Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гоголь Николай Васильевич (1809-1852)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Гоголь Николай Васильевич (1809-1852)

Китеп чындыгында эле кызыктуу болчу. Гоголь басмакананын босогосунан көрүнгөндө эле арип терүүчүлөр бышкырып, бырс күлө башташкан. Биз сөз кылып жаткан Диканька хуторунун жанындагы кечелер аттуу чыгарма кызыктуулугу, көркөмдүүлүгү менен көпчүлүккө жаккан. Украинанын жаратылышын, адамдарын, үрп-адаттарын баяндаган бул китепти буга чейин белгисиз, жаш жазуучу жазган. Гоголь бала кезинде эле элдик ырларды, жомокторду укканды жакшы көрүүчү. Ал эми гимназияда окуп жүргөндө китеп, театрга кызыгып, берилип кеткен.

Жаш жигит элдин керегине жарап, мекен үчүн кызмат кылууну максат кылган. Бирок бул максат менен Петербурга келгенде турмуш ал ойлогондой болгон жок. Анын турмушу жарымы ачкачылыкта, жалгыздыкта өтүп жатты. Көпкө дейре жумуш издеп, акыры канцелярияга орношот, бирок казна кагаздарын көчүрө берүүчү тажатма ишти жек көргөн. Ошол кезде анын калеминен курч, күлкүлүү, эл-жеринин добушу жаңырган саптар чыгып жатты. Диканька хуторунун жанындагы кечелеринен баштап Гоголь адабият жолуна өткөн.

В. Жуковский, С. Аксаков жана А. Пушкин да аны өзүлөрүнө тең жазуучу катары кабыл алышты. Артист М. Шепкин менен да таанышып достошуп кетти. Эми чыгармачылыкка баш-оту менен кирүүгө мүмкүндүк түзүлүп, Запорожье Сечинин өткөндөгү даңктуу турмушу жөнүндөгү Тарас Бульба повестин жазган. Чоң шаардын турмуш-тиричилигинин жана канцеляриянын көңүлсүз ишинин таасири Петербург повесттерин жазууга негиз болгон. Элдин баары жектеген байкуш чиновник Акакий Акакиевич жөнүндө Шинель аңгемесин жазат. Гогольдун Текшерүүчү аттуу комедиясы падыша чиновниктерин сынга алып, алардын ээнбаштыгын, алсыздарды кысымга алууларын, жалганчылыгын, алдым-жуттумдугун ашкерелеген. Ошол кездеги Россиянын алдыңкы адамдары Гогольдун тартынбаган, ашкерелөөчү күлкүсүнүн күчүн жогору баалашкан. Бул комедия азыр да көптөгөн театрларда чоң ийгилик менен коюлуп келет.

Көп жылдар бою Гоголь өз мекенинен алыс жакта, Италияда жашаган. Бирок Россия оюнан чыкпай, санаасын санга бөлүп, такай ал жөнүндө жазган. Анын көкөйүн кескен ойлору Өлүк жандар роман-поэмасын да чагылдырылган. Адегенде Гоголь бул чыгармасында мурункудай эле ар кыл апенди чалыш адамдарды: сараң Плюшкин, орой, сөз жетпес Собакевич, алаңгазар Ноздрёв, алдамчы Чичиков өңдүүлөрдү сүрөттөгөндөй сезилет. Бирок бул күлкүлүү образдар менен падышалык Россиядагы турмуш чындыгы ашкереленет. Пушкин Гогольдун жаңы китебинин алгачкы главалары менен таанышып: - Оо жараткан, биздин Россиябыз кандай кайгылуу! - деген экен.

Н. В. Гоголдун чындыкты таамай сүрөттөгөн, кайгылуу жана тамашалуу китептери түбөлүккө жашай берет. Адамдар сараң кишини Плюшкинге, ал эми орой, кем акылды Собакевичке окшоштурушат. Ошондой болсо да бул жазуучу менен алгачкы таанышуу Диканька хуторунун жанындагы кечелерден башталат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 973, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу