Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Америка Кошмо Штаттары (АКШ)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Америка Кошмо Штаттары (АКШ)

Батыш жарым шардагы ири өлкө. Анын жери негизинен түндүк Америкада АКШ аймагынын чыгышын Атлантика океаны, батышын Тынч океан чулгайт. АКШнын климаты жалпысынан мелүүн жана субтропиктик. Бирок нагыз тропиктери да бар - ал Тынч океандагы Гавай аралдары, бул АКШнын бир штаты. Ал эми түндүктөгү Аляска штатында кышкысын арктика суугу болот. Өлкөнүн борбордук түздүктүү бөлүгү улам бийиктеп, батыш жагында аскалуу тоолорун мөңгү баскан заңкайган тоо кыркаларына, ал эми чыгышында анчалык бийик эмес Аппалач бөксө тоосуна өтөт. Америка тоолорунан, айрыкча Аппалачтан көмүрдүн, нефтинин, табигый газдын, темирдин, түстүү металлдардын жана башкалардын бай кендери табылган. Американын эң ири дарыялары - Миссисипи жана анын куймасы Миссури. 16-кылымда Колумб Американы ачкандан кийин, европалыктар Түндүк Америкага көчүп келе башташкан. Алар Америка континентин эзелтеден мекендеген индейлерди аёосуз кырышкан.

Тирүү калган индейлер кунарсыз эрме чөлдөрдөгү аймактарга - резервацияларга сүрүлгөн. АКШда афро-америкалыктар да бар, алар Африкадан Америкага зордук менен алынып келген кулдардын укум-тукумдары. 17-кылымда Европадан, негизинен Англиядан Түндүк Америкага көчүп келгендер Атлантика океанынын жээгине өздөрүнүн турак жерлерин - колонияларды негиздешкен. 18-кылымдын аягында 13 колония Англиянын үстөмдүгүн жоюп, өздөрүнүн көз каранды эмес мамлекетин - Америка Кошмо Штаттарын түзүшкөн. Ошондуктан АКШнын мамлекеттик желегинде 13 ак жана кызыл тилке бар. Американын желегинин жогорку сол бурчундагы көк төрт бурчтуктун ичинде 50 ак жылдызча тартылган, алар АКШнын азыркы кездеги штаттарынын санын билдирет.

Учурда АКШнын бардык өнөр жай тармактары, өзгөчө автомобиль жасоо, нефть, химия, атом өнөр жайлары өнүккөн. Айыл чарбасы да өркүндөгөн. Анын бардык тармактарында техника кеңири колдонулат. АКШ өтө өнүккөн индустриалдык-агрардык өлкө. Анда негизги дан өсүмдүктөрү - жүгөрү, соя, буудай, пахта ж. б. дүйнө жүзүндөгү жыл сайын алынуучу жүгөрү түшүмүнүн тең жарымына жакыны алынат. АКШнын калкы негизинен шаарларда жашайт.

Нью-Йорк - Америкадагы эң чоң шаар, ал ири өнөр жай борбору жана деңиз порту. Бул шаар Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан жана 110 кабатка чейинки асман тиреген 400 метрден ашык бийик үйлөрдүн болгондугу менен өзгөчөлөнүп турат. Нью-Йорктун ортосунда, Манхеттен аралында америкалык эң ири ишканалардын башкармалары, мамлекеттик жана шаардык мекемелер, банктар орун алган. Нью-Йорктон темир жол аркылуу 5 сааттык жерде, Потомак дарыясынын боюнда АКШнын борбору Вашингтон жайгашкан. Бул шаарга АКШнын алгачкы президенти Джордж Вашингтондун аты коюлган. Америкадагы улуу көлдөрдүн бири - Мичиган көлүнүн жээгинде Чикаго деген өнөр жайлуу чоң шаар бар. Ага жакын жерде Детройт шаары турат, ал - Америкадагы автомобиль жасалуучу эң ири борборлордун бири. Тынч океандын жээгиндеги эң чоң шаарлар Лос-Анжелестин жандооч шаары болгон Голливудда америкалык фильмдердин дээрлик бардыгы даярдалып, жасалып чыгарылат. Гүлдөгөн Калифорния өрөөнүндөгү Сан-Франциско шаары Американын батышындагы ири порт жана өнөр жай борбору болуп саналат. АКШ - көптөгөн улуу адамдардын да мекени.

Көрүнүктүү саясий ишмерлерден Бенжамин Франклин жана Авраам Линкольн, ойлоп чыгаруучулардан Роберт Фултон жана Томас Эдисон, жазуучулардан Марк Твен жана Джек Лондон дагы көптөгөн бүткүл дүйнөгө белгилүү адамдар ушул өлкөдөн болушкан.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 11580, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу