Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тырмактардын гигиенасы

Теориялык маалымат: Байыркы замандын элдери узун жана кир тырмактар, өзгөчө колун сейрек жууган, колун оозуна салган адам, оорулардын себеби болгонун билишкен. Ошондуктан Байыркы Грециянын эли мындай адам менен кол берип саламдашчу эмес. Бул эл колунун гана эмес бутунун да тырмагын тазалыкта кармашчу, анткени жылы бою ачык бут кийим кийишкен. Байыркы еврейлердин салты боюнча ар бир жуманын 5-күнү чоң киши өзүнүн жана балдарынын тырмагын алчу. Биздин замандын илимпоздору 1 грамм тырмактын астындагы кирде 380 миллионго жакын микробдор бар экенин табышкан. Ушулардын жүздөн бир бөлүгүн адам жеп алса, ооруга чалдыгаарына шек жок. Ошол себептен адам тырмагын дайыма алып жана тазалап турушу тийиш. Айрым балдардын тырмагын тиштеп жеген адаты болот. Мындай адаттын зыяндуулугун түшүндүрүп, таштатыш зарыл.

Кээ бир балдар толкунданган мезгилде тырмагын оозуна салат, бул учурда врачка кайрылуу керек. Сабактын жабдылышы: тырмакты алганга кайчы, тырмактын өгөөсү, тырмакты тазалаган атайын щетка, суу, самын. Сабактын жүрүшү: Окуучулар тырмакты тазалагандын эрежелери менен таанышат, алар төмөнкүлөр:1.Тырмакты өтө кыска же өтө узун кылбай манжалардын жумшак учунан бир аз узунуураак кылып, кайчы менен алат.2.Колдун тырмактары сүйрү формада кыркылса, буттуку түз, анткени буттун тырмагы узарганда жумшак ткандарга басылып кирип жараны пайда кылышы мүмкүн.1.Тырмакты кайчы менен кырккандан кийин учтуу жактарын өгөөлөйт.2.Тырмактын астында кир чогулса, учтуу нерсе менен тазалабаш керек, анткени бир жерди сайып алса, ошол жер ириңдеп кетиши мүмкүн.3.Тырмактар таза болуш үчүн күнүгө щетканы самындап, учтарын жышып жууйт.4.Эгерде тырмактарга маникюр жасалбаса тырмактын ылдый жагындагы терисин жалпак таякча менен акырын ылдый жылдырып койсо, тырмактардын көрүнүшү жакшырат.5.Тырмакты 1 айда 2 жолудан аз кыркпайт. Окуучулар эрежелер менен таанышкандан кийин колундагы (мүмкүн болсо бутундагы да) тырмактарына көңүл буруп алардын кемчиликтерин аныктайт. Андан кийин тырмактарын кайчы менен алат, өгөөчө менен өгөөлөйт, самындалган щетка менен жууйт жана жалпак күрөкчөгө окшош таякча менен тырмактардын терисин ылдый жылдырат. Акырында тырмактардын мурунку жана тазалагандан кийинки кебетесин салыштырып жыйынтык чыгарат.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1200, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо