Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Нидерланд

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Нидерланд

Жеринин аянты 41526 чарчы/чакырым. Калкы - 15981000 адам. Бул өлкөнү көбүнчө Голландия деп коюшат. Тактап айтканда анын эки гана провинциясы (Түштүк жана Түндүк) Голландия деп аталат. Бул аталыш илгери пайда болуп, ушул кезге дейре сакталып келатат. Нидерланд ойдуңдуу, чуңкур жер дегенди билдирет. Чындыгында эле өлкөнүн көп бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн жатат. Нидерланд аймагы көп кылымдардан бери болжол менен ар бир жүз жылда 1 метрге чейин чөгүп ылдыйлоодо. Адамдар мында байыркы замандардан бери эле жашайт, алар өздөрүнүн үйлөрүн жана айдоо жерлерин деңиз суусунан жана дарыя ташкынынан коргоп, 800 жылдан бери (бул мезгилде жер 7-8 метрге чөктү) дарыялардын жээгинде да, деңиз жээгинде да дамбаларды куруп келе жатышат.

Дарыялар бул жерде талаалардан, ал тургай үйлөрдөн да бийик денгээлде агат. Мурунку мезгилде Нидерланд Испаниянын колониясы болгон. 16-кылымда Нидерландыда дүйнөдөгү алгачкы буржуазиялык революция болуп, өлкө көз карандысыздыкка жетишет. Бельгия жана Люксембург мамлекеттери да 19-кылымдын башына чейин Нидерландынын курамында болгон. Нидерланд Королдугунун борбор шаары - Амстердам, бирок өкмөтү Гаага шаарында. Өлкөдө бийлик королго (же королевага) жана парламентке таандык. Парламентке чон укук берилген. Нидерландыда кен байлыктар аз. Табигый газ чыгат, бирок таш-көмүр, металл кендери жок, нефть өтө аз. Ошондуктан өнөр жай үчүн сырьёну башка жактан ташып келишет. Заводдордо кеме курулуп, станок, радиоаппаратуралар жасалат, химиялык продукция чыгарылат.

Голландиялыктар эмгекчил болушат, алакандай жерди билгичтик менен пайдаланышат. Жайыттарда уй, кой багылат. Айдоо жерлерге буудай, кант кызылча, зыгыр, картошка өстүрүлөт. Голландия жоогазыны, Голландия сыры (быштагы), Голландия ак кездемелери, дагы башка товарлары дүйнөгө белгилүү. Голландия - деңиз өлкөсү. Анын зор соода флоту бар. Башкы деңиз порту Роттердам - дүйнөдөгү эң чоң порттордун бири. Анын кеме токтоочу жери ондогон чакырымга созулат.

Голландиядан дүйнөгө таанымал көптөгөн атактуу адамдар чыккан. Алардын арасында улуу гуманист окумуштуу Эразм Роттердамский, сүрөтчү Рембрандт, философ Спиноза, жазуучу Мультатули бар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 795, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу