Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эстония

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Эстония

Эстония олкосунун жеринин аянты 452262 чарчы чакырым. Калкы - 1423000 адам. Балтика боюндагы үч республиканын (Латвия, Литва, Эстония) ичинен Эстония чыныгы деңиз өлкөсү болуп эсептелет. Анын түндүк жана батыш жээктерин чулгап жаткан Балтика деңизи республиканын турмушунда зор мааниге ээ. Жээктеринде бир нече ири жана жүздөгөн майда аралдар жайгашкан. Эзелки убактарда деңиз бул жерди кээде бүт каптап калса, кээде кайрадан тартылып турган. Бул жерлерде деңиз адамдарга белек катары тар-туулагандай баалуу кенчтер: акиташ, доломит, фосфорит жана күйүүчү сары (күрөң сланец) бар. Жадагалса, бул жердин топурагы да өзгөчө - көк түстүү, аны цемент чыгарууда, каптоочу плиталарды жасоодо, боек алууда пайдаланышат. Байыркы замандагы муз доорунун мезгилинде түндүк жактан зор мөңгү жылып келип, бүткүл Эстония мамлекетиндеги Балтика боюн каптап калган.

Ал өзүнүн изин бардык жерге калтыргандыгын азыр да көрүүгө болот. Мөңгүлөр алып келген кум жана таштар дөңсөөлүү корум болуп үйүлүп, ойдуңдар, саздар жана көлдөр менен улам алмашып отурат. Талаа менен токойлордон көптөгөн зор таштар кездешет, алардын кээ биринин чоңдугун жыйырма, ал гана эмес отуз бала да кол кармашып тегеренсе, кулачы араң жеткенин көрүүгө болот. Мындай таштарды да мөңгү алып келген. Эстониянын табияты абдан кооз.

Эгерде силер Эстониядагы эң бийик дөбө Суур-Мунамягиге (ал Хаанья дөңсөөсүндө) чыгып карасаңар, белес-белес жашыл дөбөлөр, түнт токойлор, жашыл-ала талаалар, көгүлтүр көлдөр, тасмадай чубалжыган жолдор агарып көрүнөт. Түндүк жээкти бойлой Глинт деп аталган бийик тик кашат созулуп жатат. Ошол кашаттан Финн булуңунун ажайып келбети алаканга салгандай даана көрүнөт. Деңизге карай чамынган дарыялар бул кашат аркылуу агып түшүп, кооз шаркыратмаларды пайда кылат. Бул аймактын жергиликтүү калкы - эстондор байыртадан эле дыйканчылык кылып, мал багып келишкен. Алар ошондой эле эзелтен балык уулоо менён да кесиптенген.

Азыр да Эстониянын чарбасында балык уулоо негизги ролду ойнойт. Эстониядан чыгуучу даамдуу шпрот, килька жана салаканы ким билбейт? Эстон балыкчылары балык уулоочу кубаттуу флоттун жардамы менен балыкты көп кармашат, заводдордо андан түрдүү консервалар даярдалат. Башка заводдорунда эстон инженерлери жана жумушчулары абдан татаал жана так машиналарды, өлчөөчү приборлорду жасашат. Республикада күйүүчү сланец менен иштеген ири жылуулук электр станциялары курулган. Сланецтен ошондой эле газ, бензин, техникалык май, жер семирткичтер алынат. Башка пайдалуу кендер да колдонулат. Ал түгүл зор таштар да ишке пайдаланылып, андан имараттардын пайдубалын, плотиналар, жолдор курулат.

Эстония республикасынын борбору - Таллин чыныгы музей-шаар. Шаардын эски бөлүгүндө орто кылымда курулган чеп дубалдар, мунаралар, ийри-буйру тар көчөлөр сакталып калган. Мунаралардын биринин башында шамалдын багытын көрсөтүп, куралдуу сакчы кейпиндеги эски флюнер карт Томас турат. Анын ошол сүрөтү шаардын эмблемасы болуп калган. Таллин - ири деңиз порту, ага дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн кемелер келип-кетип турат. Эстония жонундо маалымат ушундай достор.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2524, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-10-29, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу