Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кытай

Кытай чыгыш жана борбордук Азияда жайгашкан. Ал аймагынын чоңдугу боюнча (Кытайдын аянты Европа континентинин аянты менен дээрлик бирдей) дүйнөдө Россия жана Канададан кийин үчүнчү, калкынын саны боюнча биринчи орунду ээлейт. Кытайда 50дөн ашык улут жашайт. Алардын ичинен эң көбү - хань улуту. Биздин заманга чейинки 2мин жылдыкта эле (демек мындан 4-5 миң жыл мурда) байыркы хандар Хуанхэ дарыясынын жээгиндеги өрөөндө өздөрүнүн мамлекетин түзүшкөн. Бул маданияты гүлдөгөн өлкө болгон. Кытайлар мылтыктын дарысын, кагазды ойлоп табышкан, күрүч өстүрүшкөн.

Кытайлыктар өз мамлекетин сырттан келген баскынчылардан коргоо үчүн аймакты тегерете Улуу кытай сепилин салышкан. Бул сепил ушул күнгө чейин сакталып, көргөндөрдү таң калтырат. Аларда тээ илгертен эле иероглиф жазуусу түзүлгөн. Жазуу, китеп окуу үчүн бир нече миң татаал иероглифти билүү керек. Иероглиф - бир сөздү же муунду билдирүүчү кичинекей сүрөт. Кытайдын борбор шаары - Пекин. Шаардын ортосунда Кытай императорлору жашаган ак сарай бар. Азыр анда тарых музейи жайгашкан. Ак сарайдын Тяньаньмынь аттуу дарбазасы (капкасы) Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик гербинде тартылган.

Бул зор өлкөнүн түндүгүндөгү чер токойлордо карагай, кайың өсөт. Түштүгүрөөктөгү Хуанхэ дарыясынын боюнда да илгери токой болгон, бирок аны дыйкандар миң жылдан кийин айдоо аянтына айландырып жиберишкен. Хуанхэ дарыясы ылайланып агат. Түздүктө ылай менен кум дарыянын түбүнө чөгүп, суунун деңгээли көтөрүлүп, дайыма ташып турат. Дарыяны өз нугунда кармаш үчүн жээгин бийиктетип тосмо курулган. Бирок суу катуу ташкындаганда тосмону бузуп, тегерегин бүт каптап кетет. Ошондуктан бул азоо дарыяны эл Кытайдын кайгы-муңу деп аташкан. Дагы түштүгүрөөктө Кытайдагы эң чоң дарыя - Янцзы агат. Ал Тибет тоолорунан башталат.

Янцзы деңизге куйган жерден анчалык алыс эмес жерде Кытайдын эң чоң шаары жана эң ири өнөр жай борбору Шанхай орун алган. Янцзынын жээгиндеги ойдуңдарды суу толтурулган күрүч талаалары ээлеп жатат. Дөңсөөлөрдүн боорлорундагы тектирленген аянттарда чай, тыт дарагы өстүрүлөт. Кытайдын түштүгүндөгү талаалар Синцзян дарыясынын суусу менен сугарылат. Бул жерде эч качан кыш болбойт, ошондуктан мында ар түрдүү тропик өсүмдүктөрү өсөт. Кытай кен байлыктарга бай. Көмүр, темир, күйүүчү сланец, нефть, асыл металлдардын кендери табылган.

Азыркы кезде Кытайдын өнөр жайы ар кандай машина, тракторлорду, жер семирткичтерди чыгарып жатат. 1949-жылы 1-октябрда Кытай Эл Республикасы жарыяланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)