Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаш балдардын идишинин тазалыгы

Төрөлгөндөн баштап бала энесинин сүтү менен гана азыктанат, ал эми 4 айдан кийин ага бөтөлкөдөн суюк тамак бериле баштаит, айрым учурларда бала биринчи күндөрдөн баштап эле бөтөлкөдөн азыктанганга мажбур болот. Мындай учурда балага тамак даярдалуучу идиш, бөтөлкөлөр таза жана микробсуз болушу тийиш, анткени ымыркай баланын организми микробдорго туруштук бере албайт. Жаш балдардын идишин тазалыкта кармаш үчүн жөн эле жууп коюш аздык кылат, аларды стерилизациядан өткөрүү зарыл. Стерилизация деген сөз латын тилинен которгондо микробдорду жоготуу деген мааниге ээ (башка мааниси да бар) Үй шартында стерилизацияны кайнатуу жолу менен өткөрөт. Бала кашык менен тамак жеп колуна нан алып баштаганда стерилизациянын кереги жок болуп калат, бирок гигиенанын эрежелери дайыма аткарылат. Сабактын жабдылышы: балдардын бөтөлкөлөрү, алардын капкактары, упчулар (соскалар), мискей, балдардын самыны, газ же электр меши, жылуу суу. Сабактын жүрүшү: окуучулар жаш балдардын идишин тазалыкта кармагандын эрежелери менен таанышат.1.Жаш балага тамак жасаардын алдында энеси колун самын менен жууп, тырмактарын щетка менен сүрүп жууйт.2.Эгерде балага берилген сүттү кайнатып эмизсе, анда кайната турган эмаль идиш баланын самыны кошулган жылуу суу менен жуулуп, жакшы чайкалат.

Мүмкүн болсо жууганга кайнаган сууну колдонсо дурус. Ал эми сүттү кайнатпай эле порошокко жылуу суу кошуп даярдаса, анда даярдоо идишти жууп чайкагандан кийин кайнап жаткан суу менен чайкайт.3.Даяр сүттү же сүт кошулмасын стерилизацияланган бөтөлкөлөргө куят. Күнүнө бала канча жолу азыктанса, ошончо бөтөлкөсү болгону жакшы.4.Бөтөлкөлөрдү, алардын капкактарын, упчулары, идиши жуулат жана стерилизациядан өтөт, стерилизациялоонун алдында балдардын самыны кошулган жылуу суу менен жууп, чайкайт. Алардын ичине суу толтуруп капкагы бар мискейге салып, ага бөтөлкөлөрдөгү суунун деңгээли менен тең суу куюп, отко коёт. Мискейдеги суу кайнагандан баштагап бөтөлкөлөр толугу менен стерилдүү болуш үчүн 20 мүнөт кайнатат. Андан кийин сууну төгүп бөтөлкөлөрдү капкагы менен жаап ошол эле мискейдин ичине кереги болгонго чейин коюп коёт.5.Упчуларды өзүнчө идиште стерилизация кылгандан кийин, сууну төгүп анын ичине капкагын жаап сактайт. Керек болгондо упчуну идиштен таза кол менен ылдый жагынан кармап алып чыгат.6.Бала бөтөлкөдөн тамагын эмип бүткөндө ичине суу куюп, башка бөтөлкөлөрдү колдонуп бүткөнгө чейин калтырып койсо оңой, ошондо бардык бөтөлкөлөр бирге жуулат жана стерилизациядан өткөрүлөт.7.Упчуларды колдонгондон кийин аңтарып, тешигин таза жууйт.8.Жаш балдардын идиши, тамагы чаң кирбеген таза жерлерде сакталат, үстүнө чымын конбош үчүн таза сүлгү жабылат. Окуучулар эрежелер менен таанышкандан кийин, балдардын идишин, бөтөлкөсүн жуушат, бөтөлкөлөрдү, капкактарын жана упчуларды стерилизциядан өткөрүшөт.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 2567, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо