Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаш балдардын кийим - кечегинин гигиенасы

Баланын ден-соолугуна биринчи күндөрдөн баштап чоң көңүл бурушу милдеттүү. Ошондой эле ыңгайлуу кийим - кечек менен камсыз кылышы тийиш. Айрым учурларда каражат жетпегенден баланын муктаждыгы канааттандырылбай калат, ал эми каражаты болгон ата-эне балага ашыкча кийим - кечек сатып алышат. Албетте, баладан ата-эне эчтекесин аябайт, бирок бул учурда ашыкча сарамжалдуу же берешен болуштун кереги жок. Төрөлгөндөн баштап баланын салмагы жана бою тез өзгөрөт. Ошого жараша бир жашка чейин кийим менен камсыз кылууга жараша 3 мезгилди айырмалап койсо болот: төрөлгөндөн баштап 3 айга чейин, 3 айдан 6 айга чейин, 6 айдан 1 жашка чейин.

Бир мезгилдин кийими экинчи мезгилге жарабай тар болуп калат. Биринчи мезгилдеги баланын кийими, жалаяктары жумшак, табигый кездемелерден жасалышы керек, анткени синтетика материалдары аба алмашууга тоскоол болуп, балдардын терисинде ысыктардын пайда болушуна себеп болот. Ымыркай балдардын кийим - кечеги өзгөчө жумшак болушу зарыл, ошондуктан мурун колдонгон материалдар, мисалы эски шейшептер абдан ыңгайлуу. Жылуу көйнөктөр жумшак момозийден же ичке жүн жиптерден токулса дурус. Бул курактагы балдардын кийимине бүчү, топчу кадалбайт, анткени бүчүлөргө оролуп топчулар денесине өтүп калышы мүмкүн.

Ымыркай балдардын кийимин күнүгө, ал эми суу болуп калса бир күндө бир нече жолу алмаштырат. Баланын тегерегинде бардык нерселер өзгөчө таза болуш керек. Экинчи мезгилде балага багалеги туюк шым кийгизилген соң, жалаяк анча керек болбойт. Бала басканга чейин анын кийим - кечегинин сапатына жана санына коюлуучу талаптар катуу, андан кийин ата-эне баланы кандай кааласа, ошондой кийинтсе болот. Бирок ошондо да төмөнкү талаптарды унутпашы керек: кийим-кечек кийгенге оңой, кыймыл аракетке тоскоол, тар болбой жана сөзсүз таза болушу тийиш.Жаш балдардын, кийим кечеги

Кийим-кечектерТөрөлгөндөн 3 айга чейин керек болгон саны3 айдан 6 айга чейин керек болгон саны
1Туюк ички жука көйнөк33
2Арты ачык жука көйнөк22
3Арты ачык жылуу сырткы көйнөк33
4Багалеги туюк шым (ползунки)210
5Боркок66 (мурунку боркоктор)
6Сырткы жылуу астынан топчуланган, жүндөн токулган көйнөк12
7Бутуна согулган байпак (пинетки)24
8Жылуу шым-3
9Башына жоолук же тумак22
10Жука жалаяктар (80х80см)15-
11Момозий жалаяктар (80х80см)10-
12Бутунун ортосуна салынуучу жалаяктар (подгузники)20-
Баланын бутунун ортосуна төшөлгөн жалаяктарды марлиден же ошого окшош жумшак материлдардан жасалат. Азыркы учурда атайын ошондой жалаяктарга окшош памперстерди сатат. Эгерде дайыма колдонууга алар кымбат болсо, түнкүсүн колдонсо дурус, анткени алар өзүнө сийдикти соруп алган соң, түн ичинде ойгонбой тынч уктайт.

Жалаяктарды кийим-кечекти жууп, кайнатып, эки жагынан үтүктөшү керек. Булганган жалаякты ошол замат сууга чылап койсо оңой жуулат. Балдардын кийимин, жалаяктарын порошок менен жуубайт, аларды самын менен жууганда, тез чайкалат. Ымыркай баланын кийим-кечегин эки жагынан үтүктөлсө, андан кийин ичинен үтүктөсө болот.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 3849, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо