Проза (латынча prosa) - өлчөмдөш кесиндилерден (ыр саптарга) бөлбөгөн оозеки же жазуу жүзүндө сүйлөө; поэзияга карама-каршы прозанын ритми болжолдуу синтакситтик конструкциялардын катыштыгына таянат (мезгилдер, сүйлөмдөр, колондор). Кээде термин көркөм адабиятка каршы коюуу максатында колдонулат, негизинен илимий же публицистикалык адабиятта, башкача айтканда искуствого тиешеси жокторго.
Жөнөкөй тил менен айтканда проза - бул биздин кадимки сүйлөөбүз, кара сөз, аңгемелер, повесттер, романдар проза менен жазылган. Прозаны жазуучулар жазат, ал эми ырларды (поэзияны) акындар жазат.
Байыркы грек адабиятында каалган көркөм сөз поэзия аталчу. Бирок, көркөмдүк түшүнүгү грек маданиятында ритмдүүлүк менен тыгыз байланышта болуп, натыйжада адабий чыгармалардын көпчүлүгү ыр саптар түрүндө болгон. Кийинчерээк ритмдик уюшулган сүйлөөнү ыр аташып, сүйлөөнү ритм менен байланышы жок деп бөлүшкөн. Байыркы римдиктер, грек маданиятынын улантуучулары аны проза атай башташкан. Ритмикалык кайталоо менен байланышы жок, эркин сүйлөөнү белгилөө үчүн Квинтилианда oratio prosa, ал эми Сенекада жөн гана prosa сөзү кезигет.
Латындын prosa (oratio) сөзү prosus сын атоочунан калыптанып «түз», «эркин» дегенди билдирет. Prosus болсо байыркы латынча provorsos «маңдайды карай», «түз» деген мааниде. Термин кээде ыр аталышына карама-каршы коюлган, латынча versus (prorsa et vorsa Апупелдин «проза жана ырларында»).
Проза жана поэзиянын ырастыгына карабастан так бөлүштүрүүсү жок. Ритми жок чыгармалар бар, бирок саптарга бөлүнүп, ырларга таандык, жана тескерисинче рифмада жазылып ритми бар, бирок прозага таандык чыгармалар бар.
Биринчи проза түрүндөгү дилбаян авторлору Ферекида Сиросск жана милеттиктерди (байыркы грек шаары) көрсөтүшөт. Мурдараак Милетик Кадм дагы аталчу.
Байыркы Грецияда поэзия менен бир катар көркөм проза дагы болгон: мифтер, лакаптар, жомоктор, комедиялар. Бул жанрлар поэтикалык деп каралчу эмес, анткени, миф байыркы гректер үчүн көркөм эмес, диний көрүнүш болгон, лакаптар - тарыхый, жомоктор - тиричилик, комедия болсо өтө жупуну болгон. Көркөм эмес прозаларга оратордук, саясый, кийинчерээк илимий чыгармалар таандык келген. Ошентип, антикалык дүйнөдө, Байыркы Римде, андан соң орто кылымдуу Европада проза экинчи планда болуп, жогорку көркөмдүү поэзияга каршы коюлган тиричилик же публицистикалык адабиятты билдирген.
Орто кылымдардын экинчи жарымында абал өзгөрө баштайт. Антикалык андан соң феодалдык коомдун жоголуусу менен акырындык менен поэма, трагедия, одалар жоголо баштайт. Соода буржуазиясынын өнүгүүсү, анын маданий жана идеялык өсүүсү менен, чоң шаарлардын маданиятынын негизинде прозаикалык жанрлар көбөйө баштайт. Повесть, новеллалар жаралып, анын артынан роман калыптанат. Феодалдык жана кул ээлөөчүлүк коомдун адабиятында башкы ролду ойногон эски поэтикалык жанрлар акырындык менен өзүнүн маанилүүлүгүн жоготот, бирок таптакыр жоголуп кетпейт. Алгач негизги ролду ойногон буржуазиялык стилдеги, андан соң капиталисттик коомдун бүтүн адабиятындагы жаңы жанрлар прозага ооп башайт. Көркөм проза башкы орунду поэзиядан талашып, капитализмдин гүлдөө мезгилинде аны түртүп чыгарат. 19-кылымда прозаик жазуучулар, новеллисттер жана романчылар көркөм адабиятта белгилүү фигура болуп калышат.
Жанр түшүнүгү чыгарманын формасын эмес, анын мазмунун аныктай тургандыгына карабастан, көпчүлүк жанрлар поэзияга (поэмалар, пьесалар) же прозаларга (роман, повесть) тартылат. Бирок мындай бөлүнүүнү түз мааниде кабыл алуу мүмкүн эмес, анткени ар кандай жанрдагы чыгармалар адаттан тыш формада жазылган мисалдар көп. Буга мисал катары ыр формасында жазылган орус акындарынын романдары жана новеллалары келтирилет: Пушкиндин «Домик в Коломне», «Граф Нулин», «Евгений Онегини», Лермонтовдун «Казначейша», «Сашкасы». Мындан тышкары, прозада дагы, ырларда дагы бирдей көп жазылган жанрлар бар.
Салттуу түрдө прозага таандык адабий жанрлардын катарына өмүр баян, манифест, новелла, очерк, парабола, повесть, үлгү-насыят аңгеме (притча), баян, роман, эпопея, эссе ж.б. кирет.
Өмүр баян - мында кайсы бир адамдын жашоо тарыхы жана ишмердүүлүгү жазылган дилбаян. Адамдын жашоосун баяндоо; тарыхый, көркөм жана илимий прозанын жанры. Заманбап өмүр баян тарыхый, улуттук жана социалдык шарттуулукту, инсандын психологиялык тибин, анын социалдык маданий дүйнө менен болгон себептик-натыйжалык байланыштарын ачат.
Манифест - агымдардын, мектептин, топтун, белгилүү бир адабий багыттын эстетикалык негиздери менен байланышкан прозаикалык формада программалык айтуу, сүйлөө. Термин 19-кылымда жайылып, мааниси жагынан кеңири түшүнүктү берет, буга байланыштуу бир катар адабий көрүнүштөргө колдонууга мүмкүн - кеңири түшүнүктөгү декларациядан тарта, олуттуу эстетикалык трактаттарга, макалаларга жана сөз баштарына чейин. Кээ бир учурларда жазуучулардын жана адабий критиктердин эстетикалык чыгып сүйлөөлөрү адабий манифест мүнөздө болуп, манифест формасындагы кээ бир декларациялар кыска жана таасир этүүсү аз болгонуна карабастан тарыхый адабият процессине түздөн-түз таасир этет. Кээде адабий манифесттер жана адабий мектептин реалдуу мазмуну туура келбейт. Жалпысынан манифесттер идеялык-эстетикалык изденүүлөрдү, жана жаңы адабияттын калыптануусун чагылдырган жандуу коомдук жашоонун тигил же бул натыйжаларын билдирет.
Новелла - кичи баяндоочу адабият жанры, көлөмү боюнча аңгеме менен салыштырмалуу, бирок андан генезиси (теги), тарыхы жана түзүмү менен айырмаланып турат. Новелла окуяларга бай, фабуласы (баяндоонун факттык жагы) тагыраак, кортундуга алып келүүчү сюжеттин өтүшү даана болот. Кеңири баяндалуучу формалар (повесть же роман) менен салыштырмалуу новеллада кошумча каармандар көп эмес, жана мүнөздүү бир көйгөйдүн болушу менен бир сюжеттик багытка ээ (сейрек бир нече). Оозеки кайра айтуунун жомок же үлгү болорлук каймана сөз жана притча түрүндө фольклордук жанрларына чыгат. Бир автордун айтуусунда циклдешүү мүнөздүү. «Жазуучу-окурман» салттуу мамилелер моделинде, аңгеме, шартка ылайык, мезгилдик басылмада басылат; белгилүү бир мезгилге чогулган чыгармалар аңгемелер жыйнагы катары өзүнчө китеп болуп жарыяланат.
Классикалык новелланын типтүү түзүмү: чыгармада окуянын башталышы, кульминация, адабий чыгарманын корутунду бөлүгү, экспозициясы факультативдүү. 19-кылымдын башындагы романтиктер новелладагы күтүлбөгөн бет алууну баалашкан, айтылуу «пуант», ал Аристотельдин билүү учуруна же перипетия (кыйындык туудуруучу чукулунан болгон өзгөрүш) поэтикасына туура келет. Ушуга байланыштуу Виктор Шкловский (англисче Victor Shklovsky) бактылуу, өз ара эки жактуу сүйүүнү баяндоо новелланы түзбөйт, новеллага тоскоолдуктуу сүйүү керек деп белгилечү: Бектур Айжанды сүйөт, Айжан Бектурду сүйбөйт; качан Айжан Бектурду сүйүп калганда, Бектур аны сүйбөй калган болот, ушул сыяктуу.
Очерк - эпикалык адабияттын кичи формасынын түрү, жана анын башка түрү - аңгемеден жалпы, тез чечилүүчү конфликттин жана баяндама сүрөттүн өнүккөндүгүнүн жоктугу менен айырмаланат. Эки айырмачылыктар очеркттин көйгөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды. Ал анын туруктуу коомдук чөйрөнүн конфликтиндеги мүнөздүн калыптануу көйгөйлөрүн гана козгобостон, чөйрөнүн жарандык жана нравалык абалдарына да тиет. Очерк адабиятка да, публицистикага да таандык болушу мүмкүн.
Парабола - (грекче - салыштыруу, салыштырма, өңдүү) кайманалуу акыл-насыят; 19-кылымдын прозадагы жана драматургиядагы притчага жакын жанр түрүн билдирүүчү термин, бирок, парабола кыска акыл-насаат каймана тарых мүнөздө антикалык мезгилдерден бери белгилүү, көбүнчө христиан адабиятында көп кездешет.
Баяндаманын өзгөчө түрү болуп, ийри сызык (парабола) менен жүрөт: Көңүлдү башка буюмдарга буруу менен башталып, аңгеме акырындык менен башкы темага жакындайт, андан соң кайра башына келет. Параболалар китеби түзүмдүк бөлүк катары Гётенин «Батыш-чыгыш диваны» кирет, аллегориялык мүнөздөгү аңгеме катары европалык жана орус романтикалык адабияттарында кездешет.
Парабола жанрына жакын параболалык кошулмалар көптөгөн заманбап адабияттарда белгиленет. Парабола - кыргыз адабиятына бир маанилүү эмес термин, анткени, которулма болуп, көбүн эсе притча термини менен алмашылат. Бирок негиздүү айырмачылыктар да бар, аларды бир нече маанилүү булактарды кароо менен жана айырмачылыктарды анализдөө менен түшүнүүгө болот. Притчадан айырмаланып, парабола чыгарманын предметтик жагдайлык негизин басаңдатпайт.
Повесть - сюжетти ирети менен баяндоого тартылып турган, бирок сюжеттик багыттардын минималдуу болушу менен чектелген, романга жакын, эпикалык прозанын чыгармасы. Жашоодогу эпизодду сүрөттөйт; романдан азыраак толуктугу жана тиричилик сүрөттөлүшүнүн, нравалардын кеңдиги менен айырмаланат.
Туруктуу көлөмгө ээ эмес болуп, роман менен аңгеменин же новелланын ортосундагы орунду ээлейт. Табигый жашоо агымын берүүчү, хроникалык сюжетке жакын.
19-кылымдын экинчи жарымындагы реалисттик адабиятта калыптанган классикалык повесттин сюжети, негизинен башкы каармандын айланасында топтолгон, каармандын мүнөзү жана тагдыры анча көп эмес окуялардын чегинде ачылат, жана каарман аларда активдүү катышат.
Повесттеги кошумча сюжеттер (романдан айырмаланып), шартка ылайык, жок, баяндоочу хронотоп тар убакыт аралыгында жана чөйрөдө топтолгон. Повесттеги каармандардын саны, жалпысынан романга караганда аз, жана романдагы башкы жана экинчи каардандардын так бөлүштүрүүсү повестте жок же бул бөлүштүрүү иш-аракеттин өнүгүүсү үчүн анчалык маанилүү эмес.
Реалисттик повесттин сюжети күнүмдүк тиричилик менен байланыштуу, баяндоочу муну социалдык чындыкта байкап, күнүмдүк реалдуулук катары кабыл алат. Кээде бир чыгарманы автор түрдүү жанрлык категорияларда мүнөздөйт. Мисалы, Тургенев «Рудинасын» повесть атап, андан соң роман атаган. Повесттердин аталыштары көп учурда башкы каармандын образы (Н. М. Карамзиндин «Байкуш Лизасы», Касымаалы Баялиновдун «Ажары», Ч. Айтматовдун «Гүлсараты») же сюжеттин негизги элементи (А. Конан Дойланын «Баскервилдер ити», А. П. Чеховдун «Степь» ж.б.) менен байланыштуу.
Притча (үлгү-насыят аңгеме) - аллегориялык, насыяттуу формадагы ыр же проза түрүндөгү анча чоң эмес аңгеме. Притчадагы реалдуулук хронологиялык жана аймактык белгилерден тышкары, конкреттүү каармандын тарыхый аттарын көрсөтпөстөн болот.
Притча сөзсүз түрдө аллегорияны түшүндүрүүнү камтып, бул окурманга каймана сөздүн түшүнүктүү болуусу үчүн жасалат. Тамсил менен окшош болгонуна карабастан, притча кээде көп берилүүчү суроолорго көңүл бурбастан, жалпы адамдык жалпылоого талапкер боло алат.
Притча эпостун да жанры: Кайманалуу (аллегориялык) формадагы диний же моралдык насыятты камтыгаган, анча чоң эмес насыяттуу баяндама мүнөздөгү чыгарма. Европалык адабиятта притчалык түзүмдөрдүн негизги булактары катары Жаңы Осуят (Новый Завет) болот. Эски осуятта (ветхий завет) притча атоого болгон так жанрдык калыптануу жок.
Ошондой эле притча 19-20-кылымдардын адабиятындагы популярдуу эпикалык жанр болгон, анын негизинде парабола калыбы жатат; башкы ойдун курч болушу, тилдин ачыктыгы жана экспрессивдүүлүгү менен мүнөздөлөт.
Притча жанрына Лев Толстой, Бертольд Брехт, Альбер Камю, Франц Кафка жана башкалар кайрылып турушкан. «Роман-притча» термини 20-кылымда пайда болгон. 20-кылымдын чет элдик адабиятында авторлор, критиктер жана искусствоведдер жактан мында мүнөздөгү чыгармаларга, мисалы, роман-притчаларга төмөнкү авторлордун чыгармаларын таандык кароо мүнөздүү: Т. Уайлдердин «Король ыйык Людовигдин көпүрөсү» (1927), П. Лагервисттин философиялык аллегориялык романдары жана повест-притчалары, мисалы, «Палач» (1933), У. Голдингдин «Чымындардын бийлөөчүсү» (1954) ж. б., И. Кальвинонун «Раздвоенный виконту» (1952), «Дарактагы барону» (1957) ж.б., Э. Хемингуэйдин «Абышка жана деңизи» (1952).
Ошондой эле Станислав Лемдин «Солярис» (1961) философиялык романы, Дж. Апдайканын «Кентаврын» эске салсак болот, антифишисттик, христиандык аллюзиялары менен Ф. Шантынын «Бешинчи мөөрү», орто кылымдык Е. Анджеевскийдин «Караңгы жерди каптоодо», «Бейиш дарбазасы» повесттери.
Ушул кичинекей тизме 20-кылымдын адабиятындагы кайманалуу, жалпыланган формадагы жана түбөлүктүү, универсалдуу темалар жана образдардын маанилүү экендигин көрсөтүп турат.
Аңгеме - көркөм адабияттын кичи эпикалык жанрлуу формасы, сүрөттөлгөн жашоо көрүнүштөрүнүн көлөмү жагынан чоң эмес, жана натыйжада текстинин көлөмү боюнча дагы.
Роман - татаал жана өнүккөн сюжети бар, көлөмү боюнча чоң баяндама чыгарма.
Эпопея - жалпы элдик көйлөрү менен айырмаланган, формасы боюнча монументалдык эпикалык чыгарма. 20-кылымдан тарта, тарыхый-адабият илиминде эпопея термини кеңейтилген мааниде пайдаланылат, жана эпикалык куралуу белгилерине ээ болгон каалаган ири чыгарманы камтыйт. Бул мааниде башкы каармандар ири тарыхый маанидеги фондо баяндалып, «роман-эпопеялар» айырмаланышат: Л. Н. Толстойдун «Война и мир», М. А. Шолоховдун «Тихий Дону». «Каарман-романдык эпопеяларда» башкы каармандар маанилүү тарыхый окуяларда активдүү жана максаттуу катышып, процессте алардын инсандыгы калыптанат: Алексей Николаевич Толстойдун (Лев Толстой менен алмаштырбайлы) «Петр 1». Улуттук коомдун абалын кеңири баяндоочу прозаикалык багыттагы «насыят жазуучу эпопеяларды» өзүнчө бөлүшөт: Франсуа Рабленин «Гаргантюа жана Пантагрюэли», Н. В. Гогольдун «Мёртвые души», Анатолий Франсдын «Остров пингвинову».
Эссе - анча чоң эмес көлөмдөгү жана эркин композициядагы прозаикалык дилбаян, мында жеке таасирлерди жана конкреттүү бир себептер же суроолор берилет.