Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үйдүн тазалыгы

Теориялык маалымат: Адам саламаттыкта болуш үчүн өзүнүн гана тазалыгына көңүл бурбастан, үйдүн тазалыгына да көңүл бурат. Ал үчүн үйдүн терезелерин, тактайын, эшиктерин жууйт, терезенин пардаларын, килем-шырдактарды, жумшак жана катуу эмеректерди тазалайт. Бул иш-аракеттеринин ичинен күнүнө, күн алыс, бир айда бир жана бир жылда бир нече жолу жасалган жумуштар бар. Үйдүн ичинде ирээттүүлүк болуш үчүн кийим-кечекти, идиш аякты күнүгө, ал тургай бир күндө бир нече жолу ордуна жыйналат. Ал эми үйдү канча жолу жууп тазалаганды ар бир айым өзү чечет. Ошондой болсо да үйдү жок дегенде бир жумада 2-3 жолу жууйт. Антпесе кир чаң чогулган жерде микробдор көбөйүп адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Сабактын жабдылышы: самын, сода, чака, тактайын, терезени, эмеректердин чаңын сүргөнгө ылайык болгон чүпүрөктөр.

Сабактын жүрүшү: Окуучулар класстын мисалында үйдү тазалаганды үйрөнөт. Ал үчүн төмөнкү иш аракеттерди жасайт:1.Бөлмөнүн керегелерине, үстүнө көз жүгүртүп, желе болсо, аны шыпыргыга кургак чүпүрөктү ороп алат.2.Терезелер кир болсо анда аны бир аз самындалган жылуу суу менен айнектерин, жыгачтарын жууп, артынан таза суу менен жууп, кургак чүпүрөк менен арчыйт. Айнектерди эң аягында газетанын кагазы менен сүрсө алар жалтырайт. Эгерде айнектер таза болсо (анткени алар жума сайын жуулбайт) анда кургак чүпүрөк менен терезенин чаңын сүрүп, анан нымдуу чүпүрөк менен жыгачтарын аарчыйт.3.Терезелер сүрүлгөндөн кийин үйдөгү эмеректерди (мебель) чаңдан тазалайт. Катуу буюмдардын үстүндөгү чаң жумшак кургак чүпүрөк менен чогултулуп алынат. Ал чүпүрөктү сырттан күбүп кайра колдонсо болот. Жумшак нерселерден-килемден, дивандан чаң чаң соргуч менен сордурулат.

Эгерде чаң сордургуч жок болсо, анда жумшак эмеректердин үстүн нымдуу чүпүрөк менен жаап, үстүнөн чапкыласа чаң чүпүрөккө сиңип, абаны булгабайт. Килемдерди, өзгөчө шырдактарды эшикке күбүп ордуна кайра салат. Шырдакты чаң соргуч менен тазалаганда түгү чыгып, тез арада тытылып калышы мүмкүн.4.Катуу эмеректердин беттеринде колдун тагы, өзгөчө балдары бар үйдө, калып, шкафтын, столдун беттери чамбыл ала болуп калат. Жыгач буюмдардын үстү адатта лак менен жабылган андыктан, аларды нымдуу чүпүрөк менен сүргөндө, лакта майда жарака калып калышы ыктымал. Ошондуктан мебелди тазалаган атайын суюктуктар менен тазаласа, алар жылтырап көркүнө чыгат.5.Бөлмөлөрдүн эшиктери ачылып жабылып тургандыктан колдон булганат, ошондуктан аларды самындуу суу менен жууса тазаланып калат.6.Ушул иштер жасалгандан кийин үйдүн полун самындуу суу менен жууганы калат. Үйдү жыйнаган сайын болбосо да, бир жылда бир нече жолу эмеректерди ордунан жылдырып, астын сүрүп чыкпаса чаң толуп калат.7.Шыпыргы үйдү жыйнап тазалаганга ыңгайлуу, бирок үйдү, мүмкүн болсо, шыпырбай, нымдуу чүпүрөктүн жардамы менен тазалаган оң себеби нымдап шыпырган учурда да, ал үйдү чаң ызгытып, абаны булгайт.

Эгерде шыпыргыңыз үйдү тазалай албаса, анда биринчи ирээтте үйдү шыпырып, анан буюмдарды чаңдап тазалаңыз.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1402, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо