Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Музыкалык аспаптар

Баш барак | Музыка | Музыкалык аспаптар

Музыкалык аспаптар — эстетикалык жактан музыкалык деп саналган үндү чыгаруучу буюм же аспап.

Классификациясы

Тарыхта музыкалык аспаптарды классификациялоого көптөгөн аракеттер жасалган. Академиялык чөйрөдө аспаптардын кылдуу, үйлөмө, урма, элдик, клавишалык ж. б. деп бөлүштүрүү кеңири таралган. Мындай классификация көптөгөн кемчиликтерге ээ, биринчи кезекте мунун критерийи түшүнүксүз: кылдуу жана үйлөмө аспаптар үндүн булагынын негизинде өзгөчөлөнүп, урма аспаптар — ун чыгаруу түрүнүн негизинде, элдик аспаптар — тиричилик чөйрөсүнүн негизинде, клавишалуулар — үн тууралоонун негизинде бөлүнгөн. Андан тышкары кээде элдик аспаптарга элде жайлбаган аспаптарды дагы таандык кылышат (клавишалуу, аккордеон, баян, гусли сыяктуу); клавишалууларга кылдуу жана урма аспаптарга кирген фортепианону киргизип коюшат.

Музыкалык аспаптардын илимий классификациясы Хорнбостель — Закс системасы (Hornbostel-Sachs system) саналат. Буга ылайык, бардык музыкалык аспаптар биринчи кезекте үндүн булагына жараша бир нече топторго бөлүнөт: кылдуу, үйлөмө, мембраналуу жана өзү ун чыгаруучулар (үн булагы: кыл, аба мамысы, мембрана же катуу тело).

Кылдуу аспаптар

Негизги макала: Кылдуу музыкалык аспаптар

Кылдуу музыкалык аспап — бул үндүн булагы катары кылдардын термелүүсү (дирилдеши) булак болгон музыкалык аспап. Кылдуу аспаптардын типтүү өкүлдөрүнө классикалык скрипка, виолончель, альт, контрабас, арфа жана гитара, ошондой эле көптөгөн түрдүү элдик аспаптар: комуз, кыргыз кыл кыягы, домбура, гусли, балалайка жана башкалар кирет.

Чертме кылдуу аспаптар

Кылдуу чертме аспаптарга арфа, комуз, домбура, гусли, балалайка, гитара, лютня, бузуки мандолина, укулеле, ситар жана башка ушул сыяктуулар таандык.

Комуз
Комуз — кыргыздардын кылдуу чертме музыкалык аспабы

Жаалуу кылдуу аспаптар

Жаалуу кылдуу (орусча смычковый) аспаптарга классикалык кыл кыяк, кыргыз кыл кыяк, альт, виолончель, контрабас, виола да гамба, виола д'амур, баритон, шведдик элдик аспап никельхарпа жана норвегиялык салттуу кыл кыяк хардингфеле кирет.

Үйлөмө аспаптар

Негизги макала: Үйлөмө музыкалык аспаптар

Үйлөмө музыкалык аспаптар — үндүн булагы аспап түтүгүндөгү термелген (дирилдеген) үн мамысы булак болгон аспаптарды айтабыз.

Жез үйлөмө аспаптар

Үйлөмө жез музыкалык аспаптар — амбушюрдук (же мундштуктуу) музыкалык аспаптарга таандык аспаптар, башкача айтканда термелүүлөр музыканттын эриндери менен жаралат, мындай термелүүлөрдү жасоо үчүн эриндерге атайын мундштук талап кылынат. Үндүн бийиктиги, эриндердин абалы (амбушюр), абаны үйлөө күчү жана клапандарды (вентилдерди) басуу, аспаптын кошумча ачуучу жана жабуучу түтүктөрү менен туураланат.

Мындай аспаптарга төмөнкүлөр кирет:

Жыгач үйлөмө аспаптар

Жыгач үйлөмө аспаптар — багытталган аба агымын атайын тешикке үйлөө менен, жана үндүн бийиктигин, клапандуу тешиктерди ачып жабуу акрылуу үн чыгарууга негизделген аспаптар тобу.

Лабиалдуу жыгач үйлөмө аспаптар

Тилчелүү жыгач үйлөмө аспаптар

  • Сурнай
  • Кларнет
  • Бас-кларнет
  • Фагот
  • Контрафагот
  • Гобой
  • Саксофон (өзү металлдан жасалганына карабастан, андагы тилчеси жыгач жана үн чыгаруу негизи жыгач үйлөмө аспаптарына мүнөздүү).
  • Дудук

Тилчелуу аспаптар

Негизги макала: Тилчелүү музыкалык аспаптар

Тилчелүү музыкалык аспаптар — жалгыз же кош болгон уруучу тилчеси бар аспаптар; кеңири мааниде тилчелуу аспаптарга уруучу тилчеси металл болгон органдын түтүкчөлөрү дагы, ошондой эле эркин өтүп кетме металл тилчелүү аспаптар кирет: мисалы, ооз кыяк, ооз комуз, темир ооз комуз, эрин органдар.

Кыяктар

Кыяктар — тилчелери жайгашкан өтмөктөрүндө абанын агымы аркылуу тилченин термелүүсүнөн улам түрдүү үндөрдү чыгарган аспаптар.

Гармоника түрлөрүнө кийинкилер кирет:

  • Гармонь
  • Аккордеон
  • Баян
  • Эрин же ооз кыяк
  • жана башка түрлөр

Тилчелүү жыгач музыкалык аспаптар

Саксофон сыяктуулар

Тилчелүү өзү үн чыгаруучу аспаптар

Темир ооз комуз, варган, дрымба жана башка аталыштар. Ошол эле убакта булар чертме аспаптарга дагы таандык болуп кетет.

Урма аспаптар

Негизги макала: Урма музыкалык аспаптар

Музыкалык аспаптар түрүнүн эң көп сандаган түрү. Урма аспаптар 3 негизги түргө бөлүнөт:

  • Аныкталбаган бийиктикте үн чыгаруучулар, алардын арасында:
    • Мембраналык аспаптар: доолдор (барабандар), добулбастар, даптар (бубень), гаваль, гоша нагара, думбек, дарбука ж. б.
    • Тышы (корпусу) өзү үн чыгаруучу аспаптар: үч бурчтуктар, табактар жана гонгдор, кастаньеталар, турдуу даптар, шейкерлер жана маракалар, жыгач кутулар, флексатон ж. б.
  • Белгилүү бир бийиктикте үн чыгаруусу менен, башкача айтканда туураланган ноталары менен: ксилофон, вибрафон, маримба, шыңгыратмалар (конгуроолор), анын ичинде чоң конгуроолор, литавралар, ошондой эле ковбеллдердин, вудблоктордун, гонгдордун кээ бир түрлөрү ж. б.
  • Клавишалуу урма аспаптар: челеста же ушул сыяктуу аспаптар.

Клавишалуу аспаптар

Негизги макала: Клавишалуу музыкалык аспаптар

Клавишалык музыкалык аспаптар — үн чыгарууну башкаруу клавиатура аркылуу жүргүзүлүүчү аспаптар.

Үйлөмө клавишалуу аспаптар

Орган, фисгармония, баян, аккордеон, гармонь, шотландиялык волын.

Кылдуу клавишалык аспаптар

Кылдуу клавишалык аспап — вертикалдуу (пианино) жана горизонталдуу (рояль) түрүндө болгон бардыгына белгилуу фортепиано, ошодой эле клавесин, вёрджинел, спинет, клавикорд.

Механикалык аспаптар

Механикалык музыкалык аспаптар Орто кылымдардан бери белгилүү. Алгач, музыка чыгарган механизмдер сааттарга орнотулган (мындан немисче Spieluhr термини), кийичерээк функционалдык жактан көз карандысыз музыкалык автоматтар (англисче music box, немисче spieldose) жаралган. Көптөгөн композиторлор механикалык музыкалык аспаптар үчүн музыка жазышкан (Г. Ф. Гендель) же музыкалык автоматтардын үн чыгаруусун имитациялашкан (А. К. Лядовдун музыкалык кутучасы).

Механикалык музыкалык аспаптарга шарманка, карильон дагы кирет.

Электрондук музыкалык аспаптар

Негизги макала: Электрондук музыкалык аспаптар

XX кылымдын башында электрониканын өнүгүүсү электро музыкалык аспаптардын өнүгүүсүнө алып келген, бирок ага чейин эле биринчи электрондук музыкалык аспап катары 1753 жылы чыккан Denis d'or клавиатурасы болгон. Заманбап үн синтезаторлору бардык музыкалык аспаптардын үндөрүн имитациялай алат, андан тышкары мүмкүн болгон табият үндөрүн дагы (канаттуулардын сайраны, чагылган, автомобиль ж. б.) кайталайт. Көпчүлүк учурда синтезаторлор фортепиано түрүндөгү клавиатура менен жабдылган.

Yamaha PSR-1100 электрондук синтезатору
Yamaha PSR-1100 электрондук синтезатору

Электрондук синтезден тышкары XX кылымда акустикалык музыкалык аспаптардын жабдуулары адаптерлери, башкаруучулары, жана башка электрондук түзүлүштөрү кеңири жайылган. Мындай аспаптардын тобу электроакустикалык деген аталышка ээ болгон.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-06-18, Көрүүлөр: 1149, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу