Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мекен жонундо ырлар

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Мекен жонундо ырлар

Мекен жонундо ырлар жыйнагын Сиздерге сунуштайбыз, кыргыз жазуучулары убагында "ата мекен жонундо ырлар" саптарын көп жазышыптыр. Ушул эле жерден кыргыз калкынын кандай патриот эл экенин байкасак болот.

Сиз дагы четте калбай өз колуңардан жаралган мекен тууралуу ырларыңызды ушул макалага кошуп кетиңиз. Ал үчүн жөн гана пикир жазуу формасына же түздөн-түз макаланы оңдоо менен кошсоңуз болот.

Кошумча башка темадагы ырлар жыйнактары макаланын аягындагы шилтемелерде берилмекчи.

Мекен жонундо ырлар

Ал эми, төмөндө берилген ырлардан тышкары Мекен деген эмне экенин билгиңиз келсе, «Мекен», «Кыргызстан» аттуу макалаларга баш багууну сунуштайбыз.

Ата-журт жана мен (Жапаркул Алыбаев)

Мен бармын деп бакырбадым,
Мен жокмун деп басынбадым.
Кыйындыктан жашынбадым,
Жамандыкка кагылбадым.

Бар деп айтсаң барып жүрдүм,
Жан! деп айтсаң жанып күйдүм.
Тетир кетсем кагып жүрдүн,
Мөгдүрөбөй жарык жүрдүм.

Башка жерге суктанбадым,
Башка асманда уктабадым,
Көз ачканда көргөн таным,
Сенсиң суум, сенсин, каным!

Эгер өлүм салса кылтак,
Арттан өскөн көрсүн урпак,
Бөтөн жерге чачылбастан,
Сенде болсо үйгөн турпак.

Тууган жерге (Жапаркул Алыбаев)

Арасында жүрөмүн калың топтун,
Аарыдай бал ташыдым, жаткан жокмун.
Азбы, көппү, берген бал кечирип кой,
Азды көптөй көрсөтүп айткан жокмун.

Коюу чаңын аралап, калың топтун,
Кумурскадай кыбырап, жаткан жокмун.
Куурай сүйрөп келсем да кээ күндөрү,
"Дөңгөч түртүп келдим" деп айткан жокмун.

Ысыгыңа күйөйүн, кактанамын,
Суугуңа чыдайын, тапталамын,
Ууз жыттуу койнуңда мен төрөлүп,
Уулуң болуп калганга, мактанамын!

Аталышы белгисиз (К. Ысманова)

Бийик нарктуу улуу кыргыз элим бар,
Береке мол, ажайып кооз жерим бар.
Бабалардын кылым кезген мурасы,
Ата-Мекен сенин ыйык демиң бар!

Ата журт (Жапаркул Алыбаев)

Канынан бөлүп жараткан,
Кайтканда байкуш, жан апам,
Жаш жетип араң он бирге
Жап-жалгыз, үйдө таң аткам.
"Ала жат мени кошо" деп
Армандуу көздөн кан аккан.

Ойлосом тура, жан башка,
Өлмөк түгул өмургө
Өчөшүп жашап баратам.
Атамдан анан айрылгам,
Анда да, канат кайрылган.

Эл ичи уя турбайбы,
Эр жетип, көнүл жай кылган.
Тил албай кетсем кээ жылы,
Тизгиним тартып, бар кылган,
Жан бирге бүткөн Ата-Журт,
Жашоомду бүгүн шар кылган.

Эне өлсө, кошо өлбөдүм.
Ата өлдү, ырас мөгдөдүм.
Баарынан кымбат Ата-Журт,
Айнысам сүйөп, жөлөдүн.

Кылымдар бою картайбас,
Кымбатты сендей көрбөдүм.
Айрылсам сенден Мекеним
Анда эле, чыны өлгөнүм!

Мекен жөнүндө ой (Жапаркул Алыбаев)

Ата-Журтту сүйүш ардактап,
Адамдардын дилинде, канында.
Ашык сүйлөп, көппөй дардактап,
Ак эмгегим арнадым дайыма.

Жер айдадым иштеп баш салып,
Жел ойноду тиккен багымда.
Өлүм жетсе, өмүргө таш салып,
Өкүнбөстөн өткүм бар тагдырга.

Чын пейилден эркин жашадым,
Ак сүйүүмдү арнадым балдарга.
Мактоо сөздү ыксыз айтпадым
Калбайт экен, эмгек далдада.

Ак санадым баарын тең көрүп,
Сындырбадым бир тал чырпыгын.
Калаар болсо Мекен, мен өлүп,
Кайгырбастан келет тынчыгым...

Тууган эл жөнүндө толгоо (Т. Байзаков)

Менден жашы кичүүлөр,
Менден жашы улуулар,
Киндик кескен ушул жер-
Баарыбызды сулуулар.

Арманын айтып бүтпөгөн,
Аталар өткөн жер дечи.
Ойлосоң жүрөк түтпөгөн
Апанын мында мүрзөсү.

Келиндин кыйбас төркүнү,
Жигиттин туулган жергеси -
Тагдыр үчүн күн-түнү
Күрөштө өскөн эр дечи!

Гүлүңө окшоп кырдагы
Кыздарың бар көрк үчүн.
Аскаңа окшоп бүт баары
Уландар туулган эрк үчүн.

Уялап алган көңүлгө
Урматың артык өмүрдөн.
Үйрөнгөн жанбыз жеңүүгө,
Уулум деп сүйбө, жеңилсем.

Жапырбас бирөө дит чыдап,
Шүүдүрүм мончок чөбүңдү.
Досумдай сени кучактап,
Шаттыкка бөлөйм көңүлдү.

Баркыңды кантип сүйбөйлү,
Балындай татыйт сууң да.
Кадырың кантип билбейли,
Каныбыз бар го тууңда!

Ата мекен (автору белгисиз)

Шекердей булагыңдан даам таттым,
Шыгымдын жалындарын сенден таптым.
Үзүрлүү орун ээлеп кучагыңдан,
Үйрөнүп жашоо жолун, көңүл ачтым.

Энемден артыгыраак эркелеттиң,
Эсепсиз ардактадың, мээр төктүң.
Дос күтүп, теңтуш таап, билим алып,
Жар сүйүп, кадыр билип, өнүп-өстүм.

Бактымды энчиледиң кенен бердиң,
Багынаа ойноп-күл деп эмгекчи элдин.
Абаңан чексиз жутуп, эркин куштай,
Асманга төбөм жетип көкөлөдүм.

Сен барсың арыстандай жүрөктүүмүн,
Сан колдой жалтанбаган билектүүмүн.
Сынбасын бекеринен жарты ташың,
Садагаң мен болоюн, милдеттүүмүн.

Мекен (автору белгисиз)

Сан жыргал берекеге чексиз батып,
Саяңда мен жүрөмүн эркин басып.
Карыгаяда эркеледим жаш баладай,
Комуз чертип, ыр ырдап, көңүл ачып.

Жаштардай кайгы сезбей ойноп-күлүп,
Жылдыздай жайнайм таттуу өмүр сүрүп.
Өмүрүм кыйылганча алтын мекен,
Өзүңдү кадырлаймын артык сүйүп.

Ата журт (Кулунбек Адамкулов)

Ар намыс, адал эмгек, ата мекен,
Жүрөктөн конуш жайлап орноп бекем.
Астыртан ой жүгүртсөм бул үчөөнө,
Кадырлап баштагандан жылыйт чекем.
Сүйөмүн жаным бирге деген менен,
Билгенге сыры терең татаал экен.

Бакыттын ачкычы го адал эмгек,
Бүтсө иш бирогу бар жыйып термек.
Жумуштун көзүн таанып тилин билип,
Зоболом көтөрүлүп көңүл сергек.
Турмуштун нечен ой-дөң тоскоолдорун,
Кечмек парз, кыйналса да чыдап жеңмек.

Машыгып төгүлдүбөйм колдон көөрүм,
Кеткендей тагы калбай тилден сөөлүм.
Устаттан шакирт өтүп чыга келдим,
Боз атчан сыр билгендей алсыз жөөнүн.
Чет элге жумшашты эле кеттим каалап,
Баскандай күбөлөнтүп тагдыр мөөрүн.

Адистик таянычым арка жөлөк,
Меймандай сыйлатса да атай бөлөк.
Башымдан ылдый алтын куйса дагы,
Кетсем дейм ата журтка андан көрөк.
Кош өмүр уласа да тойдум кечтим,
Сунса да кере жутар мелт-калт мүрөк.

Чет элде кунарсыздай бакыт-дөөлөт
Койгондой жамаачылал тепчип төөнөп.
Ал жарда кадыр-барктын бийлиги акча,
Зөөкүрлүк кете бермей акты көөлөп.
Бармакты кесе тиштеп чыдайсың го,
Чоюлуп узаргансыйт үч жыл мөөнөт.

Кетүүнү чыдамсыздан күткөн кезим,
Мөңкүйбу жүрөктү кой туйлап безим.
Дал чектен бери өтөрдө кысынсам да,
Каректи чымчыгансып ички сезим.
Эреркеп эске түшүп элестепмин,
Керимсел ата журттун жайлоо кечин.

