Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаш балдарды киринтүү

Теориялык маалымат: Баланын гигиенасы анын тазалыгын, кийиминин тазалыгын жана ылайыктуулугун, туура тамактанышын жана күн тартибин камтыйт. Мурунку темаларда балдардын күн тартиби, азыктанышы жөнүндө сөз болгон соң, бул сабакта баланын, өзгөчө ымыркай балдардын тазалыгына токтолобуз. Анткени канчалык бала жаш болсо, ошончолук анын териси назик жана микробдорго туруштук бере албайт. Бир аз эле кирдеп кетсе, денесине ысыктар чыгып, алар көбөйүп кетсе ден-соолугуна эмес өмүрүнө коркунуч туудурат. Бала төрөлгөндө эки жума киндиги катый элек кезде киринтпейт.

Бул убакытта күндө эртең менен киндигин зелёнка менен сыйпап, кайнаган жылуу суу менен-жамбаш - такымдарын жууп, кайнаган сууга нымдалган кебез менен бүткүл денесин, бетин сүрүп чыгат. Жамбаш такымдарын, дененин ар бир бырышын (мойнундагы, колтуктун астын дагы, колдун-буттун бүгүлүштөрүндөгү ж. б.) атайын упа (тальк) менен упалап же таза өсүмдүк майы менен майлайт. Эки жумадан кийин энеси баланы температурасы 37-38 градус болгон кайнаган сууга киринтет. Киринтүү бөлмөдө темпера - тура 20 градустан төмөн болбошу керек. Киринткенге керектүү нерселердин баарын даярдап, жанына коюп койсо дурус. Сабактын жабдылышы: баланын ордуна чоң куурчак, кичине ваннача же эмаль каптаткан чара (пластмассадан жасалган чараларды жакшы тазалаш кыйын), баланын самын, упа (тальк) же суу майы, баланын ички жука жана сырткы жылуу көйнөктөрү, башына жоолук, сүлгүр. Сабактын жүрүшү: киринтээрдин астында окуучу колун самындап таза жууйт. Кичине ваннага же чарага муздак кайнаган сууну куюп, үстүнө ысык кайнаган сууну кошуп чабыштырат.

Эгерде термометр жок болсо, анда суунун температурасын чыканактын жардамы менен аныктаса болот. Чыканакты сууга салганда, ал ысык же муздак болуп сезилбеши керек (1-сүрөт). Андан кийин окуучу сол колу менен куурчакты желкесинен алдынан, оң колу менен кызыл ашыктарынан алып сууга салат (2-сүрөт). Андан соң сол колу менен куурчакты бекем кармап жууй баштайт (3-сүрөт). Биринчиден башын самындагандан кийин сууну бетине тийгизбей, баштын арты жагынан жууп салат. Анан колдорун, денесин жана буттарын самындап жууп, куурчакты көмкөрөсүнөн кармап (4-сүрөт) аркасын жууйт. Аягында мурун башка ылайык идишке куюлган жылуу кайнаган суу куюп, куурчактын денесин чайкайт. Самынды күн алыс колдонсо болот. Чайкагандан кийин куурчакты сүлгүргө жаткырып (5-сүрөт), башынан баштап таманына чейин сүлгүрдүн учтарын тийгизип, катуу сүрбөй, курчактын башын, денесин жакшы кургатат.

Анан болгон бырыштардын баарын кебездин жардамы менен упалайт же майлайт (6-сүрөт). Муну жасагандан кийин куурчакка ички жана тышкы көйнөктөрүнүн ачык жагын аркасына келтирип кийгизип, анан көмкөрөсүнөн оодарып, көйнөктөрүн аркасына кымтыйт (7-8-сүрөт). Аягында куурчак жалаяктарга оролот. Ушуларды жасагандан кийин кебезден таякча жасап, кайнаган суу менен нымдап, кулагын тазалайт (9-сүрөт). Айрым учурда кулактардын артындагы тери кесилип кетиши мүмкүн, андай болбошу үчүн кулактын артын майлайт. Ошондой эле кебез таякчалардын жардамы менен мурдун тазалашы керек (10-сүрөт). Кээде баланын кирпиктери жабышып калса, анда нымдуу кебез таякчалары менен көзүн акырын сүрүп койсо дурус.

Эч качан ширенке же башка таякча колдонбош керек, себеби бала тынч туруп бербейт, башын тартып кыймылдаганда таякчалар зыян келтириши мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 4922, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо