Эненин сүтү баланын негизги тамагы болгонуна карабастан, айрым учурларда эмчектин сүтү жетишсиз болсо, энеси ооруп калса, башка эненин сүтү менен камсыздалбаса ж. б. себептерден баланы аргасыз жасалма же аралаш тамактандырууга өткөрөт. Мындай чараны убагында көрбөсө, бала гипотрофияга чалдыгат. Тамактануунун жана тамак сиңирүүнүн узак убакытка бузулушу гипотрофия деп аталат. Эмчектин сүтү аздык кылып, күнүмдүк тамактын 1/5 бөлүгүн жасалма тамак-аш түзсө, мындай тамактануу аралаш, ал эми эмчек сүтү 1/5 бөлүгүнөн аз, же таптакыр жок болсо, аны жасалма тамактандыруу деп айырмалашат. Эненин сүтү жетишпегенде негизги азыктандыруучу тамак - уйдун сүтү. Эмчектин сүтүнө караганда уйдун сүтүндө белоктун өлчөмү 3 эсе көп, майлар бирдей, углеводдордун өлчөмү 2 эсе аз, сиңимдүүлүгү төмөн, ошондуктан уйдун сүтүн үй шартында эненин сүтүнө жакындаштырыш татаал. Андан көрөк акыркы убакытта шаарда гана эмес элет жеринде да сатылган атайын эмчектеги балдарга ылайыкталган кургатылган сүттөн жасалган түрлүү аралашмаларды колдонуу дурус. Алардын составы эненин сүтүнүн составына жакын, таза, сиңимдүү жана көбүнчө оңой даярдалат.
Аралашмаларды сатып алаарда сыртында жазылган сактоо мөөнөтүнө көңүл буруш керек, убакыты өтүп кеткен азыктын сапаты начарлайт, бузулат. Ошону менен бирге берилген даярдоо талаптарын жана шарттарын так аткаруу керек. Балдардын аралашмалары атайын өндүрүш жайларыңда, талаптарга жараша, жогорку сапаттагы сүттөн жасалат. Алар менен азыктанып чоңойгон балдардын өсүп-өнүшү, ден-соолугу жаман эмес экенин изилдөөлөр көрсөттү. Кургак сүттү уйдун сүтүнөн тез арада кургатып даярдаган соң, сүттүн сапаты төмөндөбөйт. Нымдуулугу аз үчүн кургак сүттөн жасалган аралашмалар узак убакыт бузулбайт.
Эненин сүтү аздык кылса, сүттүн өлчөмүн көбөйтүүгө аракет кылуу керек. Ал үчүн бала эмгенден кийин эмчектеги бир аз болсо да калган сүттү саап салышы, сүттүн көбөйүшүнө көмөктөшөт. Эгерде аракетке карабастан баланын курсагы тойбой жатса, анда кошумча тамактын көлөмүн аныктоо зарыл. Муну 1-2 күндүн ичинде эмгенге чейин анан эмгенден кийин баланы таразага тартып, эненин сүтүнүн салмагын өлчөп канча кошумча тамак балага берилерин догдур айтып берет. Кошумча тамакты бала кыйналбай өздөштүрүш үчүн, аны бир аздан баштап, бара-бара көбөйтөт.
Бала жаңы тамакка көнгөндөн кийин, аны эмчек сүтү менен алмак-салмак берсе болот. Бирок бир күндө бала жок дегенде 2-3 жолу эмчекти эмбесе, аны таштап коёт. Эненин сүтү балага - эң ылайыктуу тамак. 4 айдан кийин баланы жалаң эмчек сүтү менен тамактандыруу болбойт, ага кошумча жашылча - жемиштердин тттиреси берилет. Кошумча тамак менен азыктанганда эмизүүнүн саны азаят, 5-ай бала күнүнө 3 жолу эмсе, 6 айда 1 жолу. Эненин сүтүндө 6-айдан кийин белоктун, углеводдун өлчөмү азайып, өзгөрүлүшү мүмкүн.
Практикалык иштин жүрүшү: Балдарга жасалган сүт аралашмаларды сатып алып, анын сыртында жазылган даярдоо шарттары менен окуучулар таанышып, дептерине жазышат. Андан кийин аралашмалардан тамак даярдап, практикалык ыкмаларга ээ болушат.