Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Рояль

Баш барак | Музыка | Рояль

Рояль (пианинодон айырмаланып, pianino — «кичинекей фортепиано», французча рояль — royal piano — «королдук фортепиано») — музыкалык аспап, концерттик фортепианонун негизги түрү, мында кылдары, декасы жана механикалык бөлүгү горизонталдуу жайгашкан, кутусу канат сымал формага ээ, үндөр клавишаны басканда, кийиз балкачанын кылдарга урунуусу менен алынат.

Мазмуну
Рояль
Рояль иллюстрация
Классификациясыклавишалуу, кылдуу музыкалык аспап, фортепиано
Тектеш аспаптарпианино, клавесин

Пианинодон айырмаланып, роялдын үнүнүн чыгышы ачыгыраак жана тембр боюнча мазмундуу, клавиатурасы басууларга сезгич, ойноо сапаттары виртуоздуураак, жана үндүн өзгөрү диапазонунун градациялары көбүрөөк. Аспап фортепианонун түрүнө кирет.

Роялда ойногон аткаруучу пианиночу аталат. Хорнбостель — Закс системасында клавишалуу жана кылдуу музыкалык аспап катары саналат.

Конструкциясы

Футор — бардык кылдардын тартылуусун кармап турган чоюн рама менен кошо фортепианонун негизги таяныч түйүнү. Футордун олуттуу жыгач рамасы корпустун тетиктерин жана түйүндөрүн бекитүүчү негиз катары кызмат кылат.

Чоюн рама — бул торчолуу түзүмдөгү туурасынан жана узатасынан байланышкан, аспаптын жыгач корпусунун ичинде бекитилген, чоюндан куюлган бүтүн металл рама. Кылдардын жалпы тартылуусун кармап турууга арналган. Маңдайкы бөлүгүндө босогочолор же өзгөчө бурамалар — аграфтар жайгашкан, алар үнү чыгып жаткан кылдардын узундугун чектөө кызматын аткарат. Раманын арткы бөлүгүндө болот буроолор же арткы штифттер кагылган, буларга кылдар кулактары же илмектери менен илинет.

Аграф — көзөнөктөрү жана босогочолору бар татаал формадагы сары жезден жасалган буроо, хор кылдардын абалын кармоо жана сапаттуу кесүүгө (чектөөгө) арналган.

Форбаум — маңдайынан чоюн раманы жана вирбельбанкты жабуучу роялдын корпусунун маңдайкы бетинин бөлүгү.

Вирбельбанк — көп катмарлуу, көзөнөктөрү бар жыгач тактай, көзөнөктөрүнө кылдарды тартуучу вирбелдер (кулактар) кагылган, убакыттын өтүшү менен жыгач вирбелдерди жакшы кармай албай калып, бул аспаптын туураланышынын бузулуусуна алып келет.

Фусклец — роялдын бутун бекитүүчү тирөөч брус.

Каподастр — кылдарды туурасынан дискант регистринде кысып туруучу фигуралуу металл штапик; вирбельбанкка бекилип, кылдардын термелүүчү аймактарынын чек араларынын бири. Гитара аспапбындагы каподастр сыяктуу эле кызмат кылат.

Чопкут — вирбельбанкты толук жаап турган роялдын чоюн рамасынын бүтүн плита бөлүгү. Бул тетик чопкуттуу рамага мүнөздүү келип, кылдардын тартылуу күчүнүн кыйла бөлүгүн өзүнө алат (2,5 тонналык күчтүн айланасында), анткени, ар бир вирбелдин плитасында бойшакектүү (орусча фтулка) көзөнөк каралып, ал вирбельбанктын жыгач массивин чыңалуудан бошотот. Раманын мындай түзүлүшү заманбап роялдардын бардыгына мүнөздүү. Мындан тышкары раманын дагы эки түрү бар — чопкутсуз, плитасы бир туташ эмес (мында көзөнөктөрдүн ордуна терезечелер жасалган, ал эми туташкан бүтүн массивди астынан бекитилген вирбербанк түзөт) жана жарым рама, мында чоюн аяктоо катары плита жок, анын функциясын рамага бурамалар менен бекитилген, жана роялдын корпусуна эки жагынан клей менен чапталган, раманын кырлары менен берилген багытта кармалып турган вирбельбанк алат. Албетте, раманын акыркы эки түрүнүн бекемдиги азыраак, өзгөчө жарым раманыкы, ошого карабастан кээ бир мындай рамалуу роялдардын жүз жылдык иштеген түрлөрү да кездешет. Андан тышкары, түз кылдуу эски роялдарда рама өз алдынча компонент катары болгон эмес, анын функциясын роялдын корпусу жана футору аткарган, жана мунун баарын чоюн тирөөч устундар кармап турган.

Штульрама — корпуска бекилүүчү массивдүү рама, фортепианонун клавишалык-балкача механизмине база катары кызмат кылат.

Шпрейц — футордун же чоюн раманын брусу, кылдардын тартылуусундагы жүктөмдү алат.

Кылдар штапиги — чоюн раманын вирбелдик чопкутундагы куюлган металлдан жасалган босогочо, мында ар бир кыл иштеп жаткан жана иштебей турган бөлүктөргө бөлүнөт; жумушчу бөлүктү бөлүү же чектөө кызматын аткарат. Мурда мунун ордуна кулактары бар буроолорду элестеткен аграф-бурамалар колдонулган. Булардын баштарында кылдар өткөн көзөнөктөр бар, жана бул көзөнөктөр босогочо аткарган кызматты аткарчу. Аграфтар штапик менен сүрүлүп чыгарылууда, анткени, өндүрүүдө жана орнотууда эмгекти көп талап кылат, анын ичинде кылдарды алмаштырууда дагы, штапик болсо рама менен кошо эритилип куюлуп алынат.

Бут баскычтар

Роялдардын көбү үч бут баскыч менен жабдылган. Бут баскычтар функциялары:

Тарыхы

Канат сымал формадагы роялды биринчи жолу 1709-жылы Флоренциядагы Палаццо Питти аймагындагы Бартоломео Кристофори көрсөткөн — Фердинанд Медичинин хан сарайы алдындагы клавесиндик чебер. Көчө цимблалчылардын ойноосун карап отуруп, Кристофори жумшак балкачалардын кылга урунуп, үндүн өзгөчө көркөм чыгуусун байкаган. Ал клавесиндин конструкциясын өзгөртүп жасап, жумшак балкачалардын кылдарга уруу аркылуу негиздик жактан үн алуунун жаңы механизмин түзгөн. Ошентип, ойноо учурунда үндүн чыгышын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жаралган. Биринчи фортепианону Кристофори «Gravicembalo con piano e forte» (үнү катуу жана акырын чыккан чоң клавесин) деп атаган. VXIII кылымдын аягына чейин фортепиано үзгүлтүксүз жакшыртууларга кабылып, XIX кылымдын башында клавесин менен клавикордду атаандаштыктан чыгарып койгон. XIX кылымдын башында бүтүн куюлган чоюн рама жана кылдардын кайчылаш жайгашуусу ойлоп табылып, сапаттын жакшырышына жана роялдын пайда болуусуна алып келген. 1850-жылдардан тарта Европада (өзгөчө Германияда), Америкада фабрикалык өндүрүш башталат. Ошентип, рояль музыкалык аспаптардын падышасы болот. XX кылымдын башына карата рояль заманбап формасына ээ болот: жыгач корпус, бүтүн куюлган чопкуттуу чоюн рама, кош репетиция механизми.

Классификациясы

Өлчөмү боюнча роялдар кийинкидей классификацияланат:

Көп учурда роялдын моделинин номери — анын узундугуна барабар, см же дюйм менен.

Роялдар рейтинги

Сапаты жана конструкциясынын мыктылыгы, үнүнүн көркөмдүгү, ойноо касиеттери жана чыдамдуулугу боюнча роялдар кийинкидей класстарга бөлүнөт (заманбап өндүрүүчүлөр):

Премиум-класс (элита)

Bösendorfer (1828-жылдан бери, Нойштадт, Австрия), Steingraeber & Söhne (1854-жылдан бери, Байройт, Германия), Yamaha (1887-жылдан, Япония) Fazioli (1981-жылдан, Сачиле, Италия), August Förster (1859-жылдан бери, Лёбау,Германия), C. Bechstein (Зайфхеннерсдорф, Германия), Blüthner (1853-жылдан бери, Лейпциг, Германия), Mason & Hamlin (1854-жылдан бери, Хаверхилл, Массачусетс, АКШ) , Grotrian- Steinweg (1830-жылдан бери, Брауншвейг, Германия), Steinway & Sons (1853-жылдан Нью-Йорк, АКШ; 1880-жылдан Гамбург, Германия), Ant. Petrof (1864-жылдан бери, Градец-Кралове, Чехия).

Премиум-класстагы роялдар конструкциясы боюнча мыкты болуп, бир нече жүз жылдыкта эволюцияланган технологияга жараша бир-экиден гана жасалат. Ошондой эле, булардын аныктоочу чени катары кылымдан ашык созулган жетишээрлик көлөмдүүлүгү саналат. Премиум класстагы ар кандай бренддердин бааларынын айырмачылыгы базар маркетингинин ар кандай деңгээлдеги агрессивдүүлүгү жана көптөгөн он жылдарга созулган глобалдуу жарнама менен түшүндүрүлөт. Башка класстагы роялдар баасын арзандатуу жана базардын ар кайсы сегменттеринен киреше алуу максатында тез жана жөнөкөйлөтүлгөн технологиялар аркылуу чыгарылат.

Жогорку класс

Bösendorfer (Conservatory линиясы, Нойштадт, Австрия),Bechstein (C. Bechstein Europe s. r. o., Градец Кралове, Чехия), Seiler (Китцинген, Германия), Haessler (Julius Blüthner Pianofortefabrik GmbH, Германия) , Pleyel (Париж, Франция), Shigeru Kawai (Хамамацу, Япония), Yamaha (CF моделдери, Хамамацу, Япония)

Орто немис класс

Irmler (Europe моделдери, Irmler Piano GmbH, Германия), Schimmel (Германия), Sauter (Германия), Rönisch (Германия), Eduard Seiler жана Johannes Seiler (Германия-Индонезия)

Орто класс

W. Hoffmann (C. Bechstein Europe s.r.o., Градец Кралове, Чехия), Boston (кээ бир моделдери, Kawai Musical Instrument Mfg. Co., Ltd., Япония), Kohler & Campbell (АКШ-Индонезия), Irmler (Studio моделдери, Irmler Piano GmbH, Германия-Кытай), Yamaha (C моделдери, Япония), K. Kawai (RX моделдери, Kawai Musical Instrument Mfg. Co., Ltd., Япония), Samick (концерттиктери — Samick Music Corp., Түштүк Корея-Индонезия), Feurich (Вена, Австрия), Wm. Knabe & Co. (Concert Series моделдери, Теннесси, АКШ), Beltmann (Gilan Pianos, Нидерланд-Азербайжан), Galaxy (Galaxy Pianos, Дубай, БАЭ), Petrof (Чехия), Schulze & Pollmann (Сан-Марино, Италия), Estonia (Таллин, Эстония)

Керектөөчүлүк класс

Vogel (Польша-Кытай), Samick (Түштүк Корея-Индонезия), Boston (кээ бир моделдери, Karawan, Индонезия), Sohmer & Co. (АКШ-Индонезия), Bohemia (Чехия, Hailun Piano Co. менен биргеликте, Кытай), Yamaha (кээ бир моделдери, Индонезия), Brodmann (VE моделдери, Австрия-Кытай), Euterpe (Индонезия), Young Chang (Түштүк Корея), Bergman (Түштүк Корея)

Бюджеттик класс

Essex (Steinway Musical Instruments Inc., Pearl River фабрикасы, Кытай), Pearl River (Кытай), Kayserburg (Pearl River Piano Co.Ltd., Кытай), Ritmuller (Pearl River Piano Co. Ltd., Кытай), May Berlin (Кытай), Roesler (Чехия-Кытай), Weinbach (Чехия-Кытай), Wendl & Lung (Ningbo, Кытай), Yamaha (кээ бир моделдер, Кытай), Kawai (Beijing Xinghai Musical Instruments Co. Ltd., Кытай; Kawai Musical Instruments Ningbo Co. Ltd., Кытай), Goodway (Ханчжоу, Кытай), S. Ritter (Goodway Piano Co. Ltd., Кытай), Brodmann (PE жана CE моделдери, Кытай), Falcone (Кытай), Lietuva (Кытай), Niemeyer (Кытай), Otto Meister (Кытай), Carl Ebel (Кытай), Weber (Кытай), Schumann (Moutrie Piano Co. Ltd., Кытай), Moutrie (Кытай), Baldwin (Кытай), Astor (Кытай), Sorbonne (Кытай)

Тейлөө

Роялдын узак мөөнөткө кызмат кылуусун камсыздоо үчүн, коюлган бөлмөнүн туруктуу температурасын жана белгилүү бир деңгээлдеги нымдуулукту сактоо маанилүү. Ал үчүн нымдуулукту жана температураны көрсөтүүчү жана көзөмөлдөөчү аспаптар пайдаланылат. Климатты көзөмөлдөө системасы туруктуу температураны жана нымдуулукту сактап, аспаптын кызмат кылуу мөөнөтүн 2—3 эсе узартат.

Рояль өзүнө жалпы тууралоону, клавиша-балкачалар механизмин тууралоону, үндүн интонировкасын (тембрди өзгөртүү) камтыган техникалык тейлөөнү дайыма талап кылып турат.

Жайгаштыруу: 2023-12-27, Көрүүлөр: 180, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу