Дидактика (байыркы грекче διδακτικός «үйрөтүү») — билим алуунун көйгөйлөрүн илиздеген педагогика жана билим теориясынын бөлүмү. Билимдин, ыктын, көндүмдөрдүн өздөштүрүлүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана көз караштардын калыптануусун ачат, билимдин көлөмүн жана түзүмдүк мазмунун аныктайт.
Дидактиканын негизги маселеси ар түрдүү формулировкаланат. Кээ бирлери аны окутуунун мазмуну жана тарбия маселелери менен, башкалары конкреттүү предметти «изилдөө процессинде окуучулардын ойлору кандай өтөөрү» менен байланыштырышат; үчүнчүлөрү аны «эмнеге үйрөтүү керек?» жана «кантип үйрөтүү керек?» деген эки суроо менен резюмелейт.
Дидактика окуу жана билим алуу теориясы катары тамырлары кылымдардын тереңине кирген. Билим алуу адам барда эле болгон, жана дайыма улана берген. Билим алуу теориясы чогулган жетишкендиктерди (маалыматтарды) кийинки муунга өткөрүп берүү зарылдыгы жаралганда эле калыптана баштаган. Белгилүү болгондой биринчилерден «дидактика» термини немец педагогу Вольфганг Раткенин (1571—1635, Ратихия) дилбаяндарында билим алуу искусствосун белгилөө үчүн пайдаланган. Аналогдук түрдө дидактиканы Ян Амос Коменский «барысын бардыгына үйрөтүүнүн универсалдуу искусствосу» деп трактовкалаган. XIX кылымдын башында немец педагогу Иоганн Фридрих Гербарт дидактикага тарбиялоочу окутуунун бүтүн жана карама-каршылыгы жок теория статусун берген.
Орустарда дидактика XIX кылымдын аягында Константин Ушинскийдин жана анын жолун жолдоочулардын (Пётр Каптерев, Николай Корф, Владимир Стоюнин, Николай Бунаков, Алексей Острогорский ж. б.) эмгектеринин артынан активдүү өнүгүүгө ээ болгон.
Ратихия мезгилинен бери дидактиканын негизги тапшырмалары өзгөрүүсүз бойдон калууда, ал: эмне менен окуутуу керек жана кантип окутуу керек көйгөйлөрүн изилдөө. Заманбап илим кийинкидей көйгөйлөрдү интенсивдүү изилдөөдө: кимди, качан, кайда жана эмне үчүн окутуу керек.
Дидактелизм — педагогиканын түзүүчү бөлүгү, окуунун мыйзамдарын, мыйзам ченемдүүлүктөрүн, негиздерин жана каражаттарын изилдөөчү, билим алуу жөнүндөгү илим. Дидактиканын объектиси — билим алуу.
Түрдүү типтеги окуу жайлардагы жана билим берүү формасындагы, өзүнчө окуу предметтери менен (математиканы, физиканын ж. б. окутуу методикасы), өзүнчө категориядагы окуучуларды (башталгыч окутуу медотикасы, жогорку мектеп дидактикасы) окуткан «жеке дидактика» ыкмалары (методика) да бар. Ар бир окутуу методиканын объектиси өзүнчө — предметке окутуу, белгилүү бир категориядагы окуучуларды окутуу ж. б.
Дидактика предмети — окутуу (мугалимдин ишмердиги) менен окуу (окуучунун билим алуу иши) байланышы жана алардын өз ара аракети.
Дидактиканын тапшырмалары:
Дидактикалык ыкма — бул окуучуларга маалыматты берүү үчүн ирээттүү илимий жолго салынган же билим алуу стилине ылайыкташкан ыкма. Дидактикалык ыкманы көп учурда диалекттик жана сократтык окуу ыкмасына каршы коюшат; ошондой эле бул термин белгилүү бир дидактикалык ыкманы белгилөө үчүн колдонулушу мүмкүн, мисалы, конструктивдик дидактика.
Дидактика — окуунун теориясы жана, кеңири мааниде билим берүү, окутууда теория менен тажрыйбанын колдонулушу. Математикадан айырмаланып дидактика окуу илимине гана таандык.
Бул теорияны адамдар кызыктырган темалар боюнча түзүмсүз түрдө өз алдынча билим ала турган тажрыйбалык окутуу деп да аталган ачык окууга каршы коюуга болот.
Дидактикалык ыкмада окутуу теориясы окуучулар ээ болгон жана жакшыртып башкаларга берүүгө умтулган базалык маалыматтарга бурулган. Бул ошондой эле билимдин жалпы максаты болгон сабактын планындагы негизге же баштапкы чекитке тиешелүү. Мында окутуучу же педагог авторитеттүү фигура ролунда болуп, окуучулар үчүн жол көрсөткүч жана ресурс.
Дидактика же дидактикалык ыкма континенталдык Европада жана англис тилдүү өлкөлөрдө түрдүү коннотацияларга (тил бирдигинин айкашкан мааниси) ээ. Мисалы, англо-саксондук салтта Оксфорд сөздүгү дидактиканы өтө нравалык насаат деп аныктайт. Ушундан улам дидактикалык ыкма мудрагыдай эле окутуунун моралдык мүнөздөгү алгачкы маанисин алып жүрөт, демек, чыныгы окуу искусствосу же илимге болгон карама-каршылыктуу жагымсыз көз караштар менен байланыштуу. Дидактизм чындыгында дидактикалык ыкманын маданий булагы болгон, бирок өзүнүн тар контекстинде тилди доктриналык максаттарда колдонууга негизинен кемчиликтүү мамиле кылат. Бул карама-каршы көз караштардын интерпретациясы Улуу Британия жана анын муруңку колониялары континенталдык Европадан маданий алыстоонун жаңылануусун жана бекемделишин башынан өткөрүп, теориялык жактан XIX кылымдын дифференцицияланган маданий өнүгүүнүн натыйжасы. Негизинен, англо-саксондук дүйнөдө романтизм жана эстетизмдин кечирээк пайда болушу, дидактикалык ыкмага ушундай негативдүү жана чектөөчү көз караштарды сунуштаган. Экинчи жагынан континенталдык Европада дидактиканын мындай насаат үйрөтүүчү аспекттери агартуу доорунун Вольтер, Руссо сыяктуу өкүлдөрү тарабынан мурда алынып салынган, кийинчерээк Иоган Генрих Песталоццинин окутуулары менен түз байланышкан.
Бул эки маданий айырмачылыктардын натыйжасында эки негизги дидактикалык салттар пайда болгон: бир жагынан окуу программасын изилдөөнүн англо-саксондук салты, экинчи жагынан континенталдык да, түндүк европалык да дидактикалык салттар. Ошого карабастан бүгүнкү күндө англис тилдүү дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө дидактика көп маанилүү эмес.
Бирок, 20-кылымдын башында глобализациянын келиши менен окутуу ыкмаларынын салыштырмалуу мындай философиялык аспектилери кичинеден азая баштаган. Ошентип, дидактика жана педагогиканы жалпы аналитикалык теориянын үч деңгээлине бөлсө болот:
Дидактикалык ыкма окуучулар (студенттер) үчүн зарыл болгон теориялык билимди берет. Бул өзүнүн ишин уюштура албаган жана окутуучулардын көрсөтмөлөрүнөн көз каранды болгон окуучулар үчүн эффективдүү ыкма. Ошондой эле ал жазуу жана окуунун негизги ыкмаларын үйрөтүүдө колдонулат. Окутуучу жана билимдүү адам — билимдин булагы, билим болсо окуучуларга дидактикалык ыкма аркылуу берилет.
Дидактикалык окуу материалдары:
Монтессори мектебинде (баа койбогон мектеп же педагогика) тажырыйбалык, сенсордук жана формалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн иштелип чыккан алдын ала пландалган окуу (дидактикалык) материалдарды болгон. Анткени, алар окууну дайындалган чөйрөдө багыттайт, Монтессоридеги педагогдорду мугалим эмес, жетекчи дешет.
Бразилияда PNLD (National Program of Didactic Book [Дидактикалык китептердин улуттук программасы]) аталган мамлекеттик программа 80 жылдан бери иштеп келет. Бул программа базалык билим берүүдөгү мектептерди дидактикалык жана педагогикалык материалдар менен камсыз кылууга, китептердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана маалымат булактарына, маданиятка болгон мүмкүндүктү демократизациялоого багытталган. Калктын көпчүлүк бөлүгү кедейликте жашаган Бразилия сыяктуу өлкөлөрдө көп учурда китеп маалыматтын жалгыз булагы болуп калат жана мындайда жакыр үй-бүлөлөр китеп (маалымат) муктаждыктарын жоё алышат. Ошондой эле бул китептер мугалимдер үчүн, жаңы маалыматтарды түрдүү дисциплиналар жаатында берүүдө, баалуу жөлөк.
Дидактикалык окутуу ыкмасында мугалим (окутуучу) окуучуларга инструкция берет, ал эми окуучулар негизинен пассивдүү угуучулар. Мындай ыкма мугалимге жана мазмунга ориентацияланган. Мазмун дагы, мугалимдин билими да шек саноого алынбайт.
Окутуу процессинде мугалим инструкция, командарларды берип, мазмунду жеткирип, зарыл маалыматты берет. Окуучунун иш-аракети мазмунду угуу жана эстеп калууну божомолдойт. Заманбап билим берүү системасында көп колдонулуучу лекция ыкмасы дидактикалык окутуунун формасы.
Дидактикалык ыкмага мектептерде көп көңүл бурулганы менен, ал окуучулардын талаптарын жана кызыгууларын канааттандырбайт. Окуучуларга лекцияларды угуу тажатма болушу мүмкүн. Окуучулар менен мугалимдин ортосунда аракеттенүү минималдуу. Окуучулардын предметке болгон кызыгуусун өнүктүргөн окутуу, айтылган окутуу ыкмасы менен канаатандырылбашы ыктымал. Бул монолог процесси болуп, жана окуучулардын тажрыйбасы окутуудагы маанилүү ролго ээ болбошу мүмкүн.
Дидактика кыргызча макаласына толуктоолорду пикир жазуу формасына жазыңыз.