Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн талаптарына жана муктаждыгына жараша меню түзүү

Үй-бүлөнү толук баалуу, даамдуу жана балансташтырылган тамак-аш менен камсыздандыруу татаал милдет, анткени ага билим, убакыт жана каражат керек. Ошондой болгонуна карабастан учурдагы тамактануу жөнүндөгү талаптарды эске алып үй-бүлө жөнүндө кам көрүшү тийиш. Көп адамдар балансташтырылган тамактанууну колунда бар үй-бүлө эле уюштурушу мүмкүн деп ойлошот. Бирок бул туура эмес. Рационалдуу тамактануу жөнүндөгү маалымат организмге керектүү азык заттардын пайдалуу өлчөмүн, катнашын, даярдоо жолдорун баяндайт, бирок кымбат тамак-аштар арзан азыктарга караганда пайдалуу дебейт, ал эмес көп учурларда кымбат тамакты арзаны менен алмаштырууну сунуш кылат.

Мисалы, ак нанга караганда кара нан пайдалуу, жууган майдын ордуна өсүмдүк майларды колдонсо дурус, белокторду толукташ үчүн сөзсүз эле эт жебестен, быштак жесе да болот. Тамактанууда үй-бүлөнүн көнүмүштөрүн эле эске алган болбойт. Эгерде ар бир айыл өзүнүн, балдарынын жана жакындарынын ден - соолугу жөнүндө ойлонсо анда балансташтырылган азыктанууну уюштурганга аракеттенишет. Үйдөгү мүлк ашып-ташып атканга карабастан, тамактануунун маданияты көздөлбөсө, ден-соолугу чың балдарды өстүрүш, саламаттыкты сакташ, узун өмүр сүрүш кыйын. Азыр бизде азык заттардын, энергиянын өлчөмүн аныктаганга аспаптар жок. Ошондой болсо да мурун алынган билимдерге таянып, менюга организмдин белокторго, майларга, углеводдорго, витаминдерге жана энергияга болгон муктаждыгын канааттандырган тамак-ашты киргизүү зарыл. Тамак туура сакталган, жаңы жасалган жана даамдуу болсо, ошондо гана пайдалуу болот, себеби, кайра-кайра жылыткан же туура эмес сакталган тамактарда витаминдердин өлчөмү азаят, зыяндуу заттар пайда болушу мүмкүн. Даамдуу тамакты киши көңүлдүү жеген соң жакшы сиңет, бирок даамдуулугуна гана көңүл бурганда, тамак даярдоонун жолдору, ыкмалары пайдалуу эмес болуп калышы ыктымал.

Балдардын тамагы да даамдуу болушу тийиш. Айрым энелер баласы тамакты начар ичет деп тынчсызданышат. Мунун себеби тамактын даамсыздыгы же бир мүнөздүүлүгү болушу мүмкүн. Эгер бир тамакты күнүгө бере берсе, канчалык даамдуу же пайдалуу болбосун, андан бала тажайт. Бир эле азыктан түрлүү жолдор менен түрлүү тамакты даярдаса болот, ошондуктан ар бир айым тамак жасоо шыктуулугун өөрчүтүшү тийиш.

Кышында жашылча-жемиштер жокко эсе болгон соң, картөшкөдөн, капустадан, сабизден, кызылчадан, алмадан ж. б. сактаганга чыдамдуу болгон мөмөлөрдөн жасалган тамак-ашты көбөйтүп күнүгө берсе, витаминдер менен организм дээрлик өлчөмдө толукталып турат. Суук мезгилде эттүү тамак-аш ичилсе, ысык мезгилде жеңил жашылча, жер - жемиштерден даярдалган тамак желет. Бул азыктар менен жыл^1 бою чийкилей салат түрүндө азыктанганда витаминдер гана толукталбастан, аш болбой калган заттардын бөлүнүп чыгышы жеңилдейт. Сүт, айран, быштак, каймак ж. б. сүттөн жасалган тамактар - белокторго, витаминдерге жана минералдык заттарга бай болгон тамактар. Кыргыз эли адатта эттүү ысык тамактарды кечинде жешет. Мындай тамак-аш ашказанда узак убакыт иштелген соң, кечинде өлчөмдө болгону дурус. Оор кара жумуш аткарган адам, өспүрүм эркек балдар кечиңде күчтүү тамак жесе болот. Аз кыймылдуу улгайып калган адам үчүн эң ыңгайлуу кечки тамак бышырылган жашылчалар, салаттар, айран, быштак ботко болуп саналат. Тамак-ашты даярдоо көп убакытты алат, айрым учурда аялдар кызматтан тышкары убактысынын 50%га чейинкисин үй - бүлөсүнүн тамактануусун камсыздаганга жумшайт.

Ошондуктан айымдардын иштери көп болгон соң, айрым үй-бүлөлөр ысык тамакты сейрек жасап, чай, нан менен азыктанышат же ысык тамакты көп жасап кайра-кайра жылытып ичишет. Бул сөзсүз ден-соолукка терс таасирин тийгизбей койбойт. Эгерде меню бир жумага алдын ала пландаштырылып, узак убакыт сакталганда бузулбаган азыктарды, мисалы ун, кант, чай, май, туз, калемпир ж. б. үйдө топтоп койсо, айымдын иттти азаят, каражатты үнөмдүү колдонгонго шарт түзүлөт. Меню түзгөндө үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн каалоолорун эске алыш кыйын, бирок кеңешип кандайдыр бир чечимге келиши мүмкүн.

Эгерде бала өтө кичине болсо, анда ага тамакты өзүнчө жасаган оң. Ал эми бала чоңоюп калса, анда ал чоң кишилер менен бирдей тамактанса болот. Бирок мындай учурда тамакка туз аз салынат, калемпир кошулбайт. Аларды кийин чоңдор өз каалоосуна жараша кошуп алат.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1278, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо