Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чехия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Чехия

Жеринин аянты - 78866 чарчы чакырым. Калкы 10264000 адам. Борбордук Европадагы өлкө. Администрациялык-аймактык жактан 7 облуска бөлүнөт. Борбору - Прага шаары. Мамлекет башчысы - президент. Мыйзам чыгаруучу органы - эки палаталуу парламент (Сенат жана депутаттар палатасы).

Чехиянын аймагынын басымдуу бөлүгү Чех тоо массивинин чегинде жайгашкан. Анын чет жакасын Шумава, Чех токою, Кендүү тоолор (Крушне Гори), Крконоше (эң бийик жери 1602 м, Снежка чокусу) кырка тоолору түзөт. Чех тоо массивинин ички бөлүгүн Чех ойдуңу ээлеп, ал чакан өрөөндөрдөн жана ал өрөөндөрдү бөлүп турган жапыз тоо массивдеринен турат. Дөбө-дөңсөөлөр, ошондой эле жапыз тоолор Моравияда да басымдуулук кылат. Анда Морава Красы, ошондой эле Карпат тоолорунун батыш тармактары жайгашкан.

Чехиянын түштүгүнүн борбордук бөлүгүнөн Чех-Морава дөңсөөлөрү орун алган. Климаты мелүүн. Ири дарыялары: Лаба (Эльба), Влтава. Too капталдарын аралаш жана ийне жалбырактуу токойлор ээлейт. 5-6-кылымдарда Чехиянын аймагында славян уруулары басымдуулук кылган, 7-кылымда Само, 9-10-кылымдарда Улуу Моравия державаларынын курамына кирген.10-кылымдын башында Чех мамлекети пайда болгон. 12-кылымдын экинчи жарымында Ыйык Рим империясынын курамындагы Чехияда Гусчулардын кыймылы болгон. 1516-жылы Чехия автономиялык башталышта Габсбургдар империясына кошулган.

Чех көтөрүлүшү (1618-1620-жылдары) жеңилген соң, анын провинциясына айланган.18-кылымдын аягында чех улуттук кыймылы башталып, ал 19-кылымдын 30-40-жылдарында саясий мааниге ээ болгон. 1848-жылы Прагадагы Сватовацлав чогулушу Габсбургдар империясындагы Революциянын (1848-1849) башталышы болгон. 1867-жылы Чехия Австрия-Венгриянын австралиялык бөлүгүнө (Цислеитания), Австрия-Венгрия кулагандан (1918-жылы) кийин Чехия Чехословакия Республикасынын курамына кирген.1939-жылы Германия чех аймагын оккупациялап, аны Богемия жана Моравия протектораты деп жарыялаган. 1945-жылкы май айында чех элинин Каршылык көрсөтүү кыймылынын мааниси зор болгон. Чехия менен Словакия биригип, Чехословакия Федерациясын түзгөн.1989-жылдын декабрь айына чейин өлкөнү Чехословакия Коммунисттик партиясы башкарган. 1993-жылдан Чехословакия Федерациясы жоюлгандан баштап, Чехия - эгемендүү мамлекет. Чехия - индустриялуу өлкө. Көмүр, уран, темир, магнит, калай жана цинк рудалары бар. Калктын 40 пайызы өнөр жайында иштейт.

Жеңил, химия, тамак-аш (негизгиси сыра), отун-энергетика, кара металлургия, машина куруу өнөр жайы, туризм өнүккөн. Негизги өнөр жайлуу борборлору: Прага, Пльзень, Острава, Бруно. Айыл чарбасында кызылча, буудай, арпа, картошка, хмель өстүрүлөт, сүт-эт багытындагы мал, үй кушун асыроочу чарбалары өнүккөн. Экспортко машиналарды жана жабдууларды, жеңил, айнек-керамика ж. б. өнөр жай буюмдарын чыгарат. Негизинен, Россия, Германия, Словакия, Австрия, ошондой эле Кыргызстан менен да соода катнашын жүргүзөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 6629, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу