Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бакыт

Баш барак | Эмоциялар | Бакыт

Бакыт – бул адамдын өзүнүн тиричилик шарттарына ички дүйнөсүнүн эң жогорку канааттануусу, жашоосунун толуктуулугу жана маанилүүлүгү, өзүнүн ынтасынын ишке ашырылышына туура келген абалы.

Мазмуну

Бактылуулук феномени психология, философия, физиология, социология, экономикалык теория, ошондой эле, дин тарабынан изилденет.

Бакыт физиологиясы

Бактылуулук физиологиясы айтылуу «бакыт гормондору» (эндорфин, серотонин жана дофамин) менен тыгыз байланышта болушу мүмкүн. Бул гормондордун организмдеги синтези жана айлануусу эндокриндик, бактериялык жана вирустук ооруларда бузулат. Серотонин ичеги-карын көңдөйүндө жана борбордук нерв системасынын бөлүктөрүндө иштелип чыгуучу мээнин жана борбордук нерв системасынын (БНС) нейромедиатору саналат. Эндорфиндер негизинен эйфориянын жана кубанычтын кыска мөөнөттүү абалына таасир этсе, серотонин, анын үзгүлтүксүз өндүрүлүшү жана нейрондордогу басып алуу процесстери көбүрөөк деңгээлде бакыттын жана узак мөөнөттүү канааттануунун фонун түзөт. Серотонин менен тыгыз байланышта болгон дагы бир гормон жана нейромедиатор — дофамин. Дофамин ички чыңдоонун (бекемдөөнүн) химиялык факторлорунун бири саналып, мээнин «дем берүү системасынын» бир бөлүгү катары кызмат кылат. Серотониндик система токтотуучу (коргоочу) касиетке ээ болуп, уйкуга, эс тутумдун иштетилишине, алынган тажрыйбаны кошууга, ооруксунуу сезимин төмөндөтүүгө, терс эмоцияларды көзөмөлдөөгө жана басаңдатууга, эс алуудан канааттануу алууга жооп берет. Дофаминдик система негизинен активдештирүүчү касиетке ээ болуп, кандайдыр бир ишмердүүлүктү, көңүл бурууну, чыгармачылыкты, окуп-үйрөнүүнү, иш-аракеттердин жаңы жолдорун табууга, активдүүлүктөн (физикалык, акыл-эстик же сезим активдүүлүктөрү) канааттанууну алууга дем берүүгө багытталган. Ошондой эле, дофамин жана дофаминергиялык система байлануучулукту калыптандырууга, эмоционалдык эмпатияга, сүйүү сезимине жана жыныстык кумарга жооп берет. Дем берүү системасы жана ырахат борборлору жалпыраак келген адамдын айтылуу «кыртыш — базалдык ганглиялар — таламус — кыртыш» мотивациялык илмегинин кайтарым байланышынын бөлүгү. Сергек жашоо образы, физикалык активдүүлүк, толук жана тең салмактуу тамактануу, адамдар менен баарлашуу эндокриндик жана нерв системаларынын туура иштешин сактоого жардам берет.

Философияда

Байыркы (антикалык) этикада бакыт маселеси борбордук категория болгон. Аны биринчилерден болуп Аристотель изилдеп, бакытты «жандын, толук кандуу жакшылыктуу (изгиликтүү) аракетиндеги ишмердүүлүгү» (Никомахов этикасы) деп, жакшылыктуулук бакытка алып бара турган нерсе катары аныкталган.

Эллинизм доорунда бакыт эпикуреизм (Эпикуреизм — Эпикурдун идеяларынан чыккан философиялык окуу) философиясындагы ырахат менен окшоштурулган. Байыркы грекче «бакыт» сөзү — «евдемония» (eudaimonia, εὖ — жакшылык, δαίμων — кудай) — сөзмө-сөз кудайдын колдоосундагы адам тагдырын түшүндүргөн.

Өзүнүн биологиялык, физиологиялык, социалдык, экономикалык жана логикалык аспектилеринде материалдык дүйнөдө бакыттын кол жеткистигин жар салган чыгыш философиясы жеке бактылуу жашоого жетүүнүн тажрыйбалык жолдоруна үйрөтөт.

Буга байланыштуу кийинки цитата көрсөтмөлүү:

Бакытка эки жол аркылуу жетүүгө болот. Биринчи жолу — тышкы. Жакшы үй, мыкты кийим, жагымдуу досторго ээ болуу менен биз тигил же бул деңгээлде бакыт жана канааттанууга жете алабыз. Экинчи жол — руханий өнүгүү жолу, ал ички бакытка жетүүгө мүмкүндүк берет. Бирок, бул эки ыкма бирдей эмес. Ички бакытсыз тышкы бакыт көпкө созула албайт. Эгер жашоо күңүрт боёкторго боёлуп, жүрөгүңөргө бир нерсе жетишпесе, кандай гана жыргалчылыктарга ээ болбоңуз, бактылуу боло албайсыз. Бирок, эгер сиз ички тынчтыкка (жайлуулукка) жетсеңиз, бакытты эң оор шарттарда таба аласыз — Далай Лама XIV.

Йоганын көз карашынан алганда, бакыт — бул адамдын табигый абалы, анын табиятынын касиети. Бирок, күнүмдүк жашоодо адамдын чыныгы «мени» көнүмүш тынчсыздануу катмарларынын астында жашырылган, бул тынчсызданууну медитация аркылуу жеңсе болот, ошондо адамга чыныгы «Мен» дегени ачылып, терең бакыт сезимин сезе алат.

Досторго, ар бир адам ээ болууга тийиштүү болгон жыргалчылык деп Аристотель айтчу.

Төмөнкү цитата буга шайкеш:

Адам жашоосунун толуктугун билдирген бакыт үчүн материалдык жыргалчылык жана физикалык ден-соолук жетишсиз. Жашоонун эң жогорку кубанычы — рухий жашоонун кубанычтары. Бирок акыркыларды кабылдоо жана түшүнүү аң-сезимдин өнүгүү даражасына түз пропорционалдуу. Массалардын материалдык абалын жакшыртуу, алардын аң-сезимин, рухий жашоосун өнүктүрүү менен коштолушу керек.

Фома Аквинский өзүнүн Теология суммасында (2-бөлүк, 2 — 5-бөлүмдөр) бакыт (латынча — beatitudo) «кемчиликсиз жыргалдыкты кабыл алуудан» (adeptionem perfecti boni) турат, бирок «бул жашоодо» (in hac vita) ал кол жеткис деп божомолдогон.

Көптөгөн философтор жана психологдор (Виктор Франкль, Эрих Фромм ж. б.) кубаныч менен бакыт толук окшош түшүнүктөр эмес экенин баса белгилешет.

Психологияда

Позитивдүү психологияда, негизинен, кийинкидей бакыт формуласы колдонулат:

Бакыт = жашоодон терең канааттануу + максималдуу оң эмоциялар + минималдуу терс эмоциялар.

Ошону менен бирге, оң таасирдүү эмоциялар учурдагы бакыт менен, ал эми терең канааттануу узак мөөнөттүү бакыт менен байланыштуу. Ошентип, бакыт — өзүбүздүн дараметибизди ачууга умтулуудагы сезген кубаныч. 2006-жылкы «бакыт» жөнүндөгү «Тынчтык жоокери» (англисче Peaceful Warrior) кинофильминде бул жөнүндө эң таамай айтылган сөз бар, цитата: «...максат эмес, өмүрдөгү басып өтүп бараткан жол бизди бактылуу кылат».

Бул багыттын негиздөөчүлөрүнүн бири Мартин Селигман, музыкалык аспапта ойноону үйрөнүү сыяктуу эле, бакыт ыкмаларын да үйрөнүүгө болот деп ырастайт.

Гуманисттик психологиянын өкүлү К. Роджерстин концепциясына ылайык, өзүн-өзү таануу адамга инсандык өсүү, өзүн-өзү өркүндөтүү, өзүн-өзү актуалдаштыруу жөндөмүн берет, а бул жашоонун толуктугуна жетүү, жашоо кубанычын сезүү, жашоонун маанисин (маңызын) түшүнүү үчүн зарыл шарттар. Өзүн-өзү таануунун атайын каражаттарына психолог ишинин ар кандай заманбап формалары кирет: жеке кеңешме (консультация), мында психолог бейтаптын максималдуу ачылып, өзүнүн көйгөйлөрүн түшүнүп, аларды чечүү үчүн ички ресурстарын табуу максатында атайын иш жүргүзөт; топтогу социалдык-психологиялык тренинг иши.

Белгилүү психолог Джон Готтмандын айтымында, жашоонун бардык тармактарындагы ийгилик жана бакыт, анын ичинде үй-бүлө мамилелериндеги бакыт — адамдын өзүнүн эмоцияларын таануу жана сезимдерди жеңе билүү менен аныкталат. Бул сапатты «эмоционалдык интеллект» деп аташат.

Б. Г. Кузнецов «Оптимизм философиясы» аттуу китебинде Вебер Фехтнердин психологиялык мыйзамына өзүнүн интерпретациясын келтирген: адамды бактылуу кылган факторлор өскөндө гана адам өзүн бактылуу сезет. Андай болбосо бакыт сезими жоголот.

Экономикада

Бакыт менен акчанын ортосундагы байланышты изилдеген экономисттер жана социологдор, макро деңгээлде ички дүң өндүрүмү (ИДӨ) жогору болгон бай өлкөлөрдүн жашоочулары, кедей өлкөлөрдүн жашоочуларына караганда өзүлөрүн бактылуураак сезишээрин белгилеп келишет. Макро деңгээл боюнча көпчүлүк экономисттердин кортундусу кийинкидей: бакыт акчадан көз каранды, бирок акча канчалык көп болсо, алардын бакытка болгон таасири ошончолук аз.

Психологдор, бакыт үчүн белгилүү бир минималдуу акча керек дешет. Бирок, негизги көйгөйлөр чечилээри менен, булардын ортосундагы байланыш тез эле бүдөмүк (аз же байланышы жоктой) болуп калат. Мисалы, белгилүү америкалык психолог Даниел Канеман белгилүү экономист Ангус Дитон менен соавторлукта кирешенин чоңдугуна жараша бакыттын субъективдүү сезилишинин сызыктуу эмес (орусча нелинейный) көз карандылыгын ачкан. Канеман менен Дитондун айтымында, америкалыктар кирешесинин өсүшүн жылына 75 000 долларлык деңгээлге жеткенче чейин, бактылуулуктун өсүшүн байкашат. Бул чекиттен кийин, жыргалчылыктын өсүүсү бакытты сезүүгө болгон таасирин токтотот.

Адабиятта

Биртууган Стругацкийлердин «Дүйшөмбү ишембиде башталат» атту повестинде бакыттын төмөнкүдөй аныктамалары берилет:

... эң жөнөкөй терс аныктамалар («Бакыт акчада эмес»), эң жөнөкөй позитивдүү аныктамалар («Эң жогорку канааттануу, толук ыраазы болуу, ийгилик, жолдуу болуу»), казуистикалык аныктамалар («Бакыт – бактысыздыктын жоктугу») жана парадоксалдуу («Баарынан бактылуу маскарапоздор, келесоолор жана шалаакылар, анткени алар абийирдин жемесин билишпейт, арбактан жана башка өлбөстөн коркпойт, келе жаткан кырсыктардан санаа тартпайт, келечек жыргалчылыктар үмүтүнө азгырылбайт).

Наполеон Хиллдин 1937-жылкы «Ойлон жана байы» (англисче «Think and grow rich») китебинде кийинкидей аныктама берилген: «Бакыт — бул ээлик кылуу абалы эмес, ээлик кылуу процесси».

Атактуу америкалык жазуучу, педагог Дейл Карнегинин 1944-жылы чыккан «Кантип тынсчызданууну токтотуп, жашап баштоо керек» (англисче «How to stop worrying and start living») деген китебиндеги бакытка тиешелүү ой-толгоо: «Иш үстүндө болуңуз. Бул жер шарындагы санаадан арылуунун (бактылуу болуунун) эң арзан жана эффективдүү даарысы».

Айтматовдун бакыт боюнча пикири: «Бакыт болгондо (болуп турганда), ал жөнүндө ойлонушпайт».

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2022-02-11, Көрүүлөр: 1022, Өзгөртүлгөн: 2022-02-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо