Тилекмат аке Жылкыайдар уулу — кыргыздын жети акесинин төртүнчүсү, ойчул, сөзмөр жана дипломат.
Негизги макала: Жети аке
Тилекмат аке | |
---|---|
![]() |
|
Төрөлгөн датасы | 1800-жылдар айланасы |
Каза болгон датасы | 1863—1868-жылдар аралыгы |
Төрөлгөн жери | Кыргызстан, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Шалбаа (азыркы Тилекмат аке) айылы |
Каза болгон жери | Казакстан, Алма-Ата (мурдагы Верный) шаары |
Тилекмат Жылкыайдар уулу болжолдуу 1800-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында (мурдагы Шалбаа) төрөлгөн. Тек аталары: Жылкыайдар, Алымбек, Кампир (Кампар), Төлөк, Торойчу, Сары Баргы. Апасы — Күмүшай (айрым маалыматтар боюнча — Айымжан). Какшаал, Кажабагыт аймагы.
Тилекмат акенин түп тек-дареги жөнүндө эл оозунда кенири айтылып келген санжыралар, тарыхта жазылган окуялар, уламыштар ар кандай багытта айтылып жүрөт.
Тилекмат аке жашаган заманда из калтырган ойлогон ою, жасаган кыймылы, аткарган иши Түндүк Кыргызстанда, эл арасында топтордун, уруктардын, уруулардын, улуттардын жеке адамга чексиз татаал, кандуу кагылыштарынан пайда болгон карым-катнаштарынын учунда, так борборунда өткөн.
Жашаган жерине, журтуна, элине эгемендүү коопсуздук, салтанаттуу багыт, дөөлөттүү жол, кансыз жеңиш алып келип турган. Тилекмат акеге кудай-таала анын өзүнө гана тартуулаган касиеттери бар асыл адам болгон. Ал тубаса элчи болуп жаралган адам, ал чукугандай сөз тапкан, сүйлөгөндө куюлуштуруп, сөздүн майын чыгарып кеп курган адам болгон. Буга байланыштуу калк арасында «Сөз атасы — Тилекмат. Айла сурасаң Тилекмат акеге бар» деген сөздөр калган. Тилекмат менен бет мандай тике багышып сүйлөшкөндө эч ким туруштук бере албаган арыстандай суру бар адам болгон делет. «Тилекмат элчи» деп дагы аташчу.
Жусуп Мамай, Тилекмат аке кытайлык «Черик» уруусунан дечү, ал эми Маматемин Эркебаевдин ою боюнча Кара-Кулжа жактагы Ажике өрөөнүнөн дейт. Башка маалыматтар боюнча Адигине уруусунун «Сарыбаргы» канатынан, кошумча булактарда «Бугу» уруусунан деп айтылат.
Тилекмат аке бир канча жолу Кокон хандыгынын зордук зомбусунан (1830-жылдары), Кытай империясынын Ысык-Көлдү басып алуусунан (1870-жылдары), Ормон хан өлгөндөн кийин Сары багыш менен Ысык-Көл элинин (Бугу уруусунун) кыргынынан бүтүндөй Ысык-Көл элин-жерин чебер элчилик шыгы менен сактап келген, сөздүн ээси аталган. Кыдыр акенин кайын атасы болгон делет.
Уруулардын Сары-Багы жана Бугуу урууларынын ортосундагы каршылыкта тышкы коркунучтардан коргоо табуу максатында Тилекмат аке орус бийлигине кайрылуу идеясын сунуштаган. Анын сунушу менен Омск шаарындагы Батыш-Сибир генерал-губернорлугуна орус букаралыгына кошуу суроосу менен Качыбек Шералин башында турган Ысык-Көлдүк кыргыздардын делегациясы жөнөтүлгөн.
Орус бийлиги дагы полковник Колпаковскийдин өтүнүчүн аткаруу менен Тилекмат акеге кайрылып, анын жигиттери казак султаны Сауракты мекенине кайтууга көндүрүү үчүн Кытайга жөнөшкөн. Өтүнүч Тилекмат акеден болуп жатканына гана байланыштуу Султан макул болгон.
Тилекмат акенин балдары көп болгон деп айтылат, бирок, Чыныбай аттуу баласы белгилүү, негизинен мүнөзү атасына окшош болгон делет.
Тилекмат акенин каза болгон жылы болжолдуу айтылып, 1863—1868-жылдар аралыгына тиешелүү. Сөөгү Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районундагы Тилекмат аке (мурдагы Шалбаа) айылына коюлган.