Белек бий


Белек бий (төрөлгөн жана өлгөн жылы белгисиз) көл башында Бугу уруусунун бийи болгон. Белек бий кичине кезинен эле тын болуп, адамдардын кулк-мүнөзүн, жакшы жаманын ажыратып түшүнгөн.

Белек бийдин үч аялынан он уулу болгон. Көзүнүн тирүүсүндө солто уруусунан чыккан Санчы-сынчыга балдарын сынаткан дешет. Санчы-сынчы Белектин балдарына төмөндөгүдөй сын берген экен:

Калмактан белги таш алган,
Бугунун бийи баатырым.
Балдарыңды Белек бий,
Сынатканы чакырдьң.
Чогултуп кел кашыма
Сынап берем башынан.
Чоң байбиче Мекеден,
Төрт уулуңдун жетеле.
Жазы маңдай жар кабак,
Сом билектүү немелер.
Суу башы болуп элдин алар,
Өз жандарын тынбагар,-деп.

Белек бийдин чоң байбичеси Мекеден төрт уулу болгон. Экинчи аялы Жаркын Эне болгон, Белек ата каза болгондон кийин кайниси Такабайга турмушка чыгат. Бүткүл арка кыргызында калмакка Белектен кадырлуусуу жок болгон. Белекти ээрчиген туугандары болсун, башкалар болсун тезинен эле байып кетишкен. Муну угуп Алайдан, Анжияндан, Кетмен-Төбөдөн жана башка жердеги тентип жүргөн, качып барган кыргыздар Белектин үстүнө келип, жанын багып турушкан.

Ошонун бири болуп, төрт ата тууганы Маматкул Учуке уулу Белеке көчүп келген. Маматкул бир жарым жыл турган кезде катыны тууп, Белектин катынынан аш катыктап ичүүгө май суратса, Белектин катыны: «Бечаранын катыны, бечарадай эле болбойбу, май эмес суу ичип туруп кетпейби», - деп май бербей койгон. Белектин үйүндө дайым бозо салынып турган, ал жерде күнүгө эл чогулуп бозо ичип турушкан. Бир күнү кар жаап жатканда Маматкул Белектикине бозо ичкени келет, ошондо Бугунун балдары: «Маматкул эмес эле, анык эле Мээнеткул экен» - деп айтышкан.

Мындан соң Маматкул Белектен ажырай көчүп, кытайдан барып Кетмен Төбөдөгү Сарыбагышка кошулган. Белек Нарындан көчүп келип, Кочкор, Күнгөй, Тескейдин көчүгү Кетмалды, көбүнчө Семиз-Бел, Улаколго келип турганы Белек Солтоноевдин Кызыл кыргыз тарыхында жазылган. Кыргыз тарыхында Белек бий калмактар менен тил табышып, элин тентитип жибербей Көл кылаасында алып калган дипломат, акылман бий катары ордун тапкан инсан болуп эстелет.

Белек бийге таазим
Кыргыз мамлекетин түзүү үчүн кыргыздын эр азаматтары күрөшкөн, жаны коомду курушкан жана бүгүнкү эгемендүүлүктүн пайдубалын тургузушкан. Алардын корунуктуусу Тагай-бий (Мухамед-кыргыз) ХVI кылымдын башында касиеттүү Ысык-Көлдө мамлекет түптөгөн. Тагай-бийдин алтынчы муундагы урпагы Жамангул уулу Белек-бий атактуу бабасынын ишин ийгиликтуу улантып, эл-жерин сактап калган. Белек-бий кылым тогошкондо төрөлүп, доор алмашкан, татаал мезгилде жашаган. Белек-бий терен ойлонуп, алысты көрө билген, анын саясий чечим кабыл алуусу менен чек ара аныкталып, кыргыз калкынын кызыкчылыгына чечкендиги баа жеткис экендигин баса белгилеп айткыбыз келет.

Белек-бий кыргыз элинин алдындагы жоопкерчилигин сезип, анын кызыкчылыгын коргоп, муундардын тагдыры, элдин келечеги үчүн күрөшүп келген. Эгемендүү мамлекет куруу максатында баскычыларга каршы курөштөргө өз салымын кошуп кыргыз урууларынын биримдигин бузган эмес. Кыргызтандын чыгыш тарабын ээлеген бугу уруусу геосаясий абалды эске алып, көп маселелерди дипломатиялык жол менен чечкенге аракет кылышкан. Эл аралык мамилелерди жөнгө салуунун дипломатиялык ишмердигин Белек-бийден, Бирназардан, Олжобайдан, Абылгазыдан, Боромбайдан Тилекматтан, Качыбектен, Кыдыр-акеден көрсөк болот. Белек-бий акылман, эл башчы сыпатында өзүнүн саясий багытын, башкарган элинин өнүгүүсү үчүн түзүлгөн кырдаалга жараша өзгөртүп турууга аргасыз болгон.

Белек-бийдин тарыхтагы орду, анын эл-жерге кылган кызматы менен бааланат, ал Жунгар хандыгында жогорку мамлекеттик кызматты аткарып, Ысык-Көлдүн элинин ханы деген даражага ээ болуп, элди-жерди сактап, Тагай-бийдин ишин уланткандардын көрүнүктүүсү болгон. Белек-бийдин Кыргыз Республикасынын аймагын калыптандырууга, жер соорусу болгон Ысык-Көлдү сактап калууга кылган эмгеги зор. Көчмөн мезгилде, жоокерчилик заманда жерди сактап калып, кийинки муундарга өткөрүп бериш өтө оор болгон. Белек атабыз ушул масалени көрөгөчтүк менен чечкендиктен урпактары аны унутпайт. Бүгүн Кыргыз Республикасы эл-жер үчүн иштеген, таза, чынчыл, ак ниет, ыймандуу, адептуу инсандарга муктаж. Белек-бий турмуштун бардык сыноосун көтөрүп, тунук акылы, даанышмандыгы, ак эмгеги, адамкерчилиги менен бийик даражага жетишкен. Анын өмүр жолу, жасаган эмгеги элине кылган кызматы урпактары үчүн сабак болуп, мамлекетке кызмат кылуучу инсандарды тарбиялоого үлгү болуп, шарт түзгөн.

2016-08-01 752 Башкалар Жыргалбекова С. 2017-09-19