Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Оозеки чыгармачылык. Элдик искусство

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Оозеки чыгармачылык. Элдик искусство

Элдик оозеки чыгармачылык — ооздон оозго сөз аркылуу берилүүчү элдин чыгармалары, сөз түрүндөгү чыгармаларды түзүүсү.

Борбор Азиядагы көпчүлүк калкка мүнөздүү анын ичинде кыргыздардын да башынан өткөргөн тарыхый окуялары көчмөн турмушка негизделген оозеки чыгармачылыкта кеңири чагылдырылган.

Негизги макала: Чыгармачылык

Элдик оозеки чыгармачылык өзүнө көптөгөн тармактарды камтыган кыргыз маданиятынын жана коомунун ири чыгармачылык катмары. Ал кыргыз элинин байыркы замандан бери келе жаткан тарыхын чагылдырат.

Элдик оозеки чыгармачылык кийинкидей ири бөлүктөрдү камтыйт:

Элдик оозеки чыгармачылыктын өзгөчөлүктөрү:

Элдик оозеки чыгармачылык улут маданияттарынын өзгөчө феномени катары саналып, татаал синтетикалык искусствого таандык. Ал өзүнө музыканын, театрдын, адабияттын, кол өнөрчүлүктүн элементтерин бириктирет. Буга байланыштуу фольклордук жамааттардын жанрдык портретин аныктоо кээде өтө татаал. Фольклордук чыгармалар элдик салттар, ырым-жырымдар, тиричилик менен тыгыз байланышта, булар мурдагы муундун чогулткан жашоо тажрыйбасын жалпылаштырат. Ошого карабастан, элдик оозеки чыгармачылык өнүгүүсүн токтотпойт — улам жаңы жанрлар, сюжеттер, чыгармалар жарала берет. Бүгүнкү күндөгү элдик оозеки чыгармачылыкка түрдүү шаардык легендарларды, жаңы ырларды, заманбап табышмактарды, жаңылтмачтарды жана башка көптөгөн чыгармачылык өндүрүмдөрүн таандык кылса болот.

Мазмуну

Оозеки чыгармачылык жана Манас эпосу

Кыргыз элинде оозеки чыгармачылык өзгөчө өнүгүп, анын ичинде оозеки чыгармачылыктын гана эмес, жалпы эле кыргыз маданиятынын туу чокусу болгон Манас эпосу элдин тарыхын, тилин, этнографиясын, философиялык көз караштарын, психологиясын, рухий жана социалдык-саясий турмушун изилдөөнүн эң баалуу булагы катары эсептелет.

Эпосто баатыр Манастын образынын айланасында училтиктин окуялары өнүгүп, негизги идея — кыргыздын бытыранды урууларын бириктирүү идеясына багытталат. «Манас» училтигинин 1-бөлүгү Манас баатырдын Бээжинде жеңилиши, эр жүрөк баатырлары Алмамбет, Чубак, Сыргак, Эр Көкчөнүн өлүмү, Манастын өзү да катуу жарадар болуп, дүйнөдөн кайтышы менен аяктагандыктан, эпопеянын андан ары уланышына шарт түзүлөт. Училтиктин 1-бөлүмүнүн кайгылуу аякталышы реалдуу чындык денгээлинде көтөрүлгөн. Манастын керээзинде уруулар арасында чыр-чатактар, Манас баш коштурган кыргыз элинин куч-кубатынын начарлаганы жөнүндө айтылат. Манастын уулу Семетейдин төрөлүшү келечекте атасы үчүн өч алууну алдын ала шарттайт. Ошентип, 1-бөлүк менен идеялык жана сюжеттик жактан байланышкан 2-бөлүк пайда болуп, анда өз аталарынын баатырлыгын кайталап, чет өлкөлүк баскынчыларды таш талканын чыгарган Семетейдин турмуш жолу менен эрдиктери баяндалат.

«Семетей» баатырдык поэмасы — училтиктин бир кыйла көп айтылуучу бөлүгү. Мунун тарыхый фону болжолу менен жунгарлардын басып кирүү убагына туура келип (XVI—XVII к.), бул окуялар Борбордук Азия жерлеринде өтөт. Поэманын эр жүрөк каармандары баштагыдай эле адилетсиздиктин курмандыгы болушат. Бирок, бул урушка чет элдик баскынчылар эмес, элди бузган уруу башчылары жана хандар, башкача айтканда ички душмандар себепкер болушкан.

Ички душмандарга күрөшүүнү эпикалык баяндоого «Сейтек» бөлүмү арналат. Анда акыры адилеттик жеңип чыгат. Семетей жана Сейтектин образдарында калктын Манас жөнүндөгү легенданы укум-тукумдарына сактап калуу, улантуу умтулуусу көрүнөт. Эпосто кыргыз калкынын тагдырына байланыштуу өтө чоң тарыхый окуялар ар кыл даражада айтылып, чагылдырылган. Сюжеттин курулушуна Түрк кагандыгынын тарыхына байланышкан орто кылымдын биринчи мезгили, жана Борбордук Орто Азиянын жерлериндеги калктардын, уруулардын жер алмаштыруусуна, ассимиляцияланышына алып келген монголдордун басып кирүү доору, Жунгар хандыгынын түптөлүш мезгили да из калтырган. «Манас» калк адабиятынын эң ири эстелиги катары кыргыз тилинин калыптанышында, сөздүк курамынын байышында чоң роль ойногон. Ошондой эле, кыргыз калкынын этикалык нормаларынын, улуттук мүнөзүнүн калыптанышына олуттуу таасир тийгизип, азыркы күндө да анын тарбиялык мааниси баа жеткис. «Манас» эпосу элдик оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк мыкты үлгүлөрүнүн арасында татыктуу орунда турат.

Оозеки чыгармачылыктагы кенже эпостор

Көлөмү жагынан дүйнөдө тендешсиз «Манас» училтиги менен катар эле оозеки чыгармачылыкта кенже эпостор да зор мааниге ээ. Кенже формадагы эпостор да баатырдык менен каармандыкты даназалоого арналып, коомдун социалдык-турмуштук көйгөйлөрү лирика-романтикалык маанайда баяндалат.

Алар ар башка доорлордун окуяларын камтып, акын аткаруучулардын таланттары менен байыган. «Эр Төштүк», «Кожожаш» өндүү дастандар мифологиялык-жомоктук негизде курулуп, байыркы доордон кабар берет. «Эр Табылды», «Курманбек» дастандарында кыргыздардын кийинки учурлардагы уруулук чыр-чатактары, чет элдик баскынчыларга каршы күрөшү баяндалат. «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөй» кыргыз урууларынын тарыхындагы ар кандай доордун социалдык-турмуштук көйгөйлөрү романтикалык маанайда чагылдырылган.

Поэзия жана музыкада

Негизги макала: Кыргыз эл музыкасы

Кыргыздардын маданиятында элдик оозеки поэтикалык чыгармачылык кенири роль ойногон. Анда элдин тарыхый тагдыры, өзгөчөлөнгөн байыркы маданияты, эмгеги, үмүтү, тилек-максаты, жаратылышы, каада-салты поэтикалык денгээлде кеңири чагылдырылган.

Нечендеген кылымдарда ар кандай тагдырга туш келген кыргыз эли фольклорго өтө бай болгон. Эмгек процессин камтыган — эмгек ырлары, салт-кааданы чагылдырган — салт ырлары, элдик ырым-жырымдарга ылайык эм-дом ырлары, лирикалык секетбай, күйгөндөр (кошоктор), мелдеш айтыштар да түгөнбөс казына.

Кыргыздар басып өткөн узак тарыхый жолдо кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы да өнүгүп келген. Кыргыз элинин философиялык ой толгоолору эпостор, дастандар, токмо акындардын ырлары менен катар чечендик өнөрлөрдө акылман олуялардын сөздөрүндө, иштеринде да кеңири чагылдырылган. Бул багытта Асан кайгынын, Толубай сынчынын, Санчы сынчынын, Жээренчи чечендин аттары, алардын көптү алдын ала көрө билген акылман олуялыктары эл оозунда макал-ылакап катары бүгүнкү күндөргө чейин айтылып калган. Бирок, алардын эмгектери философиялык ойлору бири-бирине оошуп реалдуулуктан көрө легендага жакыныраак болуп калган.

Ушуга байланыштуу аталган инсандар легендарлуу ойчулдар деп аталышат. Элдин оозеки көркөм чыгармачылыгында негизинен оң менен терс, жакшы менен жаманды баяндаган калыс ырлар (санат, насыят), күндөлүк эл турмушунун түрдүү көрүнүштөрүн, учурларына байланышкан кара ырлар (айтыш, мактоо, кордоо, арноо, арман, суйуу ж. б.), урп-адаттык атайын эрежелерге ылайык айтылуучу салт ырлары (ырым, жоктоо, керез, угузуу, көрүшүү, оюн ырлары, бешик ырлары ж. б.) бар.

Кол өнөрчүлүктөгү оозеки чыгармачылык

Жасалга-колдонмо өнөрү байыркы доордо эле калыптанып өнүгүп келген. Анын материалдык негизин — мал чарбачылыгынын өндүрүмдөрү, жыгачты, металлды ж. б. иштетүүгө байланышкан үй өндүрүшү түзгөн. Үйдөгү өндүрүш жана көл өнөрчүлүктүн өнүгүшү жалаң эле үй тиричилигине жана турмуштук зарылчылыкка шарт-талбастан, элдин сулуулукка, кооздукка, өнөргө умтулуусуна да байланыштуу болгон. Эстетикалык керектөөнү канааттандырууга, тиричиликти көркөмдөөгө болгон мүмкүнчүлүктү толук пайдаланууга умтулуу — көркөм кол өнөрүнүн ар тармагын өнүктүргөн. Ал өзүнүн көп түрдүүлүгү, оймо-чиймесинин (орнаменттик) тактыгы, өзгөчөлүгү түстөрдүн жана тондордун айырмалуулугу, бай, ажайып фантазиясы менен белгиленген. Көчмөн турмуш көркөм искусствонун өнүгүш мүмкүнчүлүгүн чектегенине карабастан, узакка пайдаланууга ылайыкташтырылган турмуш-тиричилик буюмдары (турак-жайынын ички-тышкы жасалгасы, аялдардын кооздук, асем буюмдары, ат жабдыктары) гана эмес, күнүмдүк кийим-кече, үй тиричилигинде дайыма урунула турган буюмдары дагы көркөм чыгармачылыктын деңгээлин көрсөтө алган. Мунун көпчүлүгү ал убакта кагаз жана жазууну анча өнүкпөгөнүнө байланыштуу ооздон-оозго өтүп, озеки түрүндө түшүндүрүлгөн жана үйрөтүлгөн.

Коркомдолгон буюмдар турмуш-тиричиликте пайдаланылып, элдин аң-сезиминде кол өнөрү турмуш-тиричиликтен ажырагыс болуп эсептелген. Кыргыз көркөм өнөрүнүн кайталангыс шедеврлери сыймыктанууга татыктуу болсо дагы, ал көркөм чеберчиликтин уникалдуу үлгүсү катары бааланбастан, турак жайдын же интерьердин бир бөлүгү, кийим-кече, же ат жабдыгынын ажырагыс элементи катары кабыл алынган да анын көркөмдүүлүгүнө караганда, пайдаланууга ынгайлуулугу жогору бааланган. Өнөрчүлүктү элдин маданиятынын, искусствосунун рухий турмушунун башка тармактарынан бөлүп кароого болбойт. Кол өнөрчүлүктүн чыгармалары, оюу-чийүү орнамент, элдик поэтикалык оозеки жана музыкалык чыгармачылыгы менен өз ара байланышта өнүгүп, бири-бирине таасирин тийгизгендиги алардын ортосундагы жалпы белгилерден байкалат. Элдик оймо-чиймелер жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, көчмөн тиричиликти чагылдырат. Кыргыздардын чыгармачылыгында жүндөн жасалган көркөм буюмдар да негизги орунду ээлеген.

Кийиз — көчмөн адамдын тиричилигинде эзелтен эле анын, турак-жайы менен төшөнчү-орунунун, кийим-кечеси менен ат жабдыктарынын, эмерегинин ажырагыс бөлүгү. Шырдак менен ала кийиз кыргыз элинин кийизден буюм жасоодогу зор чеберчилигинин далили. Кыргыздын кайталангыс оймо-чиймелери менен кооздолуп, чырмалган чийлери да көркөмдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Саймачылык өнөрүнүн техникалык ыкмалары жана оймо-чийме мотивдери өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Кымыз куюучу көөкөрлөр, чыны каптар ж. б. буюмдар өздөрүнүн кайталангыстыгы менен өзгөчөлөнөт.

Наар түшүрүлгөн ат жабдыктары да өтө зор көркөм баалуулукка ээ. Элдик зергерлер кооздук, асем жасалгаларын жасоодо байыркы техниканы муундан муундга өткөрүп беришип XX кылымга чейин сактап келишкен. Айрым усталар металлга оюу түшүрүп, калыпка металл куюп, наар түшүрүп, асыл таштарды бүртүктөсө, экинчилери алтын-күмүш зымдарын кооздоп ийүү чеберчилигин өздөштүргөн. Дагы бирөөлөрү ат жабдыктарды, кемер-курларды, булгаарыны, жыгач буюмдарын боз үйдүн жыгачын жасоого адистешкен. Жергиликтүү зергерлердин күмүш билерик, шакек, сойко, чачпак ж. б. жасалгалары аялдардын кийимдерине көрк берип турган. Кырмачылар байыркы эң жөнөкөй куралдар менен табак, көсө ж. б. жыгач идиштерди жасашкан.

Жыгач усталардын боз үйдүн каалгаларына, жүк жыюучу такталарга, сандык жана түрдүү кутуларга түшүргөн рельефтик жана контурдук кооз оймолору көз жоосун алат. Кыргыз элинин улуттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп калган элдик өнөр элдин байыркы маданиятын, мүнөзүн жана рухий дүйнөсүн, көркөм ой жүгүртүүсүн, этностук байланыштарын чагылдырган тарыхый дарек катары абдан баалуу.

Капашев Э. Д., Көрүүлөр: 20883, Акыркы оңдолгон дата: 2024-11-05 17:38:26 (Оңдоо тарыхы)
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо