Гальваникалык элементтер - электр тогунун туюк электр чынжырындагы эки металлдын же алардын оксидеринин электролиттеги өз ара аракеттешүүсүндө негизделген электр тогунун химиялык булагы. Жөнөкөй тил менен айтканда батарея. Луиджи Гальванинин атынан аталган. Химиялык энергиянын электр энергиясына өтүүсү гальваникалык элементтерде ишке ашат.
Эвфемизм (грекче ἐυφήμη «жакшы сүйлөө» ← байыркы грекче εὖ «жакшы» + φήμη «сүйлөө, сөз») — мааниси жана эмоционалдык жүктөм жагынан нейтралдуу сөз же баяндама айтылыш, негизинен тексттерде жана коомдук айтылыштарда уяттуу же коомго туура келбеген сөздөрдү жана айтылыштарды башкалары менен алмаштыруу үчүн колдонулат.
Этиш — заттын кыймыл-аракетин, ал-абалын билдирүүчү сөз түркүмү этиш деп аталат. Эмне кылды? эмне кылат? эмне кылып жатат? эмне болду? эмне болуп жатат? кантет? деген сыяктуу суроолорго жооп берет. Мисалы: Айшакан сайма сайды. Самолёт бийик көтөрүлдү. Балдар келип калышты. Мен окуп жатам. Жакында айылга барам.
Доминион (англисче dominion, латынча dominium — ээлик) — иш жүзүндө Британ империясынын курамына кирген көз каранды эмес өлкө (учурда — Шериктештик курамында), доминиондо генерал-губернатор тарабынан көрсөтүлгөн британ монархы өлкө башчысы.
Дидактика (байыркы грекче διδακτικός «үйрөтүү») — билим алуунун көйгөйлөрүн илиздеген педагогика жана билим теориясынын бөлүмү. Билимдин, ыктын, көндүмдөрдүн өздөштүрүлүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана көз караштардын калыптануусун ачат, билимдин көлөмүн жана түзүмдүк мазмунун аныктайт.
Биосфера — (байыркы грекче βιος — жашоо жана σφαῖρα — сфера, шар) атмосфера, гидросфера жана литосферанын активдүү тиричилик өтүүчү бөлүгү.
Биогеоценоз (грек тилинен βίος — жашоо + γη — Жер + κοινός — жамаат) — бири-бири менен байланышы бар тирүү организмдердин жыйындысы жана бир аймактын айланасындагы чөйрөнүн абиотикалык факторлору — күн нуру, суу, заттардын айлануусу, энергия агымы.
Белек бий (төрөлгөн жана өлгөн жылы белгисиз) көл башында Бугу уруусунун бийи болгон. Белек бий кичине кезинен эле тын болуп, адамдардын кулк-мүнөзүн, жакшы жаманын ажыратып түшүнгөн.
Анаксимандр (байыркы грекче Ἀναξίμανδρος, б. з. ч. 611—546-жыл) — байыркы грек философу, милет табигый философия мектебинин өкүлү, Фалес Милетскийдин окуучусу жана Анаксимендин окутуучусу. Ыр формасында жазылган «Табият жөнүндө» трактатынын автору.
"Алгоритм деген эмне", анда бул жонундо кеп улайлы. Татаал маселелердин компьютерде кандайча чечилерин карайлы.