпаларга дарбаза тараптарын алмаштырууга гана убакыт берилет. Бир мезгилде, биринчи гол («алтын гол» эрежеси) киргизген же каалаган кошумча таймда утуп чыккан («күмүш гол» эрежеси) тайпа жеңүүчү деп жарыяланган эреже бар болчу. Учурда кошумча убакыт же такыр ойнолбойт, же толук ойнолот (15 мүнөттөн турган 2 тайм). Эгер кошумча убакыттын өтүшүндө жеңүүчү табылбаса, матчтын бөлүгү болбогон, матчтан кийинки пенальти сериясы жүргүзүлөт: 11 метр аралыктан атаандаштын дарбазасына өзүнчө (ар башка) оюнчулар 5 сокку жасашат. Эгер тебилген пенальтилердин саны эки тайпада бирдей болсо, анда жеңүүчү аныкталмайынча бир түгөй (же бирден эки даана) пенальти согулат.
Футболдо стандарттык жоболор болот. Cтандарттык жобо деп калыстын белгиси (сигналы) боюнча аткарылуучу айып, эркин, бурчтук жана башка соккулар саналат.
Стандарттык жоболор төмөнкүлөр:
Эң кеңири таралган бузуулар:
Футболдогу тартипсиз жүрүм-турум кийинкидей көрүнүштөр менен берилиши мүмкүн:
Орой эреже бузуу үчүн оюнчу сары түстөгү карта алат, кайталап бузганда — кызыл түстөгү карта алып, оюн талаасынан чыгып кетиши керек. Мындай система 1970-жылкы Дүйнө чемпионатынан тарта бекилген.
Оюндун эрежеси 17 пункттан туруп, аларга дайыма өзгөртүүлөр киргизилип турат. 2020-жылы IFAB бир катар эрежелердеги (1, 2, 4, 10, 11, 12 жана 14-эрежелер) өзгөрүүлөрдү кабыл алып, VAR (Video assistant referee, же арбитрдын видео жардамчысы) протоколуна, футбол терминдеринин сөздүгүнө жана тажрыйбалык сунуштамаларга өзгөртүүлөрдү киргизген.
Калыстар (судьялар же реферилер) футбол талаасындагы тартипти сакташат. Алардын милдети — эреже бузууларды аныктоо.
Матч алдында калыстар дарбазанын торчосун жана футбол талаасынын белгиленишин текшерип, аба ырайы шарттарынын анализин жүргүзүшү керек. Оюндан кийин калыстар өзүнүн бардык чечимдерин түшүндүргөн протокол жазышат. Оюн учурунда калыс, мисалы, негизги убакытка канча убакыт кошулуш керектигин же дарбаза сызыгынан топ өткөнүн же өтпөгөнүн аныкташы зарыл. Эгер оюнчу реферинин көз карашы боюнча эреже бузса, ал (рефери) айып дайындашы керек. Калыс оюнчуга эскертүү берип же матчты кайсы бир себептер менен токтото алат. Орто эсеп менен бир матчта калыстар 10 километрдей чуркашат.
Футболдо башкы калыстан тышкары анын жардамчылары (каптал арбитрлар) дагы болот. Алар «оюндан тышкары» абалын, ошондой эле топтун каптал жана маңдай сызыктан чыгып кетишин аныктоого жардам берет. Андан тышкары алар калыс көрбөй калган эреже бузуу же гол учурларын башкы калыска айта алышат. 2012-жылы УЕФА (англисче Union of European Football Associations, кыскача UEFA, кыргызча транслитерациясы УЕФА, которулушу — Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги) ар бир дарбазанын артына арбитрларды кошуп, калыстын жардамчыларынын санын көбөйткөн.
Калыстар тарабынан чечимдерди кабыл алуунун жогорку татаалдыгы жана жоопкерчилигине байланыштуу, алар тарабынан техникалык каражаттарды колдонуу сунушу бир нече жолу көтөрүлгөн, мисалы, хоккейде шайба менен жана баскетболдо колдонгон каражаттар сыяктуу. Эң жоопкерчиликтүү учурлардын жүгүн жеңилдетүү үчүн — айып аянтында ойноо жана дарбазаны алууда — 2012-жылы УЕФАда дарбазанын артында кошумча калыстар киргизилген, ал эми 2013-жылдан тарта — Автоматтык голдорду аныктоо системасы колдонулат.
Арбитрларга видео жардам көрсөтүү системасы (англисче Video assistant referee), кыскача VAR же арбирдын видео жардамчысы — башкы калыска видео кайталоонун жардамы менен чечим кабыл алууга мүмкүндүк берген футболдогу технология, эл аралык турнирлердеги бир катар сыноолордон кийин 2018-жылы официалдуу түрдө футбол оюнун Эрежелерине киргизилген.
Футбол оюнуна ылдамдык, күч-кубат жана чеберчилик талап кылат. Англиянын Шотландияга каршы биринчи матчында эки тайпа тең катуу чабуул жасоо менен ойношкон. Шотландия 2-2-6 жана Англия 1-1-8 системасында ойношуп, бирок бир дагы тайпа гол киргизе алган эмес. Ушул сыяктуу системалар андан кийин деле болгон, бирок «оюндан ташкары» жөнүндө эрежелерге тууралоолорду киргизгенден кийин чабуулчулардын саны үч же экиге кыскарган. 1958-жылкы дүйнө чемпионатында Бразилия 4-2-4 схемасында эки четки чабуулчу менен ойноп, топту, эки алга жылдырылган борбордук форварддар менен камсыздаган. 1966-жылкы мундиалда (дүйнө чемпионатында) Англия 4-4-2 схемасында ойноп, бирок четки жарым коргоочулары болгон, алар чабуулдарга кошулуп же коргонууга өтүп турушкан.
Көптөгөн дүйнө клубтарында «либеро» же «тазалоочу» позициясындагы схемалар иштеп келет. Ал борбордук коргоочулардын артында жайгашып, алардын (коргоочулардын) кетирген каталарын түзөп турат. Бул схема биринчи жолу Элинио Эррера тарабынан анын «Интернационалда» иштешинде колдонулуп көрүлгөн.
Ринус Михелстин «Аякста» иштөөсүндө «тоталдык футбол» түшүнүгү пайда болгон. Бул, жагдайга жараша оюнчулар талаадагы позицияларын өзгөртө алат дегенди билдирет. Мунун эсебинен «Аякс» жана кийин Ринус машыктырган Нидерланд курамасы чоң ийгиликтерге жетишкен.
Футбол клубу — бардык футбол түзүмүнүн базалык уячасы. Клуб футболчуларды, персоналдарды жана уюмдарды байланыштырган тогоо (звено) саналат. Маңызы жагынан бул белгилүү бир инфратүзүмү жана тейлөөчү персоналы бар уюмдун футболчуларынын тобу (тайпасы).
Футбол боюнча мелдештер спорттун башка түрлөрүндөй эле — оюндун маанилүү бөлүгү. Мелдештер федерация тарабынан уюштурулуп, ар бир турнир үчүн регламент түзүлөт, мында негизинен катышуучулардын курамы, турнирдин схемасы, упайлар тең болгондо жеңүүчүнү аныктоонун эрежелери жана кандайдыр бир эрежелерден четтөөлөр аныкталат, мисалы, алмаштыруулардын саны. Мелдештер ички жана эл аралык болуп бөлүнөт, алар өз кезегинде клубдук жана улуттук курамаларга бөлүнөт. Футбол турнирлери стадион трибуналарында он миңдеген жана теле берүүлөрдө миллиондогон көрүүчүлөрдү тартат.
Эң белгилүү мелдештер:
ФИФА тарабынан өткөрүлүүчү:
УЕФА тарабынан өткөрүлүүчү:
Түштүк Америка футболунун конфедерациясы (испанча CONfederacion sudaMEricana de FutBOL — орусча аббревиатура КОНМЕБОЛ)тарабынан өткөрүлүүчү:
КОНКАКАФ (англисче CONCACAF, СОnfederation of North, Central America and Caribbean Association Football же Түндүк жана Борбордук Америка, ошондой эле Кариб бассейнинин футбол конфедерациясы)тарабынан өткөрүлүүчү:
ФИФАнын маалыматына ылайык 2001-жылы планетада 250 миллионго жакын адам футбол ойногон. Алардын ичинен 20 миллиондон ашыгы — аялдар. 1,5 миллионго жакын командалар жана 300 000 профессионалдык клубдар катталган.
ФИФАнын 1998—2015-жылдардагы президенти Йозеф Блаттердин айтымында 2004-жылдын май айында дүйнөдөгү жалпы оюнчулардын саны 250 млн адамды түзгөн, бул ошол кездеги Жердин калкынын 4,1 % туура келчү.
Футбол ойноочулардын санын өлкөлөр боюнча бөлүштүрө келгенде, биринчи орунда АКШ (болжолдуу 18 миллион, алардын ичинен 40 % аялдар), андан кийин Индонезия (10 млн), Мексика (7,4 млн), Кытай (7,2 млн), Бразилия (7 млн), Германия (6,2 млн), Бангладеш (5,2 млн), Италия (4 млн), Россиялар (3,8 млн) болгон.
2017-жылдын июль айында Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2026-жылга Жер калкынын 60 % футболго тартуу пландары жөнүндө айтып чыккан. ФИФА футболду өнүктүрүүгө 4 миллиард доллар салууга ниеттенүүдө.
Дүйнө чемпионаты эң престиждүү мелдеш болуп саналат, ал жылына 4 жолу өткөрүлүп, ар бир учурда башка мамлекетте жүрөт (негизинен — башка континентте). Биринчи мелдеш 1930-жылы Уругвайда болгон. Дүйнө чемпионатынын квалификациясына 200дөй улуттук курамалар катышат.
Футболду көзөмөлдөгөн, башкарган жана жайылткан бир катар уюмдар бар. Негизгиси Швейцариянын Цюрих шаарында жайгашкан ФИФА уюму. Ал дүйнөлүк масштабтагы эл аралык мелдештерди уюштуруу менен алектенет, негизинен дүйнө чемпионатын. Континенталдык деңгээлде футболду жайылтууну 6 уюм камсыздайт: КОНКАКАФ, КОНМЕБОЛ, УЕФА, КАФ (Confederation of African Football, Африка футбол конфедерациясы), АФК (Asian Football Confederation, Азия футбол конфедерациясы), ОФК (Oceania Football Confederation, Океания футбол конфедерациясы). ФИФА футболду Европа жана Түштүк Америкадан тышкары жайылтууга аракет кылууда. 2002-жылы Дүйнө чемпионаты Япония менен Түштүк Кореяда өткөн, 2010-жылы — Түштүк Африка Республикасында. Европада футбол көбүрөөк өнүккөн. Эң бай 20 футбол клубу Европада жайгашкан. 2006-жылкы дүйнө чемпионатында ойногон 700 оюнчунун 102си Англияда, 74 — Германияда, 60 — Италияда, 58 — Францияда ойногон. Негизинен Европага оюнчулар жогорку айлык акынын жана күчтүү дүйнө лигаларында катышуу үчүн келишет.
Кээ бир оюнчулар бала кезинде эле сүйүүчүлөр командаларында же аймактык мелдештерде ойноп футболго шыгы бар экенин көрсөтүшөт. Белгилүү клубдар кичи шаарларга скауттарын жөнөтүп турушат, алар машыгууларга катышып, шыктуу оюнчуларга көз салышат. Клубдардын футбол мектептери дагы болот. Эң белгилүүлөрдүн бири — «Аякс» мектеби.
Көптөгөн спортчулар үчүн мектепке кирүү үмүтү кыял бойдон калат — кээ бирлеринин таланты жетишпейт, экинчилерин физикалык даярдыгынын аздыгынан алышпайт. Мисалы, Мишель Платинини «Мец» француз клубуна жүрөгүнүн начарлыгына байланыштуу албай коюшкан, ал эми Шон Райт-Филлипсти «Ноттингемге» боюнун кыска болушуна байланыштуу кирген эмес.
Оюнчулар негизги тайпанын оюнчулары болмоюнча, аларда мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы мелдештерге катышууга мүмкүндүгү бар. Дүйнө кубогу — эң престиждүү мелдеш. Ал ФИФАнын колдоосу астында өткөрүлөт. Мисалы, 1991-жылкы мелдеште Луиш Фигу жана Руй Кошта сыяктуу оюнчулар тарабынан алга жылган Португалия тайпасы утуп чыккан, ал эми он жылдан кийин Хавьер Савиола чемпионатты Аргентинага утууга жардам берип, Джибриля Сиссе жана Адриано сыяктуу белгилүү оюнчулардан озуп өтүп, турнирдин мыкты бомбардири болгон.
Көптөгөн футболчулар катуу атаандаштыктык айынан негизги курамга кире албай калат. Оюн тажрыйбасын алуу үчүн мындай спортчуларды башка клубга (негизинен абалы төмөнүрөөк клубга) ижарага берип коюшу мүмкүн. Ижара убактысы бир нече айдан 2 жылга чейин болушу ыктымал. Манчестер Юнайтед Дэвид Бэкхемди 6 жумалык ижарага Престонго берген, ал эми Тоттенхэм Мидону 18 айлык ижарага алган. Испаниялык чабуулчу Фернандо Морьентес курама үчүн 24 гол киргизген, бирок аны мадриддик Реал Монакого ижарага берип, клубдун чемпиондор лигасына жетүүгө жардам берген.
Апта ичинде футболчу командалык машыгууга жана матчтарга катышат. Машыгуулар күчтүү физикалык жүктөмдөрдү, ошондой эле топ менен иштөөнү камтыйт. Футболчулар диетаны дагы кармашат.
Травмалар болсо футболдо көп болот. 1997/1998 жана 1998/1999 сезондорунда Англия Футбол федерациясы тарабынан 6000ден ашык травмалар катталган. Жаракат алган оюнчуларды физиотерапевт жана хирургдар карашат. Травма алгандан кийин калыбына келүү үчүн айлар керектелет.
Алдыңкы футболчуларга музыка жана кинонун атактууларындай эле мамиле жасашат. Кээ бирлери акчасын кайрымдуулукка жумшап, мектеп, ооруканаларды курууга демөөрчүлүк кылышат, ошондой эле жаш футболчулар үчүн жеке академияларын ачышат. Интервью берип, көптөгөн жарнамаларга тартылышат. Жаш оюнчуларга пресса менен дайыма баарлашуудан баш тартуу татаал, анткени, кээ бир ММКлар алардын артынан түшүп, үй-бүлөсүнө чейин аңдышат. Эгер атактуу футболчу ката кетирип, мисалы, машинаны катуу айдап, айыпка кабылса, же кандайдыр бир обу жок шаан-шөкөттөргө катышканы белгилүү болуп чыкса ири медиакомпанияларда өтө начар мамилеге кабылат.
Футболдун көптөгөн түрлөрү бар, негизинен азыраак оюнчулар катышкан, анын ичинде: футзал (AMF [испанча Asociacion Mundial de Futsal] жана ФИФА) — мини-футбол (атайын төшөлмөсү бар залда ойношот), шоубол (жасалма төшөлмөлүү адаптацияланган хоккей кутучасында ойнолот), көчө футболу (каалаган жерде, каалаган өлчөмдөгү талаада жана каалаган сандагы оюнчулардын саны менен ойнолот), кум-жээк футболу (кумда ойнолот), «дарыя же аккан суудагы футбол» (тизесине чейинки сууда ойнолот, англиялык Бёртон шаарында жыл сайын өтүүчү турнир), «саз футболу» (сазда ойнолот), футболдук фристайл (мүмкүн болгон футбол өнөрлөрүн аткаруу менен мүнөздөлөт), рашбол (дарбазачы аянтынын, айып соккуу, чабуул, коргоо жана нейтралдык аянттарга бөлүнгөy талаада ойнолот), футдаблбол (эки топ менен ойнолот).
Ошондой эле, спорттук оюн катары виртуалдык жана стол үстүндө ойноочу футбол, логикалык оюн катары кагаз футболу да белгилүү.
Футболдун атагы өтө жогору болгондуктан аны имитациялаган оюндар арбын.
Манчестерде Улуттук футбол музейи бар, мында он беш мүнөттүк атактуу матчтар жөнүндө фильмдер көрсөтүлүп, музей залында белгилүү оюнчулардын момдон жасалган фигуралары, футбол тарыхындагы түрдүү экспонаттар орун алган.