Теориялык маалымат: Адам саламаттыкта болуш үчүн өзүнүн гана тазалыгына көңүл бурбастан, үйдүн тазалыгына да көңүл бурат. Ал үчүн үйдүн терезелерин, тактайын, эшиктерин жууйт, терезенин пардаларын, килем-шырдактарды, жумшак жана катуу эмеректерди тазалайт. Бул иш-аракеттеринин ичинен күнүнө, күн алыс, бир айда бир жана бир жылда бир нече жолу жасалган жумуштар бар. Үйдүн ичинде ирээттүүлүк болуш үчүн кийим-кечекти, идиш аякты күнүгө, ал тургай бир күндө бир нече жолу ордуна жыйналат. Ал эми үйдү
Үй-бүлөнү толук баалуу, даамдуу жана балансташтырылган тамак-аш менен камсыздандыруу татаал милдет, анткени ага билим, убакыт жана каражат керек. Ошондой болгонуна карабастан учурдагы тамактануу жөнүндөгү талаптарды эске алып үй-бүлө жөнүндө кам көрүшү тийиш. Көп адамдар балансташтырылган тамактанууну колунда бар үй-бүлө эле уюштурушу мүмкүн деп ойлошот. Бирок бул туура эмес. Рационалдуу тамактануу жөнүндөгү маалымат организмге керектүү азык
Баланын ден-соолугуна биринчи күндөрдөн баштап чоң көңүл бурушу милдеттүү. Ошондой эле ыңгайлуу кийим - кечек менен камсыз кылышы тийиш. Айрым учурларда каражат жетпегенден баланын муктаждыгы канааттандырылбай калат, ал эми каражаты болгон ата-эне балага ашыкча кийим - кечек сатып алышат. Албетте, баладан ата-эне эчтекесин аябайт, бирок бул учурда ашыкча сарамжалдуу же берешен болуштун кереги жок. Төрөлгөндөн
Төрөлгөндөн баштап бала энесинин сүтү менен гана азыктанат, ал эми 4 айдан кийин ага бөтөлкөдөн суюк тамак бериле баштаит, айрым учурларда бала биринчи күндөрдөн баштап эле бөтөлкөдөн азыктанганга мажбур болот. Мындай учурда балага тамак даярдалуучу идиш, бөтөлкөлөр таза жана микробсуз болушу тийиш, анткени ымыркай баланын организми микробдорго туруштук бере албайт. Жаш балдардын идишин тазалыкта
Теориялык маалымат: Баланын гигиенасы анын тазалыгын, кийиминин тазалыгын жана ылайыктуулугун, туура тамактанышын жана күн тартибин камтыйт. Мурунку темаларда балдардын күн тартиби, азыктанышы жөнүндө сөз болгон соң, бул сабакта баланын, өзгөчө ымыркай балдардын тазалыгына токтолобуз. Анткени канчалык бала жаш болсо, ошончолук анын териси назик жана микробдорго туруштук бере албайт. Бир аз эле кирдеп кетсе, денесине ысыктар чыгып, алар көбөйүп
Эненин сүтү баланын негизги тамагы болгонуна карабастан, айрым учурларда эмчектин сүтү жетишсиз болсо, энеси ооруп калса, башка эненин сүтү менен камсыздалбаса ж. б. себептерден баланы аргасыз жасалма же аралаш тамактандырууга өткөрөт. Мындай чараны убагында көрбөсө, бала гипотрофияга чалдыгат. Тамактануунун жана тамак сиңирүүнүн узак убакытка бузулушу гипотрофия деп аталат.
Витаминдер органикалык кошулмаларга кирет. Алар адамдын тиричилик аракети үчүн эң зарыл болгон заттар. Витаминдер организмге өсүмдүктөр жана жаныбарлардын азыктары менен келет. Азыркы мезгилде адамдын организминде 20 га жакын витаминдер бар экени аныкталган. Организмге узак убакытка чейин витаминдер жетишпесе мындай кубулуш авитаминоз деп аталат.
Мисалы, С витамини жетишсиз болсо, анда адам цинга оорусуна чалдыгат. Бул ооруда адамдын күчү кетет, тиш эти канайт, бошойт, түшөт,
Уулануу - бул организмге уу заттардын киришинен пайда болгон оорулуу абал. Катуу уулануу көп кездешет. Ага те; жардам көрсөтүү зарыл. Айрыкча турмуш - тиричиликте тамак - аштан, дары - дармектен, химиялык каражаттардан уулануу көг жолугат. Догдур келгенге чейин көрсөтүлүүчү биринчи жарда> кандай гана уулануу болбосун организмге кирген ууну тезинег жоготуу же зыянсыздандыруу керек
Угуунун начарлашына сырткы угуу түтүктө саргыч зат - кулку жыйылып калышы да алып келет. Кулку сырткы угуу түтүктөрдүн бездеринен бөлүнүп чыгат жана коргоо функциясын аткарат: айлана-чөйрөдөн сырткы угуучу түтүккө кирген чаң менен микробдор анда кармалып калат. Сырткы угуучу түтүктө кулку көп өлчөмдө жыйылып калса, аны ширеңке, карандаш, төөнөгүч менен алууга болбойт. Анткени тарсылдак жаргагына доо кетип, такыр укпай калууга
Теориялык маалымат: Байыркы замандын элдери узун жана кир тырмактар, өзгөчө колун сейрек жууган, колун оозуна салган адам, оорулардын себеби болгонун билишкен. Ошондуктан Байыркы Грециянын эли мындай адам менен кол берип саламдашчу эмес. Бул эл колунун гана эмес бутунун да тырмагын тазалыкта кармашчу, анткени жылы бою ачык бут кийим кийишкен. Байыркы еврейлердин салты боюнча ар бир жуманын 5-күнү чоң киши өзүнүн