Ата журттун жамалы (Жумадил Бектуров)

Көк теңирдин
Көркүн бузба, сур булут,
Көчүп-конуп
Көчүң коштоп удургуп.
Жаркыратып мөмөлөрүн бакыттын
Дайым таза,
Ачык турсун Ата Журт.

Кабак бүркөп
Көк кудайы пир болуп,
Ыйлап турсаң
Бир басаңдап, бир толуп
Калабы деп
Корком Ата Журтумдун Каш-кирпиги,
Этек-жеңи кир болуп.

Бейкутчулук
Сенден бир аз тажады,
Көп күчөнбө,
Ай-ааламдын шамалы, Улуп-уңшуп,
Чаң учуруп сен турсаң
Бекеринен
Тотугат деп аяймын
Тоолук эмес,
Ата Журттун жамалы!

Мекеним барда мен бармын (Камбаралы Бобулов)

Мекеним барда, мен бармын,
Мекеним барда Камбармын.
Мекеним сүйүп өссө экен,
Жанымдай көргөн балдарым.

Мекеним барда мен бармын,
Мекеним барда Камбармын.
Унутпай жүрөр мекеним,
Артымда калса ырларым.

Басканымда кызыл аянт үстүнөн,
Кубат алам кызыл туудай түсүнөн.
Тилеги бир эмгекчилер дүйнөлүк,
Шыктанышат Кремлдин күүсүнөн.

Чарчап келсең көсөм жаткан аянтка,
Ээ болосуң талыбаган канатка.
Ушул жерге жетсек дешип умтулат,
Индус, немец, эрк талашкан араб да.

Ушул жерде душман турса апкарып,
Ушул жерде достор турат катарга.
Качан келсең Ленин сүйлөп жаткансыйт,
Жол көрсөтүп кары менен жаштарга.

Айлым бар (Камбаралы Бобулов)

Айлым бар, менин айлым бар,
Шаңкыган дайра боюнда.
Элеси турар жаркырап,
Ар дайым көңүл — оюмда.

Айлым бар, менин айлым бар,
Көгүлтүр тоонун койнунда.
Эстеген сайын зымырап,
Жетемин учкул оюма.

Туулган айлым өсөрүм
Туулган айлым өсөрүм,
Турумтай кезден көтөрдүң.
Турмушум түгөл бүткүчө,
Туу кылып сени өтөрмүн.

Көркөмсүң мага, көркөмсүң,
Көп эле көргөн айылдан.
Балалык калган өлкөмсүң,
Баш учу жоктой жайылган.

Аталар (Мар Алиев)

Коргоп Мекен — Энесин,
Канга боёп денесин.
Ата журтум унутпайт,
Окко учкандар элесин.

Эстеп үйдө балдарын,
Эңсеп үйдө алганын.
Төргө өткөрбөй душманды,
Төкпөдүңбү кандарын.

Ойлоп-ойлоп күлгөнүн,
Ойноп эркин жүргөнүн.
Канчасын кийди аталар,
Кан жыттанган күрмөнүн.

Адырга кою жайылган,
Аскерге кетип айылдач.
Алыска жөнөп кетээрде,
Ала-Тоом, сага тайынган.

Жондордон жылкы кайырган,
Жоокерлеп кетип айылдан.
Жергемде азыр куунаган,
Жеңиштин туусу сайылган.

Душмандын мизин майтарып,
Дууладык, азыр айталык!
Ак жолтой балдар атасы,
Тынчтыкты берген кайтарып.

Ташмат Арыковдун төрт сап ырларынан

О, Ата журт!
Мен адаммын саа таза,
Менден өзүң кереметтүү жаа жаса.
Барып туруп сайылайын көзүнө,
Эгерде ким кан согушту кааласа.

Ашып-ташып кубат берип жаш жанга,
Көргөн сайын, көңүл учат асманга.
Эмнегедир мен жашара түшөмүн,
Тууган жердин топурагын басканда.

Мени ысытпайт айылымдын аптабы,
Мени үшүтпөйт кыштын ызгаар чачканы.
Айылыма барып калган кездерде,
Билбей калам ырахаттан башканы.

Бала кезде мен ойногон сай мына,
Жаштыгыма күбө болгон жай мына.
Нe касиет бар экенин билбеймин,
Барган сайын баргым келет айлыма.

Тууган жерге кеткен жол
Басам аны күндүзүндө көңүл жай,
Басам аны турган кезде асманда ай.
Тажабастан баса берем бу жолду,
Ысыгынан, суугунан жазганбай.

Гүлдөр жайнап мага таазим кылгансыйт,
Торгой сайрап мага шаттык кургансыйт.
Теңдеши жок кымбат нерсе мен үчүн
Ушул жолдун аягында тургансыйт.

Мекенди сүйүү жөнүндө (Ташмат Арыков)

"Мекеним,
Сени жандай сүйөм" — деген,
"Мекеним,
Сага аябай күйөм" — деген.
"Мекеним,
Сени унутпай жүрөм" — деген,
Сөздөрдүн далайларын угуп келем.

Айтаарын бул сөздөрдү айтып алып,
Жүрүшөт шаан-шөкөттүн күүсүн чалып.
Мекенди сүйүү деген алар үчүн
Сезилет оңой болуп ушунчалык.

Алардай сүйөм дебейм Мекенимди,
Мендеги ак сүйүүдөн ушул белги:
Колуман келе турган ишти аткарып,
Ар убак төгө берем маңдай терди.

Тынчтык — эне (Абдылда Белеков)

Кандуу согуш, кансыз согуш,
Дагы согуш токсон тогуз,
Тийди согуш журөкке,
Бул согуштар токтолбосо
Кимдер жетет тилекке.

Кырк бешинчи,.. кыялга мас,
Кырчын элек жыйырма жаш.
Чач агарды, чама кетти,
Тентек балдар бойго жетти,
Жылдар тизгин жыя албас.

Көп энелер,
Көп аталар,
Көрбөй калган баласын.
Көп жесирлер өңү жездей,
Санга бөлүп санаасын
Согуш десе солк дей түшөт,
Козгоп эски жарасын.
Тынчтык ишин корго талбай,
Сак бололу, сактагандай,
Көзүбүздүн карасын.

Элим, жерим (Сатин Абдыкеримова)

Элим-жерим карааныңдан кагылам,
Эки ай катар көрбөй калсам сагынам.
Ата-энем жашап өткөн алтын жер,
Айтсам чынын артык көрөм жаныман.

Топурагың торко болуп көрүнөт.
Токсон түркүн көңүл чиркин бөлүнөт.
Абаң таза мээлүүн желдүү, жыпар жыт,
Апта күндө арык малдар семирет.

Айланайын элим-жерим берекем,
Айланайын ак сүт берген энекем.
Элим-жерим, энем-атам кечирчи,
Эмгегим аз, менде акыңар көп экен.

Тууган жер (автору белгисиз)

Кой жайып кокту жылгаңдан,
Канча ыр сенде ырдалган.
Гүл жыттап четин түбүндө,
Көмүскө далай сыр калган.

Гүл көрсөм шаардан күнүгө,
Окшотом сенин гүлүңө.
Музыка уксам жагымдуу,
Мукамдаш сууңун үнүнө.

Анткени, жерим сеп мага,
Айрылгыс доссуң сырдана.
Жаш күнүм белек калтыргам,
Жыбытың менен жылгаңа.

Ыйык мекен
Алмаштыргыс өмүргө,
Алмаштыргыс алтынга.
Өзүң кыйып өлүмгө
Мекен калар артыңда.

Мен баскан жол чай жарып,
Сен от жаккан кемеге,
Мен атага айланып,
Сен айланган энеге...

Ыйык мекен мына ошо,
Ырыскың да сыймыгың.
Таза сакта жүрөктө
Тагдырыңдын сыйлыгын...

Кыргызстан (автору белгисиз)

Балдары баатыр эр чыккан,
Балбан билек шер чыккан.
Ат дайныңды эл уккан.
Өрүшкө малы жайлаган,
Өзөнгө жылкы байлаган.
Ышкыбоз келип баарысы,
Ырыскы баштан тайбаган.

Суулары ашып сай-сайдан,
Өзөнгө куюп ар жайдан.
Жээгинде түркүн гүлү бар,
Кубанбай коёт кандай жан.

Суусуну шекер, чөбү бал,
Семирип малы дардайган.
Аскасы бийик кар чалган,
Аягын токой курчаган.

Арасы түрлүү кайберен,
Аярлап түнөп тынчыган.
Агала барчын шаңшыса,
Ак калтар качат бурчунан.

Аргымак күлүк байлаган,
Алыска чаап айдаган.
Төрт түлүктүү мал багып,
Төр-төрдүн башын жайлаган.
Белгилүү болуп кыргыз эл,
Береке ашып жайнаган.

Келин менен кыздары,
Келтирип чолпу тагынган.
Кээ бир жигит суктанып,
Кезиккенче сагынган.
Элечек башта калкайып,
Энелер ичик жамынган.

Дүйнөгө чыгып атагы,
Дүркүрөп кыргыз байыды.
Жайлоосу мал, бөксөдө,
Жаркырап конгон айылы.
Кыйкырып короо кайтарып,
Кыз-келиндин шайыры.

Жерлери сонун кыргыздын (автору белгисиз)

Атырдай жыты буркурап,
Салкын жел согуп зыркырап.
Абасы таза, тунук суу,
Жайлоосу сонун кыргыздын!

Кайыштай тилип чымдарын,
Себип бермет дандары.
Мол түшүм берген өстүрүп,
Жери сонун кыргыздын.

Аталышы жана автору белгисиз

Кайнаган эмгек планы,
Гүлдөгөн колхоз талаасы.
Кажыбас эмгек балбаны,
Эли сонун кыргыздын.

Эркиндиктин таңында
Коммунизм доорунда.
Билим кенин казышкан,
Жаштары сонун кыргыздын.

Энекем — куттуу мекеним (автору белгисиз)

Чок кармаган колдору апакемин,
Тарткынчыктайт негедир жыйып демин.
Тайманбай ташты кечкен буттарынан,
Ташыркоонун белгисин көрүп турам.

Анар жытту ак алма чырайыңа,
Кыш бубагы кыялай түшөт улам.
Ак кайыңдай буралган шыңга мүчөң,
Азыр башка апакай... Түтөй түшөм.

Чечен элең апакем сөзүң балдай,
Назик элең буралып мажүрүм талдай.
Мококтонот мүнөзүң кою тартып,
Жаштыгыңдын жагымдуу назы калбай.

Ата-Журтка арнадың албан ишиң,
Мага бердиң ак сүтүң, бөлдүң күчүң.
Сыймыктана түшөмүн ушуну ойлоп,
Картайды деп апакем ошол үчүн.

Барсам базар берекем о, апакем,
Урмат-сыйым, дагы да көрсөң экен.
Мен сен үчүн боло алсам гүлдүү бакча,
А мен үчүн энекем - куттуу мекен.

Туулган жер (автору белгисиз)

Карачы,
Жүрөгүмдүн ачышканын...
Өзүңдү
Дагы ойлонуп олтурамын.
Ушундай
Учурларда жетип барып,
Жыңайлак
Баскым келет көктөмдөрдү,
Жыңайлак
Кечким келет сууларыңды
Эзилген
Эжигейдей чаптарыңды,
Чаңдарың
Буртулдаган талаалардын,
Өпкүлөп,
Борпоң кара топурагың.

Карачы,
Жашылданган туш-тарапты!
Жаз дагы
Жагалданып, келген экен
Ааламдын
Түбөлүктүү кооздугу
Жашоонун
Жаз айдагы жаңырыгы,
Өмүрдүн,
Өлбөстүктүн гимни бекен!

Бир түндө
Жүз өзгөрөт көргөн түшүм
Карачы!
Тууган жердин укмуш күчүн!
Боюма
Толуп келет сагынычтар...
Оюма
Толуп келет кусалыктар...
Борборун
Көңүлүмдүн ээлеп бүтүн
Кочуштап,
тоо сууларын жуткум келет,
Эртеңки
Жашоолордун урматы үчүн!
Бүгүнкү
Өмүрлөрдүн урматы үчүн!
Асылым,
Өзүң үчүн, өзүм үчүн!

Медерим менин мекеним (автору белгисиз)

Мекеним, өмүрүмсүң, күнүм сенде,
Мен сакчың, көз ирмебес тынчтык коргоп.
Жорудай жортуул жасап душман келсе,
Жүрөгүм бек түйүлгөн муштум болмок!

Актаймын (автору белгисиз)

Мекеним, мен да актаймын
Эмизген аппак сүтүңдү.
Ушунум бир уул болсо деп,
Өстүрдүң жумшап күчүңдү.
Каруу-күч толсун карап тур,
Чайытам айга жүзүңдү.

Талпынган азыр түлөкмүн
Соңунан түшкөн тилектин.
Мекеним болуп бүт аалам
Кай жерде жүрсөм тиет күн.
Дүйнө эли бизди ээрчишмек
Арадан жылдар, күн өтсүн!

Өзүңдөн шоола чачырап,
Тартылат бардык алыстык.
Эркиндик күткөн эмгекчи эл
Умтулду сага - ырыс кут!
Анткени коммунизм,- бул
Жашоодо жалгыз калыстык!

Түбөлүк жарык мекеним (автору белгисиз)

Түбөлүк жарык-Мекеним,
Түз кармап мени жетегиң.
Алдыга зуулап баратам,
Айчылык калып кечегим.

Чаңкасам кана жутууга,
Чаалыксам талбай учууга,
Булак да, күч да өзүңсүң
Бузулбас бактым - ушу да!

Таңындай Ысык-Көлүмүң,
Таптаза жаштык көңүлүм.
Анткени сендик эмеспи
Ак эмгек, кымбат өмүрүм.

Тууган жер (автору белгисиз)

Жүргөндө кээде сенден алыс-ыраак,
Жүрөгүм өзүңдү эстеп-жакынсырап.
Туурун эч таштай албас балапандай
Турамын туз-даамыңа ачымсырап.

Жүрсөм да булуттардын четин жиреп,
Жүрөгүм өзүнчө эле жетимсиреп.
Кайрылып конгум келет кайра өзүңө
Калчудай кокус келбей экинчи ирет.

Жүрсөм мен жердин алыс тарабында
Жүктөлүп оор бир күч кабагымда,
Салаңдап, самсаалаган булут сымал
Саргайып санаа тартып каламын да.

Тууган жер-туурум менин сагынычтуу
Туулгам ичтен сага багынычтуу.
Калыс сөз: мындан артык бакытым жок,
Канатым сениң мени алып уччу.

Республикам Кыргызстан (автору белгисиз)

Асманга жакын жашап жылдыз учкан,
Эгерим иш жасабай кыңды бузган,
Сулуудай эрке күткөн табиигатты,
Керемет республикам Кыргызстан!

Тоо койнун мекен кылып Ата-Бабам,
Эч элге баскынчылык жасабаган.
Казакты меңдей бүткөн бир тууган деп,
Өзбөккө колун бир да матабаган.

Кыз берип, куда болуп тажиктерге.
Орусту кууган эмес, тарып жерге.
Кыргызым канча болсо, дал ошончо
Калк жашайт.
Байбыз азыр шериктерге,

Татар, түрк, немис, еврей быкылдашат,
Дунгандар көк базарда тысылдашат.
Карачай, балкар, чечен, ингуш бизге
келгенде, бир какпадык кысым жасап.

Бардыгын багып, күтүп баласындай.
Кээ бири кесирленсе, ага сынбай
балпактайт чоң энедей Кыргызстан,
Ким болбо тоо койнунан табышат жай.

Сыркоолор Ата-Тоодон айыгышып,
Куштар да те бийикте кайып учуп,
Шекер даам жер-жемиштин баары өсөт
Анткени, кышы суук да, жайы ысык.

Тоосу бар көк асманды тиреп турган,
Зоосу бар ак булутту жиреп турган,
Нөшөрдөн көктүн чети калса кетип
Чалыган кайра бүтөп, ширеп турган.

Ала-Тоо койну бүтүн керемет деп,
Ал жыргал көп жерлерге келелек деп,
Кеп кылат бизде жашап калган калктар,
Турмушу беш жыл өтпөй кеңелет көп.

Мал багып жылда далай адырды ашып,
Иш кылган табийгатка акылдашып.
Кыргыздар бир башкача даанышман эл
Көп калкты бириктирген жакындатып.

Көк тиреп чоктой кызыл асабасы,
Ала-Тоо мен-менсинет, таза абасы.
Өз өлкөм Кыргызстан, Кыргызстан
Берилди Теңиримден бата башы.

Аталып Кыргызстан республикасы!
Туулган күн да күлүп келди ырасы.
Куттуктайм республикам Кыргызстан!
Ким мындай кылган эле элди ыраазы.

Жүрөктү махабаттай миң жылыткан
О, элим! Кана жуткун бул ырыстан
Көрсөтчү метиркеңди, куттуктайын
Алтыным, республикам Кыргызстан!

Кыргызстан (автору белгисиз)

Ак кар, көк муз серүүн кармап абасын,
Төрт түлүк мал ээлеп тоолор арасын,
Кен десең ден, дан десен дан, жемишти
бейиш эмес, ушул жерден табасың.

Кайырма:
Чолпондой жанган күн чыгыштан,
Ордолуу өлкө Кыргызстан.
Бабасы Манас улуу кыргыз
Дос күткөн дайым көп улуттан

Энесайдан Ысык-Көлгө созулган
Улуу журтта кара кыргыз отурган
Доско сыйкор, кас катылса, көзгө аткан
шерлер чыккан чоң, же кичи кошундан

Кайырма

Ала-Тоого суктанышып жылдыздар,
Шаңдуу эмгек жана салттуу турмуш бар
Кып-кызыл тууң көктө бийик желбиреп,
Бар бол! Өөрчү! Байыркы эл кыргыздар!

Кайырма

Ата-журт (автору белгисиз)

Элиңди чындап сүйбөсөң,
Эл үчүн оттой күйбөсөң,
Анда сен жүргөн бирөөсүң
Болбойсуң эч-эч кимге тең.

Элиңди чындап сүйө бил,
Эл үчүн оттой күйө бүл
Ата-Журт уулу дегенди
Акылга дайым түйө жүр.

Жашоонун неде кызыгы?
Жүргөндө сообу, кызуубу
Эсиңден такыр чыгарбай,
Эсиңе салгын утуру.

Жашоонун мында кызыгы:
Жап-жакшы чыкса кыз-уулу
Шар суудай толкуп Ата-Журт
Шаңданып турат утуру.

Сүйүүнүн куту элиңде,
Сүйүүнүн куту жериңде.
Шуулдап басып баратсан,
Ушул сөз турсун демиңде

Мекен — энем (автору белгисиз)

Балдарга ой бөлүп,
Бөпөлөп кол берип.
Бапестеп өстүрдүң,
Бар жактан кам көрүп.

Эй, мекен - энекем,
Жок экен сага тең.
Ар убак ардактап,
Сүйөмүн сени мен.

Жаткан чөл сурданып,
Жаңырды суу алып.
Тынчтык деп үн салып,
Турасың нурданып.

Ай, мекен - энекем,
Аймагың кең экен.
Бар жактан акындар,
Мактаары эп экен.

Даңкыңды чыгарып,
Өсө бер чыңалып.
Атагың ыр кылып,
Ырдайбыз кубанып.

Ой, мекен - энекем,
Жок экен сага тең.
Кечке ойноп бакчаңда,
Жоодурап күлөм мен.

Мекеним жана мен (автору белгисиз)

Дүрт этип бир жанып, кайрадан,
Өчпөйүн эне жыт боорунда.
Турмушта бышыгып, кайнаган,
Болоюн кыйындык жолунда.

Карааны каректе үзүлбөй,
Алыс жол, тер керек күлүккө.
Ооруңду колумдан түшүрбөй,
Ардактап коёюн бийикке.

Бул сырым - чын антым жүрөктөн,
Тээ алыс канатым жазайын.
Мекеним, мени алга сүрөткөн,
Кебелбес кениңди ачайын.

Энемдей мээримдүү бөпөлөп,
Күүлөрүм миң толгоп таштадың.
Көрк төгүп чынардай көкөлөп,
Болоюн жапжашыл жаздарың...

Дүрт этип бир жанып, кайрадан,
Өчпөйүн эне жыт боорунда.
Турмушта бышыгып кайнаган,
Турайын ак эмгек жолуңда.

Мекен — эне тилеги (автору белгисиз)

Жер шары айтты:- "Бүлүк салды фашизм,
Тагы калды, күчөп далай жаратым..."
Энем айтты: - Эстегенде өрт ичим,
Кан майдандан кайтпай калды канатым!

Жер шары айтты:- "Мөмө болуп айланам,
Жаркылдасын Жердин жылдыз оттору!"
Энем айтты; - "Учпаса экен кайрадан,
Кан эңсеген каракчынын октору..."

Коштоп дайым мекен, эне тилегин,
Жаша, тынчтык, жашаар күнүм - тирегим.
Сезимдерге уяласын шаттык ыр,
Сен жылытып, Жер дүйнөнүн жүрөгүн.

Тууган жерге толгонуу (автору белгисиз)

Зыпылдап чабалекей канаттары,
Жан достой көркүн төгүп дарак дагы.
Таштасам тууган жерге кадамымды,
Шарт этет балалыктын барактары.

Жыт алсам жайлоо сымак абасынан.
Чыккансыйм жыпар гүлдүн арасынан.
Күлкүсүн атакемдин баба дыйкан,
Угамын ак буудайдын талаасынан.

Таңынын сулуулугун көрүп турам,
Тоосунда токой болуп өнүп турам.
Чынында тууган жерден кубаттанып,
Дүрт этип ыр жамгырын төгүп турам.

Комуздун күүсү кетпей кулагыман,
Өмүрдүн басар жолун сурап улам.
Энемдин ыр, күлкүсүн, берекесин,
Көрөмүн шылдыр аккан булагыңан.

О, мекен жылдыздарың көрүп нечен,
Ыр самап кээде сага келип кетем.
Сөзүнө кээ бирөөнүн тоңсом дагы,
Тууган жер! Мээримиңе эрип кетем.

Мекен мөмөлөрү (автору белгисиз)

Сары өрүк, алча, жүзүм ширин белем,
Миң самап күн шооласын күлүңдөгөн.
Ах чиркин! таңдай жарып таттуу болгон,
Бал даамы алтын жердин, улуу сыйдын
Бар белем касиет, күчү билинбеген...

Көтөрүп бирин эмес, миңин жүктү,
Сезимге уялатып биримдикти.
Биз дагы, гүл мекендин мөмөлөрү,
Жемишин төгүп дайым тууган элге,
Билгизип турсак экен шириндикти...

Ата-журт жөнүндө ойлоп... (автору белгисиз)

Алтын чынар Ата журтка карасам,
Талбас эмгек, талаа бакыт, талаа шаң.
Күткөн үмүт гүл жыттарын аңкытып,
Күмүш жапкан Күн үстүндө баратам.
Өлбөс болуп кайрадан жаш төрөлүп,
Кыялымда кымбат күүнү жаратам...

Эмгек жарак жок эмес, бар колумда,
Кез болуп мен дүйнөдөгү сонунга.
Көркүнө көрк кошуп сулуу мекендин,
Көл түбүнөн каухар сузам оюмда.
Жаштык күүсүн сүрөп ыйык журтумдун,
Жалын болуп жангым келет бооруңда.

Коркпой эзел келген жоонун астында,
Айланып мен жалын бүрккөн ташкынга.
Кыш бороонун сүрүп таштап алыска,
Бөлөсөм дейм Ата журтту жаз нурга,
Дан берметин дайра кылып агызып,
Таалай гүлүн таккым келет таш, кырга!

Биздин Кыргызстан (автору белгисиз)

Чуу менен күнгө аралаш бирге чыккан.
Теңселген эрк туусунун түбүнө ыккан,
Шаңы бар улуу дуунун арасында,
Бирге эле биздин Кызыл Кыргызстан!

Ал күндүн күрөш түнүн алып жатка,
Жаш жүрөк миң толголуу күүсүн тартса.
Кебелбес күч кенчине малынасың,
Бир жактан азоо кыял алып качса.

Антүүнүн кең-кесири мааниси бул,
Бел байлап майданда эли эмгекчи уул,
Жулунду эрк алам деп көрүп шоола,
Теминип ирегеден күң менен кул.

Ал бүгүн кош-колондуу кызыл кербен,
Кутулган түнт токойлуу калың черден.
Союздун ишеничтүү бир уулу,
Душманга тиешелүү жообун берген.

Ушинтип күрөш күчөп биздин жакта,
Алдыга ири адымдап турган чакта,
Өлкөнүн жаш акыны рапорт берем,
Кыйкырык угулгандай чар тарапка!

Жетелеп төтө менен алып барчу,
Кулак сал Лениндин партиясы.
Бышыктап сен көрсөткөн туура жолдо
Баратат өнүп, өсүп жарды-жалчы.

Мынакей, бизде кубат, күч кабелтең,
Жоо болсо, салышабыз деңгээлдешкен.
Макдональд бакырайба так-так "таксыр",
Союздун бир балбаны - кыргыз жергем!

Чуу менен күнгө аралаш бирге чыккан,
Теңселген эрк туусунун түбүнө ыккан,
Шаңы бар улуу дуунун арасында
Бирге эле биздин Кызыл Кыргызстан!

Ата журт үчүн майданга (автору белгисиз)

Жүгүрсө шамал жетпеген,
Тулпарды элим мингиздиң,
Ата журт үчүн кан төгүү -
Антыбыз болот бул биздин...

Фашисттин кесип баштарын,
Балтыркан сындуу кыялы,
Ажыдар башын тепсесин
Аттардын өткүр туягы.

Берендей эргип шаң менен
Беттешкен жоодон тайманба,
Алдыга, достор, алдыга
Ата журт үчүн майданга.

Аталышы белгисиз (автору Асема, фамилиясы белгисиз)

Кагылайын кыргыз калкым жүрөгүм,
Ыйыктардын ыйыгысын мен үчүн.
Рыспай ырдап, Токтогул төгүп бүтпөгөн,
Өсө бергин жадырайып ар күнүң!

Аталышы белгисиз (автору Зуура, фамилиясы белгисиз)

Башка элге суктанбадым,
Башка жерге уктабадым.
Көз ачканда көргөм таанып,
Сенсиң элим, сенсиң жерим Кыргызстан.

Аталышы белгисиз (Турсунбекова Нарсинай)

Мекеним — Кыргызстан!
Мекеним менин — Кыргызстан
Сыймыктанам, мактанам!
Бийик тоолуу, асыл деп,
Көргөндүн баары суктанган!

Кыргыз элим,кыргыз жерим,
Эч нерсеге алмашкыс,
Чексиз шүгүр Кудайга!
Бейиштей жериң карачы!
Жайлоосу кең, суулары мол,
Суулардын эң тазасы.

Тоосунда жатат кайберен,
Алтындай жериң карачы!
Бийик тоолуу аскалуу,
Жерлери сонун, токойлуу.
Ала-Тоо турат ак калпак кийип,
Аскасы көк асманга тийип.

Мекеним сени жандай сүйөмүн!
Мекеним сага таазим кыламын!
Кайсыл жерде болсом дагы сени эстеп,
Мекеним сени унутпай жүрөмүн!

Кошумча шилтемелер

Жайгаштыруу: 2018-10-22, Көрүүлөр: 491261, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо