Манастын жети осуяты
Манас атанын жети осуяты - Дүйнөгө белгилүү «Манас» эпосунан алынган акыл-насааттар, идеялар. Манастын жети осуяты Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти А. Акаев жактан иштелип чыгып, Кыргызстандын бүт аймактарына таралган. Алар калктын атуулдук, улуттук ар-намысын ойготуу максатын көздөйт. Ал осуяттар төмөнкүлөр:
- Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги.
- Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык
- Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет
- Арыбас мээнет, алдынкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу
- Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк
- Табият менен таттуу мамиледе болуу
- Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.
Чечмелениши, мааниси:
Аз да болсо чечмелеп көрөлү, дароо айтып коелу бул менин жеке оюм боюнча, ар адамдын ою башка эмеспи.
- Элдин ынтымагы, бөлүнбөй биргелешип иш кылсак баарын жеңебиз, каалаган кыйынчылыктарга чыдайбыз деген мааниде.
- Башка элдер, улуттар менен жакшы мамиледе болуу, кызматташуу, өнөктөшүү
- Ар бир жаран патриот болуусу, ата-мекен алдындагы милдетин сезе билүүсү, инсан катары мекенин жана өзүн сыйлоо
- Эмгек, акыл-эс, билим аркылуу жакшы жашоо жолунда басуу, жалкоолуктан, жаман адаттардан арылуу
- Ички жан-дүйнөнү байытып, акылдуу, адилеттүү, тажрыйбалуу, көптү билген көсөн адам болуу
- Жаратылышты коргоо, ага аяр мамиле жасоо, жаратылышка ысыраптык мамиле жасабоо, ар бир өсүмдүк, ар бир жандыктын маанисин билүү
- Эркек же аял болобу Мекенибизди өнүктүрүүгө салым кошуу, душмандардан сактоо, ата-журт, кичи-мекен, үй-бүлөө мунун баары Мекенибиз экенин түшүнө билүү.
Манастын жети осуяты англисче
- Integrity and internal unity of the Kyrgyz people;
- International cohesion, friendship, cooperation;
- National and civil honor;
- Through hard-working and tireless work from knowledge to prosperity and well-being;
- Humanism, generosity, tolerance;
- Harmony with nature;
- Strengthening and protection of Kyrgyz statehood.
Ошондой эле Манастын жети осуяты кыргыз адабиятынын мектеп программасына киргизилген. Жаш муундарга ошондой эле республиканын жарандарына турмуштук көрсөткүч-маяк катары таасирин тийгизүүдө десек да болот. Достор суроолор болсо жазып койгула, сөзсүз кошумчалап же жооп жазабыз.
Даярдаган: Саулешка
Кошумча шилтеме: