Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Франция

Баш барак | Өлкөлөр жана шаарлар | Франция

Франция — Батыш Европанын негизги аймагын камтыган трансконтиненталдык өлкө. Борбору — Париж. Республиканын девизи — «Эркиндик, теңдик, боордоштук».

Париж

Жеринин аянты — 547030 чарчы км. Калкы — 68 521 974 (2023) адам. Франция — Батыш Европадагы чоң мамлекет. Анын аймагы Нормандиянын тик аскалуу жээктеринен тартып, Жер Ортолук денизинин жылуу көгүлтүр жээгине чейин созулат. Качандыр бир кезде Франциянын бүткүл аймагын чытырман токой каптап турган, азыр токой тоолордо гана сакталып калган. Мында тоолордун эң бийиги - Монблан аттуу чокусу бар карлуу Альпы тоолору. Акча бирдиги 2002-жылга чейин Франк, учурда Евро (Франциянын акча бирдиги). Метрополиянын 2017-жылдын 1-январына караштуу маалыматы боюнча франциянын калкынын саны - 64 859 773 адам.

Кенен түздүктөр аркылуу суулары мол Сена, Рона, Гаронна жана башка дарыялар агат. Аларда кемелер тынымсыз каршы-терши жүрүп турат. Өлкө көмүргө, темир, уран рудаларына, туз, газ, боксит кендерине бай. Жаңы замандан алда канча байыркы убактарда Франциянын аймагында галл уруулары жашаган. Бул жерди римдиктер басып алып, аны Галлия деп атаган. Кийинчерээк бул жерди башка баскынчылар, алардын ичинде франктар да басып алышкан, ушундан улам бул өлкө Франция деп аталган.9-кылымдын ортосунан тартып Франция өз алдынча мамлекет. Француз элинин дүйнөлүк революциялык кыймылдын тарыхына кошкон үлүшү зор. Улуу француз революциясы 1789-жылы королдун чөптүрмөсү Бастилияны алуу менен башталган. Француз эмгекчилери колуна курал алып, эзүүчүлөргө каршы андан кийин да көп жолу көтөрүлдү.

Франциянын жумушчу табы адамзат тарыхында биринчи жолу 1871-жылы жумушчу табынын өкмөтүн - Париж коммунасын түзүшкөн. Бүткүл эмгекчилердин гимни - Интернационал француз жеринде жаралган. Экинчи дүйнөлүк согушта Германия Францияга кол салган. Реакциячыл француз өкмөтү баскынчыларга багынып берет. Ал эми француз эли патриот уул-кыздарынын жетекчилиги менен немецтик фашисттерге каршы күрөшкө көтөрүлөт. Франция - өнүккөн өлкө.

Анда алюминий, болот, синтездик каучук, жасалма була, пластмасса көп өндүрүлөт, дары-дармектер жасалып, кездеме токулат, кийим жана бут кийимдер тигилет. Өнөр жайлуу чоң шаарлардагы заводдордон станок, автомашина, электровоз, кеме, учак жана башка көптөгөн машиналар чыгарылат. Франция эзелтен парфюмериялык товарлары менен даңкталат. Айыл чарбасы абдан өнүккөн. Талааларында буудай, жүгөрү, арпа, сулуу, картошка, кант кызылчасы, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Көпчүлүк жерлеринде жүзүмзар жана жемиш бактары кездешет. Франциянын борбору - Париж - дүйнөдөгү эң кооз шаарлардын бири. Ал Сена дарыясынын ортосундагы аралда мындан эки миң жыл мурун пайда болгон. Парижде дүйнөдөгү сүрөт жана скульптуралардын эң ири коллекциясы жыйналган Лувр сарайы, дүйнөдөгү эски университеттердин бири - Сорбонна, эзелтеден белгилүү болгон Париж теңир энесинин собору сыяктуу эзелки имараттар көп, дүйнөгө белгилүү Эйфель мунарасы жайгашкан.

Франция дүйнөлүк тарыхка көптөгөн даңктуу ысымдарды берди. Жанна дАрк, Марат жана Робеспьер Лавуазбе жана Кюри, Делакруа жана Домье, Бизе жана Рвель, Гюго жана Бальзак, Мопассан жана Бомарше сыяктуу көрүнүктүү адамдар, тарыхый ишмерлер, окумуштуулар, жазуучулар, сүрөтчүлөр, композиторлор Фрациядан чыккан.

Кооз жерлери

Эйфель мунарасы (Париж ш.)

Албетте муну баарыбыз эле билсек керек. Бийиктиги 324метр, салмагы 10миң тонна, Парижге барган адам сөзсүз бул мунарага барса керек, барбаса дагы алыстан сөзсүз көрөт. Бул мунара Франция өлкөсүнүн символу десек дагы болот. Адамдар эң көп келүүчү жана атактуу архитектуралык обьект. Бүгүнкү күндө Эйфель мунарасы кынтыксыз атак-данкка ээ кооз жерлердин бирине кирет. Мурда болсо, жаңы салынып жатканда Париж жашоочуларынын түшүнүксүз реакцияларына ээ болчу.

Эйфель мунарасы

Ал убакта шаарга келген коноктор курулманын монументалдуулугуна суктанып турушса, шаар жашоочулары мунаранын көлөмүнөн чочулашып, анын шаарда болуусуна каршы болушуп, бийликтен аны бузуп салууга көп жолу талап кылышкан. Бул архитектуралык курулманын бузулушун радио толкундар доорунун келүүсү сактап калды. Мунара радио аннтеналарды орнотуу үчүн идеалдуу курулма болуп калды. Мунаранын тарыхы 1886-жылы башталган, ал жылы мыкты инженердик жана архитектуралык проектилер сынагы уюшулуп, мыктылардын мыктылары Франция революциясынын 100 жылдыгына арналган көргөзмө мааракеде көрсөтүлмөк. Көргөзмөдө Эйфель мунарасына окшош курулмалардын проектилери көп болгон. Бирок Гюстав Эйфель гана өзүнүн проектисине мыкты инженердик чечимдерди камтып сынактын жеңүүчүсү аталат дагы курууга улуксат алат. Жылына Эйфель мунарасына 7 миллиондон ашык турист келип кетет, күнүнө орточо 30 миңдей адам, демек кирүү билеттерин басып чыгаруу үчүн орточо 2 тоннадай кагаз талап кылынат.

Лувр (Париж ш.)

Лувр деген эмне? Мурдагы сепил, бир заманда хан сарай, учурда музей - ушундай өзгөрүүлөрдү Париждеги Лувр сарайы башынан өткөргөн. Дүйнөдөгү эл эң көп баруучу музей, жыл сайын миллиондон ашык дүйнө бурчтарынан келген адамдар келип кетишет. Алыскы өткөн чак менен учур чак ушул жерде 100 миң деген экспонаттар аркылуу чырмалышып турат. Бул экспонаттардын 35 миңин өз көзүбүз менен көрө алабыз. Анткени, бардык экспонаттарды көрүү үчүн экспозициялык жылкылар жетпей калат, анын үстүнө көптөгөн эспонаттарга өзгөчө сактоо шарттары талап кылынат.

Лувр

Бул белгилүү кооз имараттын тарыхы 12-кылымдан келет. Ал кезде корол Филипп-Август коргоочу сепил салууну буйрук кылат. Кылымдан-кылымга бул имарат такка жаңы монархтардын келүүсү менен көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болуп турган. Мисалы, 16-кылымда Франциск 1 королу Луврды өзүнүн резиденциясы кылууну чечип, сепил куруп аны кайра жаралуу доорундагыдай кылып көркөмдөшкөн. Ал эми ошол эле жүз жылдыктын аягында Генрих 4 королунун мезгилинде аймагы кеңейтилип Лувр жана Тюильри сепилдери бириктирилген. Кийинчирээк Лувр дээрлик 1 кылымдай каралбай, бош калган. 1789-жылы Француз революциясынын учурунда, бийликтин алмашуусуна байланыштуу, Улуттук Ассамблея "Лувр улуттук музей болушу керек" - деп токтом кабыл алган.

19-кылымдын башында Луврга жаңы жашоо демин Наполеон киргизет. Ал куруу иштерин улантууга буйрук берип, музейдин коллекциясын толуктоого биринчи салым кошот. Ал бир жеңген улуттан кандайдыр бир төлөм катары көптөгөн искусство чыгармаларын талап кылган.

Версаль сарайы

Түзүүчүсү: Людовик 14чү. Эгер Францияга барып калсаңар, ойлонбостон Версаль парк-сарай комплексине баш багууну сунуштайбыз. Бул жер кайсы бир убакта Француз королдорунун резиденциясы катары колдонулуп, бүгүнкү күндө Франциянын эң бир белгилүү кооз жерлеринин бири. Дүйнө архитектурасынын тарыхындагы шедевр. Версаль сарайынын бакчасынын планировкасы дагы Франциянын бакча искусствосундагы жогорку жетишкендиктеринин бири.

Версаль сарайы

Укмуштуудай бакчалардын жана аллеялардын композициялары, өсүмдүктөргө толгон сыпайы оранжереялар, ал эми фонтандары көздүн жоосун алат.

Имарат өзү болсо, Француз королдорунун үйү аталып, негизги курулма, ичине кирүү үчүн алтынга жалатылган Хан дарбазадан өтүү керек. Биринчи кабаты корол букаралыктарына арналып, экинчи кабатында корол үй-бүлөөсү жайгашкан. Такты бөлмөдө (тронный зал) баллдар, спектаклдар өткөрүлүп, ал эми күзгүлүү галерея (зеркальная галерея), шаан-шөкөттүү жана салтанаттуу корол сарайынын иш-чаралары өтүп турган. Сарайдан башка, бакчасында көптөгөн көрүнүктүү жерлерди көрүүгө болот:

Париж диснейленди

Макалбызда жазып өткөндөй Париж диснейленди эң көп туристтер келүүчү жер. Балдары менен саякаттаган ата-энелерге Францияда кайда баруу керек деп ойлонуунун кереги жок. Анткени, бул гигант көңүл ачуу комплекси өзүнө бакчаларды, отелдерди, жомок өлкөлөрүн, тиричилик аймактарын, деги эле бүт нерсени камтыйт десек болот. Жалпы аянты 1943 гектарды түзүп, жыл сайын бул аймакта 12,5 миллиондой эс алуучу, көңүл ачып, эс алышат. Диснейленд өзүн 2 тематикалык бакчаны камтыйт: классикалык - ачылгандан бери иштейт. Жана атактуу мульфильмдердин тарыхына жана алардын жаралуу процессине арналган парк. 49 атракционду камтыган парк, 5 жомок өлкөсүнө бөлүнгөн:

Франциянын кээ бир башка кооз жерлери

Элисей талаасы
Атактуу дүйнө көчөлөрү же элисей талаасы

Фонтенбло сарайы
Фонтенбло сарайы

Каркассон орто кылым шаары
Каркассон орто кылым шаары

Мон-Сен-Мишель
Мон-Сен-Мишель же ыйык Михаил тоосу

Нимдеги амфитеатр
Нимдеги амфитеатр

Париж эне-кудай собору
Париж эне-кудай собору (notre dame de paris)

Кызыктуу фактылар

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 28038, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-21
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо