Мойт аке Алдаяр уулу (1745—1846) — кыргыздардын жети акесинин экинчиси, улуу акылман, чечен, көрөгөч, ошондой эле, дабагер, мүнүшкөр, саяпкер.
Мойт аке | |
---|---|
Төрөлгөн датасы | 1745—1950-жылдар аралыгы |
Төрөлгөн жери | Ысык-Көл облусу, Орто-Өрүктү айылы |
Каза болгон датасы | Так маалымат болбогондуктан ар кайсы булактарда 1840, 1843, 1846-жыл деп көрсөтүлөт. Негизинен 90 жаштан ашык жашка чыккан делет. |
Негизги макала: Жети аке
Мойт аке Көл кылаасындагы акелердин улугунун экинчиси. Эл ичинде «Бата сурасаң Мойт акеге бар» деген кеп калган. Мойт аке Кыргыз урууларынын Мойт аке Алдаяр тукумунан 1745-1750-жылдарда (төрөлгөн жылы так эмес) Ысык-Көл облусуна караштуу Орто-Өрүктү айылында төрөлгөн.
Айрым маалыматтар боюнча чын ысымы «Мойут» болгон бирок, Мойт аке дегени айтууга оңой болгондуктан ушундай аталышы жайылып кеткен деп жоромолдонот.
Атасы — Алдаяр, агалары — Теке, Асан, Абылаке, Очуй, өзү үйдүн кичүүсү. Мүнөзү токтоо, адамга катуу айтаган адам делет. Чечен, мүнүшкөр, саяпкер, акылман ойчул, сынчы, даанышман касиеттерге ээ болгон. Озу арабча жаза, окуй да билген. Мойт акенин айткандары, артына калтырган мурастары эч жоголбойт да, эч эскирбейт. Мойт акенин нуска сөздөрү кылымдардан кылымга элдин оозунда айтылып келе жатат.
Жашоосунун көпчүлүк убактысын Манжылы-Ата мазарынын жанында өткөргөн, жайында Каркыра жайлоосуна барып, Тоң районунда кыштачу.
«Ырыс алды-ынтымак», «Ынтымагы бар элдин, Айсыз караңгы түндө да, Асманында күн турат. Ынтымагы жок элдин, балдары иттей ыркырап, Ачык-жарык күндө да, Асманында түн турат» — деп Мойт аке элдин ынтымагын жогору койгон.
Мойт акеге Алла-таалам ашкере тартуулаган касиет — артыкчылыгы ар кандай дарттын дарегин, дабасын таамай билген табыпчы-дарыгерлиги болгон. Мойт аке телегейди тегиз санаган, кайрымдуу, боорукер жана өтө көрөгөч касиеттүү инсан болгон.
Адилеттүүлүк тууралуу да нускалуу сөздөрдү айтып жүргөнү тууралуу профессор-тилчи Акеш Иманов белгилеген. Демек, мындан анын адилеттүү, айкөл адам болгону жөнүндө тыянак кылууга мүмкүн.
Сарт аке, Мойт акеден улуу болсо да, кеп баштаарда андан улуксат сурап анан сүйлөчү дешет. Кез-кез Каркыра жайлоосуна эс алганы барып турчу.
Даанышмандын үч жубайы болуп, Алыбек, Калча, Качыбек, Саске, Үсөн, Чомой аттуу уулдары жашап өткөн. Учурда Орто-Өрүктү айылында Мойт акенин тукумдары дагы деле жашап келет.
Сөөгү Манжылы-Ата мазарына айланасына коюлган, ушул себептен бул мазарга бүгүнкү күнгө чейин адамдардын изи үзүлбөй келет. Мыкты баталарды бергендиктен өзүнүн замандаштары арасында «Батакай» деген атка конгон.
Кайсы бир күнү Атаке бийдин кызы, Эшкожонун жубайы Айжандын төрөт алдындагы толгосуна күбө болуп: «Келин абалы жакшы эле, ага зыян келтирип албагыла. Ал жөн гана жолборстун жүрөгүн жегиси келип жатат. Жолборсту кармап, жүрөгүн бергиле. Кудай буйруса, жолборс мүнөздүү баатырды төрөп, элдин коргоочусу болот» деген экен. Ушундан улам Балбай баатыр төрөлгөн экен.