Кыш келе жатат, көмүр алуудагы кеңештер.
Кызматчы сөздөр өз алдынча турганда эч кандай маани бербейт. Алар сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырып, аларга кошумча маани беришет.
Кызматчы сөздөргө төмөнкүлөр кирет: менен, жана, көздөй, абдан, жөнүндө, жок, эч, го, өтө.
Кызматчы сөздөрдүн түрлөрү үчкө бөлүнөт: жандооч, байламта, бөлүкчө.
Жандоочтор ар дайым атооч сөздөр менен тизмектешип аларды жандап айтылат.
Алар: менен, жөнүндө, туурасында, сыяктуу, боюнча, карай, көздөй, чейин, дейре.
Мисалы: Жакшы менен жүрсөң, жетерсиң муратка, жаман менен жүрсөң, калаарсың уятка. Үйгө карай. Мектепти көздөй. Уюлдук телефон аркылуу.
Байламталар сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырат. Алар: жана, же, менен, себеби, эгерде, бирок.
Мисалы: Бермет - эрке кыз, себеби атасы менен энесинин кичүүсү. Берметтин дагы эки эжеси жана байкеси бар. Эгерде ата-энеси конокко же сейилге чыгышса, сөзсүз ээрчитип алышат.
Бөлүкчөлөр сүйлөмгө кошумча гана маани берет. Алар: го, ыя, да, эң, өтө, абдан, аябай, таптакыр.
Мисалы: Коңгуроо шыңгырап бүткөнбү, ыя? Мен сабактан кечигип калам го? Балам, шахмат ойногондо, таптакыр шашпа. Өтө кылдат ойлонуу керек.