Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Социалдык адилеттүүлүк

Баш барак | Илим | Социалдык адилеттүүлүк

Социалдык адилеттүүлүк — бул байлыктарды, мүмкүнчүлүктөрдү жана артыкчылыктарды коом ичинде бөлүштүрүүгө болгон адилеттүүлүк, мында инсан укуктары таанылат жана корголот.

Мазмуну

Жалпы маалымат

Негизги макала: Адилеттүүлүк

Жөнөкөй сөз менен айтканда социалдык адилеттүүлүк — бул коом, өлкө жана мыйзамдар тарабынан ар бир жаранга жасаган ишине, сиңирген эмгегине, же кылмыштарына жараша адилеттүү шарттарды камсыз кылуусу, коомдогу теңдикти орнотуусу. Ошондой эле, адилеттүүлүк түшүнүгүнө таандык болгон мыйзам алдында бардык жарандардын теңдиги; адамдын жашоо-тиричилик кепилдиктерин камсыздоо; социалдык коргоонун жогорку деңгээли жана башка ушул сыяктуу маанилерде дагы түшүндүрүлөт.

Батыш жана Азия маданияттарында социалдык адилеттүүлүк концепциясы көп учурда адамдар социалдык ролдорун аткарып, коомдон өзүнө тиешелүүсүн алып туруу процессин камсыздоого таандык кылышат. Учурдагы (2024) кыймылдарда социалдык адилеттүүлүк үчүн социалдык мобилдүүлүк тоскоолдуктарын жокко чыгаруу, социалдык коргоо жана экономикалык адилеттүүлүк системаларын түзүүгө басым (акцент) жасалат.

Социалдык адилеттүүлүк коом институттарында укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүп, адамдарга кызматташуунун негизги пайдасын жана кыйынчылыктарын алууга мүмкүндүк берет.

Мындай институттар көп учурда өзүнө салык, социалдык камсыздандыруу, коомдук саламаттыктык сактоону, мамлекеттик мектепти, мамлекеттик кызматтарды, эмгек укугун жана базарды көзөмөлдөөнү камтыйт, мунун баары байлыкты бөлүштүрүү жана бирдей мүмкүндүктөрдү камсыз кылууну кепилдөө үчүн жасалат.

Адилеттүүлүктү коом менен болгон өзө ара мамилелер менен байланыштырган модерндик интерпретациялар маданий салттардагы айырмачылыктар менен белгиленет, булардын айрымдары коом алдындагы жеке жоопкерчиликти баса белгилейт, башкалары — бийликке болгон мүмкүнчүлүк жана аны жоопкерчилик менен пайдалануу тең салмактуулугун белгилейт. Мындай ыкмада, бүгүнкү күндө тарыхый фигураларды башкача же кайра түшүнүүдө социалдык адилеттүүлүккө чакырышат, мисалы, Бартоломе де лас Касасды айтса болот, ошондой эле, гендердик, этникалык жана социалдык теңдикти камсыздоодогу аракеттер, мигранттардын, камалгандардын адилеттүүлүгүн коргоодо, айлана-чөйрөгө болгон мамиледе, физикалык мүмкүнчүлүктөрү жана өнүгүүсү чектелген адамдарга ж. б.

Социалдык адилеттүүлүк концепциясын эрте грек философтору Платондон баштап Аристотелге чейин, Августин Гиппопотам жана Фома Аквинскийге чейин болгон классикалык философиялык булактардан байкоого болгону менен, «социалдык адилеттүүлүк» терминин эң эрте колдонулушу XVIII кылымдын аягында байкалган, ошондой болсо да, мында теориялык көз карашы жана тажрыйбалык мааниси так эмес болгон.

Бул терминди колдонуу башынан эле ашыкчалуулук жана риторикалык гүлдөө айыптоолоруна кабылган, мүмкүн, бирок, сөзсүз эмес, бөлүштүрүү адилеттүүлүгүнө болгон бир көз караштын күчөшүнө байланыштуу сыягы.

1840-жылдардын башында Луиджи Тапарели өзүнүн табигый укук аттуу социалдык-илимий трактатында бул терминди ойлоп таап жана аныктоо менен, евангелдик биртугандык сүйүү негизине туура келген табигый укуктун негизин орноткон. Башкача айтканда, социалдык адилеттүүлүк адамдын айланасындагылар алдындагы милдетин чагылдырат, инсандын коомдогу өз ара абстракттык биримдигиндеги башка Мен дегени.

1848-жылдагы ревоюциядан кийин бул термин Антонио Росмини-Сербатинин эмгектеринин аркасынан кеңири жайылууга ээ болгон.

Өнөр-жай революциясынан кийин прогрессивдүү доордун америкалык окумуштуу-юристтери бул терминди көбүрөөк колдоно башташкан, мында Луи Брандейс менен Роско Паундду өзгөчө белгилөөгө болот. XX кылымдын башталышында бул термин эл аралык укукта жана институттарда бекилген; Эл аралык эмгек уюмун түзүүнүн киришмесинде (преамбуласында) «жалпы жана бекем дүйнө социалдык адилеттүүлүктө негизделгенде гана орнойт» деп эскерилген. XX кылымдын аягында социалдык адилеттүүлүк коомдук келишим философиясында борбордук түшүнүк болгон, негизинен Джон Ролз тарабынан «Адилеттүүлүк теориясында» (1971).

Вена декларациясында жана 1993-жылдагы Иш-аракет программасында социалдык адилеттүүлүк адам укуктары чөйрөсүндө билим берүү максаты катары каралат.

Тарыхы

Байыркы батыш, ошондой эле, жалпы дүйнө философияларында талкулануучу түрдүү адилеттүүлүк концепциялары негизинен коомдун айланасында топтолгон.

Кайра жаралуу жана Реформация доорунан кийин социалдык адилеттүүлүктүн заманбап концепциясы, адам дараметин өнүктүрүү концепциясы сыяктуу бир катар авторлордун эмгектеринде калыптана баштаган. Барух Спиноза «Түшүнүүнү жакшыртуу» китебинде (1677) жашоодогу жалгыз чыныгы максат катары «адам мүнөзүнүн жеке өзүнүкүнө караганда туруктуураак мүнөзгө» ээ болуусу болуш керек деп ырастачу, жана бул «жакшыртуу деңгээлине жетүүдө... эгер мүмкүн болсо, башка адамдар менен жетүү, жогоруда айтылган мүнөзгө ээ болуу менен болушу керек» делет.

Томас Пейн агартуу мезгилинде жана Франция менен америкалык революцияларга реакция жасоодогу «Адам укуктарында» (1792) аналогиялуу түрдө жазган, анда коом «генийге адилеттүү жана универсалдуу мүмкүндүк» берүүсү керек, ошондуктан, «революцияларда чыккан мүмкүндүктөрдүн бардык көлөмүн алга жылдыруу менен өкмөт курулушу керек» делет.

Бирок, «социалдык адилеттүүлүк» термини ал кезде колдонулганы жөнүндө маалымат болгон эмес, анын эрте булактарын XVIII кылымдагы Европадан табууга болот.

Бул фразанын колдонулушу жөнүндөгү айрым эскерүүлөр Агартуу духуна ылайык келген журналдардагы макалаларда камтылган, мында социалдык адилеттүүлүк монархтын милдети катары баяндалат; ошондой эле, бул термин италиялык католикалык диний кызматкерлердин жазган китептеринде кездешет, өзгөчө Иисус Жамаатынын мүчөлөрү тарабынан. Ошентип, бул булактарга жана контексттерге ылайык социалдык адилеттүүлүк «коомдун адилеттүүлүгүн» белгилеген, коомдогу адамдардын өз ара мамилелерин жөнгө салган дагы бир термин болгон, бирок, социалдык-экономикалык теңдикти же адам баркын эске албастан.

1840-жылдардагы католикалык ойчулдардын арасында терминди колдонуу көбүрөөк болгон, мисалы, иезуит Луиджи Тапареллинин Civiltà Cattolica башталып, Фома Аквинскийдин эмгектеринин негизинде дагы.

Субъективдүү картезиандык ойго негизделген атаандашуучу капиталисттик жана социалисттик теориялар томисттик метафизикада болгон коомдун биримдигине залакасын тийгизет, анткени, булардын бирөө дагы этикага көңүл бурбайт деп Тапарелли ырастачу.

1861-жылы британиялык философ жана экономист Джон Стюарт Милль «Утилитаризм» аттуу китепте өзүнүн көз карашын айткан:

«Коом татыктуулардын бардыгына бирдей жакшы мамиле кылуусу керек, башкача айтканда, абсолюттук түрдө бирдей татыктууларга. Бул социалдык жана бөлүштүрүүчүлүк адилеттүүлүктүн жогорку абстракттык стандарты; буга максималдуу деңгээлде бардык институттар жана бардык жыргалдыктарды жасоочу жарандардын аракеттери багытталышы керек».

XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында социалдык адилеттүүлүк америкалык саясый жана укуктук философияда маанилүү темага айланган, өзгөчө Джон Дьюи, Роско Паунд жана Луи Брандейс эмгектеринде.

Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин Эл аралык эмгек уюмунун түптөөчү документи өзүнүн преамбуласында ошол эле терминологияны колдонуп, «тынчтык социалдык адилеттүүлүктө негизделгенде гана орнойт» деп жарыялаган.

Ушул учурдан тарта социалдык адилеттүүлүк жөнүндөгү талкулоолор негизги юридикалык жана академиялык дискурстарга кирген.

1931-жылы Пий XI бул терминди субсидиардуулук концепциясы менен кошо Quadragesimo anno энцикликасында түздөн-түз эске салган.

Экинчи жагынан Divini Redemptoris энцикликасында социалдык адилеттүүлүктү ишке ашыруу, адам инсандыгынын баркына дем берүүдөн көз каранды делет.

1930-жылдары бул термин, пронацисттик жана антисемиттик топтор менен кеңири ассоциацияланчу, мисалы, Христиан фронту.

Социалдык адилеттүүлүк Чарльз Кофлиндин лозунгу жана анын гезитинин аталышы болгон.

Divini Redemptoris энцикликасынын анын түзүүчүлөрүнө болгон документалдуу тастыкталган таасиринен улам, Ирландиянын Конституциясында бул термин мамлекеттеги экономиканын негизи катары бекитилген, андан кийин XX кылымдын өтүшүндө башка өлкөлөр дагы мындай нерсени жасашкан, ал гана эмес социалисттик режимди колдонгон 1976-жылкы Кубанын Конституциясында дагы.

XX кылымдын аягында бир нече либералдык жана консервативдик ойчулдар, негизинен, Фридрих Хайек, бул концепцияны маанисиз же өтө көп маанилүү деп четке каккан.

