Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Маалымат деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Маалымат деген эмне

Маалымат - зат жана энергия менен катар илимдин негизги түшүнүктөрүнүн бири. "Маалымат" термини араб тилиндеги билим, окуу, кабар, кабардар, билинүү, билдирүү деген маанини билдирген. Маалымат термини информация термини менен бирдей маанини туюнтат. Информация термини латынча informatio - билдирүү, түшүндүрүү, кабарлоо, баяндоо дегенди түшүндүргөн сөздөн алынган. Билдирүү - бул маалыматты кеп, текст, сүрөттөр, сандар, графиктер, таблицалар ж. б. түрүндө берүүнүн формасы болуп саналат.

Маалымат жана билим.
Адам эртең менен ойгоноор замат маалымат дүйнөсүнө кирет, көрүп, угуп маалымат алат; кандайдыр бир нерселерди кармаганда, тамактанганда, жыт сезүү аркылуу да маалымат аласыңар. Бизге маалыматты айланабыздагы нерселер жана куралдар - китептер, журналдар, гезиттер, сыналгы, үналгы ж. б. жеткирет.

Мектепте, үйдө, жумушта жана көчөдө адамдардын бири-бири менен байланышуусу - бул маалыматтын, б. а. кабарлардын, ой-жүгүртүүлөрдүн, маалымдардын, билдирүүлөрдүн берилиши, алмашуусу.

Адамдарга маалымат деген сөз мурдатан эле белгилүү. Эгерде силерден "маалымат деген эмне?" деп сураса, биринчи эле кезекте гезит, радио, телекөрсөтүү, башкача айтканда массалык маалымат каражаттары эсиңерге түшөт. Аларда "информациялык билдирүү", "оперативдүү маалымат" деген сөздөр көп колдонулат. Мындай билдирүүлөрдүн максаты - окурмандарга, угуучуларга кандайдыр бир окуя тууралуу кабарды жеткирүү. Кабар алганга чейин ал окуя жөнүндө билген эмессиңер, кабар алгандан кийин аны билип калдыңар.

Силер азыр билген бардык нерселерди ата-энеңерден, окутуучулардан, китептерден угуп, интернеттен билип, эсиңерде сактап койгонсуңар. Ал эми китептерде, журналдарда, гезиттердеги тексттерде аларды жазган авторлордун билимдери чагылдырылган, демек мунун баары маалымат.

Адам үчүн маалымат - бул ар түрдүү булактардан алынуучу билим болуп саналат.

Мектепте окуу - бул билим алууга максаттуу багытталган процесс, б. а. маалымат алуу. Силер канчалык көп окусаңар, эсиңерде ошончолук көп маалымат сакталат.

Айлана-чөйрөнү таанып-билүү менен ар бир адамда ал жөнүндө түшүнүк калыптанат. Биз ар күнү мурда билбеген нерселерди үйрөнүп турабыз, жаңы маалымат алабыз.

Бүгүнкү күндө бул түшүнүк кеңейип, маалымат деп болгон бардык объекттер, кубулуштар, процесстер тууралуу кабарлардын, билдирүүлөрдүн жыйындысын билдирип калды.

Адамдын бизди курчап турган объекттер жөнүндөгү билим деңгээлин жогорулатуучу кабарларды, билдирүүлөрдү маалымат деп аташат.

Илимдин ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү маалымат түшүнүгү
Маалымат түшүнүгү информатикада эле эмес, илимдин башка тармактарында да эң негизги түшүнүктүн бири болуп саналат. Маалымат бул калыпка оңойлук менен салынбоочу жана начар структуралануучу түшүнүк. Жалпылыгы, сыйымдуулугу, ачык эместиги көп учурларда аны так эмес жана толук эмес түшүнүүгө алып келет.

Маалыматтын эмне экендигинин илимий так аныктамасы жок, эреже катары бул түшүнүккө информатика курсунда аныктама берилбейт. Ал баштапкы база катары, б. а. аныкталбаган термин катары колдонулат. Эгер илим кандайдыр бир нерсеге же кубулушка так, ачык аныктама бере албаса, мындай учурда адамдар түшүнүктөрдү колдонушат. Түшүнүктөр аныктамалардан өзгөчөлөнүп, аларга ар кандай учурда ар ким тарабынан ар түрдүү маанилердин берилиши менен айырмаланат.

Күндөлүк турмушта маалымат деп адамдын сезүү органдары аркылуу курчап турган айлана-чөйрөдөн жана коомдон алган, аны кызыктырган кабарларды, билдирүүлөрдү түшүнөбүз.

Адам маалыматты кабыл алууда сезүү-туюунун 5 түрүн колдонот, алар: көрүү, угуу, даам билүү, сезүү-туюуу, жыт билүү.

Биз жаратылышка байкоо жүргүзүү, башка адамдар менен сүйлөшүү, китеп, гезит окуу, теле берүүлөрдү көрүү менен түрдүү маалыматты кабыл алабыз.

Билимдин тармагына карата маалымат жөнүндө түшүнүктөр да ар кандай. Математик бул түшүнүктү абдан кеңири карайт жана ага адам кабыл албаган, өзүнүн акылында жараткан маалыматтарды киргизет.

Ал эми биолог адам сезүү органдары аркылуу кабыл албаган, акылы менен жаратпаган, адам төрөлгөндөн баштап өзүндө сактап жүргөн маалыматтарды да киргизет.

Мисалы, балдардын ата-энелерине окшош төрөлүшүнө себеп генетикалык код. Жансыз жаратылышта маалымат түшүнүгүн чагылдыруу, сүрөттөө менен байланыштырышат.

Эгерде билдирүүнүн маанисин эске алгыңар келсе, анда тил илимине кайрылууга туура келет. Тил илиминде бардык эле билдирүүлөр маалымат эмес. Тилчилер жаңы жана пайдалуу билдирүүнү гана маалымат деп эсептешет.

Байланыш теориясында бардык символдордун ар кандай ыраатын маалымат деп эсептөө кабыл алынган, алардын мааниси эске алынбайт. Кибернетикада билдирүүнүн башкарууга катышуучу бөлүгүн гана маалымат деп түшүнүшөт.

Маалымат - бул белгилердин жана сигналдардын жардамы аркылуу сырткы дүйнөнүн чагылдырылышы.

Кээде маалыматты көп түрдүүлүктүн чагылышы дешет. Биз айланабыздагы дүйнөнүн өзгөрмөлүүлүгүнө көнгөнбүз. Аны дал өзгөрүү процессинде байкайбыз, б. а. маалымат бир түрдүүлүк бузулганда пайда болот.

Демек, илимдин, техниканын ар түрдүү тармактарында, маалымат тууралуу ар түрдүү түшүнүктөр бар экенин билдик. Информатиканы окуп-үйрөнүүнү баштоодон мурда, бул түшүнүктөрдү бириктирүүчү жалпылыкты карайлы. Илимдин жана техниканын маалымат менен байланышкан тармактарында маалымат 4 касиетке ээ: маалыматты жаратууга, берүүгө, кабыл алууга, сактоого жана иштетүүгө болот.

Маалымат - бул кандайдыр бир белгилердин (символдук, образдык, жаңсоо, үндүк, сенсомотордук типтеги) жардамы менен актуалдаштырылган (кабыл алынуучу, берилүүчү, өзгөртүлүүчү, катталуучу) кабарлардын, билдирүүлөрдүн, билимдердин айрым ырааттуулугу.

Жайгаштыруу: 2019-08-01, Көрүүлөр: 26926, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-08-01
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо