Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Германия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Германия

Германия Борбордук Европадан орун алган өлкө. Борбору - Берлин шаары. 1933-жылы Германияда Гитлер башында турган фашисттик диктатура орногон. Фашисттик Германия Австрияны (1938), Чехословакияны (1938-1939) басып алып, экинчи дүйнөлүк согушту (1939-1945) баштаган, 1941-жылы 22-июнда СССРге кол салган. 1945-жылы 8-майда Германия антигитлердик коалиция тарабынан талкаланып, согуштан кийин мамлекет экиге бөлүнүп калган. Өлкөнүн чыгышында 1949-жылы октябрда өнүгүүнүн эки башка жолуна түшкөн Германия Демократия Республикасынын 1949-жылы сентябрда батыш Германия мамлекети - Германия Федерация Республикасы түзүлгөнү тууралуу жарыяланган. Бул эки өз алдынча мамлекет 1990-жылы 3-октябрда кайрадан кошулуп, бирдиктүү Германия мамлекети түзүлгөн.

Берлиндин түштүгүндө анча бийик эмес тоолор басымдуулук кылат. Өзгөчө Эльба дарыясынын өрөөнүндө алар абдан кооз. Жайык чокулуу таң каларлык формадагы зоокалары кызыктуу, алардагы көптөгөн үңкүрлөр менен галереялар туристтерди өзүнө тартып турат. Эң ири шаарлары - Бонн, Франкфурт, Лейпциг жана Дрезден. Лейпциг шаары күзүндө жана жазында илгертен эле өткөрүлүүчү эл аралык ярмаркалары менен даңкталат. Ал китеп басуунун борбору катары да белгилүү.

Германиянын бардык шаарлары бөлөк-бөлөк өзгөчөлүгү менен даңктуу. Мисалы, Мейсенде - 300 жылдан бери белгилүү фарфор заводу, Йенада дүрбү, телескоп, микроскоп жана планетарийлер үчүн атайын аппараттарды чыгаруучу дүйнөгө белгилүү компания бар. Веймарда белгилүү жазуучу Гёте менен Шиллер жашаган. Бонн шаарында гениалдуу композитор Бетховен туулган. Дюссельдорф - немец элинин улуу акыны Гейненин мекени. Ал эми Франкфурт-на-Майнеде улуу акын жана ойчул Гётенин балалык жана чаш чагы өткөн. ГФР (Германия Федеративдик Респукбликасы) - жогорку өнүккөн индустриялуу өлкө. Өнөр жайынын негизги тармактары: көмүр, металлургия, машина жасоо, химия, автомобиль, электр-техника өнөр жайлары. ГФР таш көмүргө бай, түстүү металлдардын кендери, нефть бар. ГФРдин эң башкы өнөр жай району - Рур областы мында таш көмүр казылып алынат, металл эритилет, ар түрдүү өнөр жай товары чыгарылат. Рур аркылуу чоң дарыялардын бири - Рейн агып өтөт.

ГФРдин башка көптөгөн шаарларында да ири өнөр жай иш-каналары бар. ГФРдин экономикасында айыл чарбасы зор мааниге ээ. Мында буудай, кара буудай, арпа, картошка, кант кызылчасы, жашылча өстүрүлөт. Мал чарбачылыгы да жакшы өнүккөн.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 16317, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо