Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гитара

Баш барак | Музыка | Гитара

Гитара — кылдуу чертме музыкалык аспап. Музыканын көптөгөн стилдеринде жана багыттарында (музыкалык жанрлар, багыттар, стилдер) аккомпаниациялоочу же соло аспабы катары колдонулат. XX кылымда ойлоп табылган электр гитара музыкага кыйла өзгөрүүлөрдү алып келип, массалык маданиятка күчтүү таасир эткен. Мындан тышкары классикалык гитара, фламенко гитарасы, испан гитарасы жана башка кээ бир түрлөрү дагы бар.

Гитара
Классикалык гитара
Классикалык же испан гитарасы (сүрөт жасалма интеллект тарабынан генерацияланды)
Классификациясыкылдуу музыкалык аспап, хордофон
Тектеш аспаптарлютня, цитра
Кылдарынын саны4-12

Жалпы маалымат

Жалпы жонунан гитара классикалык жана аккустикалык деп бөлүнөт, физика жагынан булардын экөө тең акустикалык деп саналат, анткени акустикалык резонатордун ролунда алардын чарасы болот. Мурда классикалык гитаранын үнү акырыныраак чыккандыктан, кийинчерээк үнүн катуураак чыгаруу максатында кылдары металлдан жасалган гитара чыгып, аны акустикалык деп аташат, ошентип акустикалык жана классикалык деп бөлүштүрүү жаралган, а бирок чындыгында экөө тең эле акустикалык, ал эми азыркы заманбап түшүнүк боюнча айырмачылыктары кийинкидей:

КлассикалыкАкустикалык
Биринчи үч кыл нейлондон (металл кылды орнотууга болбойт, антпесе кыл тирөөчү сыйрылып же капкагы ийилип калат)Бардык кылдар металлдан
Капкактагы кылдар түйүн менен байланатАтайын кыстырма менен кысылат
Моюну жазыраак жана калыңыраак, буга ылайык кылдардын арасы дагы чоңураакМоюну ичкерээк, буга ылайык кылдар арасы дагы жакын
Кылдарды кысууга азыраак күч-кубат талап кылынатКылдарды кысууга көбүрөөк күч керек, жана көнгүчө манжаларды оорутат
Чарасы өлчөмү стандарттык — 4/4, мындан тышкары балдарга арналган 1/4, 2/4, 3/4 өлчөмдөрү дагы барЧарасынын өлчөмдөрү өтө ар түрдүү, кээде тандоодо татаалдыкты жаратат, эң популярдуусу дредноуд, булар жаш балдарга жарабайт.
Плектр (медиатор) менен дагы, манжалар менен дагы ойноого болот, ушул себептен классикалык гитарада ойногон гитарачылардын тырмактары узунАкустикалык гитаранын конструкциясы плектр менен ойноого ыңгайлуу жана тескерисинче манжалар менен кичине ыңгайсыз, себеби кылдардын арасы жакын, бирок мүмкүн
Моюну узунураакКлассикалыкка салыштырмалуу моюну кыскараак
Ладдары көбүрөөкКлассикалыкка салыштырмалуу ладдары азыраак

Айтылуу фингерстайл (англисче finger style, сөзмө-сөз манжалар стили) классикалык гитарадан жаралып, акустикалык гитарага өткөн. Жөнөкөй сөз менен айтканда манжалар менен терип ойноо деген мааниде.

Тарыхы

Заманбап гитаранын алгачкылары саналган, кылдуу жана чарасы резонациялануучу аспап биздин заманга чейинки II миң жылдыкка таандык. Библияда эскерилген Шумер-вавилондук кылдуу аспап — киннордун сүрөтү, Месопотамиядагы археологиялык казууларда чопо барельефтерде табылган.

Байыркы Египетте жана Индияда дагы гитарага окшош аспаптар белгилүү: Египеттеги набла, нефер, цитра жана Индиядагы вина менен ситар. Ал эми байыркы Грецияда жана Римде кифара аспабы популярдуу болгон.

Гитарага чейинкилердин резонатордук чарасы узунураак, тоголок келип, моюну узун болгон. Чарасы бүтүн материалдан жасалган — кургатылган ашкабактан, таш баканын ташынан, же жыгачтын бүтүн кесиндисинен оюлган же чабылган.

III—IV кылымдарда Кытайда жуань (же юань) жана юэцинь аспаптары пайда болот, булардын жыгач чарасы өйдөңкү жана төмөнкү капкактан (дека) жана аларды бириктирген обечайкадан чогултулган.

Бул, Европада болжолдуу VI кылымдарда, латын жана мавританиялык гитаралардын пайда болуусуна алып келген. Кээ бир изилдөөчүлөрдүн ою боюнча ушундай өңдүү аспаптын эрте сүрөтү, Меридадагы көрүстөн үстүндөгү стеллада кездешет. Утрехт псалтырындагы (диний китеп, 820—830-жылдар) миниатюралардагы «моюндуу ситардын» сүрөтү архаикалураак көрүнөт. Сен-Жермен-де-Пре (820—830-ж.) аббатыгындагы скрипториумда жасалган Штутгарт псалтырында дагы бир нече миниатюралар бар, алардан дагы гитаранын негизги мүнөздөмөлөрүнө (резонатордук чара, моюнча, буроолору бар кутуча) ээ болгон, кылдуу чертме музыкалык аспаптарды (Кылдуу музыкалык аспаптар, музыкалык аспаптар) көрүүгө болот. Кылдары (үчтөн алтыга чейин) чарасынын ылдый жагындагы тегерек кырга бекилип, плектрдын (медиатордун) жардамы менен термелет. Псалтырда баяндалган жана аспаптын аты болгон cithara латын сөзү гректердин «кифара» сөзүнөн чыгып, Орто кылымдар мезгилинде kitaire, quitaire, quitarre формасына ээ болот.

