Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Учурдагы билим берүү системасын өнүктүрүүнүн, андагы аткарылып жаткан иш аракеттердин сапатын жакшыртуунун жолдору

Баш барак | Башкалар | Учурдагы билим берүү системасын өнүктүрүүнүн, андагы аткарылып жаткан иш аракеттердин сапатын жакшыртуунун жолдору

Учурдагы билим берүү системасын өнүктүрүүнүн, андагы аткарылып жаткан иш аракеттердин сапатын жакшыртуунун жолдору.

Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу бүгүнкү күндө Кыргызстандагы башкы маселелердин бири болуп саналат эмеспи. Кайсыл учур болбосун, кайсыл мамлекетти алып карабайлы ар мезгилде жашаган коомдун өкүлдөрү өз коомунун келечегин курууда бекем пайдубал түптөө жана бакубат экономикалык өнүгүүгө жетишүү үчүн, өз коомунун келечек муундарына татыктуу билим жана тарбия берүүнү башкы маселе катары коюп келген. Ал үчүн жашы-карысына карабай умтулушуп, алп урушуп күрөшүп, бар дараметин жумшашканы белгилүү.

Аның сыңары Кыргызстан да өзүнүн бүгүнкү күндөгү чабал экономикалык деңгээлин эске алуу менен карасак, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан мамлекет катары билим берүү тармагында келечек муундарына татыктуу тарбия жана билим берүү үчүн заманбап үлгүдөгү билим берүүнүн дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалардын жаңычыл технологиялары менен каражаттарын өздөштүрүү менен алгалоодо десем жаңылышпасам керек.

Бүгүнкү күнгө келип Кыргызстан өзүнүн билим берүү тармагын жакшыртуу максатында Азия Өнүктүрүү Банкы, БУУ, ЮНЕСКО, ЮНИСЕФ, МЕРСИКО, Сорос сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар жана фонддор менен төмөндөгү багыттар боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырып келе жатат. Алар:

  1. Материалдык-техникалык базаны жаңылоо;
  2. Окуу-усулдук базаны жакшыртуу;
  3. Адистерди даярдоо же кайра даярдоо;
  4. Билим-тажрыйбаларды алмашуу;
  5. Илим жана техникадагы илимий-эксперименталдык тажрыйбаларды жүргүзүү;
  6. Билимди баало үчүн ар кандай масштабдагы IQ сынактарды уюштуруу жана бир катар башка багыттар боюнча.

СССР деген улуу держава жоюлгандан кийин Пост Советтик көптөгөн өлкөлөрдө билим берүү тармагын модернизациялоо саясаты жүрө баштаган. Советтик саясатка ылайыкташтырылып иштелип чыккан диктатордук мүнөздөгү билим берүү системасы мурдагы союздаш өлкөлөр менен катарлаш эле Кыргызстанда да жүрө баштады. Бирок башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ эле деңгээлде артта калды десек болот.

Эгемендүүлүктүн жыйырма жылдык тарыхын шардана басып өткөнүбүз менен, билим берүүгө болгон бийликтин кош көңүл жасаган мамилеси менен көз карашы, бүгүнкү күндө жалпы коомчулукту түйшөлтүп келет.

Анткени билим берүү тармагы коомдун өнүгүүсүнүн локомотиви болуп саналат. Билим берүү тармагынын жемиштери, жетишкен ийгиликтери, табылгалары, келечекте коомдун өнүгүүсү үчүн башат болуп саналат, Билим берүү тармагы даярдап чыгарган продукциялар канчалык прогрессивдүү деңгээлдеги интеллектуалдык потенциялы жогорку адистер болушса, алар келечектеги коомду курууда өздөрүнүн эбегейсиз зор салымдарын кошушары бышык.

Билим берүү тармагы бакубат экономиканы түзүүнүн конструкторлору, билим берүү тармагы өлкөнү мыкты реформалык жолдор менен башкарууну уюштурган саясий лидерлери, билим берүү тармагы коомчулуктун ар кайсыл чөйрөсүндө өз ишин мыкты деңгээлде аткарган иш билги адистери, деги койчу коомдогу кайсыл тармакты алып карабайлы баары билим берүү тармагынын продукциялары. Коомдун жөнөкөй бир мүчөсүнөн тарта президентке чейин жок дегенде өзүнүн сабаттуулугун жоюудан тарта, илимдин түпкүрүнө чейин кирген илимпоздор даярдалат.

Өз келечегинен зор үмүтү бар өлкө, бакубат жашоого умтулган коомчулук, келечек муундарды тарбиялап, билим берүүгө өзгөчө көңүл бөлүүсү абзел. Ал үчүн бийлик менен коомчулук билим берүү тармагынын маселелерин чечүүгө келгенде ирегелеш болуп, тең атадай кеңешип коюлган суроо-талаптарды талашып-тартышпай, биргеликте ынтымакта чечиш керек. Анткени билим берүү тармагы сенин же менин тагдырым эмес. Бул бүтүндөй бир өлкөнүн келечеги. Ал үчүн баарыбыз жапа тырмак киришип, жан аябай күрөшүп, болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Ошондо гана Кыргызстан деген өлкө келечекте бакубат жашоо кечирген бай өлкөгө айланары шексиз.

Мен азыр ушул жерде жогоруда айтылган ойлорумдун чындыгын төгүндөө үчүн сиздерге Япония өлкөсү жөнүндө мисал келтиргим келип турат. Япония арал мамлекет. Андан сырткары Япониянын экономикалык потенциялын көтөрүү үчүн жаратылыш байлыктары жокко эсе. Япония 1945-жылы 6-, 9-августта Нагасаки жана Хиросима шаарларына ташталган атом бомбасынан чоң жоготууга учураган. Жаратылышы менен калкы жабыркап, калктын социалдык-экономикалык абалы да өтө төмөнкү деңгээлге түшүп кеткен. Бирок япон калкы мындай кырдаалдан татыктуу чыгып кетүү менен гана чектелбестен бүгүнкү күндө экономикасы өнүккөн бир катар алдыңкы өлкөлөр менен жогорку орундарды ээлеп, теңтайлашып келет. Буга япон калкы аз эле убакта кайра жетише алды. Мындай деңгээлге кайра жетишүү үчүн япондор көптөгөн жылдар бою тажрыйбалап калыптанган билим берүү системасы менен талыкпаган эмгекти башкы орунга коюшканында. Анткени япондор илим-билим менен гана ушул деңгээлге көтөрүлүшкөн. Бүгүнкү күндө Японияда дүйнөлүк машина-техникалык жана санариттик технологиялар боюнча ири индустриялык өндүрүштүк иш каналар жайгашып, япондор иштешип, Япониянын экономикалык өнүгүүсү үчүн кызмат кылып келе жатат.

Мына ушул жогорудагы Япония өлкөсү боюнча айтылган мисалдан биз өзүбүзгө тыянак чыгарып алсак болот. Ал үчүн баарыбыз убактылуу кыйынчылыктарга моюн сунбай, талыкпай эмгектенип, бар күчүбүздү, бар дараметибизди өлкөнүн бакубат келечегин куруучу келечек муундарыбыздын мыкты билим жана тарбия алуусуна, башкача айтканда билим берүү системасына жумшасак жакынкы аралыкта жасаган үзүрлүү эмгегибиздин жемишин көрөрүбүз бышык.

Билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн төмөндөгү багыттагы иш аракеттер жасалыш керек:

  1. Коомчулуктун көз карашын, пасихикасын Кыргызстандын өнүгүүсүн билим берүү системасынын өнүгүүсү менен гана көрө билүүгө тарбиялоо багыты:
    • Жалпы коомчулуктун СССРдин жетимиш жылдан ашуун тарыхынан кан-жанына синген Мамлекет бизге кам көрөт түшүнүгүнөн арылтуу, тескерисинче Мен мамлекет үчүн кам көрөм түшүнүгүн аң-сезимине калыптандыруу. Анткени ар бир Кыргызстандын жараны келечекте гүлдөп-өнүккөн өлкөдө, жыргалчылыкта жашаш үчүн алгач өзүнүн, кийин жакын адамдарынынын тагдыры үчүн кам көрүү, башкача айтканда мамлекеттин гүлдөп-өнүгүшү үчүн, билим берүү системасына дайыма, колдон келишинче кол кабыш кылуусун кыргыз коомчулугунун ар бир мүчөсүн үндөө;
    • Кыргызстанда кенен кулачын жайган жемкордукка каршы күрөшүү. Жемкордук менен күрөшүүгө коомчулуктун ар бир мүчөсүн активдүү катышууга чакыруу. Билим берүү системасы бул иште алдыңкы катарда туруп жемкордук кенен кулач жайган система катарында эмес, тескерисинче жемеордукка каршы күрөшкөн система катарында башка тармактарга үлгү көрсөтүү;
    • Жалпы коомчулукту билим берүү системасы менен дайыма, тыгыз байлаышта болуп иш алпаруусу үчүн билим берүү системасы конкреттүү бир долбоор иштеп чыгуу, ошондой эле ошол долбоордун алкагында коомдун ар бир мүчөсү менен биргеликте тыгыз иш алып барууну уюштуруу
  2. Билим берүү системасын каржылоо багыты:
    • Ички булактар: Бул үчүн өлкөнүн электр энергетикасы, жол, куур жана аба тарнспорту, кен-байлыктарды иштетүү, соода-сатык, туризм сыяктуу жана башка бардык экономикалык киреше берүүчү өндүрүштүк тармактарынын киреше булактарынын кайсыл бир бөлүгүн билим берүү тармагын каржылоого буруш керек;
    • Тышкы булактар: АӨБ, ЮСАИД, ЮНИСЕФ МЕРСИКО сыяктуу эл аралык донордук уюмдар жана фонддордун жардамында билим берүүгө багытталган долбоорлордун негизинде билим берүү системасын каржылоо;
  3. Билим берүү системасында аткарылып жаткан иштер боюнча көзөмөлдөөнү уюштуруунун негиздери багыты:
    • Тең укуктуу байкоо жүргүзүү: Мында билим берүү системасында аткарылып жаткан иштерге баа берүү үчүн бийлик, коомчулук, билим берүү мекемелери, көз карандысыз эксперттер, күч тутумдары сыяктуу жана башка кызыктар тараптар биргеликте тең укукта өз максаттарына ылайык көзөмөлдөөнү уюштурууга жетишүү;
    • Эмгектик компетенцияларды тең укукта бөлүштүрүү: Мында бийлик, коомчулук, көз карандысыз эксперттер, билим берүү мекемелери күч тутумдары, медицина кызматкерлери сыяктуу жана башка кызыктар тараптар келечек ээлеринин билим алуусуна гана эмес, алардын өмүрүнүн коопсуздугуна, ден соолугунун чыңдыгына сыяктуу келечек ээлерине билим берип, тарбиялоодо келип чыккан жана башка маселелер боюнча бирдей укукта компетенцияларды бөлүштүрүү жана жоопкерчиликтерди моюнга алуу менен көзөмөлдөө;
  4. Билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүү багыты:
    • Билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн тажрыйба алмашуу багытында аймактык деңгээлден эл аралык масштабга чейин конференциялар, форумдар, семинар-тренингдер сыяктуу жана башка жыйындардын формаларын уюштуруу;
    • Адистердин билимин жогорулатуу максатында адистерди даярдоо жана кайра даярдоо курстарынын аймактык масштабдан эл аралык масштабга чейин уюштуруу иштерин жүргүзүү;
    • Адистердин жаңычыл идеяларын, билимдерин жана сунуш-тажрыйбаларын жайылтуу жана алмашуу багытында илимий-популярдуу жана окуу-усулдук адабияттар, жыйнактар сыяктуу регулярдуу басылмаларды чыгарып, калктын калың катмарына жеткирилип турулушу абзел;
  5. Билим берүү системасынын аткарып жаткан иштери боюнча өнүгүү тенденцияларын баалоо багыты:
    • Жергиликтүү жана чет элдик көз карандысыз эксперттердин Кыргызстандын билим берүү системасы алып барып жаткан долбоорлорду жана программаларды баало боюнча берген баасына жана сунуштарына анализ жасоо жана тыянак чыгаруу менен тиешелүү чараларды көрүү, башкача айтканда көз карандысыз эксперттердин койгон баалары менен берген сунуштары менен эсептешүү;
    • Билим берүү системасында аткарылып жаткан иштерди баало боюнча коомчулук арасында көз карандысыз уюмдардын колдоосу астында коомчулук арасында ар кандай мазмундагы анонимдүү анкеталоону жүгүзүү, жана коомчулук тарабынан берилген баало менен уюмдардын анализдөөсүн байма-бай уюштуруп туруу жана билим берүү системасы коомчулук койгон сунуштар жана суроо-талаптар менен эсептешүү аркылуу иш алып баруу;
  6. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуунун багыттары:
    • Билимдерди интеграциялоо жана глобализациялоо багыты Мында билим берүү системасы билимдер системасын карап чыгып окшош илимдердин айланасында жалпылаштыруу, башкача айтканда синтездөө процессинин негизинде билим алуучу тараптардын билим жүгүн жеңилдетүү;
    • Элдин кулк мүнөзүнө, менталитетине, психикасына ылайыкташкан билим берүүнүн формасын иштеп чыгуу: Бул маселе дагы билим берүүдө билим берүү системасы алдына койгон чоң маселелердин бири. Анткени жалпы педагогикалык тутумду уюштурууда бул жерде элдик педагогикага негизделип, анан дүйнөлүк педагогиканын элементтерин пайдалануу менен билим берүү системасы уюштурулуш керек. Анткени Ар бир этностун билим берүүгө багытталган өзгөчө педагогикалык кулк-мүнөзү, менталитети, психикасы башкы орунга коюлуш керек;

Мен жогоруда билим берүүнүн өнүгүүсү үчүн жасалуучу конкреттүү ишмердиктин системалуу жолдорун сунуштадым. Ар бир адамдын коомдун өнүгүүсү үчүн айткан конкреттүү бир сунуш пикири, ал коомдун өнүгүүсү үчүн гана эмес, кайсыл бир коомдун тармагынын да өнүгүүсү үчүн кошкон салымы болуп эсептелинет. Эгерде ал айткан идеяны коом жактырып колдоого алып, ишке ашырса гана.

Анда ушул макаланы окуган коомчулуктун ар бир өкүлү өз алдынча тыянак чыгарып менин пикирлериме кошулуп, турмушка ашырууга көмөктөшөт го деп ойлоймун. Эгерде айтылган ойлор орундала турган болсо, менин да билим берүү системасына кошкон салымым бар болот го деген ойдо өз сөзүмдү жыйынтыктасам.

Ноокен району
№ 4 Абдыразак Сатаров атындагы
жалпы билим берүүчү орто мектебинин
тарых мугалими:
Сулайманов Марлис Эркинбекович

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 5574, Өзгөртүлгөн: 2020-08-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо