Инфляция (латынча inflatio «көбүү») — товарлар жана кызматтарга болгон жалпы баалар деңгээлинин узак мөөнөткө көтөрүлүшү, жогорулашы. Инфляция болгондо бир суммадагы акчага канча бир убакыттан кийин мурдагыга караганда азыраак товар же кызмат сатып алууга туура келип калат. Мындай учурда өткөн убакка караганда акчанын сатып алуучулук мүмкүндүгү төмөндөп кетти, акчанын куну (баасы, баркы) түшүп кетти дешет, башкача айтканда өзүнүн реалдуу баасынын бир бөлүгүн жоготот.
Базар экономикасында инфляция ачык формада болот — баалардын жогорулашы. Экономикага административдик кийлигишүүдө инфляция басынган формада болушу мүмкүн: баалар көтөрүлбөйт, бирок товардык дефицит жаралат.
Инфляцияны узак мөөнөттүү, туруктуу процесс катары, бир жолку баалардын өсүүсүнөн айырмалай билүү керек (мисалы, акча реформасынын же саясый окуялардын айынан). Инфляция экономикадагы бардык баалардын өсүүсүн түшүндүрбөйт, анткени, өзүнчө товарларга жана кызматтарга болгон баа көтөрүлүп, төмөндөп же өзгөрүүсүз калышы мүмкүн. Баалардын жалпы деңгээлинин өзгөрүүсү маанилүү, башкача айтканда ички дүң өндүрүм (ИДӨ) дефлятору (Ички дүң өндүрүм дефлятору — экономикада товарлар жана кызматтарга болгон жалпы баалар деңгээлин өлчөө үчүн түзүлгөн баалар индекси).
Инфляцияга карама-каршы процесс дефляция — жалпы баалар жеңгээлинин төмөндөшү (терс же тескери өсүү). Заманбап экономикада сейрек жана кыска мөөнөттүү кездешет, негизинен мезгилдүү мүнөзгө ээ. Мисалы, дан өсүмдүктөрүнө болгон баа түшүм жыйналганда төмөндөйт. Узакка созулган дефляция өтө аз мамлекеттерге гана таандык. Бүгүнкү күндө дефляция мисалына Япония өлкөсү боло алат (-1 % чегинде).
Номиналдык баалар негизинен тыйындардагы акча металлынын саны менен тыгыз байланышта. Девальвация же «тыйындардын бузулуусунан» (тыйындардагы баалуу металлдардын азаюуусунан) баалар олуттуу көтөрүлүшү мүмкүн болчу. Бирок, акча металлынын белгиленген санына эсептегенде баалар туруктуу бойдон калчу. Негизи, баа түзүмү эмес, баалардын масштабы өзгөргөн.
Тыйындардагы металлдын саны өзгөрбөстөн акча жасалуучу металлдардын баасынын түшүп кетүүсү менен байланышкан дүйнөлүк экономиканын тарыхында чукул баалардын көтөрүлүшүнүн эки учуру белгилүү.
Айланууга алтын менен күмүштүн чоң массада келүүсү менен баалардын жогорулашы, акчанын сандын теориясынын пайда болуусу түздөн-түз байланышта, буга ылайык акчанын айлануудагы санынын жогорулашы баалардын өсүүсүнө себеп. Баа теориясы жагынан, акча массасынын өсүүсү акча материалынын баасынын төмөндөшүн чагылдырат, а бул товарлардын туруктуу баасында көбүрөөк сандагы алтын же күмүштүн алмашуу эквивалентин билдирет.
Жеке баасы жок, акчанын ролун милдеттенмелер аткарган заманбап экономикалар үчүн (фиаттык акчалар), анча-мынча инфляция норма катары саналып, негизинен жылына бир нече пайыз деңгээлинде болот. Жылдын аягында инфляция денгээли негизинен көтөрүлөт, бул үй кожойкелердин товарларды керектөөсүнүн жана корпорациялардын чыгым деңгээлинин өсүүсү менен түшүндүрүлөт.
СССРде аскердик алдындагы он жылдыкта жана Сталиндин акыркы жылдарында бийликтин саясаты акырындык менен айлык акынынын жогорулап, узак мөөнөттүү чекене баалардын төмөндөшүнө (дефляция) алып келген. Мындай шарттарда инфляция жашыруун мүнөзгө ээ болушу мүмкүн жана бул басмырланган инфляция болот. Басмырланган инфляциянын табигый себеби катары акча жана товардык массанын тең салмактуулугунун жоктугунан товардык дефицит эсептелинген. Нобел сыйлыгынын лауреаты Милтон Фридман (америкалык экономист) мындай деген:
«Биз, экономисттер, өтө көптү билбейбиз, бирок биз кантип дефицит түзүүнү билебиз. Эгер сиз дефицит түзүүнү кааласаңыз, мисалы, соодагерлер помидорду бир фунтуна эки центтен ашпаган баада сата тургандай кылып мыйзам кабыл алуу керек. Сиз дароо помидорлорго болгон дефицитти аласыз».
Экономикалык илимде кийинкидей инфляциянын себептерин айырмалашат:
Өзгөчө күчтүү инфляция учурунда Россиянын жарандык согуш мезгилиндегидей же 1920-жылдардагы Германиядагыдай акча айлануу накталай (натуралай) алмашууга келиши мүмкүн.
Инфляция негизинен акча факторлору, башкача айтканда мамлекеттин акча саясатынан пайда болот деп монетаризм эсептейт. Милтон Фридман «Инфляция дайыма жана бардык жерде акчанын феномени болгон» деп айтчу.
Монетаристтер, экономикалык өсүү экзогендик түрдө аныкталып, акча массасынын өсүү темпинен көз каранды эмес, ал эми акча айлануу салыштырмалуу туруктуу дешет, ошондуктан
MV = PQ теңдемесин эске алуу менен
(мында: M — номиналдык акча массасы, V — акчанын айлануу ылдамдыгы, P — баалар деңгээли, Q — чыгаруу көлөмү) инфляция (баалардын өсүү темпи) акча массасынын өсүү темпине барабар.
Инфляция менен монетардык ыкмада күрөшүү үчүн негизи, айтылуу «кымбат акча саясаты» сунушталат. Негизги максаты — айлантуудагу (жүгүртүүдөгү) акчанын көлөмүн азайтуу же акча айланым ылдамдыгын басаңдатуу. Буга кийинкилер алып келе алат:
Даниялык экономист Б. Хансен ачык жана басмырланган (жашыруун) инфляция түшүнүктөрүн киргизген. Ачык инфляция баалардын узак мөөнөттүү өсүүсү менен билинет. Жашыруун инфляция болсо, баалар жана айлык акы мамлекеттин катуу көзөмөлүндө болуусу менен мүнөздөлүп, негизи билинүү формасы товардык дефицит саналат. СССР убагында инфляция жашыруун түрдө болчу.
Баалардын товардык топтор боюнча бирдей эмес өсүүсү, киреше нормаларынын теңсиздигин жаратат, ресурстардын экономиканын бир тармагынан экинчисине өтүп кетишине түрткү болот.
Инфляцияны басмырлоо, мамлекеттин активдүү кийлигишүүсүндө, баалардын тышкы туруктуулугу менен мүнөздөлөт. Бааларды көтөрүүгө административдик тыюуу салуу негизинен, мамлекеттин кийгилишүүсү жок эле баасы көтөрүлө турган товарлардын уламдан-улам күчөгөн дефицитине алып келет, бул алгачкы жогорку суроо-талаптан гана эмес, сунуштун төмөндөшүнүн натыйжасынан дагы болот. Баалар айырмачылыгынын мамлекеттик субсидиялоосу (субсидия — жардам катары төлөмдөр) өндүрүүчү же керектөөчүгө сунушту кыскартпайт, бирок, кошумча суроо-талапты демилгелейт.
Өсүү темпине жараша кийинкидей айырмаланат:
Узак убакыттагы инфляцияны — өнөкөт инфляция деп дагы айтышат.
Өлкө же аймакка мүнөздүү официалдуу инфляциядан тышкары өзүнчө чарбанын жеке инфляциясы да белгиленет. Үй чарбасы сатып алуучу товарлардын жана кызматтардын топтому орто статистикалык топтомдон айырмаланышы мүмкүн, ошондуктан жеке инфляция официалдуудан жогору же төмөндүгү менен айырмалануусу толук ыктымал.
Инфляция өндүрүштүн төмөндөшү (стагнация) менен коштолсо, муну стагфляция деп аташат.
«Goldman Sachs» инвестициялык банкынын экономисттери агрардык өндүрүмдөргө болгон баалардын өсүүсүн белгилөө үчүн жаңы термин ойлоп чыгарышкан: «Агфляция» (агрардык инфляция). Агфляциянын жогорку темптери 2006, 2007-жылдары белгиленген: 2006-жылы Goldman Sachs тарабынан эсептелинген азык-түлүктөр баасынын индекси 26 пайызга жогорулаган; 2007-жылы анын өсүүсү 41 пайызды түзгөн. Шринкфляция болгондо баасы өзгөрбөй, бирок, өндүрүүчү тарабынан адаттагы таңгактын ичиндеги товардын санынын төмөндөшү байкалат. Товардын көлөмүн азайтуу менен, өндүрүүчүлөр сатып алуучулардан товарга болгон баанын өсүүсүн, башкача айтканда инфляцияны жашырууга аракет кылышат.
Инфляцияны өлчөөнүн кеңири таралган ыкмаларынын бири керектөөчүлөр бааларынын индекси саналат (англисче Consumer Price Index, CPI), бул бекилген товарлар корзинасына (кыргызча себе) эсептелет. Индекс корзинанын отчёттук жана базалык мезгилдердеги баасынын катыштыгын (соотношение) өлчөйт. Математикалык көз карашта КБИ (керектөөчүлөр бааларынын индекси) Ласпейрестин индекси болуп саналат.
Эң эле талаштуу учур керектөөчү корзинанын толуктугу ошондой эле өзгөрмөлүк курамы эсептелинет. Корзина реалдуу керектөөчү түзүмгө багыттала алат. Бирок, мында ал убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү керек. Ал эми, корзинанын курамындагы каалаган өзгөрүү учурдагы маалымат менен муруңку маалыматтын дал келбешине алып келет. Инфляциянын индекси бурмалана баштайт. Бир жагынан, корзинаны өзгөртпөсө, бир нече убакыттан кийин ал реалдуу керектөө түзүмүнө жооп бербей калат. Ал салыштырма натыйжаларды берет, бирок, чыныгы чыгымдарга туура келбей, реалдуу динамиканы чагылдырбай калат.
Кадимки индекстен тышкары керектөөчүлөр бааларынын базалык индекстеринин да эсеби чыгарылат. Базалык инфляция индекси керектөөчүлөр бааларынын индексине кирет. Ошону менен бирге ал административдик, окуялык, ошондой эле мезгилдик мүнөзгө ээ болгон, кыска мөөнөттүү баалардын өзгөрүүсүн эске албайт. КББИ (Керектөөчүлөр бааларынын базалык индекси) баалары мамлекет аркылуу көзөмөлдөнүүчү жана/же дээрлик мезгилдүү мүнөзгө ээ болгон товарлардан башкалары кадимки КБИнин (керектөөчүлөр бааларынын индекси) товарлар жана кызматтар корзинасынан эсептелинет.
Керектөөчүлөр бааларынынын индексинен тышкары инфляцияны эсептөөчү башка ыкмалар дагы бар. Шартка ылайык бир нече негизги ыкмалар колдонулат:
Маалыматтык технологиялардын өнүгүүсүнүн натыйжасында инфляциянын альтернативдик көрсөткүчтөрүн курууга мүмкүндүк түзүлдү.
Мындай индекстер бир эле көрүнүштү өлчөп (жалпы баалар деңгээлинин өсүүсү), өз ара өтө корреляцияланып турат, бирок, чоңдугу боюнча айырмаланышы мүмкүн.
Фридмандын модели акчага болгон реалдуу талаптан, реалдуу кирешенин жана күтүлүүчү инфляция функциясы катары чыгат, ошону менен бирге күтүлүүлөр рационалдуу же башкача айтканда фактылык инфляцияга теңдеш божомолдонот. Бул моделге реалдуу сеньораж (Сеньораж — эмитент аркылуу жеке мүлк катары өздөштүрүү менен акча эмиссиясынан алынган киреше) максималдуу болгон инфляция деңгээлин белгилөөгө болот — айтылуу оптималдуу инфляция. Башка теңдеш шарттарда бул инфляция деңгээли экономикалык өсүү деңгээли канчалык жогору болсо, ал ошончолук төмөн. Эгер чыныгы инфляция «оптималдуудан» жогору болсо, анда кошумча акча инфляцияны тездетип, терс реалдуу сеньоражка алып келиши мүмкүн. Эгер чыныгы инфляция «оптималдуудан» төмөн болсо, акча эмиссиясы мүмкүн болот.
Кейгандын гиперинфляция модели адаптивдүү калыптанган инфляциялык күтүүлөрдүн реалдуу талаптарындагы көз карандылык акчаларында гана негизделген. Күтүлүүлөрдүн төмөнкү адаптация ылдамдык маанисинде жана инфляциялык күтүлүүлөр боюнча акчага болгон талаптардын аз ийкемдүүлүгүндө бул модель инфляциянын акча массасынын өсүү темпине тең болгон дээрлик теңдеш абалды баяндайт (бул акчанын сандык теориясы менен макулдашылат). Бирок, айтылган көрсөткүчтөрдүн жогорку маанилеринде модель акча массасынын туруктуу өсүү темпине карабастан, башкарылгыс гиперинфляцияга алып келет. Мындай кырдаалда инфляция деңгээлин төмөндөтүүгө экономикалык агенттердин инфляциялык күтүүлөрүн төмөндөтүүчү чаралар талап кылынат.
Бруно — Фишер модели акчага болгон көз карандылык талаптарын инфляциялык күтүүлөрдөн гана эмес, ИДӨ (ички дүң өндүрүм) көз карандылыктарын дагы эске алат, тагыраак айтканда Кейгандын моделиндегилей функция колдонулуп бирок, анчага болгон салыштырма (ИДӨ бирдигине, удельный) талап үчүн. Ошентип бул моделде акча массасынын өсүү темпинен тышкары ИДӨнүн (туруктуу) өсүү темпи пайда болот. Мындан тышкары, моделге бюджеттик дефицит киргизилип, инфляция динамикасына болгон бюджеттик дефициттин таасири жана анын каржылоо ыкмасы (таза акча эмиссиясы же эмиссия жана карыз алуунун эсебинен алынган аралаш каржылоо) анализденет. Мындай ыкма менен модель монетардык саясаттын кесепеттерин терең анализдөөгө жол ачат.
Сарджент — Уоллес модели бюджет дефицитинин эмиссиялык жана карыздык каржылоо мүмкүндүгүн эске алат, бирок, карызды көбөйтүү мамлекеттик облигацияларга болгон талаптар менен чектеклеген. Пайыздык ченем облигацияларды чыгаруунун өсүү темпинен жогору, ошондуктан, кайсы бир убактан баштап дефицитти сеньораждын эсебинен гана каржылоого мүмкүн болуп калат, а бул акча массасынын өсүү темпинин жогорулашы жана инфляцияны түшүндүрөт. Модель, акча саясаты реалдуу чыгарууга жана реалдуу пайыздык чен өлчөмгө таасир эте албаганынан чыгат (алар моделде экзогендик түрдө берилет). Моделдин негизги жыйынтыгы, бир караганда парадоксалдуу көрүнгөн насыя-акчаны кармап турган саясат, эртеңки күнү сөзсүз баалар деңгээлинин өсүүсүнө алып келип, андан тышкары ал учурдагы инфляциянын өсүүсүнө алып келиши мүмкүн дегенде. Мындай жыйынтык, экономикалык агенттердин келечекте карыздык каржылоодон эмиссиялыкка өтүүсүн күтүшкөнүнөн келет, ал эми акча массасынын өсүү темпи бүгүнкү күнү төмөн болгону келечекте жогору болоорун түшүндүрөт, а бул инфляцияга алып келет. Инфляцияны кармап туруучу насыя-акча саясатына карабастан, келечекте инфляцияны күтүү аны учурдагы абалда эле чакырат. Ошентип, карыздык каржылоодогу инфляция эмиссиялыкка караганда чоңураак болушу мүмкүн. Мунун жалгыз ишенимдүү каражаты, бюджеттин профицитине жетүү.
Инфляция социалдык-экономикалык процесстерге терс жана оң таасир этиши мүмкүн.
Инфляция товар айланууга, номиналдык баалардын көтөрүлүүсүнүн эсебинен дем берүүчү таасир берет, келечекте баалардын көтөрүлүшүн күткөн керектөөчүлөр бүгүнкү күнү товарларды сатып алуусуна түртөт.
Инфляцияны реалдуу акча ээлери төлөгөн расмий эмес мамлекеттик салык катары кароого болот, анткени инфляция учурунда акча капиталы баасызданат. Эгер банк пайыздары инфляция деңгээлинен төмөн болсо, акчасы бар адамдардын экономикалык жыргалчылыгы төмөндөйт. Прогрессивдүү салык саясатында, мамлекет инфляциянын айынан кошумча киреше таба алат.
Орто инфляция толук эмес жумуштуулук экономикасында калктын реалдуу кирешелерин анча-мынча кыскартып, көбүрөөк жана жакшыраак иштөөгө түртөт.
1976-жылкы экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, америкалык экономист Милтон Фридмандын ою боюнча: «Инфляция — мыйзам чыгарууга муктаж болбогон салык саясатынын бир формасы».
Экономисттер, көбүнчө кейнсиандар (кейнсианство — экономикадагы багыт) анча чоң эмес (жөргөлөөчү) жана туруктуу инфляцияда пайдалуу жактары бар деп божомолдошот. Баалардын көтөрүлүүсүнө чейин насыя алган ишкерлер карыздарынан оңой кутулуп, баалардын өсүүсү төлөмдөрдү жеңилдетет деп кайрадан жаңы насыя алышат. Акчасын үйдө сактаган адамдар, баасыздануудан кичине болсо да акчасын сактап калуу максатында акчаны банкка салышат. Бул өндүрүшкө болгон капиталдык салымдарга дем берет.