Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Австрия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Австрия

Бул аянты чакан мамлекет Европанын борборунда жайгашкан. Өлкөнү чыгыштан батышты карай Альп тоо кыркасы кесип өтөт. Анын бийик, ак селдечен чокуларынан жүздөгөн тоо суулары жана шаркыратмалар агып түшөт. Ал суулардын көпчүлүгүнө гидроэлектр станциялары курулган. Тоолордун беттери токой, негизинен карагай жана көк карагай менен капталган. Анын өйдө жагында чөбү ширелүү тоо шалбаалары созулуп жатат. Өлкөнүн айыл чарбасында мал чарбасы негизги орунду ээлейт. Австрия асыл тукумдуу уйлары менен дүйнөгө атагы чыккан.

Дарыя өрөөндөрүнүн климаты мелүүн, жумшак. Дыйкандар бул жерлерге буудай, кара буудай, жүгөрү, картошка, жүзүм, мөмө-жемиш өстүрүшөт. Австриянын эгини өзүнө жетпейт, ошондуктан ал эгинди башка өлкөлөрдөн сатып алат. Дунайдан башка дарыяларында кеме жүрбөйт. Австрияда өнөр жай жакшы өнүккөн.

Анын завод-фабрикалары жогорку сапаттуу түрдүү приборлорду жана машиналарды, кездеме жана кагаз чыгарышат. Өлкөдөн магнезит, нефть, газ, металлдардын түрдүү кендери казылып алынат. Австрияда Моцарт, Бетховен, Шуберт, Штраус, Брамс өңдүү атактуу композиторлор жашап өткөн. Австриялыктардын улуттук күүлөрү - Вена вальстары, йодль ырлары (алар үндүн күчтүү дирилдөөсү менен өтө көтөрүңкү ырдалат) дүйнөгө белгилүү. Майрамдарда оркестрлердин мелдештери уюш-турулуп, эл шаар аянттарында түн киргиче бийлеп, ырдашат.

Австрияга жылына 15 млндой чет элдик туристтер келип-кетип турушат. Чет элдиктер Альп тоосунда лыжа тээп, өлкөнүн түрдүү курортторунда дары суулар менен дарыланышат, эски сепил жана музейлерге экскурсияга барышат. Австриянын борбору жана ири өнөр жай шаары - Венада музей, парктар айрыкча көп. Экинчи дүйнөлүк согуштун жылдарында Австрия - гитлердик куралдуу баскынчылардын алгачкы курман болгон мамлекеттердин бири. 1945-жылы апрелде Советтик Аскер күчтөрү Венаны жана өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн бошоткон. Веналыктар Австрияны бошотууда совет элинин кошкон салымына ыраазычылыгын билдирип, Шварценберг аянтындагы советтик Армиянын аскерлеринин эстелигине жыл сайын гүл коюшат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1624, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу