Айтылгандай эле ал Кочкор районундагы Кочкор кыштагында жарык дүйнөгө келген. Коомдук, мамлекеттик жана саясий ишмер. Мектепти бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтунан, КПСС БКнын алдындагы партиялык жогорку мектептен, В. И. Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогика институтунан билим алган.
Москвада КПСС БКнын аппаратында жооптуу кызматта болгон. Азыркы Кыргыз Туусу гезитинин редактору, партиялык Фрунзе шааркомунун 1961-1985-жылдары, Кыргызстан КП БКнын секретары болуп иштеген. Турдакун Усубалиев бала чагында эле жакшы окуган, пионер, комсомол уюмдарынын ишинде өзүнүн уюштургуч, иш билги жөндөмүн көргөзгөн.
Ушундан улам аны жолдоштору сыйлашкан. Өз алдынча көп окуп, жаш чагында эле келечекте жакшы адамдардан болсом экен деп аракет кылган. Ал кыргыз жаштарынын билим алуусуна, айрыкча орус тилин мыкты өздөштүрүшүнө көп көнүл бурган. Натыйжада анын түздөн-түз демилгеси менен борбор шаарда Орус тили жана адабияты педагогика институту (азыркы БГУ) ачылган.
Ал жетекчи болуп турган кезде республикада бир канча завод, фабрикалар ишке киргизилген. Токтогул, Үчкоргон, Күрпсай өңдүү ГЭСтер, Бишкек - Ош жолу, Манас аэропорту пайдаланууга берилген. Аны жакшы билген адамдар борбор шаарыбыздын башкы архитектору деп да коюшат.
Анткени Бишкек шаарынын Алатоо аянты, Өкмөт үйү, филармония, кыргыз, орус драма театрлары жана башкалар Турдакун Усубалиевдин убагында курулган. Мындай жакшы иштер Ошто, Караколдо, Нарында, Жалал-абадта, Таласта да болгон. Турдакун Усубалиев Кыргыз Республикасынын Баатыры, 1996-жылы 1-даражадагы Манас ордени, Орус жана Кыргыз өлкөлөрүнүн достугуна жана кызматташтыгына кошкон чоң салымы үчүн Россия Федерациясынын "Орден Дружбы" медалы менен 1999 жылдын 25-сентябрында, Ленин атындагы орден менен эки жолу 1969 жана 1979 жылдары сыйланып, Эмгек Кызыл туу жана Октябрь Революциясы ордендеринин, "Ак-Шумкар" өзгөчө белгисинин ээси. Жогорку Кеңештин бир канча жолку депутаты.
Үй-бүлөсү
Атасы - Усубалы Кененсариев, апасы - Рапия Байгазиева. Карындашы Сайра Усубалиева. Өмүрлүк жары - Усубалиева Күлжаке Ниязаливна (1920-2000). Балдары: уулу Сыргак (1946-2007), уулу Эсенгул (1948), кызы Бермет (1958). Неберелери: Эркин, Эрмек, Энвер, Эсен жана Бегайым. Чөбөрөлөрү: Элан, Этар, Эмир, Эмад, Таир-Кемел, Сана-Адель.
Сайра Усубалиева: Турдакун ишинин көптүгүнө карабастан, үй-бүлөөгө да көңүл бурууга жетишчү. Үй-бүлөөдө эки биртууган эле болчубуз, мен жана ал, ошондуктан биз абдан ынтымактуу элек. Өмүр бою эл - деп, эл үчүн иштеген адам эле.
Небереси Эсен Усубакуновдун айтуусуна караганда Турдакун атабыз үй-бүлөөдө небелерин, чөбөрөлөрүн абдан жактырып, үйдө өзүн жайлуу алып жүрчү. Бирок, ошого карабастан өзүнүн ички олуттуулугу, сабырдуулугу сезилип турчу. Албетте, түрдү тамашаларды айтып, үй-бүлөө ичинде көңүлү ачык, катардагы адамдардай эле жакшы маанайда болуучу.
Билими
1939–1941 гг. – Кыргыз Мамлекеттик педагогика институту. Фрунзе шаары.
1943–1945 гг. – ЦК ВКП(б)нын жогорку партия мектебинин окуучусу. Мовсква шаары.
1955 г. – В. И. Ленин атындагы мамлекеттик Москва педагогикалык институтту сырттан окуп бүтүргөн.
Турдакун Усубалиев 1985-жылы ардактуу эс алууга чыгып, 2008-жылы "Бүтүн Кыргызстан" саясый кыймылынын (партия эмес) негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.
2015-жылдын 7 сентябрында Турдакун Усубалиев узакка созулган оорудан кийин жарык дүйнө менен кош айтышкан. Көзү тирүү кезинде 10 ашык китеп, 100дөн ашык макалаларды жазып калтырган.
Сүрөттө көрсөтүлгөн эстеликтин идеясын балдары иштеп чыгып, ал Турдакун атанын өзүндөй дешет: жөнөкөй, чынчыл (стеликтин айнегиндей таза, тунук дегендей) жана олуттуу.
Ооба, Турдакун атабыз 96 жаш курагында бул дүйнөдөн кете берди. Ошого карабастан чыныгы кыргыз инсанынын жашоосу укмуштуудай жемиштүү, окуяларга бай болуп, көп жылдык саясый карьерасы Кыргызстандын жаңы тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Атабыз Кыргыз өлкөсүн, тагыраак айтканда Кыргыз ССРин дээрлик чейрек кылым башкарды (1961-1985). Бул мезгилде кыргыз калкынын жашоосунда ири өзгөрүүлөр болду, кыргыз өлкөсү өзгөрдү.
Кымбаттуу колдонуучу, Турдакун Усубалиев тууралуу кыргызча кошумча-алымча маалыматтар болсо тартынбай пикир жазып койгула.