Бирок, бул концепция өтө таасирдүү бойдон кала берген, өзгөчө Джон Роулз өңдүү философтордун алга жылдыруусунан улам.

Заманбап теорияларда социалдык адилеттүүлүк термининин мааниси айырмаланганына карабастан, ал жөнүндө жок дегенде үч жалпы элементти белгилөөгө болот: мамлекеттин белгилүү бир жашоого маанилүү каражаттарды бөлүштүрүү милдети (мисалы, экономикалык, социалдык жана маданий укуктар), адам кадыр-баркын коргоо жана бардыгына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо боюнча позитивдүү иш-аракеттер.

Заманбап теория

Философиялык көз караштар

Космостук баалуулуктар

Табигый саламаттыкты сактоо жана туруктуу экономиканы алга сүрөгөн Хантер Льюистин эмгеги социалдык адилеттүүлүктүн негизги өбөлгөсү катары табиятты сактоо үчүн чыгып келген.

Анын туруктуулук жөнүндөгү манифести адам жашоосунун улануучу өнүгүүсүн реалдуу шарттар менен, жашоону кармап турган айлана-чөйрө байланыштырат, ал эми адилетсиздикти адам иш-аракетинин алдын-ала биле албаган зыяндуу кесепеттери менен байланыштырат.

Хантер, Эпикур сыяктуу классикалык грек ойчулардын бакытка болгон умтулуунун пайдасын цитаталоо менен, ал ошондой эле, орнитолог, натуралист жана философ Александр Скатчты да өзүнүн «Моралдык негиздер» аттуу китебинде цитаталаган:

Цивилизациялуу элдердин моралдык кодекстери тарабынан көбүрөөк ырааттуу түрдө тыюуу салынган ишмердүүлүк түрлөрүн бириктирген жалпы мүнөзү, өзүнүн табияты боюнча бир убакта көнүмүш жана туруктуу боло албаганы саналат, анткени, андай нерсени мүмкүн кылган шарттарды бузуу тенденциясына ээ.

Бенедикт XVI, Тейяр де Шардендин өзүнө адамдын башка адамдар менен болгон мамилелерин, булгоо табияттын тынчтыгына гана эмес, өз ара мамилелерге да таасир эткен экология түшүнүгүн камтыган космос жөнүндөгү «жандуу кожоюн» сыяктуу түшүнүктөрүн цитаталаган.

Космостук гармония, адилеттүүлүк жана тынчтык бири-бири менен тыгыз байланышта:

Эгер тынчтыкты өстүрүүнү кааласаңыз, жаратылганды коргоңуз (сактаңыз).

Томас Соуэллдин «Космостук адилеттүүлүктү издөөсүндө» ал куру кыялды (орусча утопия) издөө, суктанууга татыктуу болсо да, аны заманбап коомду колдоочу экономикалык негиздерди олуттуу эске алуусуз ишке ашыруу катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп жазат.

Джон Ролз

Саясый философ Джон Роулз социалдык адилеттүүлүк темасында Бентам жана Миллдин утилитардык идеяларына, Джон Локктун коомдук (жамааттык) келишим идеяларына жана Канттын категориялык императив идеяларына таянат.

Анын биринчи принципиалдуу жарыясы «Адилеттүүлүк теориясында» жасалган, мында ал «ар бир адам адилеттүүлүктө негизделген кол тийгистикке ээ жана аны жалпы коомдун жыргалчылыгы аттап өтө албайт. Ушул себептен, айрым адамдардын башкалар тарабынан бөлүштүрүлүүчү жыргалдыктардын айынан эркиндиктерин жоготуусу туура дегенин адилеттүүлүк четке кагат» деп жоромолдогон.

Канттын ойлору менен окшошуп кеткен деонтологиялык абал адилеттүүлүктүн моралдык жыргалдыктарын абсолюттук терминдерде калыптандырат. Ролзтун көз караштары «Саясый либерализминде» биротоло тастыкталып, мында коом «убакыттын өтүшү менен бир муундан экинчисине өтүүчү кызматташуунун адилеттүү системасы» катары каралат.

Бардык коомдор же жамааттар формалдык жана формалдык эмес социалдык, экономикалык жана саясый институттардын базалык түзүмүнө ээ.

Бул элементтердин канчалык деңгээлде айкалышып жана бирге иштешээрин текшерип жатып, Ролз коомдук келишимдин негизинде легитимдүүлүккө болгон негизги текшерүүнү (тестти) негиздеген.

Ал, кайсы бир жамааттык байланышсыз социалдык механизмдердин легитимдүүлүгүн аныктоо үчүн, ага баш ийген адамдардын макулдугун издөө керек, бирок, ырааттуу идеологиялык негиздемеде негизделген адилеттүүлүктүн объективдүү берилиши сөзсүз эмес деп ырастачу. Адамдын ар бир сунушка болгон макулдугун аныктоо үчүн, каалаган жаранды белгилүү бир деңгээлдеги мажбурлоону камтыган сурамжылоого катышууга чакыруу мүмкүн эмес, ошондуктан, бардык жарандар акылдуу деп жоромолдоо керек.

Ролз, жарандын гипотезалык макулдугун аныктоочу эки баскычтуу процесстин пайдасына аргументин чыгарган:

  • Жаран белгилүү бир максаттар үчүн X болуп берилишине макул болот, жана бул мааниде X жарандын ишенимдүү адамы катары мындай ыйгарым укукка ээ.
  • X белгилүү бир социалдык контекстте укук колдонуу мыйзамдуу экени менен макул. Мындай ыкмада жаран мындай чечим менен байланышып калат, анткени, ишенимдүү башкаруучунун функциясы, адамды ушундай кылып берүүсүндө.

Бул нерсе, анча чоң эмес топтун (мисалы, дресс-кодду орнотуучу коомду иш-чаранын уюштуруучусу) өкүлү болгон бир адамга колдонууга мүмкүн, ошондой эле, өзүнүн аймактык чек ара чегиндеги бардык жарандардын жыргалчылыктарын өкүлдүк укуктарга ээ болгон, ишеним адам деп саналган улуттук өкмөттөргө дагы.

Адилеттүүлүк негиздери менен жарандарынын жыргалчылыктарын камсыз кылбаган өкмөттөр легитимдүү деп саналбайт. Сот адилеттүүлүгү өкмөттөрдүн мыйзам чыгаруучу ыйгарым укуктарынан эмес элден болуусунун жалпы негизинин баса белгилөө үчүн Ролз «жетишээрлик негиздерсиз өзүн алып жүрүүгө юридикалык жана башка чектөөлөргө каршы жалпы жоромол (презумпция) болот.

Бирок, бул жоромол кайсы бир конкреттүү эркиндик үчүн өзгөчө артыкчылыкты түзбөйт» деп ырастачу.

Ролзко ылайык, ар бир жакшы коом кепилдөөчү негизги эркиндиктер кийинкидей:

  • Ойлордун эркиндиги;
  • Ыймандын эркиндиги анткени, ал диндин, философиянын жана моралдын негизинде социалдык мамилелерге таасир этет;
  • Саясый эркиндиктер (мисалы, кадыр-барктуу демократиялык институттар, басма-сөз жана сөз эркиндиги, ошондой эле, чогулуштар эркиндиги);
  • Бирикмелердин эркиндиги;
  • Инсандын эркиндиги жана кол тийгистигине зарыл болгон эркиндиктер (мисалы, кулчулуктан көз карандысыздык, орун которуу же эркин жүрүү жана адистикти тандоонун акылга сыярлык эркиндитери);
  • Мыйзам улуктугу менен кепилденген укуктар жана эркиндиктер.

Томас Погге

Томас Поггенин аргументтери адам укуктарынын жетишсиздигин жараткан социалдык адилеттүүлүк стандарттарына таандык. Погге социалдык институттарды иштеп чыгуучулар менен кызматташкандарга же андай институттарды таңуулагандарга жоопкерчиликти коёт, анткени, мындай тартип глобалдык кедейчиликке зыян келтирип, аны акылга сыякрлык ыкмалар менен алдын алууга болот делет. Поггенин ою боюнча социалдык институттар кедейлерге зыян келтирбөөнүн терс милдеттерин алып жүрөт.

Погге «институциялык космосаясат» жөнүндө кеп кылып, адам укуктарынын жетишсиздик жоопкерчилигин интитуциялык схемаларга коёт. Мисал катары, кулчулук жана үчүнчү жактарды айтууга болот. Үчүнчү жактар кулчулукту таанып же аны камсыздабашы керек. Институциялык тартип, өзү орноткон же санкциялаган адам укуктарынын бузулушуна гана жоопкерчиликти тартышы керек.

Анын сөзү боюнча, учурдагы институциялык түзүм, корпорацияларга салыктардан буйтоого, мыйзамсыз финансылык агымдарга, коррупцияга, адам жана курал-жарак менен соода кылууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, өнүгүп келе жаткан экономикаларга системалуу түрдө зыян алып келет.

Джошуа Коэн анын ырастоолорун талаштуу деп, айрым кедей өлкөлөр, учурдагы институциялык түзүмдө ийгиликтерге жеткен фактыларына таянат.

Элизабет Кан болсо бул милдеттердин айрымдары бүткүл дүйнөдө колдонулушу керек деген ойдо болгон.

Бириккен Улуттар Уюму

БУУ социалдык адилеттүүлүктү «өлкөлөр ичиндеги жана өлкөлөр арасындагы ынтымактуу жана гүлдөп жашоо өткөрүүнүн негиз салуучу негизи» деп белгилейт.

БУУнун 2006-жылдагы «Ачык дүйнөдөгү социалдык адилеттүүлүк: БУУнун ролу» аттуу документинде «социалдык адилеттүүлүктү кеңири мааниде, экономикалык өсүүнүн жемиштерин адилеттүү жана кайрымдуулук менен бөлүштүрүү катары түшүнсө болот...» деп айтылат.

БУУда «социалдык адилеттүүлүк» термини «адам укуктарынын коргоочусунун ордун алмаштыруучусу» катары каралып жана БУУнун тексттеринде биринчи жолу 1960-жылдардын экинчи жарымында пайда болгон, Советтер Союзунун демилгеси менен, жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн колдоосу менен бул термин 1969-жылы кабыл алынган Социалдык прогресс жана өнүгүү Декларациясында колдонулган.

Ушул эле документте кийинкидей айтылат: «БУУнун Уставы тарабынан калыптанган бардыгын камтуучу глобалдык мүмкүндүк жана Жалпы адам укуктарынын декларациясы көз карашында, социалдык адилеттүүлүктүн бардык өлчөмдөрүндөгү ага болгон умтулууга барк албастык, фактылык жактан зордук-зомбулук, репрессиялар жана башаламандык менен капа кылган келечекти кабыл алууга алып келет». Докладда кийинкидей жыйынтык чыгарылган: «Социалдык адилеттүүлүк, мамлекеттик мекемелер тарабынан ниет кылынган жана ишке ашырылган кайра бөлүштүрүүнүн кубаттуу жана ырааттуу саясатысыз мүмкүн эмес».

БУУнун ошол эле документинде кыска тарыхы да баяндалган: «Социалдык адилеттүүлүк идеясы салыштырмалуу жаңы көрүнүш. Тарыхтын бир дагы улуу философтору — Платон, Аристотель, Конфуций, Аверроэс дагы, ал гана эмес Руссо же Кант дагы, социалдык көз карашта адилеттүүлүктү же адилетсиздиктин ордун толтурууну кароонун зарылдыгын көрүшкөн эмес. Бул концепция биринчи жолу батыш акылдарында жана саясый тилде, өнөр-жай революциясынан кийин жана социалисттик доктринанын жарыш өнүгүүсүндө пайда болгон. Ал (концепция), эмгектин капиталисттик экплуатациясы катары кабыл алынуучусуна нааразычылык жана адамдын жашоо шартын жакшыртуунун чараларын иштеп чыгуунун борбордук чекити катары пайда болгон. Ал, алга жылуунун идеалдарын (прогресс) жана боордоштукту ишке ашыруучу революциялык лозунг катары жаралган. 1800-жылдардын жарымындагы Европаны чууга салган революциялардан кийин социалдык адилеттүүлүк прогрессивдүү ойчулдардын жана саясый активисттердин бириктирүүчү лозунгу болуп калган. XX кылымдын жарымына карата социалдык адилеттүүлүк концепциясы дүйнөнүн дээрлик бардык сол жана борбордук саясый партияларынын идеологияларында жана программаларында борбордук орунга ээ болгон».

Адам укуктарынын жана социалдык адилеттүүлүктүн дагы бир негизги тармагы, БУУ тарабынан өткөрүлүүчү, бүткүл дүйнөдөгү балдардын укуктарын коргоо саналат. 1989-жылы балдардын укуктары жөнүндөгү Конвенция кабыл алынып, кол коюуу, ратификациялоо жана Генералдык Ассамблеянын 44/25 резолюциясы тарабынан биригүүгө даяр болгон. БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (АУЖКБ, орусча УВКПЧ) маалыматы боюнча бул конвенция 1990-жылдын 2-сентябрында күчүнө кирген.

Бул конвенция бардык мамлекеттер тарабынан «балдардын бардык физикалык жана психикалык зомбулугунан, анын ичинде сексуалдык зомбулуктан, жаракаттардан же ырайымсыз мамиледен, кайдыгерликтен же кайдыгер мамиледен, эксплуатациядан корголушуна» милдеттүү экенин ырастайт.

Диний көз караштар

Авраамдык диндер

Ислам

Мусулмандардын тарыхында исламдык башкаруу көп учурда социалдык адилеттүүлүк менен ассоциацияланган. Аббасиддердин Омейяддарга каршы көрөтүлүшүнө дем берүүчү факторлордун бири социалдык адилеттүүлүктү орнотуу болгон. Махдинин кайтып келиши «мессиандык адилеттүүлүк кылымдын» келишин белгилейт, ал эми Махди Иса пайгамбар менен бирге тоноолорду, кыйноолорду, эзүүлөрдү жана дискриминацияны жокко чыгарат деп Шейиттер ишенишет.

Мусулмандар үчүн адилеттүүлүк Алланын сыпаттарынын бири, ал эми социалдык адилеттүүлүк коомдун же жамааттын арасында теңдикти талап кылат. Социалдык адилеттүүлүккө көмөктөшүү максатында Исламда Орозо айларында кедей-кембагалдарга, жакырларга Садага-битирлер берилет.

Мусулмандар муктаж болгондорго жардам көрсөтүүнү милдет катары эсептеп келишкен.

Зекетти ыктыярдуу кайрымдуулук эмес (милдеттүү деген мааниде), кедейлер ийгиликтүүрөөктөрдөн жардам алууга укуктуу деп санашкан. Буга байланыштуу көпчүлүк исламдык түшүнүктөр зекетти тутууну камсыздап, исламдык түшүнүктөрдөгү салык аркылуу жүзөгө ашырып келишкен.

Исламда социалдык адилеттүүлүк, деги эле адилеттүүлүк түшүнүгү гүлдөп өсүүнүн кепилдиги катары да белгиленет.

Евангелизм

Time журналы жаш евагелисттер социалдык адилеттүүлүк үчүн улам активдүүрөөк күрөшүп жатканын белгилеген.

Джон Скотт крестке чейинки социалдык адилеттүүлүккө болгон чакырыктарды аңдап чыккан:

«Крест — бул Кудай адилеттүүлүгүнүн жаңылыгы, ошондой эле, Анын сүйүүсү. Ошондуктан, крест жамааты социалдык адилеттүүлүккө, ошондой эле, сүйүүчү филантропия үчүн кам көрүүсү керек» деген.

Методизм

Методизм өзүнүн түптөлгөнүнөн тарта социалдык адилеттүүлүктү колдогон христиан кыймылы болгон. Джон Уэслинин башчылыгында методистчилер ошол мезгилдеги социалдык адилеттүүлүктүн көптөгөн маселелеринде лидер болушкан, анын ичинде, түрмө реформасы жана өлүм жазасынан баш тартуу боюнча дагы. Уэсли өзү болсо, кыйла оппозициячыларды өзүнө тартып, кулдардын укуктарын үгүттөгөн.

Бүгүнкү күндө социалдык адилеттүүлүк Бириккен методизмдик чиркөөдө жана Эркин методизмдик чиркөөдө маанилүү ролду ойнойт. Бириккен методизмдик чиркөөнүн «Тартип китебинде» кийинкидей айтылат: «Биз адамдардын эркин жана адилеттүү тандоосуна, ошондой эле, сөз, дин, чогулуш, маассалык маалымат эркиндиктерине жана арыздарды канааттандыруу боюнча репрессия коркунучусуз петиция берүүгө болгон укуктарынын корголушун өкмөткө коёбуз; ошондой эле, жеке жашоонун кол тийгистигин; жетишээрлик тамактанууга, кийимге, турак жайга, билим алууга жана саламаттыкты сактоого болгон укуктардын кепилдигине дагы». Бириккен методимздик чиркөө, өзүнүн доктринасынын бөлүгү катары, төрөмдүүлүктү көзөмөлдөөгө да үйрөтөт.

Католицизм

Католикалык социалдык окуу жеке адам жашоосунун сыйлоо маселелерине таандык болгон римдик-католикалык доктринанын аспектилеринен турат. Католикалык социалдык доктринанын өзгөчөлүгү, коомдун эң кедей жана алсыз мүчөлөрүнө кам көрүү саналат. Католикалык социалдык окуунун жети негизги чөйрөсүнүн экөөсү социалдык адилеттүүлүккө тиешелүү:

  • Адам инсанынын жашоосу жана кадыры: Бүткүл католикалык социалдык окуунун негиз салуучу негизи катары бүткүл адам жашоосунун ыйыктыгы жана ар бир инсандын ажырагыс кадыры саналат, бойго бүткөндөн баштап табигый өлүмгө чейин. Адам өмүрү бардык материалдык жыргалдыктардан жогору бааланышы керек.
  • Кедей жана алсыздарга жакшыраак варианты: Сурак күнү Иисус үйрөткөндөй Кудай ар бир адам кедейлерге жана муктаждарга эмне жасаганы жөнүндө сурак жүргүзөөрүнө католиктер ишенет.

Иоанн Павел II католикалык социалдык окуу корпусуна көптөгөн салымдарды кошуп, үч энцикликаны жазган, буларда экономика, саясат, геосаясый абал, өндүрүш каражаттары үчүн жеке менчик, жеке мүлк жана социалдык ипотека өңдүү маселелерге көңүл бурулат. Laborem exercens, Sollicitudo reisocialis жана Centesimus annus энцикликалары — католикалык социалдык адилеттүүлүктүн жалпы салымынын кичине гана бөлүгү. Иоанн Павел II адилеттүүлүктүн жана адам укуктарынын чечкиндүү жактоочусу болуп, кедейлерди коргоого чечкиндүү сөздөрүн айтып турган. Ал, технологияларга кыянаттык мамиле жасаса көйгөйлөрдү жарата турган маселелерге көңүлүн буруп, эгер дүйнөнүн прогресси адам баалуулуктарын төмөндөтсө, анда ал чыныгы прогресс эмес деген ойдо. «Centesimus annus» энцикликасында ал жеке менчик, рыноктор жана ак эмгек кедейлердин кыйын жашоосун жеңилдетүүгө жана адам жашоосунун толуктугун көрсөтүүгө мүмкүн болгон шарттарды түзүүгө негизги ачкыч деп ырастачу.

2006-жылкы Бенедикт XVI «Deus caritas est» («Кудай сүйүү») энцикликасында адилеттүүлүк — бул, кайрымдуулук маселеси борбордук социалдык камкордук болгон чиркөөнүн эмес, мамлекеттин аныктоочу камкордугу жана саясаттын борбордук камкордугу деп ырасталат. Мында, жарандык коомдогу социалдык адилеттүүлүктүн жетишкендиктери үчүн миряндар (христианчылыктын жолун жолдоочулар) өзгөчө жоопкерчиликте болоору айтылат, жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуудагы чиркөөнүн активдүү ролу дебаттарды маалымдоо, акыл-эсти жана табигый укукту колдонуу, ошондой эле, саясатчылардын нравалык жана жан-дүйнөлүк тарбиясын камсыз кылууда делет.

Социалдык адилеттүүлүктүн официалдуу доктринасын 2004-жылкы «Чикрөөнүн социалдык доктринасынын жыйнагы» китебинде жана 2006-жылкы Папалык кеңеш Iustitia et Pax тарабынан жаңыланган версиясынан тапса болот.

Католикалык чиркөө Катехизиси (§§ 1928–1948) чиркөөнүн социалдык адилеттүүлүккө болгон көз карашы жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт.

Иудаизм

«Бөлүнгөн дүйнөнү айыктыруу үчүн: жоопкерчилик этикасы» аттуу китепте раввин Джонатан Сакс социалдык адилеттүүлүк иудаизмде борбордук орунду ээлейт деп ырастайт.

Иудаизмдеги көбүрөөк өзгөчөлөнгөн жана татаал идеялардын бири жоопкерчилик этикасы, бул нерсе кийики концепцияларда чагылдырылган: симхи («кубаныч» же «ырахат»), цдаки («кайрымдуулук жана филантропиялык иш-аракеттерди жасоонун диний милдеттери»), хесед («жакшылык иштер») жана тиккун олам («дүйнөнү оңдоо»).

Чыгыш диндер

Индуизм

Бир катар себептерден улам заманбап Джати иерархиясы өзгөрүүлөргө дуушар болууда, анын ичинде, демократиялык Индиядагы саясый популярдуу позиция болгон «социалдык адилеттүүлүктөн» улам дагы.

Буга инcтитутташтырылган позитивдүү иш-аракеттер түрткү болгон. Теңсиздик жана джати социалдык алып жүрүүсүндөгү кеңири теңсиздик — салттуу окууга багытталган өзгөчө, эндогамдык жамааттарда индуизмдеги ар кандай реформатордук кыймылдарга алып келген.

Касталык система мыйзамсыз деп жарыяланганы менен, иш үстүндө ал дагы деле күчтүү бойдон калууда (2022).

Салттуу кытай дини

Кытайлардын Тянь Мин концепциясы кээде социалдык адилеттүүлүктүн көрүнүшү катары кабыл алынчу.

Буга ылайык адилетсиз башкаруучуларды кулатуу, жарандардын нааразычылыгы жана экономикалык катастрофалар Неба (ибадаткана) тарабынан Императорго болгон ишеничинен ажыратылгандыгы менен түшүндүрүлчү.

Ийгиликтүү көтөрүлүш Императордун башкара албастыгынын ынандыруучу ырастамасы деп эсептелинчү.

Социалдык адилеттүүлүк үчүн кыймыл

Социалдык адилеттүүлүк — бул, ошондой эле, дүйнөнүн социалдык адилеттүүлүккө болгон кыймылын баяндоого колдонулуучу концепция, мисалы, Глобалдык адилеттүүлүк үчүн кыймыл.

Бул контекстте социалдык адилеттүүлүк адам укуктары жана теңдиги концепцияларында негизделген, жана «коомдун бардык деңгээлдеринде адамдардын күнүмдүк жашоосундагы адам укуктарынын көрсөтүү ыкмасы» катары аныкталышы мүмкүн.

Коомдогу социалдык адилеттүүлүккө жетүү иши үстүндө түрдүү жана бир канча кыймылдар иш алып барат. Бул кыймылдар, коомдун мүчөлөрү, келип чыгышынан же адилеттүүлүк процедурасынан көз карандысыз, бирдей адам укуктарына жана коомдун жыргалчылыктарына ээ болгон дүйнөнү түзүү ишинин үстүндө иштешет.

Саламаттыкты сактоо

Социалдык адилеттүүлүк биоэтика чөйрөсүнө киргенине аз гана убакыт болду. Талкуулар, медциникалык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгү сыяктуу темаларды камтыйт, өзгөчө, үй чарбасында жана кирешеси төмөн болгон үй-бүлөлөр үчүн. Мындай такууларда, кирешеси төмөн үй-бүлөлөрдүн медициналык чыгымдарына коом жоопкерчиликтүү болуш керекби жана глобалдуу рынок медициналык кызматтардын бөлүштүрүүсүнүн эң мыкты ыкмасыбы деген сыяктуу маселелер көтөрүлөт. Джонс Хопкинс Берман атындагы биоэтика институтундагы эмгектенген Рут Фейден жана Джорджтаун университетиндеги Мэдисон Пауэрс өзүнүн социалдык адилеттүүлүктүн анализин, теңсиздик чоң мааниге ээ болгон учурга буруу менен белгилешкен. Булар конкреттүү шарттарда ушул маселелерге жооп берген социалдык адилеттүүлүк теориясын иштеп чыгышууда.

Социалдык адилетсиздик, калк арасындагы ден-соолук абалында алдын алууга мүмкүн болгон айырма болгондо жаралат. Бул социалдык адилетсиздик, чала тамактануу жана инфекциялык оорулар сыяктуу ден-соолуктун терс абалдары кедей өлкөлөрдө көбүрөөк жайылганда, ден-соолук жаатында теңсиздик формасынын кейпин кийет. Бул ден-соолуктун терс абалдарын көп учурда биринчи медициналык-санитардык жардам, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) сыяктуу экономикалык түзүмдөрдү түзүү менен алдын алса болот, а бул калктын киреше деңгээлине, жынысына, билимине жана башка стратификациялоочу факторлорго карабастан бардыгына медициналык кызматтарга болгон бирдей мүмкүндүктү камсыз кылат.

Социалдык адилеттүүлүктү ден-соолук менен интеграциялоо, биомедициналык моделге көз каранды болбостон, ден-соолук моделинин социалдык детерминанттарын чагылдырат.

Адам укуктарына окутуу

«Жаплы түшүнүүгө жана маалым болууга, жалпы адам укуктарын колдоонун бекемделишине жетүү максатында, адам укуктары боюнча эл аралык жана аймактык документтерде баяндалгандай, адам укуктары жаатындагы окутуу дүйнөнү, демократияны, өнүгүүнү жана социалдык адилеттүүлүктү камтышы керек» деп Вена декларациясы жана Иш-аракет программасы ырастайт.

Экология жана айлана-чөйрө

Социалдык адилеттүүлүк негиздери кененирээк экологиялык кыймылга кошулган. Жердин Хартиясынын (документ) үчүнчү негизи — социалдык жана экономикалык адилеттүүлүк, мында, этикалык, социалдык жана экологиялык императивдеги кедейликти жоюуу умтулуусу, адамдын адилеттүү жана туруктуу ыкмада өнүгүүсүнө экономикалык ишмердүүлүк жана институттар түрткү берүүсүнүн камсыздалышы, гендердик теңдиктин жана адилеттүүлүктүн билимге, саламаттыкты сактоого жана экономикалык мүмкүндүктөргө жалпы жеткиликтүүлүктү камсыздоо баяндалат.

Климаттык жана экологиялык адилеттүүлүк үчүн кыймыл, өзүнө социалдык адилеттүүлүк негиздерин, идеяларын жана тажрыйбаларын камтыйт.

Климаттык адилеттүүлүк жана экологиялык адилеттүүлүк кыймыл катары, чоңураак болгон экологиялык кыймылдын алкагында булардын ар бири социалдык адилеттүүлүктү өзгөчө ыкматада же түрдө камтышат. Климаттык адилеттүүлүк өзүнө буу эффектисине кабылган газдарды атмосферага чыгаруудагы, климаттын өзгөрүүсүнөн пайда болгон айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүндөгү социалдык адилеттүүлүк камкордугун камтыйт, ошондой эле, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана ага ыңгайлашууну да.

Экологиялык адилеттүүлүк өзүнө экологиялык пайдаларды же айлана-чөйрөнү булгоо зыяны жаатындагы жана анын негизиндеги адилеттүү бөлүштүрүүнү, түрдүү социалдык жана экономикалык ратификацияларды же адилеттүүлүккө карай жолдогу каалаган тоскоолдуктарды камтыйт.

Сын-пикир

Майкл Новак социалдык адилеттүүлүк сейрек адекваттуу аныктамага ээ болот деп ырастап, кийинкидей жазган:

Социалдык адилеттүүлүк жөнүндө бүтүндөй китептер жана трактаттар жазылып, бирок, алар ага аныктама берген эмес. Ал пайда болгондо, анын экземплярын ар бир адам дароо тааный тургандай болуп, ага абада калкып жүрүүгө улуксат берилген. Бул аныкталбагандык зарыл сыңарындай. Адам социалдык адилеттүүлүккө аныктама бере баштаганда, ал өкүнүчтүү интеллектуалдык оорчулуктарга кабылат. Башкача айтканда, кээде ал юридикалык мажбурлоо күчүн алуу максатында идеологиялык коркутуунун аспабы болуп калат.

Фридрих Хайек (Австрия экономика мектеби), социалдык адилеттүүлүк идеясын маанисиз, карма-каршылыктуу жана идеологиялуу деп четке кагып, социалдык адилеттүүлүктүн кайсы бир деңгээли ишке ашырылбайт жана ишке ашыруу аракети эркиндикти жок кылат деп жоромолдоп, кийинкидей жазган:

Социалдык жактан адилеттүү деген нерсени табуу үчүн тест жок, анткени, кайсы бир субъекттин жардамы аркылуу ишке ашырылуучу адилетсиздик болбойт, башкача айтканда, мындай субъект жок жана жеке өзүн алып жүрүү эрежеси жок. Социалдык адилеттүүлүк «моралдык таш» термини сыяктуу каталар категориясына эмес, маанисиздик категориясына таандык дейт Фридрих. Бирок, кандай болсо да, социалдык адилеттүүлүк коомго зарыл нерсе экени талашсыз.

Фридрих социалдык адилеттүүлүктүн жактоочулары көп учурда муну моралдык жакшылык жасоочу катары элестетишет деп ырастачу, бирок, анын баяндалыштарынын көпчүлүгү, социалдык адилетсиздик деп аталган жүзү жок иш абалдарына таандык (мисалы, кирешенин же кедейчиликтин теңсиздиги).

Ошондой эле ал, социалдык адилеттүүлүк, же жакшылык жасоочу же андай эмес болуп саналат деп дагы ырастачу.

Хайектин ою боюнча социалдык адилеттүүлүк түшүнүгү адамдардын жеке ички адилеттүү өзүн алып жүрүү эрежелери менен эмес, конкреттүү тышкы көрсөтмөлөрү менен иш-аракет кылынаары жоромолдонот. Кайра эле Хайектин айтуусу боюнча социалдык адилеттүүлүктүн функциясы башка бирөөнү же башка бир нерсени айыптоодо делет, жана бул нерсе көп учурда аны көзөлдөөгө милдеттүү имиш болгон системаны же кайсы бир мистикалык нерсени айыптоого таандык.

Жаңы Түштүк Уэльс Университетинин жана Мизес Институтунун мүчөсү Бен О′Нил төмөнкүдөй ырастайт:

[Социалдык адилеттүүлүктүн жактоочулары үчүн] «укук» түшүнүгү — бул укукту белгилеген жана ал канчалык маанилүү же тривиалдуу, абстракттуу же сезилээрлик, жаңы же байыркылыгына карабастан умтулууга, каалаган мүмкүн болуучу жыргалдыкка багыт көрсөткөн жөн гана термин.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2024-08-15, Көрүүлөр: 294, Өзгөртүлгөн: 2024-08-15, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу