Жөнөкөй сөз менен айтканда, сөздөрдүн аткарган кызматына, кандай маанини билдиргенине жана кандай суроого жооп бергенине карата топторго бөлүнөт. Ошол топтор сөз түркүмдөрү болот.
Кыргыз тилинде 9 сөз түркүм бар: зат, сын, сан, ат атоочтор, тактооч, этиш, тууранды сөздөр, сырдык сөздөр жана кызматчы сөздөр.
Кыргыз тилиндеги сөздөр ар түрдүү кызмат аткарат жана өз алдынча бири экинчисине окшошпогон мааниге ээ. Кээ бир сөздөрдүн тобу бизди курчаган заттардын аттарын билдирет дагы, «эмне?» (зат атооч) деген суроого жооп берет, мисалы, телефон, калем, дептер, күчүк.
Ал эми башка сөздөрдүн тобу ошол заттардын (нерселердин) кандай экенин билдирет дагы, «кандай?» (сын атооч) деген суроого жооп берет, мисалы, жашыл, тоголок, жагымдуу, даамдуу ж. б.
Башка топтору болсо заттын санын (сан атооч) билдирет, мисалы, бирөө, экөө, үчөө ж. б. Дагы башка түрлөрү кандай кызмат аткараарын көрсөтөт. Ушулардын баардыгы чогулуп сөз түркүмдөрүн туюндурат.
Сөздөрдү түркүмдөргө ажыратууда лингвисттер, тилчилер жана окумуштуулар кандайдыр бир негиздерге (принциптерге) таянат, мисалы: морфологиялык, синтаксистик жана башка негиздер.
Сөздөрдү сөз түркүмдөрүнө бөлүштүрүүдө сөз өзгөртүүчү системасын жетекчиликке алат.
Сөздөрдүн синтаксистик кызмат аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык сөз түркүмдөрүнө тактык, аныктык киргизет.
Жалпысынан кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрү үч топко бөлүнөт: маани берүүчү, маани бербөөчү же кызматчы жана өзгөчө сөз түркүмдөрү. Маани берүүчү жана маани бербөөчү түшүнүктөрү бири-бирине салыштырмалуу гана ушундай аталыштарга ээ.
Маани берүүчү сөз түркүмдөр дайыма кайсы бир суроолорго жооп берет. Мисалы, калем (эмне?), жашыл, ыңгайлуу (кандай?) ж. б. Ушундай суроолорго жооп берген сөздөр маани берүүчү сөз түркүмдөрү болот. Башкача айтканда маани берүүчү сөздөр өз алдынча турганда суроого жооп берип, кайсы бир ойду туюндура алат.
Маани берүүчү сөз түркүмдөрүнө кийинкилер кирет:
Ата | Ким? | Зат атооч |
Үч бурчтуу | Кандай? | Сын атооч |
Жыйырма | Канча? | Сан атооч |
Тигилер | Кимдер? | Ат атооч |
Эртең | Качан? | Тактооч |
Ойноду | Эмне кылды? | Этиш |
Аты аталгандай эле, булар негизги сөз түркүмдөрүнө кызмат көрсөтөт. Маани бербөөчү же кызматчы сөз түркүмдөрү төрткө бөлүнөт:
Байламта | Жандооч | Бөлүкчө | Модалдык сөздөр |
---|---|---|---|
менен | менен | гана | албетте |
жана | тууралуу | эле | балким |
анткени | кийин | да | кыязы |
бирок | мурун | го | айтор |
ал эми | карай | деле | буюрса |
Мисалы: мен үчүн кымбат. Ушул сүйлөмдөн «үчүн» сөзүн алып салалы, түшүнүктүү болуу максатында, алынып салынган сөздүн ордуна жылдызча коюлат: мен * кымбат. Бул сүйлөмдүн логикалык байланышы жок болуп калды. Демек, маани бербөөчү деп аталганы менен, барыбир мааниси бар.
А бирок эмне үчүн «маани бербөөчү» деп аталат? үчүн, менен, жана деген сөздөрдү алсак, буларга жеке же өз алдынча турганда «эмне», «кандай», «канчоо» суроолорун берип көргүлөчү? Мисалы, жана (эмне, кандай, канчоо). Жооп берүү кыйын болуп калууда макулсузбу? Ушундан улам булар маани бербөөчү деп аталат. Башкача айтканда маани берүүчү сөздөр менен жанаша колдонулганда гана мааниге ээ болот, антпесе маани бербейт.
Негизи булар башка сөздөргө кызмат кылганына байланыштуу кызматчы деген аталышка да ээ.
Бул сөз түркүмдөрү бир караганда маани берип, бир караганда маани бербегендей. Ушул себептен булар өзгөчө сөз түркүмдөрү деп аталган.
Тууранды сөздөр: кобур-собур, шалдыр-шулдур, күңк-мыңк, жарк-журк, селт, сорок-сорок. Булар маани бербегендей, бирок булардан образдуулукту көрүүгө болот.
Тууранды сөздөр өз ичинен экиге бөлүнөт: табыш жана элес. Табыш тууранды сөздөр жаратылыштан, адамдардан, жаныбарлардан чыккан түрдүү үндөрдү туурайт. Ушул себептен табыш тууранды сөздөр болот.
Элес тууранды сөз адамдардын, жаныбарлардын, заттардын жана кубулуштардын сырткы көрүнүшүн туурайт.
Эскертүү! тууранды сөздөрдөн жаңы сөздөр жасалат: кобур (кобура), так (такылдат), калдыр (калдырат).
Сырдык сөздөр ички сезимди билдирүүчү, айбанаттарга карата айтылуучу, турмуш-тиричиликте колдонулуучу болуп өз ара үчкө бөлүнөт.
Мисалы: салам алейкум, рахмат, пай-пай, эх, ий, өх. Булар адамдын ички сезимдерин билдирип, маани бергендей да, бербегендей да.
Эскертүү! Сырдык сөздөрдөн кийин жалаң үтүр койбостон күчтүү сезим менен айтып, ага илеп белгисин да койсо болот. Кийинки сүйлөмдүн тыныч белгилерине көңүл буруңуз.
Жөндөмө | зат, сын, сан, ат атоочтор |
Сан | зат жана сан атоочтор, этиш |
Жак | Зат жана ат атоочтор, этиш |
Таандык | Зат жана ат атоочтор |
Даража | Сын атооч, тактооч |
Чак | Этиш |
Ыңгай | Этиш |
Мамиле | Этиш |