Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жети аке

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Жети аке

Жети аке — Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан кыргыз элинин акылман, дипломат жети адамдарынын жалпы аталышы. Аке деген сөз — асыл ойчулдукту, билгичтиги, көсөмдүктү, калыстыкты, акылмандыкты, ошондой эле, жез таңдайлыкты, элди бөлбөгөн, жиктештирбеген адамды түшүндүргөн.

Жети Аке

Жети Аке XVIII кылымдын экинчи жарымынан ХХ кылымдын башына чейин, ар кимиси ар кайсы жылдарда жашаганы анык.

Акелер — адам мүнөзү, иш-аракетин баамдап, алдын-ала көрө билген, көсөм жана акылман мүнөздөрү менен айырмаланган. Алардын насааттары, алтынга тете кеңештери оозеки түрдө калкка ооздон оозго өтүп келген.

Жети Аке азыркы Ысык-Көл облусунун күңгөй-тескей аймактарындагы уруулардан чыккан. Алар кыргыз элинин маданий турмушунда, дипломатиясында, саясатында, билим алуусунда олуттуу мааниге ээ болгон.

Жети аке жөнүндө маалыматтык булактарга ылайык алар дайыма элим-жерим өнүксүн деп элге руханий, акылмандыгы жагынан кызмат кылышкан. Жети акелер бири-бирине сый-урматта болушуп, биринин сөзүн бири угушкан. Мен улуумун, сен кичүүсүң дебей, бири-бирине адам деңгээлинде мамиле жасашкан. Ушул эле, нерсе кыргыз элине болгон мамилесинде дагы байкалган. Ушуга жана алардын акылмандыгына байланыштуу кыргыз элинин арасында кадыр баркка ээ болгондур деген жоромолдор бар.

Акелер жоктон бар кылган, жеке Ысык-Көлдүн эмес жалпы кыргыз журтчулугун ыктымак-ырашкерчиликке, акылдуулукка, биримдикке, досчулуука чакырган адамдар болгон. Мындан тышкары булар коңшу улуттарды (кытай, казак, калмак, орус) ынтымагын арттырган. Жөнү жок кан төгүү, уруш-талаштарга каршы болушкан.

Акелердин тизмеси

Төмөндөгү Акелердин тизмеси улуусунан кичүүсүнө карай берилет. Толугураак маалымат алуу үчүн ар бир акенин шилтемесине басыңыз.

Карга Аке
Карга Аке

Карга аке Мендегул уулу. 1718-жылы Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районуна караштуу Даркан айылында төрөлгөн. Теги Бугу уруусунун, Желден бутагынан. Карга аке оозунда сөзү бар, калкка калыстыгы бар акылман адам катары белгилүү. Акелердин эң улуусу. 1828-жылы 110 жаш курагында каза болгон.

Мойт Аке
Мойт Аке

Мойт аке Алдаяр уулу. 1745—1750-жылдар аралыганда Ысык-Көл облусуна караштуу Орто-Өрүктү айылында төрөлгөн. Теги Алдаяр уруусунан. Мүнөзү токтоо, адамга катуу айтпаган адам. Өзү чечен, мүнүшкөр, саяпкер, акылман, ойчул, сынчы, даанышман касиеттерге ээ болгон. Арабча жазганды, окуганды да билген жети акенин экинчиси. Так маалымат болбогондуктан 1840, 1843, 1846-жылдары каза болгон деп ар кайсы булактарда ар кандай айтылат.

Сарт Аке
Сарт Аке

Сарт аке Доскулу уулу. 1775-жылы Нарын облусу, Нарын шаары. Акелердин үчүнчүсү. Сарт аке оозунуп сөз сүйлөбөгөн, адамдын шагын сындырып, илебин кайтарбаган, атайы өтүнүч, суроо-талап болгондо гана кепке аралашкан, эгер сүйлөсө, сөздүн көзүн таап, адамдын жумурундагыны билип, уютуп, жибитип, ары курч, ары таамай айткан акылман. Өмүрүнүн көбүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында өткөргөн. Дөөлөс уруусунун Чулум бутагынан чыккан. 1865-жылы каза болгон.

Тилекмат Аке
Тилекмат Аке

Тилекмат аке Жылкыайдар уулу. 1800-жылы Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районун төрөлгөн. Акелердин төртүнчүсү. Сарыбаргы уруусунан. Ал тубаса элчилик, дипломатиялык касиетке ээ болуп, сөзмөр, сүйлөгөндө куюлуштуруп, сөздүн майын чыгарып кеп курган акылман, даанышман адам эле. Карааны арстандай келип, ошол эле убакта, ойчул, данакер, айкөл адам. 1863-жылы каза болгон.

Садыр Аке
Садыр Аке

Садыр аке Жолболду уулу. 1821-жылы Ысык-Көл облусунда жарык дүйнөгө келген. Акелердин бешинчиси. Саяк уруусунан. Эл ичинде «Калыстык сурасан Садыр акеге бар» деген кеп бар. Садыр аке түз сүйлөгөн, бетке айткан, акылман, калыс инсан болгон. Анын ишмердүүлүгү, жөндөмдүүлүгү, көрөгөчтүгү, чечендиги, эч кимден тартынбаган тикелиги жана башка айкөл сапаттары менен элге таанылган. 1905-жылы каза болгон.

Карач Аке
Карач Аке

Карач аке Мендегул уулу. 1837-жылы Ысык-Көл облусунун, Ак-Суу районундагы Чолок айылында жарык дүйнөгө келген. Акелердин алтынчысы. Карач аке айрыкча элдин ынтымагын, кедей-кембагалдар кыйналбасын деп журт камын көрүп, тигил же бул урууларда ынтымак кетсе, кеңешин айтып ынтымакка чакырган акылман, айкөл адам болгон. 1914-жылы бул дүйнө менен кош айтышкан.

Кыдыр Аке
Кыдыр Аке

Кыдыр аке Байсары уулу 1843-жылы Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Сары-Жаз аймагында төрөлгөн. Акелердин кичүүсү. Бугу уруусунун Арык бутагынан чыккан. Манап, таанымал элчи, саяпкер, албетте акылман, жети акенин бири. 1916-жылкы Үркүндө көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган. 1926-жылы каза болгон.

Жайгаштыруу: 2024-09-13, Көрүүлөр: 333, Өзгөртүлгөн: 2024-09-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу