Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Италия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Италия

Италия жонундо маалымат. "Италия" Европанын түштүгүндө, жер ортолук деңизинин жылуу жээгинде, Апеннин жарым аралы менен ага жанаша жаткан Сицилия, Сардиния жана башка аралдарда жайгашкан. Өлкөнүн дээрлик бүт аймагын тоо ээлейт. Түндүгүндө Альп тоо кыркалары созулуп жатат. Анын чокуларынан ак кар, көк муз кетпейт. Альп тоолору Италияны түндүктөн согуучу муздак шамалдан тосуп турат. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүнүн кышы жумшак, жайы салкын. Ал эми түштүк жагында кышкысын да суук болбойт.

Азыркы Италиянын аймагында биздин заманга чейин эле кул ээлөөчү мамлекет - Рим империясы болгон. Империя кулаган соң көптөгөн майда мамлекеттер түзүлүп, алардын айрымдарын коңшу өлкөлөр басып алышат. 1870-жылы гана "Италия" кайра биригет. Патриот - революционер Жузеппе Гарибальди өлкөнү бириктирүүдө чоң роль ойногон. 1922-жылы Италияда фашисттердин бийлиги орноп, Муссолинин фашисттик диктатурасы өлкөнү башкара баштаган. Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттик Италия олкосу гитлердик Германияга союздаш болгон. Италиянын патриоттору кубаттуу партизандык кыймылды жайылтышкан. Фашисттик режим кулатылды.

1946-жылы Италия республикасы болуп жарыяланды. "Италия" - өнөр жайы өнүккөн өлкө. Анын заводдорунда автомобиль, кеме, электротехникалык жана химиялык товарлар чыгарылат. "Италия" таш көмүргө, темир кенине жарды, бирок анда сымап, күкүрт, мрамор бар. Дыйкандар буудай, жүгөрү, күрүч, кант кызылча, жүзүм, лимон, апельсин, зайтун өстүрүшөт. Италиянын байыркы ажайып шаарлары, алардын эң баалуу архитектуралык эстеликтери жана искусство кенчтери бүткүл дүйнөгө белгилүү. Италиянын борбору Рим - эң чоң жана байыркы шаар. Анда биздин заманга чейин эле курулган имараттар, жарым-жартылай бузулган Колизей (Байыркы Римдин өтө зор курулуштарынын бири), эски храмдар жана ак сарайлар сакталган.

Италия мамлекетинде айрым көчөлөр, аянттар мындан көп кылым мурда кандай болсо ошол бойдон калган. Ушулардын баары көп сандаган чет элдик туристтерди өзүнө тартат. Апеннин жарым аралынын чыгыш жээгинде порт шаар Венеция бар. Шаар 118 аралга жайгашкан. Мында көчөлөрдүн ордуна каналдар курулган. Мектепке, дүкөнгө же ишке кайык менен сүзүп баруу керек. Арно дарыясынын боюнда өлкөдөгү эң байыркы жана эң кооз шаарлардын бири - Флоренция жайгашкан.

Бул жерде Италиянын атагын чыгарган астроном Галилей, акын Данте, окумуштуу жана сүрөтчү Леонардо да Винчи, сүрөтчү Микеланжело жашап, иштеген. Неаполь булуңунун жээгинде кооз Неаполь порту созулуп жатат. Ал аркылуу көптөгөн өлкөлөр менен соода жүргүзүлөт. Өчө элек Везувий жанар тоосу шаардын бардык жеринен көрүнүп турат.Кошумча Италия боюнча маалымат. Италия философиясы өзүнчө макалада. Италия кыргызча материалын даярдаган: Асеков Б.

Сайтка жарнама жайгаштыруу