Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сарт аке

Баш барак | Биографиялар | Сарт аке

Сарт аке Доскулу уулу (1775—1865) — Кыргыздын ойчул, чечен, акылман адамдарын бири.

Сарт Аке
Сарт Аке
Төрөлгөн датасы1775-1780-жылдар аралыгы
Төрөлгөн жериКыргызстан, Нарын облусу, Теке Секирик айылы
Каза болгон датасы1863—1865-жылдар аралыгы
Каза болгон жериЖети-Өгүз району

Негизги макала: Жети Аке

«Акыл сурасан Сарт акеге бар» — элдик макал.

Сарт аке (өз ысымы — Сартбай) 1775-1780-жылдар (так аныкталбаган) аралыганда Нарын облусунун Теке-Секирик айылында (айрым маалыматтар боюнча Нарын шаарынын күн чыгыш аймагында) төрөлгөн. Теги Дөөлөс уруусунун Чулум бутагынан. Атын ошол мезгилде атасынын досу кашкарлык уйгур Алимахун үйүнө түнөк издеп келип, Сартбай деп коюп берген.

Он бир жашында үй-бүлөсү менен кошо азыркы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймагындагы Жалгыз-Өрүк айылына көчүп келишет.

17 жашка толгондо Боромбай бийдин илинип, ал аны жанына алып алат. Ар кандай сырды ичине сактап, Боромбайдын эли менен эл болгон, Бугулардын намысын талашкан, кыраакы адам катары белгилүү. «Акыл ээси, атасы» аталып, хан, бийлердин кеңешчиси болгон.

Оозунуп сөз сүйлөбөгөн, адамдын шагын сындырып, илебин кайтарбаган, атайы өтүнүч, суроо-талап болгондо гана кепке аралашкан, эгер сүйлөсө, сөздүн көзүн таап, адамдын жумурундагыны билип, уютуп, жибитип, ары курч, ары таамай айтчу экен.

Бугу менен Сарыбагыш урууларынын ортосундагы талаш-тартышта ынтымакка келүүсүнө салым кошкон. Бугу уруусунун Арык жана Белек тукумдарын элдештирген.

«Тилешим менин канатым, элимдин канаты» деп Тилекмат Акени баалачу. Тилекмат аке досу жана замандаштырынын бири болгон.

Сарт аке жаш кезинен тарта өмүрүнүн көбүн Ысык-Көлдүн чыгышында өмүрүн өткөргөн. Ал эл аралагандан баштап, көзү өткөнгө чейин жайкысын атактуу Каркырада, кышкысын жер соорусу, ажайып көркөм Түргөндө жашаган. Сарт аке акылман, жан эриткен ширин сөздүү, чечен, жаркын жана жайдары мүнөздү, токтоо, адамгерчиликтүү, алдын ала туя билген олуя, сынчы, кайрымдуулук сапаттарга бай келген.

1865-жылы (башка маалыматтар боюнча 1863) каза болуп, сөөгү Жети-Өгүз районунун Шалбаа айылынын аймагына коюлуп, ал жер убагында мазарга айланган, учурда жөнөкөй эле түздүктүү жер болуп билинбей калган.

Жети атасы: атасы — Доскулу, чоң атасы — Байболот, анын атасы — Кудаш, Жаный, Мендеке, Зумбул, жана Чулум. Сарт Акенин өзүнүн Балдары көп болгон делет бирок, маалыматтын аздыгынан Чыныбай аттуу бир гана баласы белгилүү.

Эстеликтер

Адабияттар

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 3472, Өзгөртүлгөн: 2024-09-19, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу