Жаз жакындаганда кар алдынан шаша, жамырап чыга келген Нооруз гүлдүн өңү көк сыя сыяктанат. Бул - жаз майрамынын белгиси. Тээ, мурунку заманда да кечинде от улуу жагылып, ага баары чогулушуп, "Алас, алас, ар балээден калас!" - деп, оттон аттай, тегерете айланган.
Секиришкен. Кыдыр Ата, Умай Эне үймө-үй кыдырып, бардарлар балдарга, кембагалдарга ыйык, улук белек берген. Арийне, бул уламышка өттү.
От улуу күйө баштаганда, аксакалдар да кол кармашып, отту айланышкан. Бул - жаңы жылдын оту. Арча, адырашман түтөтүшкөн. Отко май салышып, жыт чыгара ысырыкташкан. Ошентип, үйдүн, короо-жайдын айланасына "Алас, алас, ар балээден каласты" айтып чыгышкан. Үйдүн ичи тазаланган. Албетте, майрам болгондуктан оюн-зооктор уюшулат, шайырлар топтолгон.
Манас айтуулар болгон. Сүмөлөк жасашкан. Ал - дан түшүмү. Адамдар бири-бирине эң жакшы каалоо-тилектерди айтышкан. Бул күнү касташкандар, урушкандар бири-бирин кечирип жарашкан.