Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Түгөлбай Сыдыкбеков (1912-1997)

Баш барак | Биографиялар | Түгөлбай Сыдыкбеков (1912-1997)

Түгөлбай Сыдыкбеков (Ысык-Көл облусу, Түп району, Кең-Суу айылы, 1912-жыл, 14-май — Бишкек шаары, Кыргызстан, 19-июль, 1997-жыл) — Кыргыз советтик жазуучусу. Тарых булактарына кайрылсак Түгөлбайдын апасы Айымкан 17 бала төрөгөн делет, бирок мунун чын экенине ырастамалар жок.

Мазмуну
Түгөлбай Сыдыкбеков
Түгөлбай Сыдыкбеков
Төрөлгөн датасы1-(14)-май, 1912-жыл
Төрөлгөн жериКең-Суу айылы, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Каза болгон датасы19-июль, 1997-жыл (85 жаш)
Каза болгон жериБишкек шаары, Кыргызстан
ЖарандыгыКыргызстан
Ишмердүүлүгүнүн түрүпрозаик, Кыргыз ССРинин ИА академиги
БагытСоциалисттик реализм
ЖанрРоман
Чыгармалар тилиКыргызча
Дебют«Капкакбай» поэмасы (1931)

Өмүр баяны

Ата-энесинин балдары (жети уулу жана төрт кызы) чечектен каза табат. Ата менен эне көп балдарынан ажырап, мөгдүрөп турган кезде, 1912-жылы башына бакыт конуп дагы бир уулду болот. Ар кандай оорудан, шум өлүмдөн жүрөктөрү үшүгөн ата-эне ага Түгөлбай аттуу ысым беришип, көптөгөн ырым-жырымдарды жасашат. Бирок, Түгөлбай ата сүймөнчүлүгүн көрбөй, эки жашка чыга электе атасы келте оорусунан өлүп, энесинин колунда, эне тарбиясында өсөт.

1914-жылдагы биринчи дүйнөлүк алааматка Россия да киришип, бул согуштун активдүү катышуучуларынан болот. Падыша казнасына берилчү ыгым-чыгымдар көбөйүп, элден эсепсиз мал-мүлк, акча-каражат жыйналып, чогултулат. Кийинчерээк 1916-жылы кыргыз жаштарын ооруктагы иштерге тартуу жөнүндө падышанын буйругу чыгат. Дыйканчылыкка ынгайлуу жерлер казынанын карамагына өтөт. Ал аймакта тиричилик кылып келген эл тоого, кокту-колотторго сүрүлөт. Ушуга байланыштуу алсыздардын үй-жайын тартып алуу, же сырттан бийлеп, жерлерин сатып коюуу иштери башталат. Бий-болуштардын жемекейлиги күчөп, кембагалдарды, жетим-жесирлерди боздотот.

Кең-Суунун ичиндеги Сыдыкбек кыштап жүргөн кыштоодон ылдый карай кесилип-тартылып алынып, ал аймакта жашаган уруулар бүт көчүрүлөт. Башкасы жетишпей тургансып, Айымкан апа кыштоосуна чогулткан анча-мынча оокат-буюмун Шакарбай атту адам белгисиз бир адамга сатып жиберет. Апанын айткан нааразычылыгын айыл билермандары укпай-көрбөй, жесир буркурап ыйлаган бойдон кала берет. Көп өтпөй ата-бабалары жайдаган конуштарынан кол үзгөндөрдү башка өзөнгө көчкүлө деген жарлык жарыяланды. Карайлаган калк бул жарлыкты аткарууга айласыз мажбур болуп, арга жоктон көчүп жөнөшөт. Ошондо Кең-Суу айылынын жарым бөлүгүн бийлеген Эшимбек жоргосун чайпалтып, көч мандайынан чыгып калат. Турак жайын, оокат-буюмдарын алдырып жиберип, бийликтен жардам ала албаган кайгылуу Айымкан жандай салып өтүп бараткан болушка карап, ат үстүнөн:

Жайнактын уулу Эшимбек,
Болуштугу жарашты.
Эл өйдө-ылдый көп көчүп,
музоо-торпок адашты... - деп жамактай жиберет.

Ангыча, баш аламан эл Чоң-Таш атту жерге келип токтойт. Болуштун бесири (катчысы) баштаган бир нече адам аркан узап ченешип, көчүп келгендерге конуш бөлүштүрүүгө киришет. Түтүн ээси эркектери барлары жер алып, Сыдыкбектин үй-бүлөсүнө эч нерсе тийбей калат. Катардан чыккан Айымкан апанын сай-сөөгү сыздап, тоотпой койгондорго карап, кошогун жөнөтөт... өзүнүн тири-карактыгы, сөзмөрдүгү менен Айымкан тоготпогон болуш-бийлерден эптеп-септеп өзүнө тиешелүү нерсе алууга жетет. Апасынын ушул жамакчылыгы келечектеги сүрөткердин чыгармачылыгына чоң таасирин тийгизди десе болот.

Билим алуугу умтулуусу

1916-жылдагы козголоң көлдөгү бүт кыргыз айылдарын кучагына алат. Сыдыкбектин үй-бүлөсү да үркүп, Текести көздөй бет алат. Бул аймакта бир жылдай жашаган соң Мекенке кайра кайтат. Айымкан апа балдары менен эл артында калып, казак жергесинде баш калкалап, 1918-жылы Ысык-Көлгө келишет. Күнүмдүк оокат үчүн эне менен алты жашар Түгөлбай Коровин деген кулакка малай болуп жүрүшөт. Анда жүргөн төрт жыл ичинде апанын да, Түгөлбайдын да оюнан окуу кетпеди. Бирок, ал убакта окушка мектеп жок эле. Айласын таба албаган Айымкан апа Түгөлбайды түнкатар молдого берет. Бирок, ал аймактагы окуу балага жакпады. Кыш мезгилинде окуп чыкканы менен ал мындай окуудан түбөлүк кол үздү.

Акырында илимге чанкаган Түгөлбайдын күткөн күнү келип, Кең-Сууда жаны мектеп ачылат, жаш Түгөлбай дал ушул мектептен жагымдуу сабат алат. 1925-жылы Каракол шаарындагы таанышы Коровин деген кишиникине жатып, Антон Павлович Чехов атындагы орус мектебине кирет.

«Айтор, менин ачык мүнөзүм, тырышчаактыгым сүйкүмдүрдүбү, ким билет? классташтар да, мугалимдер да мени жакшы көрүшчү. Айрыкча Коромыслова Мария жана Горшков Василий атту адамдар мага көп жардам кылышты. Дал ушул мектепте окуп жүрүп Гоголь, Пушкин, Тургенев деген адамдардын аттарын уктум. Ырас, ал адамдардын атагы ааламга кеткен чоң жазуучулар экенин кийинчерээк баамдадым. Эмнегедир орус жазуучуларынын эң биринчи мага чыгармасы аркылуу таанылган Тургенев болду», — деп эскерет Түгөлбай Сыдыкбеков ал жылдардагы окуусу жөнүндө.

Арадан бир-эки жыл өтөт. Баштагыга караганда Түгөлбай орус тилин өздөштүрүп, кадыресе окуп калат. Бирок, жаңы кыйынчылык башталат. Байлыгы өскөн кожоюн кийинки күндөрдө чарбасында болуп, шаарга көп келбей, айылда кыштоочу болду. Турмуш-тиричилик Түгөлбайды окууну ташташка айласыз калтырды. Кийин Т. Сыдыкбеков Крупская мектебине кирет, көп узабай эле Ленин атындагы 7 жылдык мектепке которулат. Турмуш абал өтө оор эле. Бирок, Түгөлбай окуусун бул жолу таштаган жок. Жазуучунун биринчи чыгармасы ушул мектепте окуп жүргөн кезинде жазылды. Анын жазылышынын өз тарыхы бар.

Жазуучулукка киришүү

Кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон чебер жазуучу. Бир күнү Түгөлбай Александр Сергеевич Пушкиндин китебин окуп отурган кезинде классташы Молдокасым: «Ушундай орус тилинде жазылган чоң китепке да сенин тишин өтмөк беле», — деп тамашалайт. Бул сөзгө ыза боло түшүп, анын оозунан: «Мындай китепти өзүм деле жазам», — деген сөз капысынан чыгып кетет. Көп өтпөй ал «Капкакбай» аттуу жомогун жаза баштайт.

«Капкакбай» поэмасында автор жомоктордо айтылган Капкакбай аттуу сараң байдын образын түзүүгө аракеттенген. Байдын сараңдыгы ушунчалык – ал өзү да жебейт, элге да эч нерсени ыраа көрбөйт, а түгүл балалуу болгондо ага той берүүдөн да кызганат. Жек көрүмчү шүмшүккө айланган Капкакбайды өлгөндө сөөгүн жер да, көр да, көл да кабыл албайт, акыры сууга агызып жиберүүгө аргасыз болушат. Автор бул чыгармасын жыйырманчы жылдардын аягында жазып, бирок жарыкка чыга электе кол жазмасы жоголуп кеткендиктен, кийин анын экинчи вариантын түзгөн. Адам өмүрүнүн түпкү маңызын ушул жарыкчылыкта ак эмгегинин үзүрүн көрүү түзөт. Ал эми байлыкты күтүп сараң, зыкым болуудан өткөн ыплас эч нерсе бул дүйнөдө жок. «Капкакбай» поэмасында мына ушул элдик идея берилген.

«Сөз ылгап, ырдын кооздугун, көркөмдүк касиеттерин териштирүү кайда. Туш келди соктура берип, беш-алты күндүн ичинде эки дептерди жомокко толтурдум», — дейт ал чыгармасын жазуу тарыхын эстеп.

Жомоктун идеялык-көркөмдүк сапаты канчалык деңгээлде экендиги жазуучунун өз сөзүнөн эле көрүнүп турат. Бирок бул жаш Түгөлбайды келечектен көп нерсени үмүттөндүрдү. Уламыштын артынан жазылган ал эки дептер ыры жоголуп кетет. Кийинчирээк кайра жазылып, «Көкөй кести» аталып 1961-жылы жарык коргон.

1929-жылы Түгөлбай Сыдыкбеков Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) айыл-чарба техникумунда окуп, аны бүткөндөн кийин ошол эле жылы жаңы ачылган Ашхабаддагы Орто Азиялык зооветеринардык институтка тапшырат. Сүзөктүү дарт, өзөктүү оору анын институтту бүтүшүнө жолтоо болуп, окууну таштоого айласыз болот.

Алгач, Түгөлбай чыгармачылыгын поэзия жанрынан баштайт. 1930-жылы 1-май күнү «Ленинчил жаш» газетасына анын «Булар кимдер?» деген ыры жарыяланат. 1932-жылы «Чал комузчу» аттуу поэманы жазып, «Чабуул» журналына чыгат. Поэма эл оозунан уккан жомок, уламыштардын негизинде жазылып, жаш калемгердин эпикалык жанрга канчалык жөндөмдүү экенин да көргөздү. Ушундан бир жылдан кийин эле 1933-жылы «Күрөш» аталган 1-ырлар жыйнагы жарык көрөт. 1936-жылы «Баатырлар», 1938-жылы «Акын — булбул» аттуу ыр жыйнактары жарыяланып, автор проза жанрында жигердүү иштей баштаган.

Поэтикалык чыгармаларында Т. Сыдыкбеков өзүнүн калемдештери сыяктуу эле ошол учурдагы кыргыз жергесине, элдин турмушуна кирип жаткан жаңылыктарды, социалисттик коомдун артыкчылыгын, жаңы түзүчүүлүк эмгегин, адамдардын жаңы түшүнүктөрүн, жаңы мамилелерди чагылдырууга аракеттенди. Муну жаш автордун ошол кезде жазган ырларына койгон аттарынын өзү эле далилдейт. Мисалы: «Кедейлер артель болушту», «Радио жаңы айылда», «Кетмен күүсү», «Микрофон ырдады», «Басмакана», «Маданият өзгөрдү», «Кечээки чыйыр – бүгүн даңгыр Памир» ж. б.

Т. Сыдыкбеков алгачкы поэмаларынын айрымдарын элдик оозеки чыгармачылыктын материалдарынын негизинде жана Октябрь революциясына чейинки кыргыз элинин турмушунан алып жазган.

Ошентип, 1937-жылы «Кең-Суу» китебинин биринчи томун чыгарат, 1938-жылы ошол эле китептин экинчи томун жазат, китепте кыргыздардын совет бийлигиндеги оор турмушу чагылдырылган. 1939—1940-жылдары «Темир» романынын үстүндө иштей баштайт, ошондой эле «Абысындар», «Ала-Тоодон алтоо», «Түн жарчысынан кабар» атту роман, поэмаларды жазат. «Манас жана Алмамбет» (1942), «Бөрк алдында бөрү бар», «Тоодой жүрөк» жана башка драмалык чыгармалары да чыккан. Ата мекендик согуш жылдары Сыдыкбеков баатырлыкка, эрдикке арналган катар публицистикалык макалаларды, очерктерди жазат. Ошол макала, очерктер кийин «Биздин замандын кишилери» (1948) романынын жазылышына себеп болот.

1950-жылдары «Тоо балдары», «Зайыптар» (1966) романын жазат. Тоо балдарында балдар менен чоңдордун психологиясына, өз ара мамилесине кылдат талдоо жүргүзгөн. 1955-жылы «Кең-Суу» романынын жаңы санынын үстүндө иштеп, айтылган «Тоо арасында» романы жаралат. Ал эми 1970-жылдары жазуучу «Курбулар», «Сыр ачуу» (1978) романдарын жазып, «Ыйманбай пейли» (1980), «Жол» (1982), Кайнар булак жана башка белгилүү повесттердин автору болот.

Сыдыкбеков Түгөлбай

Мен мин жыл жашадым

«Мен кеминде миң жыл жашап койгондой сезем өзүмдү. Ошондой бир ынануу бар. Байыркы көөнө тарыхты изилдеп жүргөнүмдө адегенде тээ алыстан бир чыйыр, анын учунда эрбен-сербен караан көрүнүп, улам жакындаган сайын кадимки эле чоң жолго, кишилерге айланып, болгондо да кийген кийими, минген аты, ичкен ашы, кыял жоругу менен көрүнүп, алар менен кошо коюн-колтук алыша сырдаш жүргөндөй болуп, анан баарынан бөлүнүп ушул заманга чейин келип, эми жалгыз калгандай туюлат. Бул бир жагы.

Экинчи жагы ата-бабанын баскан жолу урпакка таалим болсо, белек болсо деп, ой чаргытып алды жакты болжоп, эртенки күнгө салыштыра келгенде, өткөн тарыхтын сабагын айкаштыра караганда, алдынкы жол деле ой-чуңкуру, карангы-жарыгы менен кандайдыр бир булангыр элесте көрүнө калгансыйт. Албетте, жаңы баскычта, жаңы ачылышта ушунун баарын болжоп отурганымда эмнегедир мен өзүмдөн-өзүм кудук санап да кетем. Ушу мен качан төрөлдүм экен, 1912-жылдабы же... 912-жылдабы деп...

Ооба, ооба 912-жыл болуш керек, же кантсе да тиги андан мурдагы Каракан, Угузкандардын учуру болуш керек эле, ошол учурда төрөлүшүм керек эле деп чын эле ага ынанып калам. Бул менин жөн эле оюм эмес. Канча бир ошол заманда жүргөн түштөрдү да көрдүм. Кээде улуу тойлорго, сан-салтанаттарга катыштым, жоо-жарагы шай, илгерки жалдуу аргымактарын минген айкелдер, же байыркы жөрөлгөлөрүн калтырбай ала жүргөн нарктуу, салттуу байбачалар менен аралаш жүрдүм. Анан, анын баары бир туруп түш эмес кадимки эле болгон иштей сезимдерге арбалдым. Ойлойм: бул чынында эле адамдын акыл-эсинин бир өзгөчө касиетиби деп, ал бизге чын берилген деп... өлбөстүктүн касиети...

Ооба, өлбөстүктүн касиети. Бул бизге алыскы бир аралыктан чын эле берилип жатабы деп калам... Ошентип бир кезде менин жан-дүйнөмдө бир жылт эткен шоола улам барган сайын жарыгын чачып, өзүнө кенейтип жол ача баштагандай болуп барат. Ошол ишенимге улам бегирээк азгырылып да, муюп да барам..»

«Ленинчил жаш» газетасынын 1991-жылдын 29-августундагы санына жарыяланган дилмаек.

Замандаштары Сыдыкбеков жөнүндө

Түгөлбай Сыдыкбеков — Кыргыз адабиятынын ренессансын жараткан улуу даанышман, эң ириде заманыбыздын залкар, таланттуу жазуучусу, кыргыз адабиятынын патриархы, көрүнүктүү коомдук ишмер, кыргыз калкынын кушан карыясы, элибиздин сыймыгы болгондуктан, баарыбызды ага болгон өзгөчө сыймыктануу сезими бөлөйт.

Түгөлбай атанын аты биз үчүн жыйырманчы кылымдагы кыргыз көркөм адабияты, тил илиминин өнүгүшү, руханий дүйнөбүздү арттыруу жана жалпы эле кыргыз элинин тагдыры менен эриш-аркак байланышкан.

Сыдыкбековдун билимдүүлүгү, таланттуулугу, эмгекчилдиги, сөзмөрдүгү, жаркын адамдык асыл сапаттары кыргыз тилинин, адабиятынын жана маданиятынын көркүн ого бетер чыгарып турган. Ал киши ниети ак, калыс, элдин баарына жакшылык гана каалаган жайдары мүнөз, айкөл, жылдыздуу, нарк-салабаттуу инсан эле.

Сыдыкбеков өзүнүн өтөлгөлүү өмүр жолунда бактылуу өмүр кечирди. Эң оболу ал чыгармачылык жактан ооматтуу болду. Анын кыргыз көркөм адабиятына калтырып кеткен «Көк асаба» (1989), «Бел-Белес» жана башка ушул сыяктуу көптөгөн эмгектери кыргыз элинин рухий жан дүйнөсүн ачып, калкыбыздын руханий казынасынын асыл кенчине айланып, дүйнөлүк адабияттын жана маданияттын бир бөлүгү болуп калды. Анын ысымын адабиятыбыздын тарыхында алтын тамгалар менен жазууга толук арзыйт деп ойлойм. Түгөлбай өмүр бою калемин колдон түшүрбөй, эмгектерин жазып, асыл кенештерин айтып келди. Кадырман калкыбыз болсо ар дайым «карангыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан» Бакай атабыздай барктап, анын чыгармаларын колдон чыгарбай окуп келишти.

Кыдыр даарыган, улуу даанышман адам — Түгөлбай Сыдыкбеков ак эмгек өтөгөнүн чыныгы атуулдук үлгүсүн көрсөтүп, кыргыздын ар бир сөзүнүн тарыхын, таржымалын иликтеп, эне тилибиз, көркөм адабиятыбыз үчүн эбегейсиз энциклопедиялык эмгек жаратып кетти.

Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз тилинин улуулугун жана сулуулугун даназалап, кыргыз адабий тилин жаны бийиктикке көтөрүп, талбас ак ниет эмгек гана адамды бакытка жеткире ала тургандыгын далилдеп, өрнөктүү өмүр сүрүп, миң жылга тете эч тендешсиз эмгек сиңирди.

Сыдыкбековдун прозасы — жалпы улуттук байлыкка айланган зор асыл дөөлөт, дүйнөлүк классиканын кайталангыс үлгүсүнө айланган күзгүсү, ар бир окурманга өзгөчө патриоттук дух, таалим-тарбия, рухий азык бере турган касиеттүү күч. Ал жараткан алтын канат прозасы анын экинчи өмүрү сыяктуу кыргыз эли менен түбөлүккө тагдырлаш болуп жашай берээрине терең ишенебиз.

Түгөлбай Сыдыкбеков профессионалдык көркөм сөз өнөрүнүн пайдубалын түптөп, кыргыз адабиятынын ренессансын жараткан жаркын таланттардын бири катары анын көркөм чыгармалары миңдеген окурмандардын жүрөгүндө түнөк таап кала берер.

Түгөлбай атанын өрнөктүү, улуу, асыл эмгектери кылым санап, дүңгүрөп, бул жарык дүйнөдө түбөлүккө жаныра берсин! — Керимкулов М. Т.

Түгөлбай Сыдыкбеков ырлар

Адам күчү
Тентек желдей мен тестиер чагымда,
От жандыра суудай суюк каныма.
Тозогун да тоотпой чуркап жүрчү элем,
Бу ааламды топтой салып алаканыма.
Токтоо желдей бала-жигит табымда
Көрүнбөгөн кесел сокту каныма.
Жайы кышы илдет менен алышып,
Жай таптырбас кыйноо батты жаныма...
Көрсө, турмуш, мергенчи экен капкачан
Ал аңдыптыр өңүтүндө капкачан...
«Адам белең» деген өңдүү ал митаам
«Ачуумду да татуумду да таптасан!»
О, турмушум, ырас ыйык адам - мен!
Акыл, эмгек алп күчүмө дем берген.
Таттууңду алып, төгүп салып ачууңду.
Кебелбестен кең төрүндө тердеген!

Сүйгөнүмө
Ырас бүгүн жашырбаймын. Кеч кайттым.
Анык тарттым нак арзуусун «уу дарттын»
Өз башында дал ошондой дартын бар,
Тергеп-текшеп не кыласын курдашым.
Келкенбайын ашырыптыр амалын,
Арт жагынан даана көрүп калгамын.
Дал өзүндөй мүчө келген бойлуу кыз,
Көз талдыра, мен кызыга карадым.
Укуп кетти Алыш мени тобого.
Кулак какпай конуп бердим жемеге.
Кайгы менен кубанычты болуш -
Курдаштыкка жарабадым мен эле...

Шотага
Жаралган акылы кен артык адам,
Достуктун боз жоргосун тандап минген.
Таланты көлдөй терең акын адам,
Жылдызы кылымдарга өчпөй келген.
Жолборстун терисинен шер чыгарды.

Кыш
Күн өз жолун кыскартып,
Жакын келди уясы.
Көл бетине муз катып,
Чартылдады кылаасы.
Жыл саламын кышка айтып,
Сур булуттар көчкөнү.
Кар учурган бурганак
Чайкап салды бөксөнү.
Күркүрөгөн өзөндү
Кубур алды муз катып.
Гүл жайнаган кезенди
Бутун алды кар басып.
Бүрдөп турчу кырчын тал,
Катып турат «кан» качып.
Жаз жыргалын сагынат
Кар ызгарын каргашып.
Аскалар тоңуп үргүлөп,
Too куштары аз жүрөт.
Балапан аюу үңкүрлөп
Чээнге түшүп эндиреп,
Сук көздөрү канталап
Ач бөрүлөр сенделет.
Байкуш коен жан багат:
Бөжөң-бөжөң сербендеп...

Балалыкты эстеп
Жалбыракты камчылап, санды сабап,
Ат деп минип аткулак, биз тызылдап.
Азоо тайдай дирилдеп типтик туйлап,
Жылкы тийдик өңүттөн биздин тарап.
«Аттан-тондон ажырап» колго түштүк,
Жолду бөгөп куткарбай эр-азамат.
Туткун болдук матоодо, таяк жедик
Айып тарттык. Достоштук. Кайра ынак.
Кайра күлкү, кайра огон, жаны сабак,
Көк бороондой күүлдөгөн тестиер чак.

Эне жүрөгү
Жаш кылгырта жалдыраган эки көз
Терен тиктеп өмүр шамын көрө албай
Өчүп-тама алсыз сулк жаткан көз
Кош айтарга тил күрмөгө келе албай.
Суук койнуна сукту тартып баратты
Түбөлүккө камтып алып жатчу жай...
О, ким билет? Омур оту жылт этпей
Бир көрүнүп өчүп калган учкундай.
Калат беле түбөлүккө былк этпей
Муздай муздап тонгон жүрөк муштумдай
Ар ким гана көңүл айтып энеге:
«Тагдырындын буюрганы ушундай!»
Зын-зын этип алыстагы жанырык
Кулагыма угулгандай жанырып...
Ачтым көздү, жай ирмелип кирпигим
Күттүм, күттүм энекемди зарыгып...
Көз алдыма келе калды элеси
Кызыл жүзү купкуу болуп сабылып...
Мен энеме карап калдым жалдырай
Төгөрсүн деп көздүн жашын аябай?
О, жанылдым. Айткан сөзү момундай:
- Жаш чыбыктай солкулдаган балам ай,
Тамырынды балта кыйып салгандай
Мынча неге солуп жатып калдын ай?
Азап менен санаа чеккен энекен
Аран зорго аяк шилтеп сенделген.
Тык-тык этип колдо шилби таягым,
Кубат берген жолго түшкөн көлөкөң.
Үмүтүм да, өмүрүм да, жыргалым
Сен элен го, сен элен го көлөкөм!

Каалоо
Көчөт сайдым ырымдап уулума арнап,
Көктөөр дедим мөмөлөр жемиш байлап.
Бешинчи жаз мемирей күлгөнүндө -
Жаш дарактын анкыган гүлү жайнап.
Учуп-конду аарылар гүлдөн-гүлгө,
Дарак көркү ачылды күндөн күнгө.
Жүрөгүмдү толкутту чоң кубаныч
Кут жаагандай асмандан биздин үйгө.
Асман ачык күн күлгөн тыныч күндө
Адам неге жетпесин тилегине.
Кан толкуткан баланын үнү чыкты
Кызыл алма кызыгып үзгөнүмдө.
Көңүлгө шат нур сепкен жарык күндө
Аары жүрсүн ызылдап ар бир гүлдө.
Алма үзүлүп, бала ыйлап, бакыт күлүп
Баш кошулсун! Кут толсун ар бир үйдө.

Билими

Мамлекеттик ишмердүүлүгү

«Манас» эпосун изилдөөгө да көп көңүл бурган. «Манастын» кыскарта бириктирилген төрт томдугун («Сейтек» бөлүмүн) редакциялаган. Чыгармалары дүйнө элдеринин тилдерине которулган.

Сыйлыктары

Медалдары

Түбөлүктөө

Чыгармалары

Кыргыз тилинде

Орус тилинде

Башка элдердин тилдеринде

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 44257, Өзгөртүлгөн: 2023-12-12, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо