Умай эне — Кыргыз мифтеринде ошондой эле, түрк жана монгол элдериндеги маанилүү аял Кудайы, байыркы эненин жана баланын коргоочусу, үйдүн кутун жаратуучусу.
Теңир атасы саналып, Теңирден кийинки эле экинчи орунда. Заманбап алтай, башкыр, бурят, казак, монгол, татар, хакас, ошондой эле, Кыргыз элинин арасында таанымал. Кудайдын эң байыркы эскерүүлөрү байыркы түрк жазуусунда кездешет.
Умай эне, энени жана баланы оору сыркоодон сактайт деген түшүнүктөн улам балдарды эмдегенде, дарылаганда «Менин колум эмес, Умай эненин колу», деген сөздөр айтылып эмделген, учукталган.
Үйгө бөбөктү жалгыз уктатып коюуга туура келген де, «Умай энеге тапшырдым» деп камсыз болушкан. Жаш ымыркай баланын бетин Умай эне жууйт деген ишеним болгондуктан, анын бетин күнүгө жууй бербейт. Кыргыз мифтеринде Умай эненин образы, баяны жөнүндө көптөгөн көркөм чыгармалар жаралган.
Аялдык башатты билдирип, Умай деп аталышы дагы эненин курсагын, кесилген киндикти жана башка аял затына таандык көрүнүш-кубулуштарды элестеткен.
Мифте «Умай эне» асмандан келип, өзү менен эки нерсени: куш менен даракты ала түшкөн. Ошон үчүн дайыма «чынар (жашоо)» багында куш отурат, ал эми түрк каганы Култегиндин баш кийиминде куш бар эмеспи делет. «Умай эне» кыргыздардын сыйынуучу рухуна кирет. Ал жөнүндөгү мифтик түшүнүк адамзаттын «Энелик доору» кезинен пайда болгон.
Кыргыз мифтерине Умай эне жөнүндө наристеге көркөм элестетүү баян айтылып, энеси жана балдарды коргоочу, сактоочу ээнин (ээсинин) образын жараткан.
Курсакта бала Умай энеге «кыз болом, уул болом» деп ыйлайт имиш. Ошондо Умай эне касиети менен теңеп «кыз болом» деп ыйлаганын уул кылып, «уул болом» деп ыйлаганын кыз кылып куяңга шапаттайт экен. Бакшылар: «Умай эне, алтын эшигиңди ач» деп төрөп жаткан аялга кайрылган. Ошо бала төрөлгөндө куяңы көк (шапаттын изи чыгып) төрөлөт имиш. Демек, Умай эне баланын эркек, кыз болушун белгилейт деген түшүнүк болгон.
Бала төрөлүү алдында баланы жана анын энесин коргоо максатында Умай эне боз үйдүн кире беришиндеги таза деп саналган сол жак тарабында болуп турат делет.
Жаңы төрөлгөн жана бешиктеги бала анын коргоосу алдында болуп, бала ыйлаганда бешик терметет деген ишенимдер дагы бар. Андан ары бала алты жашка чыкканга чейин дагы коргоп, баланын өмүрү жана ден-соолугу Умай энеден көз каранды болот делет анткени, ал баланы шайтан-шабырдан, түрдүү кара күчтөрдөн коргоп турат. Эгер бала түшүндө жылмайса Умай эне менен сүйлөшүп жатат делет.
Түрдүү майрамдарда (мисалы, Ноорузда), салттарда жана ырым-жырымдарда Кыргыз эли дайыма Умай энеге кайрылып, колдоосун суранышкан. Умай эненин образы кыргыздын элечек кийген, көптү көргөн жана билген байбичесин элестетет.