Карга аке (1718-1828) — Бугу урусунун Желдең аттуу уруу бутагынан чыккан улуу инсан.
Карга аке | |
---|---|
Өз аты | Карга Мендегул уулу |
Төрөлгөн датасы | 1718-жыл |
Төрөлгөн жери | Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Даркан айылы |
Каза болгон датасы | 1828-жыл (110 жаш) |
Негизги макала: Жети аке
Карга аке 1718-жылы (так датасы белгисиз) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Даркан айылында төрөлгөн. Атасы — Мендегул, чоң атасы — Түлөке, анын атасы — Желдең. Жети акенин эң улуусу. 20 жашында (айрым маалыматтар боюнча 30-35) бий, болуш болгон. Карга деп аталып калышы, ал төрөлгөндө боз үйдүн үстүндө бир карга какылдап туруп алган имиш, ошондон улам аны Карга атаган делет.
Кыргыз эли арасында «Калыстыгы жок бийдин калкка кереги жок, калыстыкты Каргадан үйрөн», «Жаш сурасаң Карга акеден сура» деген кептер бар. Карга аке оозунда сөзү бар, калкка калыстыгы бар адам катары тиричилик кылып, калмак-жунгарлардын калабасынын да капшабына кабылган.
«Жонгорлуу жоодон сактасын, жоболондуу доодон сактасын, Калмак каймагына көз артпайт, аймагына көз артат» — деп, эл келечегине кабыргасы кайышкан, душманга кыраакы болууга үндөгөн.
Карга бойго жетип, өз алдынча үй-бүлө күтүп жашай баштаган убакта атасы Мендегул каза болот. Атасынын ашы өткөндөн кийин балдары мал-мүлкүн бөлүштүрүүгө келгенде: «азырынча коё туралы, алгач бойдок жүргөн эки инибизди үйлөнтүп коёлу, анан калганын көрө жатарбыз» деп, инилери Ногой менен Сүйөрдү үйлөнтүп, анан калган малды бөлүштүрөт. Ушул акылдуу иши менен эл оозуна алынып, мал баарына бирдей тийсе да, аны кармап калган эки бир тууган — Карга менен Байкиши болгон имиш. Ушундан улам анын байлыгы, бийлиги өскөн делет.
Карга аке — калыс, акылман алдыны көрө билген көсөмдүгү менен калкына кадыры өткөн адам. Ой чабыты кенен, чечен, эл тагдырын ойлогон, элге жакшылык тилеген, элге жакшылык жасай билген инсан болгон.
Ал калк ынтымагын бийик баалап: «Эккенден дан чыгат, эрегиштен жан чыгат, Ынтымак өңдүү болбой, ырыскы жөндүү болбойт, Калыстыгы жок бийдин, калкка кереги жок» деп айтчу. Өңдүү акылман сөздөрү бүгүнкү күн үчүн да, келечек муундар үчүн да айтылган керээз, насааттай сезилет.
Бийликти да, байлыкты да, жоо запкысын башынан өткөрүп жон териси менен сезген улуу инсандын турмуштук көз караштары өзгөчө баалуу. Элде: «Карга бийдин касиети оозунда осуяты бар» — деген сөздөр жөн жеринен айтылып, сакталып калган эмес болсо керек.
70 жылдай бий болуп, 110 жыл өмүр сүргөн делет. «Түшпөс бий» атка конгон деген кептер дагы бар. Өзүнүн баласын элдин амандыгы үчүн кытай-калмактарга (дарга асып, башка маалыматтар боюнча жардын бооруна көмүп) курмандыкка чалган деген маалыматтар дагы бар.
Ошол заманда эл кыйналып, ар кимиси бий, ар кимиси бек болуп жаткан кезде Карга аке Боромбайды султандыкка көргөзгөнү көсөмдүк делет. Батыш Сибирь генерал-губернатору менен дипломатиялык мамиле түзүү максатында 1824-жылы ага элчи жиберүүнү сунуштаган.
Карга акени, акелер катарына киргизүү боюнча көптөгөн талкуулар жүрүп, Үсөнбек Асаналиев (даркандык профессор жана тилчи), Эгемберди Маанаев (Даркандык коомдук ишмер), Кашымбек Асанбеков (акелер изидөөчүсү), Кубан Мамбетовдор (журналист) бир топ салымдарын кошушкан.
Карганын батасын, кеңешин алуу үчүн элдер Нарындан, Ат-Башыдан, Чүйдөн, Кочкордон ал гана эмес Казакстандан дагы келип турушкан. Булардын ичинде Сарт аке менен Тилекмат аке да болгон.