Кыдыр аке Байсары уулу (1843-жыл, Ак-Суу району, Сары-Жаз өрөөнү, Кайындынын Байыш жайлоосу — 1926-жыл, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы) — Бугу уруусунун Арык бутагынан чыккан манап, таанымал элчи, саяпкер, жети акенин бири.
Кыдыр аке | |
---|---|
Төрөлгөн датасы | 1843-жыл |
Төрөлгөн жери | Кыргызстан, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Сары-Жаз өрөөнү, Байыш жайлоосу, Дүңгүрөмө конушу |
Каза болгон датасы | 1926-жыл, 26-март (83 жаш) |
Каза болгон жери | Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы |
Негизги макала: Жети аке
Ар бир элдин ичинен, жаратылышынан кудай берген эчен таланттардын, баатырлардын, эл бийлеген жакшылардын аттарын угуп да, окуп да жүрөбүз. Эл болгон соң анын өз алдынча каада-салты, улуттук өзгөчөлүгү болот. Мына ошолорду сактап кийинки урпактарга берүүдө эл ичинен чыккан кеменгер адамдарга таазим кылбай коюга болбойт. Мына ошондой адамдардын бири биздин элден чыккан Кыдыр аке. Айтылуу жети акенин кенжеси.
Калмак менен кыргыздардын ортосунда элчи катары белгилүү Олжобай бийдин небереси. Олжобай бий, Бугу уруусунун, Арык бутагын башкарган.
«Урушпай ажырашсан, уялбай учурашасын» — Кыдыр Аке.
Кыдыр Аке 1843-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу, Ак-Суу районунун Сары-Жаз аймагында жарык дүйнөгө келген. Кыдыр аталып калуусу элдин айтуусу боюнча, апасы боюнда болгон кезде, үйүнө түнөк издеп бир абышка келип калат, апасы аны жакшы тосуп алып, жата турган жерип камдап берет, ошондо абышка «боюңда бар экен, эгер эркек төрөлсө атын Кыдыр кой, элге кызматы тийген адам болсун» деген экен.
Жаш кезинен тартып, ар нерсеге эрте түшүнүп, жакшы жаманды ажыратып, эл аралап, ат жалын тартып, көзү жандуу, боюна тыкан, тирикарак бала болгон. 15 жаш курагында Тилекмат акенин Мааке деген кызына баш кошот.
Мүнөзү жагынан Кыдыр аке кайрымдуу, кичи пейил, чынчыл, даанышман, көрөгөч делет. Өнөрлөрүнөн саяпкерлиги, жаныбарларга сынчы, комузду да черте билген. Эки жагында эки жолборс коштоп жүрөт деген имиштер да аз эмес. Өзгөчө белгилеринен оң көзүндө калы менен төрөлгөн имиш.
Кыдыр акени эки атанын баласы деп дагы айтышат, мунун себеби, Олжобайдын (чоң атасынын) Байсары (Кыдырдын атасы) жана Токсобай аттуу эки уулу болот. Токсобайдын баласын жылкы тээп (башка маалыматтар боюнча жылкыдан кулап) каза болгондо, кусалыгын жеңилдетүү максатында Кыдырды Токсобайга берген делет. Ушундан улам «Токсобайдын Кыдыры» жана «Эки атанын баласы» деген кептер калган.
Кыдыр акенин ысымы жеке эле кыргызга гана эмес, канатташ казак элинин Албан уруусуна белгилүү болуп «Кыдыр алей салам даарыган адам» деп алардын карылары да айтып калган.
«Кыдырдын арман күүсү» (башкача аталышы «Төгөчү күү») деп аталган күүсү элге кеңири белгилүү; атактуу комузчулар, Карамолдо Орозов, Ыбрай Тумановдорго туура жолду тандап алуусуна кеңештерин берип турган.
1861-жылы Арык тукуму Түргөн болуштугунун башчысын шайлоодо маселе жаралып, талашып-тартышып отуруп, мурдагыларды кетирип, жаштардан шайлайлы деген чечимге келишет, ошондо Кыдыр акенин талапкерлиги көрсөтүлүп, ал 18 жашында болуш болот. Кийинчерээк Түргөн, Ак-Суу болуштуктарынын башчысынын ишин аткарат. Баш-аягы 6 жолу болуш кызматын аркалайт.
1860-жылдарда Каракол суусунун айланасына үйлөр курула баштаганда Кыдыр аке 1866-жылы курулуш иштерине жардам берип, жан-жөөкөрлөрү менен карагай ташып келип турган деген маалыматтар бар.
1873-жылы Россия империясы менен Кытай казак, кыргыз, тургаут, калмактардын Текестин Сумбо жайлоосундагы жер аймактарын, бөлүштүрүшөт, мында Кыдыр аке дагы өз салымын кошуп чек араларды тактоого катышкан.
1889-жылдан тарта Каракол уездинин башкаруу комитетинин мүчөсү, уезд башчысынын жардамчысы, кеңешчиси болот.
1910-жылы Каракол, Дуулат, Олуя-Ата, Пишпек уезддеринин курултайында төрагалык кылган.
Орус менен кыргыз элдеринин ортосундагы байланышты чыңдоого жигердүү катышкан. 1913-жылы Романовдордун тукумунун бийликке келишинин 300 жылдыгына карата Каракол уездинен (Жети-Суу губерниясы) Санкт-Петербургка конокко чакыртылып, делегат болуп барат, ошондо офицердик подполковник чини берилип, Ыйык Анна алтын медалы менен сыйланган. Ошол кездеги падыша Николай II менен да жолугуп, ага жолборстун күчүгүн белек кылып тартуулаган.
Орус империясынын губернияларынын биринин ишенимдүү адамы катары сенатка мүчө, мамлекеттик 4-думага депутат болуп шайланган.
1916-жылкы Улуу Үркүн мезгилинде кыргыз эли биринчи дүйнөлүк согушка балдардын мандикер (күнүмдүк жумуш кылуучу, кара жумушчу) кылып жөнөтпөйбүз деп ар кайсы аймактарда толкундашат. Ошондо кыдыр аке орустардын саны көптүгүн түшүндүрүү максатында аларды аттын жалпы түгүнө, кыргыздарды аттын кашкасындай аз деп салыштып, түшүндүрүп, кыргызды ынтымакка чакырып, көп элди өлүмдөн сактап калган (айрыкча Кереге-Таш, Сары-Камыш, Кайырма-Арык жана башка айылдардын элдерин). Качкын кыргыздарга баш-аягы миңдей жылкысын берген. Эки элдин ортосундагы байланышка көрсөткөн элчилик ишмердиги үчүн ага алтын медаль жана подполковник чини ыйгарылган.
1926-жылдын 26-мартында Кереге-Таш айылында каза болгон.
Жети атасы: өз атасы — Байсары, чоң атасы — Олжобай, андан кийинки аталары — Түлөберди, Бобон, Сейитказы, Күчүк, Жоотатыр.