Плектр же медиатор
Плектр же медиатор

Кийинчерээк, XV—XVI кылымдарда виуэлла аспабы пайда болуп, заманбап гитаранын түзүлүшүнүн калыптанышына таасир этет.

Түрлөрү

Испан гитарасы

Орто кылымдарда гитаранын өнүгүүсүнүн негизги борбору Испания болгон, мунун генезисин негизинен араб таасири менен байланыштырышат (мавританиялык гитара). XV кылымда Испанияда ойлоп табылган эки кабатталган (биринчи кылы бир кабаттуу болушу ыктымал) кылдардан турган 5 кылдуу гитара жайыла баштайт. Мындай гитара испаниялык деген аталышка ээ болот. XVIII кылымдын аягында испан гитарасы эволюциянын натыйжасында 6 бир кабаттуу кылдарга жана чыгармалардын аз эмес репертуарына ээ болот, мунун калыптануусуна XVIII кылымдын аягында — XIX кылымдын башында жашап өткөн италиялык композитор жана гитарачы-виртуоз Мауро Джулиани кыйла таасир этет.

Классикалык гитара

XVIII—XIX кылымдардын өтүшүндө испан гитарасынын конструкциясы кыйла өзгөрүп, усталар анын өлчөмү жана чарасынын формасы, моюнунун, буроолор механизминин бекилиши жана башкалары менен эксперименттерди жүргүзүп келет. Акыры, XIX кылымда испаниялык гитара устасы «Антонио Торрес» гитарага заманбап формасын жана өлчөмүн берет. Торрестин конструкциясындагы гитараларды бүгүнкү күндө классикалык деп аташат.

Гитаранын классикалык ойноо техникасын түптөгөн ошол кездеги белгилүү гитарист жана композитор, испаниялык Франсиско Таррега болгон. XIX кылымдын белгилүү гитарачыларынын арасында Франсуа де Фосса жана Диониссио Агуадо дагы бар. XX кылымда гитарачы ишин испаниялык композитор, гитарачы жана педагог Андрес Сеговия уланткан.

Электрогитара

XX кылымда электрондук үн күчөтүү жана иштетүү технологиясы пайда болуп, гитаранын жаңы түрү — электрондук гитара жаралган. 1936-жылы «Рикенбекер» компаниясынын негиздөөчүлөрү Жорж Бошам жана Адольф Рикенбекер тарабынан, чарасы металлдан жасалган жана магниттик үн алгычы бар алгачкы электрогитара патенттелген. 1950-жылдардын башында Лес Пол, чарасы бүтүн жыгачтан жасалган электр гитараны ойлоп табат, бирок кийинчерээк идеясын Лео Фендерге берет, анткени бүтүн чаралуу гитара идеясы Лес Пол иштеген Gibson компаниясына кызыксыз болчу. Электр гитаранын конструкциясы ушул күнгө чейин өзгөрүүсүз сакталууда.

Жети кылдуу гитара

Жети кылдуу гитараны орустар биздики деп айтып келишет, бирок кээ бир европалык сөздүктөрдө, ошол эле Владимир Дальдын сөздүгүндө муну Польшалык гитара деп берилгени анык. Цитата: «италиялык гитарада алты кыл, польшалык гитарада жети». XIX кылымдын башында Россияда саксон цистрасы аспабынын негизинде (бул аспап Лейпцигедеги немец гитаристи Иоган Шейдлердин камералык оркестрында, андан кийин Санкт-Петербургдагы музыканттар Жозеф Каменский жана Иоган Клавдий Ганс иштеген жерде болгон) Иван Батов тарабынан жасалган жети кылдуу гитара абдан жайылып кеткен, кийин бул гитара Иван Краснощёков жана анын окуучулары тарабынан жакшыртылган. 1802-жылы биринчи орус тилиндеги Игнатий Гельцтин жети кылдуу гитарада ойноо мектеби чыгарылган. XIX кылымдын биринчи жарымында композитор жана гитарисфт А. О. Сихранын аркасынан жети кылдуу орус гитарасы популярдуулукка жеткен.

Башка түрлөрү

Классикалык гитара жана электрогитарадан тышкары эстрадалык гитаралар дагы көп кездешет, алардын ичинен вестерн-гитара, фолк-гитара, туристтик (тревэл) гитара жана башкаларды белгилөөгө болот. Андан тышкары, электр жана акустикалык гитаралар менен катар гибриддик варианттар — электроакустикалык гитара (аппаратурага кошулуучу датчиктери бар акустикалык гитара, англисче acoustic electric guitar) жана жарым акустикалык (чарасы көңдөй электр гитара, англисче semi-acoustic guitar) гитаралар бар.

Түзүлүшү

Негизги бөлүктөр

Гитара чарасынан жана гриф аталган моюнунан турат. Моюнунун маңдайкы жумушчу бети — жалпак же кичине дөмпөк. Моюнун бойлой параллелдүү түрдө кылдар тартылган, бир учу чаранын бетинде жайгашкан куткундун жана ошол эле убакта тепкектин ролун аткарган тирөөчкө бекилип, экинчи учу — моюнунун учундагы буроолор кутусуна (башына) бекилет. Чарасындагы тирөөчтө кылдар, атайын кулактары бар бураманын жардамы аркылуу кыймылсыз бекилет, башында болсо кылдардын тартылуусун тууралаган буроолор механизми менен тартылат.

Классикалык гитара бөлүктөрү

Кылдар эки босогодо жатат — төмөнкү жана жогорку, кылдардын жумушчу узундугун аныктаган эки босогочонун аралыгы — гитара мензурасы болот. Жогорку босого моюнунун жогору жагында, башына жакын жерде жайгашат. Төмөнкү босого чарасындагы кыл тирөөчтө орнотулат. Төмөнкү босого катары айтылуу ээрлер (орусча сёдла) дагы боло алат — ар бир кылдын узундугун тууралоого мүмкүндүк берген жөнөкөй мехинизмдер.

Ладдар

Гитарадагы үн булагы катары — тартылып турган кылдардын термелүүлөрү саналат. Алынуучу үндүн бийиктиги кылдардын тартылуу күчү, термелүүчү бөлүктүн узундугу жана кылдын жоондугу менен аныкталат. Көз карандылык кийинкидей: кыл канчалык ичке, кыска жана катуу тартылган болсо — ошончолук үн бийик чыгат. Бул көз карандылыктын математикалык баяндалышы 1626-жылы Марен Мерсенн тарбынан чыгарылып, «Мерсенн мыйзамы» аталышын алып жүрөт.

Гитарада ойноодо үн бийиктигин башкаруунун башкы ыкмасы — бул кылдын термелүүчү бөлүгүнүн узундугун өзгөртүү. Гитарачы кылды моюнунун бетине же лад аталган босоголорго басып, анын жумушчу бөлүгүн кыскартат, буга ылайык кыл чыгарган үндүн тону жогорулайт (мындай учурда кылдын жумушчу бөлүгү төмөнкү босогодон гитарачынын сөөмөйү менен моюнунун бетине басылган ладга чейинки бөлүк болот). Кылдын узундугун эки эсеге кыскартуу үн тонунун октавага жогорулашына алып келет.

Батыш музыкасында бирдей темперацияланган 12 ноталык үн катар колдонулат. Гитарадагы мындай үн катарда ойноону жеңилдетүү үчүн айтылуу «ладдар» пайдаланылат. Лад — бул кылдын үнүн жарым тонго жогорулатуучу аспаптын моюнунун бетиндеги үзүндү же аралык, негизинен моюнунун бетинин тегиздигинен чыгып турган атайын металл сызыкчалар (босоголор) түрүндө болот дагы, кылдар ошол металл тилкелерге сөөмөйлөр менен кысылат. Аспаптын моюнундагы (грифтеги) чегинде ладдык металл босоголор бекилет. Ладдык босоголор болгон учурда кылдын жумушчу узундугун жана ага ылайык үндүн бийиктигин өзгөртүү дискреттик (үзгүлтүктүү, өзүнчө) ыкмада гана мүмкүн.

Төмөнкү босогодон n лад босогосуна чейинки аралык төмөнкүдөй формула менен эсептелет:

l = d * 2-n12

мында n — лад номери,d болсо — гитара мензурасынын номери.

Кылдар

Заманбап гитараларда болоттон, нейлондон же карбондон жасалган кылдар пайдаланылат. Кылдар жоондугуна жараша номерлер менен белгиленет, эң ичкеси 1-номер.

Кылдардын аспапта орнотулушу дагы жоондугуна жара болот, маңдайынан караганда эң жоону сол жагында, ичкеси оң жагында. Сологой гитарачылар үчүн кылдардын ирети тескерисинен орнотулат. Учурда, кылдардын көптөгөн түрлөрү чыгарылууда, алар жоондугу, даярдоо технологиясы, материалы, үн тембри, гитара түрү жана колдонуу чөйрөсү боюнча айырмаланат.

Үн түзүмү

Кылдын номери жана кылдын музыкалык үндү чыгаруусун — «гитара түзүмү» деп аташат (гитаранын туураланышы, орусча строй). Гитаранын түрүнө, музыкалык жанрына жана аткаруу техникасына карата, гитара үн түзүмүнүн көптөгөн варианттары бар, мисалы:

Кылдарынын саны Түзүмү Кыл
1-чи 2-чи 3-чи 4-чи 5-чи 6-чи 7-чи 8-чи 9-чи 10-чи 11-чи 12-чи
6 «испаниялык» e1 ми b си g соль d ре A ля E ми
6 «Түзүм C» d1 a f c G C
6 «Drop D» e1 b g d a D
6 кварталык f1 c1 g d A E
7 «Жети кылдуу» (терцдик) d1 b g d B G D
12 стандарттык e1 e1 b b g g1 d d1 A a E e

Үндү күчөтүү

Термелген кылдын өзү үндү абдан акырын чыгарат, а бул музыкалык аспапка жарабайт. Гитарада үндү чоңойтуу үчүн эки ыкма пайдаланылат — акустикалык жана электрдик.

Акустикалык ыкмада гитаранын чарасы акустикалык резонатор түрүндө жасалат, а бул адамдын үнүндөй үндү чыгарууга мүмкүндүк берет.

Электрдик ыкмада гитаранын чарасында бир же бирнече үн алгычтар орнотулат, алардан чыккан электр белгилер күчөтүлүп, электрондук каражаттар менен ойнотулат. Мында, гитара үнүнүн катуулугу, колдонулуучу аппараттын кубаттуулу менен гана чектелет.

Аралаш ыкмада үн алуу дагы мүмкүн, андай учурда электрондук үн алгыч же микрофон акустикалык гитаранын үнүн күчөтүүдө пайдаланылат. Андан тышкары, гитара синтезаторго үн киргизүү катарында иштей алат.

Болжолдуу мүнөздөмөлөр

  • Ладдардын саны - 18ден (классикалык) 36га чейин (электро)
  • Кылдардын саны — 4төн 14кө чейин (же жеке модификациялар)
  • Мензура— 0,5 мден 0,8 мге чейин
  • Өлчөмдөрү — 1,0 м × 0,5 м × 0,2 м
  • Салмак —>1ден (акустикалык) ≈15 кг чейин

Материалдар

Жөнөкөй жана арзан гитараларда чарасы фанерадан, ал эми сапаттуу жана буга ылайык кымбат аспаптарда чарасы салттуу түрдө кызыл дарактан же палисандрдан жасалат. Ошону менен бирге, арткы капкагына жана обечайкаларына колдонулган жыгач үндүн чыгуусуна таасир этпейт. Маңдайкы капкагы шартка ылайык карагайдан же кедрдан, мунун себеби — бул дарак түрлөрүнүн түзүмү резонаторго жакшы келип, обертондорго каныккан үндү берет имиш. Амарант жана венге өңдүү экзотикалык варианттары дагы бар. Электрогитаралардын чарасын даярдап жатканда усталар көбүрөөк эркиндикке ээ. Гитаралардын моюну (грифи) буктан, кызыл дарактан жана башка жыгач түрлөрүнөн жасалат. Кээ бир усталар электргитараларды жасоодо башка материалдарды дагы пайдаланат. 1980-жылы Нэд Штейнбергер, Steinberger Sound фирмасын негиздеп, алар гитараларды ар кандай графит композиттеринен жасашкан.

Классификациясы

Бүгүнкү күндө өтө көп болгон гитаралардын түрлөрү кийинкидей белгилер боюнча классификацияланышы мүмкүн:

Үндү күчөтүү ыкмасы боюнча

  • Акустикалык гитара — термелген кылдардын үнүн акустикалык резонатордун жардамы күчөтөт, мындай резонатордун ролун аспаптын чарасы аткарат.
    • Резонатордук гитара (резофондук же резофон-гитара) — аспаптын чарасына орнотулган металл акустикалык резонаторлор үнүн күчөткөн акустикалык гитаранын түрү.
  • Электрогитара — кылдардын механикалык термелүүсү электрмагниттик үн алгычтын жардамы менен электр белгисине айланган гитара түрү. Электр белги (сигнал) негизинен өзүнчө аудио күчөткүчкө берилип, акустикалык система аркылуу үн болуп чыгат.
  • Жарым акустикалык электрогитара — кылдардын үн алгычына кошо электр күчөткүчсүз үн чыгара алган көңдөй акустикалык чарасы бар электрогитара. (Электроакустикалык гитара менен алмаштырбоо зарыл, анда пьезо үн алгыч чарасына бекилет, мында кылдарда)
  • Электроакустикалык гитара — акустикалык резонатор болгон чарасына пьезо үн алгыч (пьезо-датчик) бекилип, чарасынын термелүүлөрүн электр үн белгилерине айлантат.
    • Электроакустикалык бас гитара — электр бас гитара сыяктуу эле көбүнчө 4 кылдуу, бирок чарасы акустикалык резонатор түрүндө келип, пьезо үн алгычы бар.
  • Синтезатордук гитара (MIDI гитара) — синтезаторго үн киргизүү түзүлүшү катары пайдаланууга багытталган гитара.

Корпусунун түзүлүшү боюнча

  • Классикалык гитара — Антонио Торрес (XIX кылым) тарабынан иштелип чыккан акустикалык алты кылдуу гитара.
  • Фолк-гитара — металл кылдарды колдонууга ылайыкташтырылган акустикалык алты кылдуу гитара.
  • Флэттоп — маңдайкы капкагы жалпак болгон фолк-гитара.
  • Арктоп — маңдайкы капкагы дөмпөк жана анын четтеринде f (классикалык кыл кыяктыкындай) сымал резонатордук көзөнөктөрү бар акустикалык же жарым акустикалык гитара. Жалпысынан, мындай гитаранын чарасы чоң классикалык кыл кыякка окшош. 1920-жылдары Гибсон (англисче Gibson) фирмасы тарабынан иштелип чыккан.
  • Дредноут (вестерн) — чарасы чоңураак жана ага мүнөздүү тик бурчтуу формага ээ болгон фолк-гитара. Классикалык гитара чарасына салыштырмалуу үнү катураак чыгып, тембрда төмөнкү жыштыктагы компоненттер басымдуулук кылат. Мартин (англисче Martin) фирмасы тарабынан 1920-жылдары иштелип чыккан.
  • Джамбо — кантри- жана рок-гитарачылар арасында популярдуу болгон фолк-гитаранын чоңураак варианты. 1937-жылы Гибсон фирмасы тарабынан иштелип чыккан.
  • Цыган джаз гитарасы — 1930-жылдары гитара устасы Марио Маккафери тарабынан иштелип чыккан акустикалык гитара. Өзгөчөлүктөрү: капкактары дөмпөк, чарасында серпилгичи бар. Бул гитаранын розетка формасы менен айырмаланган эки түрү бар: чоң D сымал жана кичинекей о сымал, Францияда булар grand bouchet жана petit bouchet аталат. Бул гитара металл кылдарды колдонууга эсептелген, жана буга ылайык орто жыштыктагы обертондор басымдуулук кылып үнү катуу чыгат. Бул гитараларды чыгарган Selmer аталган фирманын аталышын алып жүргөн аты дагы жетишээрлик белгилүү.
  • Добро (англисче dobro) — үн көзөнөкчөлөрүнүн ордуна металлдан жасалган резонациялоочу конусу бар, металл тонундагы үндөрдү чыгарат, буларды көбүнчө кантри музыкасында угууга болот. Кээ бир добро гитаралары төрт бурчтуу туурасынан кеткен кесиндиси бар моюнга жана (төрт бурчтуу гриф) өтө чоң ладдарга ээ, мындай аспапта металл же айнек ичи көңдөй цилиндр (слайд) менен ойнойт, булар көбүнчө слайд-гитаралар деп аталат.
  • Кроссовер-гитара — чарасы акусстикалык гитараныкына жакын, ушундан улам үнү классикалыкка караганда катураак; моюну орто жазылыкта, эстрадалык гитара менен классикалык гитаранын ортосу.

Диапазону боюнча

  • Жөнөкөй гитара — айтылуу «классикалык» («испан», «стандарттык») түзүмдө чоң октавадагы ми-ден үчүнчү октавадагы до-го чейин (20 ладдуу гитара үчүн). Бул диапазон ладдардын, кылдардын жана түзүмдөрдүн санына жараша айырмаланышы мүмкүн. Электрогитараларда тремоло-машинаны колдонуу, диапазонду эки багытта кыйла кеңейте алат. Кошумча жабдуусуз гитаранын диапазону төрт октаванын айланасында.
  • Бас гитара — үн дипазону төмөн гитара, шартка ылайык жөнөкөй гитарадан бир октавага төмөн. 1950-жылдары Фендер фирмасы тарабынан иштелип чыккан.
  • Тенор гитара – мензурасы кыскартылган төрт кылдуу гитара, диапазону жана үн түзүмү банджо аспабындыкындай.
  • Баритондук гитара – жөнөкөй гитарага караганда мензурасы узунураак, бул анын төмөнүрөөк үн чыгаруусуна мүмкүндүк берет. 1950-жылдары Данэлектро фирмасы тарабынан ойлоп табылган.

Ладдардын болушу боюнча

  • Жөнөкөй гитара — ладдары жана ладдык босоголору бар гитара, бирдей темперацияланган түзүмдө ойноого ыңгайлашкан.
  • Ладдары жок гитара — аты айтып тургандай эле, мындай гитарада ладдык босоголор болбойт. Мындай аспаптын диапазонунан ар кандай бийиктиктеги үндөрдү алууга, ошодой эле алынуучу үндүн бийиктигин жай өзгөртүүгө мүмкүн. Көбүнчө ладсыз бас гитаралар көп кездешет.
  • Слайддык гитара (сыйгалатма) — слайд же слайдер менен ойноого арналган гитара, мындай гитарада үн бийиктиги атайын ичи көңдөй цилиндр сымал аспаптын (слайддын) жардамы аркылуу жай өзгөрөт.

Пайда болгон жери (өлкөсү) боюнча

  • Испан гитарасы — XIII—XV кылымдарда Испанияда пайда болгон алты кылдуу акустикалык гитара.
  • Жети кылдуу гитара — мунун Россияда же Польшада пайда болгондугу тууралуу так маалымат жок, бирок орустар биздики деп талашып келет, орустардын айтуусу боюнча Россияда XVIII—XIX кылымдарда пайда болгон (өзүлөрүнүн версиясы) имиш.
  • Гавай гитарасы (укулеле менен алмаштырбайлы) — кыргыздын жетиген аспабына окшошуп кеткен, коюп алып чертме слайддык гитара. Столдун, тизенин же атайын коймонун үстүнө коюлат, гитарачы болсо отургучта отурат же столго отургандай жанында турат (башка аталышы — «лэп-стил»).
  • Бразилиялык гитара — түзүмү кеңейтилген жана мензурасы чоңойтулган алты кылдуу акустикалык гитара.

Музыка жанры боюнча

  • Классикалык гитара — Антонио Торрестин конструкциясындагы алты кылдуу акустикалык гитара.
  • Фолк-гитара — металл кылдарын колдонууга ыңгайлашкан алты кылдуу акустикалык гитара. Булардын кылдары катураак тартылгандыктан маңдайкы капкагы ийилип кетпөө максатында калыңыраак келет.
  • Фламенко-гитара — фламенко музыкалык стилинин талаптарына адаптацияланган классикалык гитара, үнүнүн курч тембри менен айырмаланат.
  • Джаз гитара (оркестрдик гитара) — Гибсон фирмасынын жана алардын аналогдорунун турукташып калган арктоптордун аталышы. Бул гитаралардын үнү джаз оркестринин курамында жакшы айырмалана тургандай курч болот, бул алардын 1920—1930-жылдарындагы джаз гитарачыларынын арасындагы популярдуулугун аныктаган.

Аткарылуучу чыгармадагы ролу боюнча

  • Соло гитара — обондуу соло партияларды аткарууга арналган гитара, өзүнчө ноталардын курчураак жана тагыраак үнү менен мүнөздөлөт.

Классикалык музыкада соло гитара деп ансамбли жок, бардык партияны өзүнө алган гитараны айтат, гитарада ойноонун эң татаал түрү.

  • Ритм гитара — ритмикалык партияларды (шартка ылайык аккордору менен) аткарууга арналган гитара, тыгызыраак жана бир калыптагы үнүнүн тембри менен мүнөздөлөт, өзгөчө төмөнкү жыштыктагы аймакта.
  • Бас-гитара – төмөнкү диапазондогу гитара шартка ылайык бас партияларын аткарууга арналган.

Кылдарынын саны боюнча

  • Төрт (4) кылдуу гитара. Булардын көбүнчөсү же бас, же тенордук гитара.
  • Алты (6) кылдуу гитара. Стандарттык жана көп жайылган түр.
  • Жети (7) кылдуу гитара. XVIII—XIX-кылымдарда орус музыкасында көп колдонулган.
  • Он эки (12) кылдуу гитара — алты түгөй кылды калыптандырган жана классикалык түзүмдө октавага же унисон туураланган гитара. Мында негизинен профессионалдуу рок, фолк музыканттар жана барддар ойношот.
  • Башкалар — кылдарынын саны көбүрөөк болгон азыраак жайылган көп сандаган орто жана гибриддик формадагы гитаралар дагы бар. Ошондой эле, диапазонду кеңейтүү максатында кылдары кошуп коюуу учурлары дагы бар (мисалы, беш жана алты кылдуу бас гитаралар), же болбосо каныккан тембр үнүн алуу үчүн бир нече же бардык кылдарды эки, ал гана эмес үч эселентип көбөйтүүлөр болот. Андан тышкары, соло аткаруунун ыңгайлуулугу үчүн кош моюндуу бар гитаралар кездешет.

Башкалар

  • Добро гитара — 1928-жылы Допер ага-инилер тарабынан ойлоп табылган резонатордук гитара. Учурда добро гитара Гибсон фирмасына таандык соода маркасы.
  • Укулеле — XIX кылымдын экинчи жарымында португалиялыктар тарабынан Гавай аралдарына алынып келинген миниатюралык төрт кылдуу гитара.
  • Уорр гитарасы — электрдик тэппингдик гитара, чарасы жөнөкөй электр гитарасына окшош, башка үн алуу ыкмаларын колдонууга мүмкүндүгү бар. 8, 12 же 14 кылдуу варианттары бар. Стандарттык тууралоосу жок.
  • Стик — электр тэппингдик гитара. Чарасы жок, эки учунан ойноого мүмкүн. 10 же 12 кылдуу. Теория боюнча бир убакта 10 нотага чейин үн алуу мүмкүн (1 сөөмөй — 1 нота).

Ойноо техникасы

Гитарада ойноодо гитарачы сол колунун манжалары менен аспаптын моюнундагы кылдарды кысат, ал эми оң колунун манжалары менен бир нече чертүү ыкмалардын бири менен үн чыгарат. Гитара ойноо учурунда гитарачынын алдында (горизонталдуу же моюну 45 градуска чейин кыйгач абалда) тизесине такалып, же далысынан өткөрүлгөн курдун жардамы менен илинип турат. Кээ бир гитарачылар, негизинен сологойлор оң жагынан кармашат, буга ылайык кылдарын дагы ордун алмаштырып орнотуп, колдордун функциясын өзгөртүшөт — аспап моюнундагы кылдарды оң колу менен кысып, сол колу менен үн чыгарат (чертет). Мындан ары колдордун аталышы оң кол менен черткен гитарачыга келитирилет, же сологой адамдар оңду сол деп, солду оң деп түшүнүүсү зарыл.

Үн чыгаруу (алуу)

Гитарада үн чыгаруунун негизги ыкмасы чертүү саналат — гитарачы кылды сөөмөйүнүн же тырмагынын учу менен илип, кичине тартып анан коё берет. Манжалар менен ойноодо чертүүнүн эки түрүн пайдаланат: апояндо жана тирандо.

Апояндо (испанча apoyando, таянуу менен) — чертүү, черткенден кийин сөөмөй коңшу кылга таянат. Апояндонун жардамы менен гамма сымал пассаждар, ошондой эле, терең жана толук үндү талап кылган кантилена аткарылат. Тирандо жасоодо (испанча tirando — тартуу) апояндодон айырмаланып, чертүүдөн кийин сөөмөй коңшу жоонураак кылга таянбай, анын үстүнөн эркин өтөт, ноталарда апояндо белгиси (∧) көрсөтүлбөсө, чыгарма тирандо ыкмасында ойнолот.

Ошондой эле, гитарачы анча чоң эмес күч менен үч же төрт манжасы аркылуу «чачыранды» түрдө бардык же бир нече коңшу кылдарга урушу мүмкүн. Мындай үн алуунун ыкмасы расгеадо (испанча rasgueado) аталат. Ошондой эле, «тароо» (орусча чёс) аталышы көп жайылган.

Чертүү же уруу оң колдун манжалары же плектр (медиатор) аталган атайын каражаттын жардамы менен аткарылышы мүмкүн. Плектр, анча чоң эмес, катуу материалдан (сөөктөн, пластиктен, металлдан) жасалган, үч бурчтук сыяктуу жалпак пластинаны элестетет. Гитарачы аны оң колунун манжалары менен кармап, кылдарга чертет же урат.

Көптөгөн заманбап музыка стилдеринде слэп аталган үн алуу ыкмасы кеңири жайылган. Ал үчүн гатарачы өзүнчө кылга сөөмөйү менен катуу урат (албетте, кыл үзүлбөгөндөй) же кылды илип анан коё берет. Бул ыкмалар слэп (уруу) жана поп (илип алуу) деп аталат. Слэп көбүнчө бас гитарада ойноодо колдонулат.

Акыркы он жылдыкта (2023) үн алуунун өзгөчө ыкмасы активдүү өнүгүүдө, мында гитара моюнундагы ладдар арасына колдун манжалары менен жеңил урууда үндөр чыгат. Мындай үн чыгаруу тэппинг (эки кол менен ойноодо — эки колдуу тэппинг) же тачстаил (англисче TouchStyle) аталат. Тэппинг ыкмасында ойногондо, фортепианодо ойноп жаткандай элестетилет, жана ар бир кол өзүнүн көз карандысыз партиясын аткарат.

Сол кол

Сол колу менен гитарачы гитара моюнун (грифин) ылдый жагынан кармап, бармагы арткы бетине таянат. Калган манжалар моюнунун жумушчу бетиндеги кылдарды кысууга пайдаланылат. Манжалар кйинки ыкмада белгиленет: 1 — сөөмөй, 2 — ортончу, 3 — аты жок, 4 – чыпалак. Ладдарга жараша колдун абалы «позиция» аталып, рим саны менен белгиленет. Мисалы, гитарачы кайсы бир кылды 1-сөөмөйү менен IV ладда кысса, кол IV позицияда турат деп айтышат. Кысылбаган (басылбаган) кылды «ачык» дешет.

Кылдар манжалардын жаздыкчалары менен кысылат — бир сөөмөй менен гитарачы белгилүү бир ладда бир кылды кысат. Эгер сөөмөйдү толугу менен грифке коюп кылдарды кыссак, ладдагы бардык же бир нече кылдар кысылат. Бул абдан кеңири таралган ыкма, аталышы — «баррэ». Баррэнин эки түрү бар: чоң баррэ же толук баррэ (бардык кылдар кысылат) жана кичи баррэ (жарым баррэ), мында аз сандагы кылдар кысылат (2ден 6га чейин). Баррэ коюуу учурунда калган манжалар эркин болуп, башка ладдардагы кылдарды кысууга колдонулушу ыктымал. Сөөмөй менен чоң баррэ жасап, андан тышкары башка ладдан кичи баррэ жасоого зарыл болгор аккорддор бар, бул үчүн тигил же бул аккорддун ыңгайлуу аткарылышына жараша, каалаган эркин манжа пайдаланылат. Баррэ физикалык жактан жетишээрлик түрдө татаал ыкма болгону менен, аны каалаган деңгээлдеги гитарачынын билүүсү зарыл, анткени ага аккорддордун көпчүлүк бөлүгү байланышкан.

Ыкмалар

Өйдөдө баяндалган негизги гитарада ойноо техникасынан тышкары, музыканын түрдүү стилдеринде, гитарачылар тарабынан кеңири колдонулуучу ар кандай ыкмалар бар.

  • Арпеджио — кылдарды ырааты менен кезектештирип чертүү аркылуу үн алуу. Бир нече манжалардын жардамы аркылуу, ар кайсы кылдарды ырааты менен чертип аткарылат.
  • Арпеджиато — ар башка кылдардан тез, ырааты менен үн алуу (кылдарды тез терүү).
  • Бенд (чоюуу) — кылды ладдык босого боюнча туурасынан жылдыруу менен тонду жогорулатуу. Гитарачынын тажрыйбасына жана колдонулуучу кылдарга жараша бул ыкма менен алунуучу нотаны 1,5—2 тонго жоголутса болот. Бенд көбүнчө электрогитараларда аткарылат, аккустикалык гитарада аткаруу татаал, бирок мүмкүн, анын үстүнө кылдар үзүлүп кетиши толук мүмкүн.
    • Жөнөкөй бенд — кыл алгач урулат анан чоюлат.
    • Пребенд — кылдар алгач чоюлат андан соң урулат.
    • Тескери бенд — кыл үнсүз чоюлуп, урулат жана алгачкы нотасына коё берилет.
    • Легаттык бенд — кылды уруу, чоюуу, андан кийин кыл алгачкы тонго чейин коё берилет (түшүрүлөт).
    • Бенддик форшлаг — кылга уруу менен ошол эле убакта чоюуу.
    • Унисондук бенд — эки кылга уруу менен алынат, андан кийин төмөнкү нота жогорку бийиктикке чейин чоюлат. Эки нота бир убакта чыгат.
    • Микробенд — бийиктиги боюнча бекилбеген чоюуу, болжолдуу 1/4 тонго.
  • Уруу, чалуу (орусча бой) — мисалы, бармак менен ылдый, сөөмөй менен өйдө, кайра сөөмөй менен ылдый үндү басуу менен, кайрадан сөмөөй менен өйдө басуу.
  • Вибрато — алынуучу үндүн бийиктигин мезгил-мезгили менен анча-мынча өзгөртүү. Сол колду моюнду бойлой ары-бери термелтүү (солкулдатуу) аркылуу аткарылат, ошону менен бирге кылды кысуу күчү, ошондой эле тартылуу күчү өзгөрүп турат, буга ылайык үн бийликтиги өзгөрөт. Вирбатону аткаруунун башка ыкмасы — ырааты жана мезгил-мезгили менен «бенд» ыкмасын анча чоң эмес бийиктикке чейин аткаруу. «Whammy bar» же башкача айтканда тремоло системасы бар электрогитараларда вибратону аткаруу үчүн көп учурда рычаг колдонулат.
  • Глиссандро — ноталар ортосундагы жай-салмактуу сыйгаланма өтмөк. Бир кылда жайгашкан ноталарда жасалат, кылды кысып турган манжаны кылдан албастан экинчи нотага жылдырылат.
  • Гольпе (испанча golpe — сокку) — перкуссиондук ыкма, ойноо учурунда тырмак менен акустикалык гитаранын капкагын тыкылдатуу. Негизинен фламенко музыкасында колдонулат.
  • Легато — ноталарды үзгүлтүксүз аткаруу. Гитара сол кол менен ойнолот.
    • Өйдөлөмө (урма) легато — үн чыгып жаткан кыл, сол колдун манжасы менен чукул жана катуу кысылат, үн мындай учурда басылууга жетишпей калат. Бул ыкманын англисче хаммер жана хаммер-он аталышы дагы белгилүү.
    • Төмөндөмө легато — манжа кылдан суурулуп алынган сыяктуу алынат, ошону менен бир кылды кичине илип өткөрөт. Англисче аталышы — пул, пул-офф.
    • Трель — хаммер жана пул ыкмаларынын айкалышуусу менен аткарылуучу эки нотаны тез кезектештирүү.
  • Пиццикато — үзгүлтүктүү, басаңдатылган үндөр алынуучу ойноо ыкмасы. Оң колдун алаканы тептектин жанындагы кылдарга кыры менен коюлуп, бармак менен үндөр алынат.
  • Оң колдун алаканы менен үндү басуу — басаңдатылган үндөр менен гитарада ойноо, мында оң колдун алакан бөлүгү тепке жайгашкан тирөөчкө коюлуп, бөлүгү кылдарга коюлат. Бул заманбап гитарачылар тарабынан кеңири колдонулган ыкманын англисче аталышы — «палм мьют» (англисче palm mute, mute — «басаңдатуу»).
  • Пульгар (испанча pulgar — бармак) — оң колдун бармагы менен ойноо техникасы. Фламенко музыкасында үн алуунун негизги ыкмасы. Бармактын каптал жумшак жагы менен кыл уруу жасалып, андан соң тырмактын кыры менен дагы урулат.
  • Свип (англисче sweep — шыпыруу) — кылдардын үстүндө өйдө же ылдый чертүү (сыдыруу) же басаңдатылган кылдардын үстүндө, негизги нотанын алдында кыруучу үндү жасап, өйдө жы ылдый сыдыруу.
  • Стаккато — ноталардын кыска үзгүлтүктүү чыгышы. Сол колдун манжалары менен кылдардын кысылышын бошураак кылуу аркылуу аткарылат, же оң кол менен үн же аккорд алынаары менен басаңдатуу аркылуу.
  • Тамбурин — дагы бир перкуссиондук ыкма, кыл тирөөч жана тепкек аймагында кылдарга тыкылдатуу менен мүнөздөлөт, чарасы көңдөй, акустикалык жана жарым акустикалык гитараларга жарайт.
  • Тремоло — нотаны алмаштырбастан чертүүнү, тез жана көп жолу кайталоо.
  • Флажолет — негизги гармониканы, үнү чыгып жаткан кылга бүтүн санга бөлүүчү бөлүгүнө басуу менен басаңдатуу. Флажолеттер табигый, ачык кылда ойнолуучу жана кысылган кылда аткарылуучу жасалма флажолет болуп айырмаланат. Ошондой эле, медиатордук деп аталган флажолет дагы бар, мында ал, бир убакта кылга медиатор жана аны кармап турган бармак менен үн алганда пайда болот.

Ноталанышы

Гитарада диапазонуна жеткиликтүү үндөрдүн көпчүлүгү бир нече ыкма менен алынышы мүмкүн. Мисалы, биринчи октавадагы ми үнү, 1-ачык кылда, 2-кылдын 5-ладында, 3-кылдын 9-ладында, 4-кылдын 14-ладында, 5-кылдын 19-ладында жана 6-кылдын 24-ладында алынышы мүмкүн (24 ладдуу жана стандарттык түзүмдөгү 6 кылдуу гитарада). Бул, бир эле чыгармадагы үндөрдү ар башка кылдар жана ар башка манжалар менен кысып, бир нече ыкмада ойноого мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, ар бир кылда ар кандай тембр басымдуулук кылып турат. Чыгарманы ойноодо гитарачынын манжаларынын жайгашуусу — чыгарманын апликатурасы аталат. Ар кандай үндөштүктөр, аккорддор дагы көптөгөн ыкмада ойнолуп, ар кандай апликатурага ээ. Гитаралык апликатураларды жазуу үчүн бир нече ыкмалар колдонулат.

Ноталык жазуу

Заманбап музыкалык ноталоодо гитара чыгармаларын жазуу үчүн, чыгарманын аппликатурасын көрсөтү максатында шарттуу белгилердин топтому пайдаланылат. Мисалы, үндү аткарууга сунушталган кыл, тегерекченин ичинде кылдын номери менен белгиленет, сол колдун позициясы (лад) — рим цифрасы менен, сол колдун манжалары — 1ден 4кө чейинки сандар менен (ачык кыл — 0), оң колдун манжалары — p, i, m, a, e латын тамгалары менен, ал эми медиатор менен уруу багыты ылдый (∏) жана өйдө (∨) белгичелери менен белгиленет.

Андан тышкары, ноталарды окууда гитара транспондоочу (реалдуу үн бийиктиги ноталанган үн бийиктигине туура келбеген) аспап экенин эстен чыгарбоо керек — гитарага арналган чыгармалар реалдуу үнүнүн чыгышынан бир октавага жогору жазылат. Бул нерсе ылдый жагынан кошумча сызыктарды сызбоо үчүн жасалат.

Табулатура

Табулатура — бул музыкалык чыгармаларды ноталоонун алтернативдүү ыкмасы. Гитаралык табулатурада бийиктиги эмес, позициясы жана ар бир үндүн ойноо кылы көрсөтүлөт. Ошондой эле табулатуралык жазууда ноталык жазууга аналогиялуу болгон манжалардын белгилениши колдонулушу мүмкүн. Табулатуралык жазуу өзүнчө же ноталык жазуу менен бирге дагы колдонулат.

Аппликатура

Гитарада ойноого үйрөнүү процессинде кеңири колдонулган, «аппликатура» аталган графикалык сүрөттөр дагы бар. Мындай аппликатура, гитара моюнунун жана андагы манжалар коюлуучу чекиттер менен белгиленген схемалык сүрөттү элестетет. Манжалар моюндун позициясы сыяктуу эле, жеке номерлер менен белгилениши мүмкүн.

«Гитара аккорддорунун эсептегичтери» аталган программалык өндүрүмдөрдүн классы да бар — бул, берилген аккордго бардык мүмкүн болгон аппликатураларды эсептеп көрсөтө алган программалар.

Аксессуарлар

Гитараны пайдалануу жана анда чыгармаларды аткаруу процессинде, аспап менен кошо ар түрдүү аксессуарлар жана куралдар колдонулушу мүмкүн, булардын ичине кийинкилер кирет:

Гитара аспабы жөнүндө же ага аргалган көптөгөн чыгармалар дагы сан жеткис, айрымдарын гитара жөнүндө ырлар макаласынан караңыз

Жайгаштыруу: 2023-08-08, Көрүүлөр: 570, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу