Атактуу орус жазуучусу Тургенев Иван Сергеевич кыштакта чоңойгон. Мергенчилик кылууга өтө ынтызар болгон. Ал бүткүл Орёл губерниясын жана ага жакын жерлерди кыдырып, алыскы жакыр кыштактарда жана помещиктердин чарбактарында болгон. Ал крепостной дыйкандардын помещиктер үчүн оор жумуштарды тынымсыз иштей тургандыгын, ал эми помещиктер аларды адам катары санабагандыгын көргөн...Помещиктер бекерчилик менен күн өткөрө турганын да көргөн. Ушундай адилетсиздикке жана зомбулукка болгон жек көрүү сезими анын жанын жай алдырбай, крепостной укук менен күрөшүүгө ант берген. Тургеневдин турмуштук байкоолору анын «Аңчынын аңгемелери» китебинде жыйналган.
Ал жөнүндө жазуучу Аксаков айткандай, Тургенев помещиктерге каршы бүтүндөй согуш огун аткан. Бул китепти окуган бардык адилет адамдар крепостной укук орус эли үчүн чоң кырсык, аны сөзсүз жоюу зарыл деген адамдардагы мындай көз караш ойду эр жүрөк, мээримдүү, адамгерчиликтүү дыйкандардын жана ырайымсыз, өз билгенин жасаган помещиктердин портреттерин кылдат жана адилет сүрөттөө менен пайда кылган. Иван Сергеевич көп китеп жазган. Ал Россиянын келечеги болгон жаштар («Аталар жана балдар»), дворян интеллигенциясынын тагдыры («Рудин»), эрки күчтүү жана кайраттуу орустун асыл зат аялдары («Ася», «Фауст», «Ак сөөктөр уясы», «Жакын калганда») жөнүндө жазган. Ар бир чыгармасында ырайымсыздыкты жана адилетсиздикти жек көрүүгө үйрөткөн.