Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Анаксимандр

Баш барак | Башкалар | Анаксимандр

Анаксимандр (байыркы грекче Ἀναξίμανδρος, б. з. ч. 611—546-жыл) — байыркы грек философу, милет табигый философия мектебинин өкүлү, Фалес Милетскийдин окуучусу жана Анаксимендин окутуучусу. Ыр формасында жазылган «Табият жөнүндө» трактатынын автору.

Мазмуну
Анаксимандр
Төрөлгөн датасы Б. з. ч 610-жыл
Төрөлгөн жери Милет, Байыркы Греция
Өлгөн датасы Б. з. ч. 547/540-жыл
Өлгөн жери Милет
Чыгармаларынын тили Байыркы грек тили
Мектеп/салт Милет мектеби
Багыт Батыш Философиясы
Заман Байыркы грек философиясы
Негизги кызыккандары философия, математика, астрономия, география
Маанилүү идеялары субстрат, апейрон
Таасир алган Фалес
Таасир эткен Анаксимен

Коомдук тажрыйбаны табият жана илимге колдонуп, «мыйзам» терминин киргизген. Материянын сакталуу мыйзамынын биринчи формулировкасынын бирин Анаксимандрга таандык дешет («бардык анык нерселер жаралган заттар, максатына жараша ошол эле заттарга бузулат»).

Өмүр баяны

Анаксимандр, Праксиада уулу, 42-Олимпиаданын үчүнчү жылы төрөлгөн (б. з. ч. 610-жыл). Биздин заманга чейин II кылымдагы грек грамматиги Аполлодор Афинскийдин маалыматына ылайык, 58-Олимпиаданын экинчи жылында (б. з. ч. 547–546-жылдары) ал алтымыш төрт жашта болуп, ошол окуядан кийин көп өтпөй каза болгон дейт.

Учурда анын иш графигин аныктоо мүмкүн эмес, анткени, бир дагы документ хронологиялык шилтемеге ээ эмес. Византиялык 4-кылымдын ритору (оратору) Фемистий Анаксимандрды «Табият жөнүндөгү жазма документти жарыялаган белгилүү гректердин биринчиси болгон» деп эске салат.

Ошентип, анын проза түрүндө жазылган тексттери биринчилерден болот, жок дегенде батыш дүйнөсүндө. Платондун мезгилинде анын философиясы дээрлик унутта калган, жана Аристотель, анын орун басары Теофраст, бир нече доксографтар анча көп эмес маалыматтарды бизге калтырып кетишкен.

Анын Фалестен таасир алгандыгы бизге Аристотелден белгилүү. Албетте, Фалес Анаксимандрдын чындыгында окутуучусу болгону талаш-тартыштуу, бирок, Анаксимандр Фалестин бардыгы суудан болгон теориясынын таасири алдында болгонунда эч кандай шек жок.

Шек жаратпагандардын дагы бир нерсеси — Анаксимандрды байыркы гректер Милетте башталган монисттер мектебинин бүтүрүүчүсү деп эсептеген, Фалесттин артынан ээрчип Анаксимандр болгон, жана ал Анаксимен менен бүткөн.

3-кылымдын Римдик ритору Элиан Кара Деңиздин жээгиндеги Аполлония милет колониясынын лидери катары сүрөттөйт, демек, кээ бирлери аны белгилүү жаран болгон деп эсептешкен. Чындыгында, философтор да кээде саясый суроолор менен иш алып барган деп «түрдүү тарыхдар» айтышат. Балким, Милеттин лидерлери аны ал жакка конституцияны түзүү же жөн гана колониянын лоялдуулугун кармоо үчүн мыйзам чыгаруучу катары жиберилиши мүмкүн.

Анаксимандр өзүнүн акыркы жылдарын Персид имериясынын Ахеменидинде жаран болуп өткөргөн делет.

Космология

Асман жарыктарын Анаксимандр өзүнчө тело эмес, отту жашырган тунук эмес кабыкчадагы «терезече» деп эсептеген. Жер түркүк бөлүктөрүнө ээ — цилиндрдин түпкүрүнүн диаметри бийиктигинен үч эсе чоң: «эки [жалпак] беттердин биринде биз басып жүрөбүз, экинчиси ага карама-каршы».

Жер дүйнөнүн борборунда эч нерсеге таянбай калкып жүрөт. Жерди от менен толтурулган түтүктүү исполин шакек-торлор курчап турат. Оту аз эң жакын шакекте чоң эмес тешиктер бар — жылдыздар. Экинчи шакекте күчтүүрөөк оту менен бир чоң тешик бар — Ай. Ал толук же жарым-жартылай жабылышы мүмкүн (Анаксимандр ушундай ыкма менен Ай фазаларынын алмашуусун жана ай тутулууларын түшүндүргөн). Үчүнчү алыскы шакекте жердин көлөмүндөй болгон эң чоң тешик бар, ал аркылуу эң күчтүү от жаркырап турат — Күн. Анаксимандрдын ааламы асман оту менен бүтөт (жабылат).

Ошентип, Анаксимандр бардык асман жарыктары Жерден түрдүү алыстыкта турат деп божомолдогон. Ээрчүү ирети төмөнкүдөй физикалык негизге туура келет өңдөнөт: канчалык ал асман отуна жакын, жана ошондуктан, жерден канчалык алыс болсо, ошончолук жарык. Анаксимандр дүйнө системасынын сандык параметрлерин аныктоого аракет кылган. Бизге алардын бир нечеси гана жеткен. Байыркы авторлорго ылайык, Күндүн шакекчесинин өлчөмү жердин цилиндринен 27 же 28 эсе чоң, Айдыкы жердикинен 19 эсе. Бир катар тарыхчылар Анаксимандрдын системасынын параметрлерин реконструкциялоого аракет кылышкан. Алардын кээ бирлери кийинки таблицада берилген (жантайыңкы линия [мисалы, 9/10] тышкы жана ички маанини көрсөтөт). Анаксимандрдын Ааламынын негизинде математикалык негиз жатат деп божомолдонот: бардык аралыктар үч эселикке барабар.

Анаксимандрдын дүйнө системасы
Система мира Анаксимандра (Дирка Купринин реконструкциясына ылайык)
Анаксимандрдын космологиялык системасынын параметрлери (түрдүү авторлордун реконструкциялары)
Поль Таннери Джерард Наддаф Дирк Купри Роберт Хан
Диаметри Радиусу Радиусу Диаметри
Жер 1 1 1 3
Жылдыздар (шакек) 9/10 7/9 9/10 9/10
Ай (шакек) 18/19 17/19 18/19 18/19
Күн (шакек) 27/28 27/29 27/28 27/28

Анаксимандрдын дүйнө системасында асман телолорунун жолу бүтүн айлана саналат. Бул көз караш учурда толук белгилүү болуп, Анаксимандрдын мезгилинде новатордук болгон (биз түздөн-түз жер астындагы траекторияны көрө албайбыз, жана мындай натыйжа чыгаруу үчүн ортодаксалдуу эмес чечимдер талап кылынат). Бул астрономиянын тарыхындагы биринчи жердин айланасындагы жарыктардын орбиталары менен Ааламдын геоборбордук модели Күндүн, Айдын жана жылдыздардын кыймылдоо геометриясын түшүнүүгө мүмкүндүк берген.

Аалам борбордук-симметриялуу ойлонулат: ушундан улам Космостун борборунда жайгашкан Жердин кайсы бир багытта кыймылдоо негизи жок. Аны менен, Жер дүйнөнүн борборунда тирөөчү жок эркин турат дегенди сунуштаган Анаксимандр биринчи болгон.

Кээ бир антикалык авторлор чексиз көптөгөн дүйнөлөрдүн бар деген ойду Анаксимандрга таандык деп ойлошкон; заманбап тарыхчылар бул далилдин чындыгы боюнча бир ойго келишкен эмес.

Космогония

Анаксимандр дүйнөнү геометриялык жактан так баяндоого гана умтулбастан, анын келип чыгышын да түшүнүүгө умтулган. Ооздон оозго өтүп айтылып келген жана жалгыз сакталып калган «Табият жөнүндө» дилбаянында Анаксимандр Космостун пайда болуусунан тирүү жандыктардын жана адамдын жаралуусуна чейин баяндаган.

Анаксимандрдын ою боюнча Аалам олимп кудайларынын жардамы жок эле, өзүнөн-өзү өнүгөт. Бардык нак нерселердин пайда болуу булагы катары Анаксимандр чексиз «эскирбеген» [кудайтектүү], үзгүлтүксүз кыймыл тиешелүү болгон башат — апейронду (ἄπειρον) эсептейт. Апейрон болсо, кандайдыр бир ыкма менен бир нерседен пайда болуп, эмнеге айланса, ошол дайыма келип туруучу, жок кылынбаган убакытта чеги жок нерсе. Аристотелге чейин «апейрон» сөзү бардык антика ойчулдарда, анын ичинде Анаксимандрда сын атооч катары, башкача айтканда кандайдыр бир бар нерсенин атрибуту болгон.

Апейрон куюн сыяктуу процесстин натыйжасында физикалык карама-каршылыктарга бөлүнөт: ысык жана муздак, нымдуу жана кургак ж. б., булардын өз ара аракеттенүүсү шар өңдүү космосту жаратат делет. Космостук куюнда пайда болгон табигый кубулуштардын каршы күрөшүүсү заттардын пайда болуусуна жана бөлүнүүсүнө алып келет. Куюндун ортосунда суу жана аба менен курчалган муздак нерсе — Жер болот, а сыртында — от. Оттун таасири алдында аба кабыгынын өйдөңкү катмары катуу кыртышка айланат. Бул катыган аэро (ἀήρ, аба) сфераны кайнаган жер океандарынын парлары кысат. Кабык буга чыдабай чоңое баштайт. Ошону менен бирге ал оттун негизги массасын биздин дүйнөбүздүн чегинен тышкары сүрүп чыгарышы керек. Ушинтип кыймылсыз жылдыздардын сферасы жаралат, ал эми жылдыздар ал сферанын тышкы кабыгындагы тешиктер. Бирок Анаксимандр заттар өзүнүн тиричилигин жана курамын убактылуу эле, «карызга» алат деп ырастайт, андан соң, мыйзам боюнча белгилүү бир мезгилден кийин алар жараткан башатка кайтышат же кайтарып беришет делет.

Дүйнөнүн пайда болуусунун акыркы баскычы — тирүү жандыктардын пайда болуусу. Анаксимандр бирдык тирүү жандыктар кургап калган деңиздин түбүндөгү катмардан чыккан деп божомолдогон. Бардык тирүү жандыктар күн бууланткан нымдуулуктан жаралат; океан кайнап соолуганда, тирүү жандыктар кургактыкты көрүп, жылуу топурак жана суудан чыгышат жана чополуу кабыктык ичиндеги нымдуулукта жаралат. Башкача айтканда Анаксимандрдын оюнда табигый өнүгүү дүйнөнүн пайда болушун гана камтыбастан, жашоонун өз алдынча жаралуусун да камтыйт.

Анаксимандр Космосту тирүү жан сыяктуу эсептеген. Карыбаган убакыттан айырмаланып, ал жаралат, бойго жетет, карыйт жана кайра жаралуу үчүн өлөт: «...дүйнөнүн өлүмү ишке ашат, андан мурдараак жаралуусу, жана чексиз кылымдар бою кайталана берет».

Алгачкы башаттын түрдүү түрлөрү жөнүндө ой толгоп, Анаксимандр материалдык абалдардын теңдештик идеясын көтөргөн. Кургак — нымдалып, нымдуу кургап калышы мүмкүн ж. б. Карама-каршы абалдар бир негизге ээ болуп, бөлүнүп чыгуучу кандайдыр бир жалпылыкта топтолгон. Бул идея кийинки философиянын маанилүү диалектикалык түшүнүгүнүн бири — «биримдик жана карама-каршылыктар күрөшү» түшүнүгүнө жол ачкан.

Анаксимандрдын Жер картасы
Анаксимандрдын Жер картасы (заманбап реконструкциялардын бири)

Астрономия жана география

Анаксимандр ошол мезгилде белгилүү болгон планеталар менен Жерди теңештирүүгө аракет кылган. Жердин биринчи картасын түзгөн деп саналат (ал карта биздин заманга жетпей калган, бирок байыркы авторлордун баяндоолору аркылуу жарым-жартылай калыбына келтирилген, анын ичинде Гекатей дагы бар). Грецияда биринчилерден болуп гномонду орноткон — эң жөнөкөй күн сааты же эң байыркы астрономиялык инструмент.

Жайгаштыруу: 2016-08-01, Көрүүлөр: 1216, Өзгөртүлгөн: 2020-12-13, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо